Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

«Азия ньюс» гезитинин редактору, чуулгандуу макалалары менен таанымал журналист Аслан Сартбаевдин сотунда мамлекеттик айыптоочу аны төрт жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Аслан Сартбаевге Кылмыш кодексинин бейбаштык беренесинин негизинде былтыр иш козголуп, бир жылдан бери сот бүтө элек.

Учурда журналисттин иши Октябрь райондук сотунда каралып жатат. 26-майдагы отурумда мамлекеттик айыптоочу Сартбаевге төрт жылдык абак жазасын берүүнү соттон өтүнгөн.

Октябрь райондук прокурору Наргиза Кенжетаева сот иши бүтө электигин негиз келтирип, бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты:

- Иш аягына чыга элек, комментарий бере албайм. Ага бейбаштык деген берене менен кылмыш иши козголгон. Бирок азыр бул иштин чоо-жайын сизге айта албайм. Сот өкүмүн күтүү керек.

Журналист Сартбаев болсо муну бийликтин кысымы катары баалап жатат:

- Бул кырдаалды менин журналисттик ишмердүүлүгүмө гана байланыштуу деп эсептеп, кимдир бирөөлөргө кине койгонго колумда тийиштүү далилдер жок. Бирок бийликтин кандайдыр бир күчтөрү менден өч алуу үчүн прокурордун, соттун чечими менен жарга такап, керек болсо мени түрмөгө камоо үчүн ушундай чечим кабыл алышты окшойт деп ойлойм.

Аслан Сартбаев былтыр ишкер Самсалы Четимбаев менен чатакташа кетип, аны травматикалык тапанча менен атып жиберген. Мындан кийин ага каршы кылмыш иши козголгон. Факт катталгандан кийин тараптар ич ара элдешип, жабырлануучу Четимбаев тосмо арыз жазып берген. Бирок болбой эле соттук териштирүү уланып жатканына Четимбаев өзү да таң калганын жашырган жок:

- Мен арызымды алган күнү эле, ал тургай арызга жетпей эле иш токтошу керек эле. Эмнегедир сотко өтүп кетти. Ден соолугума байланыштуу чет жакта жүрүп келсем, Сартбаевдин кылмыш ишине дагы бир берене кошуп коюшуптур. Мен 45 миң сом чыгым келтирди деген таризде арыз жазган имишмин. Өткөндө сотко барып, андай арыз жазбаганымды жана чыгым болбогонумду айтып, көрсөтмө бердим.

Журналисттин кылмыш жообуна тартылып жатышын бир катар коомдук ишмерлер да сынга алышууда. Алардын бири Коомдук теле-радио компаниянын байкоочу кеңешинин мүчөсү Сабыр Мукамбетов. Ал Кыргызстанда сот-прокуратура жогору жактагылардын буйругун аткарууда деген пикирде:

- Бул жерде мыйзамсыз курал колдонду дегенди атайын эле аны жазага тартуу үчүн ойлоп чыгарышты да. Кээде болор-болбос эле нерселер үчүн кимдир бирөөлөр өч алуу максатында сотту, прокуратураны курал катары колдонуп жатышканы абдан өкүнүчтүү.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда 20 жаштан өткөн жаран курал сатып алууга укуктуу. Андан кийин ички иштер органдарына эки апта ичинде каттатып, курал колдонууга уруксат кагазын алышы керек. Мындай уруксат наама жыл сайын узартылып турууга тийиш. Журналист Сартбаев чатак учурунда ок чыгарган травматикалык куралды 2009-жылы сатып алган. Колдонуу уруксаты ок чыгарганга чейин эле 18 күн мурда бүткөн.

Коомдук ишмер, экс-депутат Мукар Чолпонбаев өлкөдө травматикалык жана согуштук куралды тескеген мыйзамдын так эместигин айтты:

- Мыйзамда кандай нерсени курал дейт? Маселен колуна таш же таяк алса деле аны курал деп коюшат. Анан эми бул жерде травматикалык тапанча колдонгон экен. Травматикалык деп өзү эле айтып тургандай, ал адамды өлтүрбөйт. Өлтүрбөгөндөн кийин буга башкача маани берилиши керек эле. Мына ушул журналисттин ишинде мыйзамдын жетишсиздигин көрө алабыз. Кайсы учурда травматикалык тапанчаны курал деп эсептейт жана кайсы учурда эсептебейт деген суроого мыйзамдан жетиштүү жооп алалбайбыз.

Оппозициялык маанайды карманып келген мурда "Учур" кийин «Азия ньюс» деп атын өзгөрткөн гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев бийликтеги саясатчылар жана таасирдүү адамдар жөнүндө чуулгандуу макалаларды жазгандыгы менен таанымал.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG