Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Карл Маркстын көөнө орус тарыхы тууралуу СССРде которулбай келген эмгеги


К.Маркс менен Ф.Энгельстин айкели. Бишкек. 30.9.2011.
К.Маркс менен Ф.Энгельстин айкели. Бишкек. 30.9.2011.

Айтылуу ойчул жана марксизмдин негиздөөчүсү Карл Маркс Киевдик Орус жана кийинки Орусия жана алардын тарыхы тууралуу ар кыл ойлорун жазган. Анын көпчүлүк чыгармалары орус тилине которулган, бирок бир эмгеги СССРдеги цензорлордун чыпкасынан “Кайра куруулар” дооруна чейин өтпөй келген. Тарыхчынын блогу.

Карл Маркстын дипломатиялык тарыхты талдоо жаатындагы эмгеги

Евразиянын, анын ичинде Украина менен Орусиянын тарыхын изилдөөнүн машакаттуу иши анын тарыхынын жазылыш тарыхын (б.а. тарыхнаамасын) да өз кучагына алат.

Дүйнө жүзүн XX кылымда түп тамыранан бери өзгөрткөн, бирок өзү андан бир кылым илгери жашаган даңазалуу ойчул Карл Маркстын (Karl Heinrich Marx; 05.5.1818, Трир, Пруссия падышалыгы – 14.3.1883, Лондон, Улуу Британия падышалыгы) өмүр жолу тууралуу атайын токтолуп отурбайлы. Бүгүнкү окурман анын өмүр баянын азыркы ар бир жалпы энциклопедиядан таап окуй алат.

Мен үчүн кызыктуу нерсе – дал ошол марксизмдин окуусун алгачкы болуп толук жүзөгө ашырып, “пролетариат диктатурасы” деген тоталитардык түзүлүштү орнотуп, 70 жылдай өкүм сүрүп турган ири өлкөдө, бүт дүйнө жүзүнө марксизм-ленинизм идеяларын сөз менен дагы, курал менен дагы таңуулоого эч каражат аябаган кубаттуу мамлекетте – мурдагы Советтер Биримдигинде – Карл Маркстын айрым чыгармаларын ачык жарыялоого тымызын табу коюлгандыгы болду.

Бир көрүнүктүү мисал – Карл Маркс 1850-жылдары жаза баштап, бүтпөй калган “Secret Diplomatic History of The Eighteenth Century” (“Он сегизинчи кылымдагы жашыруун дипломатиялык тарых”) деген англисче китеп болуп саналат.

Бул чыгарманы Карл Маркс 1856-жылдын июнунан тартып 1857-жылдын мартына чейин жазган. Анын алгачкы бөлүктөрү “Sheffield Free Press” деген басылмада жарык көргөн. Бирок басылманын редактору өзүм билемдик кылып текстке кийлигише берген соң, Маркс чыгарманын башка бөлүктөрүн Лондон шаарындагы “Free Press” басылмасында 1856-жылдын 16-августунан 1857-жылдын 1-апрелине чейин эч кыскартуусуз жарыялаган.

Бул чыгарма беш баптан турат жана анын олуттуу бөлүгү даректүү маалыматтарды камтыйт. Бул чакан чыгарма жазылбай калган ири эмгектин баштапкы гана бөлүгү болгон.

Женни Элеанор Эвелинг (1855–1898)
Карл Маркстын кенже кызы Женни Элеанор Маркс-Эвелинг өз күйөөсү, британдык марксист Эдуард Эвелинг көзүнө чөп салып жүргөнүн уккан соң, 43 жашында уу ичип өлгөн.

Бул китеп автордун көзү өткөн чакта гезит беттеринде жарыяланган бойдон калса да, анын өзгөчө баалуу эмгек экендигин жакшы аңдашкан Карл Маркстын кенже кызы Женни Элеанор Маркс-Эвелинг (1855–1898) жана анын күйөөсү Эдуард Эвелинг (Edward; 1851–1898) чыгарманы басмага китеп түрүндө тапшыруу үчүн редакциялай башташат.

Алар дүйнөдөн кайткан соң, кийинки 1899-жылы Лондон шаарындагы Swan Sonnenschein & Co., Limited басма үйү жана анын шериктери бул китепти англис тилинде жарыялашкан.

2010-жылы 14-майда бул чыгарма интернетте ачык жарыяланган (EBook-No. 32370 // gutenberg dot org.).

Англис тилдүү окурман бул китепти өз алдынча таразалап окуй алат: https://www.gutenberg.org/ebooks/32370

“Кайра куруулар” доорунун алгачкы жылдарында, тактап айтканда, 1986-жылы, бул китептин англисче түпкү (оригинал) тексти СССРде КПСС Борбордук Комитетине караштуу Марксизм-ленинизм институту тарабынан ошол эле тилде жарык көргөн. Англис тилин билбеген миллиондогон советтик жарандар, албетте, бул эмгектен кабарсыз бойдон кала беришкен.

Ал эми чыгарманын орусча котормосун КПСС БКнын жогоруда аты аталган институту басмага даярдап, эмгектин аталышын “Разоблачения дипломатической истории XVIII века” (“XVIII кылымдагы дипломатиялык тарыхты ашкерелөөлөр”) деп өзгөрткөн.

Интернеттен бул орусча котормону да өз алдыңызча ачык окуй аласыз:

https://scepsis.net/library/id_878.html

Лондондогу Хайгейт көрүстөнүндөгү Карл Маркстын мүрзөсү
Капиталисттик Улуу Британиянын борбору Лондон шаарындагы Хайгейт көрүстөнүндө жайгашкан Карл Маркстын мүрзөсүндө тургузулган айкел.

Интернеттин коомдук тармактарындагы талкуу

Айтмакчы, Карл Маркска таандык бул эмгектен алынган айрым ойлор ар кыл кошумча пикирлердин коштоосунда ачыкталып, азыркы окурмандардын бүйүрүн кызыткан талкууга жем таштап келет.

Өзгөчө алганда, 2014-жылдын 20-февралынан тартып путиндик режим орусиялык жоокерлерди Кырымга жана Чыгыш Украинанын айрым аймактарына мыйзамсыз аттандырган учурдан бери бул талкуу ого бетер саясий түскө ээ болуп жаткандыгы түшүнүктүү.

К.Маркстын китебиндеги Орус тарыхына байланыштуу мазмун камтылган тасма баяндардын бирин, маселен, Таня Хорольская аттуу айым өзүнүн “Фейсбуктагы” барагына 2023-жылдын 21-ноябрында жүктөгөн. Анын жарыясынын (постунун) этегиндеги бири-бирине караманча каршы жандуу пикирлерден эле айрымдар үчүн бул тема мурдатан белгилүү болгондугу, кээ бирөөлөрү үчүн дендароо кылчу сенсациялык жаңылык экендиги жана, кандай болсо да, Карл Маркстын Чыгыш Европадагы славяндардын тарыхына карата 1850-жылдардагы топтогон маалыматы жана өзүнүн жеке аңдоосу эч кимди кайдыгер калтырбагандыгы дурус айгинеленет.

Ал эми кырктын кырына чыга элек кезиндеги Карл Маркстын: “Московиянын бешиги – бул норман доорунун одоно даңазасы эмес, монгол кулчулугунун кандуу сазы. Ал эми азыркы Орусия болсо – Московиянын жаңыраак бир түргө кубулуп чыгышын гана туюнтат”, – деп жазган сөздөрү жана Пётр Биринчи мурдагы Московияны азыркы Орусияга айлантып койгон, деген жана башка ойлору, албетте, бир нече өңүттө талаш-тартыштуу талданышы мүмкүн.

Бир жагынан, “Киевдик Орустун (орусча: “Киевская Русь”) мамлекет катары келип чыгышындагы башатты нормандар (викинг, же варягдар) түзүп берген” деген ойду жактаган “норманчылар” же аларга каршы чыккан “славянчылар” жана башкалар, экинчи жагынан, “Киевдик Орустун тарыхы азыркы украиндерге таандык, бүгүнкү орустар – Киевдик Орустун чегинен сырткаркы жерлерде байырлашкан чыгыш славян урууларынын жана аларга жуурулушкан фин-угор жана түрк элдеринин өкүлдөрүнүн урпактары” деп санагандар жана аларга каршы болгондор, үчүнчү жагынан, “Алтын Ордо – Чыгыш Европага баш жагында кыйсыпыр салып чектелбестен, каратып алуулардан кийин бир нече кылымдык узак мөөнөттүк тынчтыкты, бакыбаттыкты жана ири чөлкөмдөгү биримдикти камсыз кылган” деген пикирди туткандар жана аларга кайчы пикирдегилер жана башка өңүттөр боюнча жаатташкандар бир эле учурда өз ойлорун жазып жатышат.

Ачык интернеттик талкуу ушул жагдайы менен баалуу эмеспи.

Маселен, жогорудагы “Фейсбуктагы” талкууга Марат Төлөгөнов (Тулегенов) деген замандашыбыз өз пикирин калтырып, Московиянын өзүн айырмалуу улус (княжество) катары 1277-жылы Алтын Ордонун ханы Мөңкө-Темир (Менгү-Тимур) алгач түзгөн, деп жазган экен. Мөңкө-Темир Алтын Ордону 1266–1282-жылдары бийлеп турган.

Московия улусун Юрий Долгорукий эмес, Мөңкө-Темир негиздеп, Алтын Ордонун атынан бул улусту башкаруу үчүн улус бегинин (княздын) жарлыгын эрезеге жеткен, 16 жаштагы Даниилге (Александр Невскийдин кенже уулуна) тапшырган болчу, дейт М.Төлөгөнов.

Дагы бир окурман жогорудагы жарыянын этегине норман теориясынын жактоочусу катары өз маалыматын калтырган. Анын пикирине караганда, норман (скандинавиялык бул элдер “викинг”, “варяг” этнонимдери менен да белгилүү) тектүү үч бир тууган өз кошууну менен Византияны карай жортуулга бара жатып, орто жолдо Киевди 839-жылы каратышкан.

Викингдердин (варягдардын) ортодокс христиандык Византия мамлекетинин борбор шаары болгон Константинополго (азыркы Стамбулга) каршы алгачкы олуттуу чабуулу 860-жылы болгон.

Рүрик (Рюрик; Хрөрекр) 879-жылы өлгөн. Киевдеги 911-жылы жазмада ысымдары эске алынган викинг (варяг) ак сөөктөрү: Карли, Ингелд, Фарулф, Вермундр, Хроллейв, Годр, Хроалд, Карни, Фреллейв, Хроарр, Ангантир, Троандр, Лидалир, Фастр, Штейнвидр.

Орто кылымдардын эрте мезгилине таандык “Мезгил жылдарынын баяны” (“Пеовести временных дет”) деген чыгармада катталган алгачкы орус княздарынын ысымдары викингдерге (варягдарга) таандык болгон. Олегдин өз аты Хелгу (“Ыйык”) болсо, Рүриктин уулу, Киев князы Игордун викингче аты Ингвар (“Падышанын эрени”) болгон. Анын жубайы Ольганын ысымы викингче Хелга (“Багышталып коюлган”) деген маанини берген.

Албетте, азыркы Орусияда үстөмдүк кылган славянчылардын мектебинин өкүлдөрү бул “норманчыл” маалыматтардын викингдер Орус өлкөсүн курган деген жобосун четке кагышып, Киев Орусун чыгыш славяндар өздөрү эле орток негиздешкен, азыркы Орусия ошол эле Киевдик Орустан өсүп чыккан, ал эми викингдердин таасири үсүрт гана болгон, деп санашат.

Ал эми даңазалуу украин чыгыш таануучусу Омелян Прицак (Omeljan Pritsak; укр. Омелян Йосипович Пріцак; 07.4.1919 – 29.5.2006) түрк жана башка Евразия элдеринин орто кылымдардагы тарыхын жана булактарын (анын ичинде Карахандар каганатынын доорун) түп нуска тилдеринде гана изилдеп тим болбостон, Чыгыш Европа боюнча скандинавиялык жазма булактарды (руналарды) да өз оригиналында окуп талдаган.

Омелян Прицак менен Тынчтыкбек Чоротегин. 1995-ж.
Омелян Прицак (оңдо) кыргыз кесиптеши Т.Чоротегин менен. Украина ИАсынын Чыгыш таануу институту. Киев ш. 1995-жылдын июлу.

Профессор О.Прицак өзүнүн 1981-жылы англисче жарык көргөн “The Origin of Rus'” (“Орустун келип чыгышы”) деген көлөмдүү эмгегинде көп этностуу Киевдик Орусту мамлекет катары калыптандырган этносторду викингдер жана славяндар менен гана чектөө туура эместигин, Чыгыш Европадагы орто кылымдардын эрте доорундагы мамлекеттүүлүк тарыхына түрк тилдүү Хазар, Булгар каганаттарынын ж.б. да тийешелүү таасири болгондугун тарыхый булактарга таянып таасын чагылдырган.

Албетте, христиан динин чыңдоодогу Византиянын да кыйыр таасири, жалпы Европадагы славяндарга жаңы алфавиттик жазманы – кирил жазмасын таркаткан балкандык славян аалымдарынын да болочокку кубаттуу мамлекеттик идеология үчүн ролу эске алынууга тийиш. Кирил жазмасы оболу Балканда, болгарлардын арасында, Борбордук Европада (анын ичинде чехтерде) жайылтылып, андан соң гана Киевге таркаган.

Чыгыш жана Борбордук Европадагы мамлекеттердин тарыхын караганда, албетте, Ички Азиядан барган хундардын батышка жеткен тобунун (Атилла сыяктуу жолбашчылары бар гундардын) мамлекеттик башкаруу системасы да, Эдил боюнан журт которгон түрк тилдүү болгарлар менен фин-угор тилдүү мажарлардын да, башка жергиликтүү индоевропалык тилдерде сүйлөгөн этностор сыяктуу эле өз көөнөргүс изин калтырышкандыктарын да баса белгилөө абзел.

“Игордун кошууну жөнүндө сөз” аттуу баянда абдан көп түркизмдер камтылгандыгын орусиялык түркологдор өздөрү иликтеп келишет.

Бул жаатта казактын орусча жазган акыны жана коомдук ишмери Олжас Сулейменовдун да айрым терминдик табылгалары өзгөчө баалуу.

Үн тасма. Олжас Сулейменов сөз таануу жаатында.

Чыгыш Европанын көп этностук калкынын бай тарыхы археологиялык, жазма, генетикалык ж.б. маалыматтар менен дагы көп түстүү сыпатталууда.

К.Маркс, Ф.Энгельс, В.Ленин жана И.Сталин. Советтик көрнөктөрдөн.
Карл Маркс, Фридрих Энгельс, Владимир Ленин жана Иосиф Сталин. Советтик көрнөктөрдөн.

Карл Маркс Чыгыш Европа тарыхы боюнча деги эмне деп жазган? Айрым үзүндүлөр

Биз чакан блогдо Карл Маркс жазган текстти толук которуп сунуштай албайбыз. Бирок бул эмгекти кыргызчага толук которуп, заманбап илимий түшүндүрмөсү менен кошо эне тилибизде жарыялоо зарыл экендигин баса айтмакчыбыз.

К.Маркстын бул эмгеги француз, немис, поляк, италия, кытай, орус ж.б. тилдерге которулуп жарыяланган.

* * * * * * * * *

<…> Кайсы бир чектелген тарыхый доорду аңдап түшүнүү үчүн биз анын чегинен чыгышыбыз жана аны башка тарыхый доорлор менен салыштыруубуз керек. Өкмөттөрдү жана алардын иш-аракеттерин баалоо үчүн, биз аларды өздөрү бийлеп турган заманы жана алардын замандаштарынын абийири менен өлчөшүбүз керек.

* * * * * * * * *

<…> Биз, “Дипломатиялык ашкерелөөлөргө” кириш сөзүбүздү жыйынтыктай турган “Чындык – бул өз маалында айгинеленсе гана чындык болот” деген аталыштагы памфлетке талдоо жүргүзүүбүздүн алдында орус саясатынын жалпы тарыхы боюнча айрым алдын ала пикирлерибизди ортого сала кетсек эп болуп турат.

* * * * * * * * *

<…> Рүриктердин алгачкы муундагы өкүлдөрүнүн саясаты азыркы Орусиянын саясатынан түп-тамырынан бери айырмаланат. Бул жагдай Европаны селдей каптаган германдык варварлардын саясатынан ашкан да эмес, кем да эмес болчу — азыркы элдердин тарыхы дал ушул сел өтүп кеткен соң гана башталган. Орусиянын готт мезгили, тактап айтканда, (жалпы) нормандык басып алуулардын бир гана бабын түзөт.

* * * * * * * * *

<…> Улуу Карлдын империясы азыркы Франциянын, Германиянын жана Италиянын түптөлүшүнөн мурда орун алган сыяктуу эле, Рүриктердин империясы да Польшанын, Литванын, Балтика жээгиндеги ээликтердин, Түркиянын (Карл Маркс Осмон султандыгын 1850-жылдары эле Түркия – Turkey деп атаган экен! – Т.Ч.) жана Московиянын (Muscovy) өзүнүн негизделишинен мурдараак түзүлгөн болчу.

* * * * * * * * *

<…> (Өлкөнүн жеринин жана кубатынын) тездеп кеңейүү кыймылы – алдын ала терең ойлонулган долбоорлордун натыйжасы эмес, тек гана өтө жөнөкөй жүзөгө ашырылган нормандык каратып алуулардын түрүнүн табигый уландысы болгон. Бул – жер тилкесине ээ болбостон көз карандылык, же жер тилкеси үчүн алман гана төлөгөндөй көз карандылык түрү эле. Мындай жагдайда андан ары баскынчылыкты улантуунун зарылчылыгынын оту варягдардын атак-даңкка жетүүнү жана талоондук мүлккө марууну самап, укмуштуу окуяларды баштан кечирүүгө дилгир болгондорунун үзгүлтүксүз агымы аркылуу өчпөй сакталып келген.

* * * * * * * * *

<…> Төбөлдөр эми жайлап, эс алмакчы болуп камынган чакта да, Салтка берилген кошуундун (the Faithful Band) эпкининен улам андан ары илгерилөөгө аргасыз болчу. Андан соң орустук Нормандияда дагы, француздук Нормандияда деле, төбөлдөр өздөрүнүн эч тил албас жана соргок куралдаштарын бир гана мүдөөнү көздөп – алардан эптеп кутулуу үчүн гана – жаңы зомбулук жортуулдарга аттандырып киришти.

Рүриктердин алгачкы төбөлдөрүнүн согуштары жана каратып алууларды уюштуруусу Европанын калган бөлүгүндөгү нормандардыкынан эч кандай айырмаланбайт.

* * * * * * * * *

<…> Эгерде славян уруулары кылыч менен гана эмес, өз ара мунаса табуу менен да баш ийдирилсе, анда бул өзгөчөлүк ошол уруулардын түндүк менен чыгыш тараптан жасалып жаткан баскынчылыктын ортосунда кептелип калгандыгынан жана абалкы баскынчыл толкунду кийинки баскынчылыкка каршы коргонуу аргасы катары колдонууга муктаж болгон өзгөчө абалынан улам келип чыккан.

Батыштагы Римди көздөй башка түндүктүк варварларды арбап тартып турган ушул эле сыйкырдуу күч варягдарды дагы Чыгыштын Римин көздөй арбап тартып жатты.

* * * * * * * * *

<…> Орустун өлкө борборунун көчүшүн алсак, – Рүрик Новгородду байтакты кылган, Олег ордо шаарды Киевге көчүргөн, ал эми Святослав болсо ордо шаарды Болгарияда негиздөөгө далаалат жасаган, – бул көч бир гана нерсени шексиз далилдейт: баскынчы өзүнүн нугун гана аңдап сезген. Ал Орусту өзү үчүн тек убактылуу өргүү жайы санаган жана бул өргүү жай Түштүктө жайгашкан империяны (Византияны. – Т.Ч.) андан ары издөөдөгү конуш катары гана каралган.

Эгерде азыркы Орусия дүйнө жүзүнө үстөмдүгүн орнотуу үчүн Константинополду (Стамбулду. – Т.Ч.) каратып алууну көксөсө, ал эми Рүриктер, тескерисинче, Цимисхийдин (император Иоанн Чимискес; Zimiskes; 969–976-жылдары бийлеген. – Т.Ч.) бийлигинин тушундагы Византиянын көрсөткөн каршылыгынан улам өз үстөмдүгүн биротоло Оруста орнотууга аргасыз болушкан.

* * * * * * * * *

<…> Мындайча каршы пикир айтылышы деле ыктымал: түндүктөн агылган варварлардын башка жеңип алууларына салыштырмалуу, Орус жергесинде жеңгендер менен жеңилгендер алда канча тез убакыт ичинде өз ара жуурулушуп кетишкен; мындан улам, өздөрүнүн нике куруусу жана ысымдары айгинелеткендей, (келгин варяг. – Т.Ч.) төбөлдөр көп узабай эле славяндарга сиңип кетишкен.

Бирок, мындай шартта, төмөнкү жагдайларды эстөө керек: “Салтка берилген кошуун” бир эле учурда тандалма аскердик кошуун жана жашыруун кеңеш милдеттерин аркалаган жана ал жалаң гана варягдардан куралган; ал эми готторго таандык Орустун туу чокусун түзгөн Владимир дагы, готтук Орустун кулай баштаган доорун элестеткен Ярослав дагы Орус тактысына варягдардын куралдуу күчтөрүнүн колдоосу астында отургузулушкан.

* * * * * * * * *

<…> Эгерде бул доордогу славяндардын кандайдыр бир таасирин моюнга алуу керек болчу болсо, анда славяндардын мамлекети Новгородду эске алуу керек. Бул өлкөнүн салттары, мамлекеттик башкаруусу, саясий нуктары азыркы Орусияныкына таптакыр карама-каршы келчү. Ошондуктан (азыркы Орусиянын. – Т.Ч.) жашоосун мурдагы (Новгород мамлекетинин. – Т.Ч.) урандыларынын үстүнөн гана издеп табууга мүмкүн.

Ярославдын бийлигинин тушунда варягдардын үстөмдүгү бузулууга дуушар болгон, бирок бул жүрүм менен бир эле убакытта алгачкы доордогу баскынчыл жортуулдукка ыктоочулук да жоюлган. Мындан улам готтук Орус өлкөсү төмөндөй баштаган. Дал ушул төмөндөөнүн тарыхы, бул (аймакты) багындыруунун жана анда (мамлекет) куруунун тарыхына караганда, Рүриктердин империясынын готторго таандык мүнөзүн айрыкча тастыктап турат.

.

* * * * * * * * *

<…> Рүриктер (сулалеси) баш коштурган бул эбегейсиз зор, эпсиз жана чала бышкан империя, өзү сыяктуу кырдаалдарда жаралган башка дөөлөттөрдүн сыңарындай эле, ич ара ар кыл бектиктерге ыдырап кетти; баскынчылардын урпактары тарабынан бөлүктөргө жана андан да чакан бөлүкчөлөргө жиктеле берди; феодалдык согуштардын запкысын чекти; чет элдердин өз аймагына басып киришинин айынан улам-улам жиктеле берди. Улуу Канзааданын (княздын. – Т.Ч.) жогорку даражалуу бийлиги анын сулалесиндеги жетимиш канзааданын такты үчүн атаандаш күрөшүнүн айынан ойрон болду.

* * * * * * * * *

<…> Бул чакан (княздыктардын, б.а. бектиктердин. – Т.Ч.) түштүктөгүлөрү жана түндүктөгүлөрү улам кезек менен литвалыктарга, поляктарга, мажарларга, ливондуктарга жана шведдерге каратылып жатышты. Көөнө борбор шаар Киев болсо башкача тагдырга ээ болуп, бир кездеги Улуу Канзаадалыктын (the Grand Princedom, б.а. Улуу княздыктын. – Т.Ч.) тактысы жайгашкан орундан жөн гана кадыресе шаардын аймагына айланды.

Ошентип, нормандар курган Орус мамлекети тарыхый сахнадан биротоло жок болду. Ал эми бул мамлекеттен эптеп-септеп сакталып калган анча-мынча элестер Чыңгыз хандын каардуу рухунун көлөкөсүнүн айынан көздөн кайым болушту.

<…> Московиянын бешиги – бул норман доорунун одоно даңазасы эмес, монгол кулчулугунун кандуу сазы. Ал эми азыркы Орусия (падышалыгы. – Т.Ч.) болсо – Московиянын жаңыраак бир түргө кубулуп чыгышын (“a metamorphosis of Muscovy”) гана туюнтат.

* * * * * * * * *

<…> Татар эзүүсү Московия туңгуюктан чыга келгенге чейин жүз жыл өкүм сүрүп турган. Монголдор, орус канзаадаларын ичтен иритүү жана алардын кул сымал кызмат өтөй беришин камсыздоо үчүн, мурдагы Улуу канзаадалык (the Grand Princedom, б.а. Улуу княздык. – Т.Ч.) даражасынын кадыр-баркын калыбына келтиришкен.

Орус канзаадаларынын бул мартабалуу орун үчүн жан талашуусу, азыркы бир автордун сөзү менен айтканда: “арамза күрөш, кулдардын өз ара күрөшү болгон; мында башкы арга – жалаа жабуу болчу; алар өздөрүнүн ырайымсыз өкүмдарларына бири-бирин жаманатты кылууга ар дайым даяр эле...”

* * * * * * * * *

<…> Дал мына ушул уят-сыйытсыз таймашта Маскөөдөгү бутак өз атаандаштарын жеңип чыкты. 1328-жылы Иван Калитанын агасы Юрий Өзбек хандын алдында кол куушура чөгөлөп туруп, андан Улуу канзааданын (Улуу княздын. – Т.Ч.) таажысын алууга жетишти. Бул таажы Твердеги канзаададан жаманатты кылуу жана атайылап киши өлтүрүү жолу менен тартылып алынган болчу.

* * * * * * * * *

<…> Иван Биринчи Калита жана кийин “Улуу” деп атыккан Иван Үчүнчү экөө – татарлардын эзүүсүнүн аркасында көтөрүлүп чыккан Московияны жана татарлардын башкаруусунун жокко чыгышынын аркасында көз карандысыз мамлекетке айланган Московияны элестетип турушат.

Московиянын алгачкы жолу тарыхый сахнага чыгышынан тартып башталган жалпы саясаты дал ушул эки инсандын өмүр таржымакалдарында камтылган.

* * * * * * * * *

<…> Иван Үчүнчү, өзүнүн бийликтеги мезгилинин (1462–1505) башында, дагы эле татарларга алман төлөөгө мажбур болуп турган. Анын ыйгарым укуктарын башка бектиктерди (княздыктарды) башкарган канзаадалар дагы эле талашып турушкан. Орус республикаларынын башчысы болгон Новгород Орусиянын түндүк аймагын бийлеп турган. Польша-Литва (ынтымагы) Московияны каратып алууга умтулуп келген. Эң акырында, Ливониянын рыцарлары дагы эле куралсыздандырыла элек болчу.

Ал эми өз бийлик жылдарынын соңунда Иван Үчүнчү көз карандысыз өкүмдар катары тактыда отурганын көрөбүз. Анын жанында Византиянын акыркы императорунун кызы жандап отуруп калды.

(Мында Карл Маркс жана ал колдонгон булак так эместик кетирген. Иван Үчүнчүнүн экинчи аялы жана 1472-жылдан Московиянын улуу каншайымы болуп калган София / Зоя Палеолог византиялык акыркы император Константин Он Биринчинин иниси Томастын / Фоманын кызы, Каардуу Иван Төртүнчүнүн чоң энеси болгон. К.Маркстын эмгегинде башка да айрым фактологиялык каталар учурайт. – Т.Ч.).

Анын таман астында Казан (хандыгы) калган, ал эми Алтын Ордонун калган каткан бөлүктөрүнүн өкүлдөрү анын ак сарайына агылып келип турган. Новгород жана башка орус республикалары кулга айланышкан. Литва аймагы кичирейе берген даа, анын падышасы эми Ивандын колбаласына айланган. Берки Ливония рыцарлары болсо жеңилүү ызасын тартышкан.

* * * * * * * * *

<…> Иван (Үчүнчү. – Т.Ч.) тактыга жаңыдан отурган мезгилде Алтын Ордо эчак эле алсырап калган: ички жактан айыгышкан өз ара кагылышуулар, тышкаркы жактан – ногой татарларынын андан бөлүнүп кетиши, Тимурдун – б.а. Темирландын жортуулдары, орус тектүү казактардын (Cossacks) кубаттанышы жана кырым татарларынын кастык аракеттери (Алтын Ордонун. – Т.Ч.) шайын оодарган болчу.

* * * * * * * * *

<…> Ордого каршы көтөрүлүп чыккан кезеңде бул маскөөлүк (the Muscovite) эч нерсени ойлоп таап отурбастан, тек гана татарлардын өздөрүнүн ыкмаларын туурашы керек болду. Иван болсо көтөрүлүш чыгарып деле убара болбоду. Ал тек гана өзүн Алтын Ордонун момун кулу катары таанып турду.

* * * * * * * * *

<…> Московия ошол кезде өзүнүн орду толгустай кыйрашын сабырсыздык менен күтүп жаткан чакта, күтүлбөгөн жерден кабар келди: Алтын Ордонун борборуна Кырым ханынын жасаган чабуулунун натыйжасында Алтын Ордонун (аскерлери) чегинүүгө аргасыз болгон экен жана бул чегинип жаткандар (орто жолдо) казак орустар менен ногой татарлары тарабынан ойрон кылынган экен.

Ошентип, жеңилүү кайра ийгиликке айланды да, Иван (Үчүнчү. – Т.Ч.) Алтын Ордону эч кандай согуш аракеттерисиз эле ойрон кылды. Ал калп эле салгылашууга чакырымыш болуп, Алтын Ордону жортуулдарга чыгууга козутту да, бул жортуулдар Алтын Ордонун калган каткан бөлүгүн алсыратып салды. (Иван Үчүнчү) өзүнө шериктеш кылып алууга үлгүргөн Алтын Ордодогу татарларга тектеш уруулардын бул ордого биротоло очорулткан сокку уруусуна шыкакчы болду. Ал бир татарды башка татардын колу менен жайлады.

* * * * * * * * *

<…> Ал (Иван Үчүнчү. – Т.Ч.) Казан багынып берген соң, мурдатан өзү беленденип жүргөн Новгородго каршы – орус республикаларынын башчысына каршы жортуулду баштады. Анын көз карашында, татар эзүүсүнөн кутулуу – Московиянын улуулукка жетишинин биринчи шарты болгон болсо, Орус эркиндигин кулатуу – экинчи шарт болгон.

* * * * * * * * *

<…> Чыныгы тарых төмөнкүнү айгинелемекчи: Пётр Биринчинин жана анын мураскорлорунун өз пландарын жүзөгө ашыруусу үчүн Англиянын өкүмдарлары тарабынан көрсөтүлгөн колдоого салыштырмалуу Иван Үчүнчүнүн жана анын мураскорлорунун мүдөөлөрүнө жетүүсү үчүн Алтын Ордонун хандарынын берген көмөгү олуттуурак деле болгон эмес.

Биз кайра шардана кылган памфлеттер, – Улуу Пётрдун (Пётр Биринчинин. – Т.Ч.) өз замандаштарынан болгон англистер тарабынан жазылгандыктан, – кийинки тарыхчылардын демейдеги чаташууларынан алда канча узак турушат. Бул (памфлеттер. – Т.Ч.) Англияны Орусиянын өзгөчө кубаттуу куралы катары кескин айыпташат.

* * * * * * * * *

(Бул чыгарманын англисче түп нускасын ушул шилтеме аркылуу салыштырып караңыз).

Соңку сөз

Бул чакан блогдо Карл Маркстын коомдук өнүгүү тууралуу көз караштарына токтолуп отурбайбыз. Тек айтаарыбыз, анын материалисттик жана таптык көз караштары советтик этнография илимине айрым пайдасын да, өлчөөсүз зор зыянын да келтирген.

Советтик этнографтар этностук өнүгүүнү беш баскычка (алгачкы жамааттык коом, кулчулук, феодализм, капитализм жана коммунизм) жасалма түрдө жиктеп, айрым чаканыраак этностордун тарыхый өнүгүү баскычтарына ири ултуттарлын пайдасына текебер мамиледе баа берген калпыстыктарды кетиришкен.

Маселен, орустарды улут катары баалап, ошондой эле өзгөчөлүктөргө ээ болгон алардын тарыхый коңшулаштарын “эл”, “элдүүлүк” (“народность”) деген терминдер менен сыпатташкан. Татарлар, казактар, кыргыздар, маселен, 1930-жылдардын этегинде “социалисттик улут болуп калышты” деген бүтүм чыгарылган, ал эми бул улуттардын Ооганстандагы, Кытайдагы ж.б. бөлүктөрү ошол эле доордо ошол улуттардын коммунисттик режимден тышкаркы аймактардагы диаспоралык бөлүгү катары жашап жатышкандыгы көз кырынан сыртта калган.

Жогорудагы талданган эмгекте да К.Маркс “норманчыларды” ээрчигендиги айдан ачык. Балким, СССРде бийликте отурган орус “славянчылары” ошон үчүн бул эмгекти кеңири калайыктан көмүскө кармашкандыр?

Андан тышкары К.Маркстын бул эмгеги жазылган маалда дүйнө тарыхына карата европа чордончул көз караш үстөмдүк кылып турган. Мындай көз караш 1970-жылдардан тартып ЮНЕСКО ачык колдоого алган “көчмөндөр цивилизациясы” жөнүндөгү жоболор сыяктуу жаңы түшүнүктөрдү кабыл алуу үчүн жарамсыз болчу.

Дал ошондуктан К.Маркс Алтын Ордо мамлекетине терс баа берген.

Ал эми XIII кылымга чейин алда канча мурда эле бир катар түрк жана фин-угор тилдүү элдер Чыгыш Европанын цивилизациялык өнүгүүсүнө оң мааниде салым кошкондугу жөнүндөгү мол маалыматтар XIX кылымдын ортосуна карат илим чөйрөсүнө дээрлик киргизиле элек болчу.

Түрк элдеринин битик (руна сымал) алфавиттик жазмасы К.Маркс өлгөндөн он жылдан кийин гана, 1893-жылдан тартып, даңазалуу даниялык илимпоз Вильгельм Людвиг Петер Томсен (Vilhelm Ludwig Peter Thomsen) тарабынан чечмелене баштаган жана андан соң немис тектүү орусиялык түрколог Василий Радлов (Friedrich Wilhelm Radloff) тарабынан бул чечмелөө иши улантылган.

Албетте, К.Маркстын жогорудагы эмгегин кечигип болсо да окуу – заманбап илимпоз үчүн, өзгөчө алганда, орус тарыхы жаатында жалаң гана славянчыл көз караштарды окуп жүргөндөр үчүн, өзгөчө алгылыктуу.

Бул эмгекти окуган соң В.В.Бартольд, Ахмет Заки Валиди Тоган, А.Н.Бернштам, Л.Н.Гумилёв, Ө.Караев, Ю.С.Худяков сыяктуу аалымдардын эмгектерин ого бетер кадырлай түшкөндөй болдум.

Дагы эскертип айта кетсек, бул эмгек Карл Маркс XVIII кылымдагы британдык-орусиялык дипломатиялык алакалардын тарыхы боюнча жазууга ниеттенген көлөмдүү чыгармасынын башталыш бөлүгү катары гана саналган. Арийне, 1850-жылдардын экинчи жарымында Карл Маркс “Капитал” эмгегин жазууга киришкен, оору-сыркоого да учураган.

Европадагы куугунтуктан соң Улуу Британияда баш паана тапкан бул жакыр ойчулдун башка да пенделик каржылык түйшүктөрү чачтан көп болгон. Айтор, бул ири эмгектин уландысы аягына чыгарылбай калган.

Ошого карабастан, анын китебинин жазылып калган баптары дагы XXI кылымдагы окурмандар үчүн Маркстын 1850-жылдарга карата Чыгыш Европанын жана Орусиянын тарыхына байланыштуу топтой алган даректүү маалыматтары жана тарыхый жүрүмдөр жаатындагы түшүнүктөрү жөнүндө баамдоо жана калыс таразалоо үчүн өзгөчө баалуу булак болуп саналат.

Инсан таануу өңүтү К.Маркстын эмгектерин кайрадан жана ар тараптуу таразалап изилдөөнү талап кылат эмеспи.

К.Маркс падышалык Орусиянын Европадагы ыңкылапчыл өлкөлөрдү жана кыймылдарды жазалоодогу жексур ролун өзгөчө айыптаган. Бирок ал өз өмүрүнүн соңунда падышалык Орусияда жандана баштаган ыңкылапчыл маанайга үмүттүү баа бергени да ырас.

Бул эмгек жаралгандан 160 жылдан ашуун мезгил өттү. Коом оош-кыйыштуу өнүктү, болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Тарых илими да ар кыл методологиялык тажрыйбаларды баштан кечирип келди.

Азыр да путиндик Орусия (XIX кылымдын ортосундагы падышалык Орусия жүргүзгөн саясаттын сыңарындай эле) авторитардык туруму жана коңшуларына карата өкүмзор жана согушчан саясаты менен ичиркентип келет. Азыр да Орусиянын прогрессчил күчтөрүнө үмүт байлайбыз. Орусия Федерациясынын көп этностуу эли 1991–92-жылдардагы демократиялык нукту кайрадан чыңдаса экен, эч качан марксисттик нукка кайра кайтпаса экен, деген жеке каалоомду да кыстара кетким келет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG