Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Жапониядагы кыргызстандыктар кантип атат?


Жапония -- Жер титирөөдөн кийин кеңселерин таштап сыртка чыккан адамдар. Токио, 11-март.
Жапония -- Жер титирөөдөн кийин кеңселерин таштап сыртка чыккан адамдар. Токио, 11-март.

Кыргызстан зилзала менен топон суудан катуу жапа чеккен Жапониядан кайтууну каалаган жарандарын алып келүү үчүн атайын учак даярдай баштады.

“Азаттык” бул өлкөдөгү кыргыз жарандарынын тагдырынан кабар алып, алар азыр мекенине кантип кайтып жатышат, аларды ким каржылайт, жалаң дипломаттардын үй-бүлөлөрү кайтууда деген сөз чындыкка шайкеш келеби деген суроолорго жооп издеди.

Дипломаттар менен алардын жакындары гана келдиби?

15-мартта Жапониядан 21 кыргызстандык жаран Казакстандын учагы менен келгенден көп узабай алардын жарымы элчиликте иштегендердин, дипломаттардын жакындары жана тааныш-билиштери экен деген сөздөр чыга баштады. Муну тактоо үчүн Жапониядагы кыргыз элчилигине кайрылдык. Элчиликтин өкүлү Муса Кучурбаев бул дооматтарды төгүнгө чыгарды. Анын айтымында, Казакстан өз учагынан кыргз жарандарына 50дөй орун берген, бирок кетүүнү каагандардын айрымдары учакка үлгүрбөй калышкан экен:

- Эми дипломаттарыбыздын арасында эки боюнда бар аял бар экен. Анан аларды эмне кылалы? Аларды жөнөттүк. Уксаңыз, негизинен 50 кишиге кеткенге мүмкүнчүлүк болду. Биз баарына жазып чыктык, чалып чыктык. Эми 50 деген менен 20 эле киши чыгып калды. Калгандарына биз баш тарткан жокпуз да. Каалагандар келди. Бир үй-бүлө автобус менен келатып жол жамандыгынан жетишпей калыптыр. Бир үй-бүлө болсо кайра барбайбыз, окууларыбыз бар деп койду. Биз эсептеп 25-30дай киши болот деп жатканбыз.

Бул 21 адамды Казакстандын Чукул кырдаалдар министрлигинин учагы менен бекер келишкен экен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учурда Жапонияда кыргызстандыктар менен тынымсыз байланышып, кабар алып, кетүүнү каалагандарды тактап жатканын кабарлоодо.

Министрликтин консулдук кызмат департаментинин бөлүм башчысы Алмаз Имангазиев "Азаттыкка" учурда коңшу мамлекеттер менен кыргызстандык жарандарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр улантылып жатканын айтты:

- Азыркы маалда 30дан 50гө чейин адам кетүүгө даярданып жатат. Кеткиси келип атат. Ошого байланыштуу биз Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп атабыз. Алар өздөрүнүн учактарын жиберсе, өз жарандарын эвакуация кылса биздин да жарандарды ала келишсе деп иш жүргүзүп жатабыз.

Жагдай жакшырышын күткөндөр

Жапонияда жалпысынан 150дөй кыргызстандык жаран бар экени айтылууда. Алардын айрымдары четинен өз жолу менен жана элчиликтин жардамы аркылуу учуп келип, же коопсузураак жерлерге жайгашып жатат. Зилзаладан жана топон суудан катуу жабыркаган Жапониядан азырынча кетүүнү каалабагандар жана эки анжы болуп тургандар да бар. Алардын бири студент Саламат Авазбеков:

- Кетебизби, же кетпейбизби деп ойлонуп жатканбыз. Азырынча кетүүгө учак жок, ушул жакта эле отурабыз. Азыр бул жакта атомдук электр станцияга байланыштуу проблема бар деп баары эле айтып жатат. Бул качан чечилет, чечилеби же чечилбейби аны билбейбиз. Бирок үй-бүлөм менен күтүп жатабыз. Бул жакка окууга келгенбиз. 2 жумадан кийин окуу башталышы мүмкүн. Анан баары жакшы болот деп күтүп жатканбыз. Бирок бизде кырдаал тууралуу так маалымат жок, жаңылыктарды эле карап атабыз.

11-мартта Жапонияда жер титиреген, айрым аймактарын топон суу тыптыйпыл кылып жууп кеткен. Натыйжада жүздөн адам өлүм, дагы бир топ адам дайынсыз болууда. Үй-жайсыз калгандар да миңдеп саналат.

Бул макала даярдалып бүтүп калганда президент Роза Отунбаева бүгүн, 16-мартта өзүнүн видео күндөлүгү аркылуу Жапониядагы кыргызстандыктарды алып келүү үчүн атайын учак жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди. "Кыргызстан" авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов "Азаттыкка" президенттин тапшырмасы менен бир учак даярдала баштаганын маалымдады.

Тасмада: Жапониядан мекенине кайткан алгачкы жарандар
Жапониядан 21 кыргыз жараны кайтып келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

XS
SM
MD
LG