Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

20-кылымдагы кыргыз адабиятында расмий калыпка батпаган Казыбек Мамбетимин уулу сыяктуу залкарлар болгон. Орус адабиятында кара сөз чебери Венедикт Ерофеев (1938-1990) да бүлбүл карааны менен нечендеген орус айдыңдарын ойготкон, бирок чыгармалары кеңири калайыкка «Кайра куруулар» доорунун этегинде гана жете алган айырмалуу калемгер.


Шарттуу чек ара

Орус элинин пост-модернчи жазуучусу Венедикт Ерофеевдин каймана сөзү азыркы тапта, - эн белгисиз орусиялык жоокерлер Украинанын ички чегине кирип алып, коңшу жана боордош өлкөнүн эгемендигин тебелеп-тепсеп жаткан чакта, - өзгөчө кубаттуу сезилет экен:

«...Чек ара дегениң улуттарды чаташтырып албоо үчүн керек. Маселен, бизде чек арачы зымпыйып турат да, чек ара дегениң – ойдон чыгарылган нерсе же энтамга эмес экендигин анык билет. Анткени чек аранын бүйүзүндө орусча сүйлөгөн жана көбүрөөк ичкилик ичкен кишилер байырлайт, ал эми аркы өйүзүндө болсо - ичимдикке азыраак тап койгон жана орусча эмес тилде сүйлөгөндөр турушат…

Ал эми аркы өйүздөчү? Ал жакта бардыгы тең ичимдикти бирдей ичип жатышса жана орусча эмес тилде сүйлөп жатышса, анда кайдагы (ички) чек ара болсун! Ал жакта деле кайсы-бир жакка чек арачыны кайтартып койгусу келишээр, бирок чек арачы үчүн (ич-ара алпурушууга) жумуш оруну жок да. Мына ошондуктан ал жакта чек арачылар эч нерсе менен иши жок ары-бери басып, зеригип, «чылым чектирип койгулачы» деп жүрүшөт... Ошондуктан, бул жааттан алганда, ал тарапта бардыгы эркин..


(Венедикт Ерофеев. «Москва – Петушки» кара сөз түрүндөгү поэмасы. 1969-1970-жж.).


Сөздүн сырткы окулушуна караганда, анын кош катмардуу тымызын мааниси көңүлдү көбүрөөк кытыгылаган «Москва – Петушки» кара сөз түрүндөгү поэмасы менен заманбап орус адабиятына жаңыча эргүү алып келген чыгарманын ээси – Венедикт Ерофеев мурдагы СССРде туулуп-өскөндөр үчүн өтө татаал замандаштык жана диссиденттик тагдырды баштан кечирди.

Тар жол, тайгак кечүүдөн куралган өмүр

Венедикт Васильевич Ерофеев (орусча: Венеди́кт Васи́льевич Ерофе́ев; англисче: Venedikt Yerofeyev) 1938-жылы тогуздун айынын (октябрынын) 24үндө мурдагы СССРге караштуу Орусия Федерациясында ГЭС курулушчуларынын «Нива-3» деген кыштагында туулган, бирок ага берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктө Карелия АССРине караштуу Лоух районундагы Чупа темир жол бекетинде туулган деп көрсөтүлгөн.

Атасы Василий Васильевич Ерофеев темир жол бекетинин башчысы болуп иштеп жүргөндө алгачкы жолу 1939-жылы жалаага кабылып, жазаланган (репрессиянын курмандыгы болгон). 1945-51-жылдары «антисоветтик үгүт жүргүздү» деген жалаа менен жазыксыз жерден кесилип, сталиндик лагерде бир катар жылдар кечирип, ооруга чалдыккан.

Энеси - Анна Андреевна Ерофеева (кыз кезиндеги тегаты – Гущина; ал диний кызматкердин кызы болчу), үй кызматкери болгон. Кийинчерээк да үй кызматчысы жана башка ар кыл иш менен жан сактаган (1972-жылы кайтыш болгон). Венедикт алардын беш баласынын кенжеси болчу.

1942-жылы чоң атасы Василь Константинович Ерофеев бир аткаминерге (жергиликтүү аскер комиссариятынын башчысынын офицер уулуна) тил тийгизип койгондугу үчүн камакка алынып, айтылуу «үчтүк» («тройка») аны абакка кесишет. Чоң атасы 3 айдын ичинде абакта каза болгон.

1945-жылы 5-июлда атасы Василий Ерофеев темир жолдо нөөмөттө турган чакта, кум ташыган унаа поезд рельстен чыгып кетет. Василий Ерофеевди «атайылап жасады» деген доо боюнча кармап, эч кандай далил табылбаса да, «антисоветтик үгүт жүргүздү» деп айыпташып, Петрозаводск соту тарабынан беш жылга соттоп жиберишет. 1949-жылы Василий Архангельск аймагында лагерде өпкөсүнө суук тийип өлгөндүгү тууралуу суук кабар тааныштары аркылуу бейрасмий жол менен келет. 1951-жылы жайында гана Василий лагерден бошоп үйүнө кайткан. Ал абактагы запкынын айынан эрте эле, 1956-жылы, кайтыш болгон.

Согуштан кийинки бүлгүнчүлүк учурунда, 1947-жылдын март айында, Венедикттин агасы Юрий Кольск жарым аралындагы Зашеек темир жол бекетинде иштеп жүргөнүндө «нан уурдады» деген доо боюнча эмгек лагерине 5 жылга кесилет. Энеси Анна Андреевна Ерофеева болсо Маскөөгө кетип, үй кызматкери болуп тымызын иштеп жан сактайт («эл душманынын» аялы катары ал дурусураак жумушка расмий орношо алган эмес).

Атасынын лагерге айдалганына жана апасынын Маскөөгө кеткенине байланыштуу, Венедикт (Веничка) бала чагынын алты жылын Кольск жарым аралындагы Кировск шаарындагы балдар үйлөрүндө өткөргөн.

«Эл душманынын» баласы катары кодуланганына ого бетер чыйралып, орто мектепти алтын медал менен аяктаган. Венедикт 1957-63-жылдары Орусиядагы улам бир жогорку окуу жайына (Москва мамлекеттик университети, Орехово-Зуеводогу пединститут, Владимир мамлекеттик университети, Коломенск мамлекеттик педагогикалык институту) тапшырган.

Бирок чоң атасы менен атасынын мурда абакта жаткандыгынан жана өзүнүн эркин ой жүгүртүүсүнөн улам, ЖОЖдор Венедиктти студенттердин катарынан көп узатпай чыгарып салып турган. ММУдан, маселен, аскердик иш сабагына катышкысы келбегендигинен улам чыгарылса, ал эми замандашы Ольга Седакованын эскергенине караганда, ВМУдан Зоя Космодемьянская тууралуу «келекелеген» делген сонеттер түрмөгүн жазганы үчүн айдалган.

Венедикт үчүн да Максим Горький «окуган» турмуш университети оор сабак берди (Горький мындай сабакты падышалык мезгилде алса, Венедикт – «пролетардык диктатура орнотулган» мамлекетте запкы көрдү).

Жашынан эле эрудициясы жана адабий мураска кумары менен айырмаланган Венедикт узак жылдар бою эч жерде каттала албай, улам бир жайга көчүп-конуп жашаганына карабастан, өз алдынча таалим алуусунан жазган эмес.

Ал Советтер Биримдигинин ар кыл аймактарында кара жумушчу, бургулоочу, кароолчу, жүк ташыгыч, монтаждоочу, лаборант ж.б. кызматтарда иштеген.

Венедикт Орусиянын ар кыл аймактарынан тышкары кыска мөөнөттөргө Украина менен Борбордук Азияны да кезген.

Ошентип, атасы ГУЛагда жатып запкы чеккен жана өз оюн эркин сүйлөгөнү үчүн куугунтукталган миллиондогон орусиялык интеллектуалдардын инсандык азабын Венедикт өз жон териси менен сезген.

Турмуш запкысын азайтуу далаалатынан уламбы, айтор, ал ичкиликке көп берилген. Мунун айынан бир нече жолу дарыланган, бирок кайра эле эски өнөкөтүнө кайтып турган.

Венедикт Ерофеев 1990-жылы 11-майда таңкы саат 7.45те Москва шаарындагы Н.Н.Блохин атындагы Бүткүл союздук онкология борборунда дүйнөдөн кайтат.

Анын сөөгү 16-майда Москва шаарындагы Кунцево көрүстөнүнө коюлган.


Жазуучунун сүйүүсү жана үй-бүлөлүк турмушу

Жазуучу Венедикттин студент кезинен жолугуп, бири-бирине ашыктыгын билдирген ууз сүйүүсү – Юлия Рунова айым.

Ал 1959-жылдын октябрь айынын ортосунда алгачкы жолу Юлия Рунова менен кыска убакытка жолуккан. Ал эми ошол жылы 4-декабрда алар ОЗПИнин жатаканасынын 22-бөлмөсүндө «расмий» таанышат. Дал ушул күндү алар өмүр бою эң жакшы күн катары эстеп жана белгилеп жүрүшкөн.

Венедикттин Юлия Руновага махабаты өөрчүп, ал дагы аны жакшы көрөөрүн айтып, бирок жазмыштын кесепетинен алар эч качан үйлөнүшкөн эмес.

1965-жылдын 1-ноябрында ашыгы Юлия Рунова аспирантураны аяктап, Пущино шаарында СССР ИАсынын Биофизика институтунда (1965-1974) иштей баштаган. Москвага улам каттап турган.

Юлия көбүнесе курбусу Валентина Еселеванын Перевиденовск чолок көчөсүндөгү жатаканасында калып турган. Бул жатаканада кээде Венедикт да туруп калаар эле. Венедикт Юлия менен жолуккан кездеринин биринде Валентина Васильевна Зимакова (1942—2000) менен да жолугушуп жүргөнүн, анын боюнда болуп калгандыгын ачык айтат.

1966-жылы Ерофеев уулдуу болуп, ага өз ысымын берип, Венедикт Венедиктович деп койгон. Ушундан соң гана уулунун энеси Валентина менен расмий никеге турган. Алар тез эле ажырашып кетишкен, бирок алардын ажырашканы 1975-жылы гана расмий күбөлөндүрүлгөн.

Венедикттин 1975-жылы 21-декабрда баш кошкон экинчи жубайы - окумуштуу, экономика илимдеринин кандидаты Галина Павловна Носова (1941—1993). Галина күйөөсүнө өзгөчө берилген зайып болгон. Ал эринин Юлияны жакшы көрөөрүн да билген, бирок Венедикт үчүн бардык азаптарга чыдаган.

Галина айым күйөөсү өлгөндөн 3 жылдан кийин Москвадагы Флотская көчөсүндөгү 13-кабаттагы батиринин терезесинен боюн жерге таштап мерт болгон.

Юлия менен Венедикттин өз ара ысык мамилесине кайра кайрылсак, бул тууралуу алардын өз ара каттары мыкты сыпаттайт.

Маселен, Венедикт 1974-жылы 13-июнда («күн тегерене түшкөнгө чейинки мезгилге 12 күн калганда») Борбордук Азияда (Зафар-Абадда) жүрүп, Юлияга мындайча кат жазат:

«Негизи, сүйүү деп эл айткан нерсе сен экөөбүздүн ортобузда эч качан болгон эмес. Кудай ушуга жеткирсин, мындан ары деле болбой эле койсун. Бизде тек гана жарым кастык менен жарым тоок сүйүүнүн, көзгө көрсөтө жасалган айла-амалдын, акмактык умтулуулар күрөшүнүн жана эки макоонун өз ара тирешүүсүнүн гана өтө таң каларлык түрү орун алып келди».

Ошого карабастан, «11-июнда кечкурун мен кайра сага ашык болуп калдым» деген сөздөрү аркылуу жазуучу алыстагы Юлияга өз сезимин «көз тийбесин» дегендей эле билдирет.

Юлия Рунова өзү 1968-жылы октябрда Пущино шаарындагы академиялык шаарчада кесиптеши Михаил Виленчик менен баш кошкон. 1969-жылы күзүндө алты айлык боюнда бар Юлия Рунова күйөөсү М. Виленчикке ажырашуу тууралуу сунушун айтат. Бирок күйөөсү анын сунушун четке кагат. Ошол жылы 29-ноябрда Юлия Рунова кыз төрөп, ага Вера деген ат койот. Ошол мезгилден тартып ал кыйла убакытка күйөөсү Михаил менен бир батирде, бирок бири-биринен обочо бөлмөлөрдө жашап калышат.

Кийинчерээк да Юлия Венедикти ырааттуу колдогон. Андан ичкиликти таштоосун далай жолу талап кылган. Кээде үйүнө кондурган. Венедикттин шыгына шык кошкон, көңүлдө суук кезде жүрөгүн жылыткан, сезиминдеги шамчыракты белгисиз кубат менен ырааттуу жандырып турган (чоочун көзгө кадыресе) каттар жазып турган.

Венедикттин чыгармачыл мурасы:

1. Прозадагы поэма

1970-жылдын 19-январында Ерофеев өзү «кара сөз түрүндөгү поэма жанрында» деп баалаган "Москва-Петушки" прозалык чыгармасын жазууга киришет жана аны 1970-жылы 6-мартта аяктайт. Отуз экиге караган жаштагы жазуучу дал ушул чыгармасы аркылуу «өзүнүн айырмалуу калемгердик ыкмасын тапканын» кийинчерээк айтканы бар.

Айрым маалыматтарга караганда, В. Ерофеев чогуу иштеген кабелчилер 1968-жылы күзүндө Шереметьевонун жанына жүк ташуучу унаа менен келе жатып, автокырсыкка кабылып, набыт болушкан экен. Ошол күнү уктап ишке кечигип келгендиктен, Венедикт эсен калыптыр. Бул жагдай да анын кара сөз түрүндөгү поэманы жаза башташына түрткү болгон дешет.

Бул прозалык чыгарма оболу жакын досторунун чөйрөсүндө таркап, анан анын бир нускасы чет өлкөгө чыгат.

Саясий өнөктүгүндө орус тилдүү жөөттөрдү өзүнө тартуу ниетин көздөгөн израилдик бир чакан саясий партиянын өкүлдөрү бул чыгарманы басмадан чыгарууга демөөрчүлүк кылышат. Поэма 1973-жылы Иерусалимдеги «АМИ» журналында 300 нускада жарык көргөн. Алиги партия тез эле ыдырап кеткен, бирок

Машинкада жазылган түрдө да советтик Орусияда таркатылган бул чыгарма тез эле цензурага сыйбаган доошко суусаган коомчулуктун назарына түшөт. Китеби мынчалык даңаза болоорун автор өзү да күткөн эмес болчу.

Венедикттин «Москва-Петушки» аттуу кара сөз түрүндөгү поэмасы мурдагы СССРде 1988-89-жылдары «Трезвость и культура» журналында жарык көргөн. Мында сөгүнгөн сөздөрдүн ордуна көп чекит коюлган.

Автор мажар котормочусуна жазган катында бул журналдын санынын баасы 40 тыйын тураарын, бирок кара базарда 10 сомго чейин чыкканын эскергени бар.

Поэманын цензураланбаган варианты болсо 1989-жылы «Весть: Литературный альманах» аттуу альманахта жарыяланган.

2. Трагедия

Венедикт 1984-жылы 31-декабрда экинчи жубайы Галина Носова экөөнүн Маскөөдөгү батиринде «Вальпурга түнү, же Командордун кадамдары» («Вальпургиева ночь, или Шаги Командора») пьесасын жаза баштаган.

«Вальпурга түнү» сөзү менен англис миссионери Валпурганын (Walpurga) урматына арналган деп саналган майрамдык түн белгиленет. Немистерде «Walpurgisnacht», финдерде «Vappu түнү» деп аталган, айрым түндүк жана чыгыш европалык элдерде – «Мастендерди өрттөө түнү» атыккан бул учур – 30-апрелден 1-майга караган түн. Бир катар түндүк жана ортоңку европалык калктарда ал түнү майрамдык оюн-зоок менен белгилөө жөрөлгөлөрү өткөрүлчү.

Айрым тарыхчылардын айтымында, орто кылымдарда Түндүк-Батыш Европанын бир катар мамлекеттеринде демейдеги башкарууда – акимдик иште жылды жыйынтыктоо күнү – 30-апрелге туш келген. Бул маанилүү иш күнү бүткөн соң, албетте, калайык шапар тээп эс алган. Мунун келип чыгышынын, демек, эч бир диний мааниси болгон эмес. Бирок элдик уламыш бул орто кылымдык жазгы майрамды Вальпурга деген диниятчыга «байлап» койгон.

Бул майрамдык түндү илгерки көчмөндүк доордо жай мезгилинде кыргыздын жаштарынын «Бекбекей» ырдап, ак чөлмөк ойногон учуруна окшош шайыр кезеңине салыштырууга мүмкүн.

Венедикт 1985-жылдын апрель-май айларында «Вальпурга түнү...» деген 5 көрүнүштөн турган трагедиянын чордондук бөлүгүн жазып бүтүргөн.

Бул трагедия аркылуу Венедикт өзү жашаган совет коомунун кемчиликтерин эч кооздоп, боёбостон, эл турмушунун оош-кыйыш жактарын жымсалдап-катпастан, коммунисттик цензурага баш ийбеген калеми менен айкын чагылдырат.

Кейиштүүсү, колубузга жеткен бул драма «Drei Nachte» («Үч түн») үчилтигинин экинчи гана бөлүгү болуп саналат. Анда шаардык психикалык оорукананын 31-бөлүмүндөгү окуялар камтылган. Драманын алгачкы жана үчүнчү бөлүмдөрү Венедикт Ерофеевдин рак оорусунун күчөшүнө байланыштуу дээрлик жазылбай калган.

Бул чыгарма (үчилтиктин экинчи бөлүгү) оболу Париж шаарында ошол эле 1985-жылы жарык көргөн («Континент» журналы, № 45). Ал кезде мындай чыгарманы СССРде жарыялоо - түшкө да кирбес иш эле.

Ошол эле жылы бул драманын серб тилиндеги котормосу Югославияда жарыяланган (Jerofejev, Venedikt. Valpurgijska noc ili Koraci Komandora. Prev. Aleksandr Badnjarevic. Novi Sad: Polja, 1985).

3. “Лениниада”

Ал эми 1988-жылы 6-февралда жазуучу өзүнүн даңазалуу «Менин чакан лениниадам» («Моя маленькая лениниана») аттуу коллажын аяктаган. Мында коммунисттик лидердин өзүнүн жана үзөңгүлөштөрүнүн эскерүүлөрүнөн алынып, бирок калайык анча аңдабай калган кызыктуу үзүндүлөр чогултулуп берилген. Венедикт айрым учурларда шилтеменин маанисин өзгөртпөстөн, анын маңызын түшүндүрүп ачып берген.

Марксизм-ленинизм лидерлеринин бири Владимир Ульянов (Ленин) жана анын жакын чөйрөсү менен байланыштуу бул топтом оболу Парижде “Континент” басылмасында ошол эле 1988-жылы жарык көргөн («Континент». – 1988. - № 55.). Орусияда болсо бул эмгек 1991-жылы гана жарыяланган.

Бул топтомдо, маселен, Энесайда (Түштүк Сибирде) Шушенское кыштагында сүргүндө жүргөн кезинде Владимир Ленин күндөлүгүнө мындайча жазганын Венедикт мисал кылат:

“Сибирде кыштакта үй кызматчысын (малайды) табуу өтө кыйынга турат, жайкы мезгилде болсо – таптакыр мүмкүн эмес”.

("В Сибири вообще в деревне очень и очень трудно найти прислугу, а летом просто невозможно"). (1897-жыл).

“Мен тээ Красноярскиде жүргөнүмдө эле ыр чыгара баштадым:
“Шушада, Саян тоолорунун этегинде...”
Бирок алгачкы саптан соң, кейиштүүсү, эч нерсе чүргөй албай койдум”.

("Я еще в Красноярске стал сочинять стихи:
В Шуше, у подножия Саяна...
но дальше первого стиха ничего, к сожалению, не сочинил"
).

Бул “Лениниада” эмгегинде Венедикт Ерофеев жолбашчы Владимир Ленин өзү малай жумшагандыгын, үзөңгүлөштөрүнө орой мамилесин, германдык капиталисттерден большевиктик төңкөрүш үчүн көмөк алгандыгын, ал эми бийликке келген алгачкы жылдардан тартып эле “тап душмандар” делгендерди жана иши кылып Совет өкмөтүнө жолтоо болгондорду “кырып-жоюуга” буйруктар бергенин Лениндин өз текстине таянып санап берген.

Иосиф Сталин (Жугашвили) тууралуу сурамжылап жазган учкай каттан:

“Жолдош Зиновьевге:
“Деги Кобанын тегаты эсиңиздеби? Саламым менен, Ульянов”. (1915-жылдын 3-августу).

(“Тов. Зиновьеву:
"Не помните ли фамилию Кобы? Привет, Ульянов ". (3 августа 1915
)”.

Ильичтин 1917-жылкы Февраль ыңкылабынан кийинки “уй тилиндей” каттарынан:

“Революционерлер үчүн өзүнчө вагон керек болуп турат”.

("Нужен отдельный вагон для революционеров"). (1917-жыл).

Инесса Армандга Ильич жолдогон кат:

“Герман өкмөтү биздин вагонубуздун чек аралардан өткөндөгү кол тийбестигин ишенимдүү коргоп берди. Саламым менен, Ульянов”. (1917-жылдын 14-апрели).

("Германское правительство лояльно охраняло экстерриториальность нашего вагона. Привет, Ульянов!"). (14 апреля 1917).

Кеңеш өкмөтүн сактап калуу үчүн алпурушуп жаткан чактагы Владимир Ленин жазган каттардан:

“Жолдош Зиновьевге, Петроградга:

“Жолд. Зиновьев! Бүгүн гана биз, БКдагылар, Питерде жумушчулар Володарскийдин өлүмүнө карата массалык террор менен жооп бергиси келип жатышканын жана Сиз аларды токтотуп салганыңызды үйрөндүк.

Мунуңузга чечкиндүү түрдө каршымын! Биз кайра өзүбүздү кыйчалыш акыбалга калтырып жатпайбызбы: ал түгүл Депутаттар кеңешинин резолюциялары аркылуу дагы массалык террорго барабыз деп коркутуп койобуз, ал эми иш жүзүнө келгенде массалардын революциялык демилгесин, нагыз туура демилгесин токтотуп салабыз. Минтүүгө бо-л-бо-йт! Террордун күч-кубатын жана массалык деңгээлин арттырууга шыктандыруу керек!” (1918-жылдын 26-ноябры).

Тов. Зиновьеву в Петроград:
"Тов. Зиновьев! Только сегодня мы узнали в ЦК, что в Питере рабочие хотят ответить на убийство Володарского массовым террором и что Вы их удержали.
Протестую решительно! Мы компрометируем себя: грозим даже в резолюциях Совдепа массовым террором, а когда до дела, тормозим революционную инициативу масс, вполне правильную. Это не-воз-мож-но! Надо поощрить энергию и массовидность террора!" (26 ноября 1918
).

“Жолдош Сталинге, Царицынга:
“Солчул эсерлерге айоосуздук менен мамиле кылгыла жана бизди тез-тез маалымдап тургула”.
“Бул бечара жана тажаал авантюристтерди бардык жактардан айоосуз басып салуу керек”. (1918-жылдын 7-июлу).

Тов. Сталину в Царицын:
"Будьте беспощадны против левых эсеров и извещайте чаще".

"Повсюду надо подавить беспощадно этих жалких и истеричных авантюристов" (7 июля 1918
).

Мындай саптарды мурдараак байкоос албай же ачык айта албай жүргөн нечендеген советтик окурмандарды, албетте, В. Ерофеев таасын чагылдырган архивдик-эпистолярдык чындык “Кайра куруулар” доорунун соңунда деле дендароо кылганы бышык.

(Венедикт Ерофеевдин шилтемелерине шектенген замандаштар бул шилтемелерди өздөрү да салыштыра алышат: Ленин В.И. Полное собрание сочинений. – 5-е издание. – Москва. - Том 47. — стр. 120, 241; Том 49. — стр. 15, 51, 52, 56, 66, 79, 161, 404, 405, 406, 433; Том 50. — стр. 5, 50, 114, 142, 143, 165, 191, 192, 208, 219, 318, 325; Том 51. — стр. 31, 48, 52, 134, 216, 222, 273; Том 52. — стр. 38, 91, 93, 100, 123, 125, 128, 132, 155, 166, 196, 212, 263; Том 54. — стр. 87, 110, 136, 137, 149, 159, 160, 161, 177, 183, 243, 256; Том 55. — стр. 9, 15, 17, 18, 35, 53, 56, 88, 92, 109, 114, 123, 152, 242, 296, 303, 306, 307, 329, 348, 352).

4. Башка чыгармалары

В. Ерофеевдин өзү жазып калтырган кыскача өмүр баянга караганда, ал 1972-жылы «Шостакович» романын жазган экен, бирок бул романды электр поюзунда келе жатканда эки бөтөлкө «кызыл шарап» (бормотуха) менен кошо уурдатып жиберген имиш.

Ал эми анын досу, адабият таануучу жана котормочу Владимир Сергеевич Муравьев (1939-2001) болсо: “Венедикт мындай чыгарма жазган эмес, ал тек гана “жаздым” деп сүйлөп койгон”, - деген пикирин айткан.

Венедикттин “Диссиденттер, же Фанни Каплан” («Диссиденты, или Фанни Каплан») деген пьесасы күчөгөн оорусунун айынан жазылып бүтпөй калган.

В. Ерофеевдин башка айрым чыгармаларынын жана китептеринин чакан тизмеси:

* «Психопаттын жазгандары» («Записки психопата») (улан кезинде, 1956—1958-жылдары жазылган; 1995-жылы алгачкы жолу жарык көргөн).
* «Василий Розанов эксцентриктин көзү менен» («Василий Розанов глазами эксцентрика» (эссе, 1973-жылы жазылган; мурдагы СССРде 1989-жылы жарыяланган).
* «Пайдасыз кен» («Бесполезное ископаемое») (бул китеп жазуучунун чөнтөк дептериндеги жазмаларынан куралган).
* «Захаров» басмасы В. Ерофеевдин чөнтөк дептериндеги жазмаларды досу Владимир Муравьёв менен өз уулу, кичүү Венедикт Ерофеевдин редакциясы астында жарыялай баштады (2005-жылдан тартып чыгууда).
* Венедикт Ерофеев. Собрание сочинений в 2 томах. – М.: Вагриус, 2007. - ISBN: 978-5-9697-0355-1, 978-5-9697-0356-8. – Т. 1-2.

Венедикт Ерофеев.

Венедикт Ерофеев.




Жазуучунун чыгармачыл мурасын иликтөө

Венедикт Ерофеевдин «Москва — Петушки» поэмасы тууралуу алгачкы иликтөөлөр бул чыгарма СССРде жарык көрө электе эле Батышта пайда болгон.

1981-жылы «Slavica Hierosolymitana» аттуу жыйнакта Борис Гаспаров менен Ирина Папернонун калемине таандык «Ордуңан тур да, жөнө» («Встань и иди») деген макала жарык көргөн.

Чет өлкөдө Светлана Гайсер-Шнитман айым «Венедикт Ерофеев. „Москва — Петушки“, же болбосо The Rest is Silence (Калганынын бардыгы – тунжуроо)» деген аталыштагы доктордук диссертациясын коргогон.

Орусияда «Кайра куруулар» доорунан тартып Ерофеевдин чыгармачылыгы ачык иликтене баштаган.

1989-жылы «Новый мир» журналына (№ 5) Андрей Леонидович Зорин «Алыскы аралыкка багыт алган шаар четинин поюзу» («Пригородный поезд дальнего следования») деген чакан макаласы жарык көргөн. Анда «чыгармачыл эркиндик жана адабий жүрүмдүн үзгүлтүсүз улантылышы» тууралуу сөз жүрөт.

Азыркы иликтөөчүлөр В. Ерофеевдин «Москва — Петушки» поэмасын заманбап орус адабиятындагы пост-модернизм агымына жана Михаил Михайлович Бахтин жазган маданияттын карнавалдык мүнөзү тууралуу идеяга байланыштырып иликтеп келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG