Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

Эмне үчүн АКШ "Катынь сырларын" жашырды?


Катында курман болгондордун аттары чегерилип жасалган мемориалдык дубал

Катында курман болгондордун аттары чегерилип жасалган мемориалдык дубал

Өткөн кылымдагы "Катынь кыргынында" СССР поляк аскерлерин массалык атканын АКШнын администрациясы билсе да жашырып келгени тууралуу далил документтер жарыяланды. Кечээ АКШнын Улуттук архиви жарыялаган документтерге караганда, учурунда АКШнын өкмөтү СССРдин лидери Иосиф Сталиндин кыжырына тийүүнү каалабай, ал кыргындын сырларын айтпай келген.

Кошмо Штаттардын улуттук архиви коомчулукка жарыялаган документтерде кандай чындык жатканын эң оболу “Ассошэйтед Пресс” маалымат агенттиги кабарлады. Ага ылайык, 1943-жылы Польшада жүргөн америкалык аскерлер Вашингтонго коддолгон кат жиберип, анда алар Орусиянын батышындагы Катынь токоюнда чириген адам өлүктөрүн көрүшкөнүн айтышкан.

Ошондо америкалыктардын тобун нацисттик режим окуяны көрсүн деп күбө катары өлүктөр көмүлгөн массалык көрүстөнгө алпарган экен.

Жарыяланган архивдик материалдарда айтылгандай, ошол учурда аймакты эми эле басып алган нацисттер ал кыргынды жасашкан эмес, анткени өлүктөр чирип кеткен болчу, демек бир топ убакыт мурдараак атылганы көрүнүп турган.

Жашыруун кабар

“Ассошэйтед Пресстин” кабарына ылайык, ошондогу массалык кыргынды Советтер союзу жасаганын Вашингтон башынан эле билген, бирок эң жогорку деңгээлде бул маалыматты жашырып келишкен.

Документтер жалпы коомго жарыялангандан мурда аны менен Катынь боюнча эксперт Аллен Пол таанышып чыккан экен. Ал аталган агенттикке сүйлөп жатып, соңку жаңы табылгаларды “атылганы турган мина” деп сыпаттады.

Полдун айтымында, АКШда Конгресс 1951-52-жылдары Катындагы кыргынды иликтеген маалда тергөөчүлөргө көп кабар жеткен эмес, аны заматта жашырып салышкан.

Азыр эми жаңы басылган документтерге караганда, ошол маалда окуяга Советтер союзу күнөөлүү экени тууралуу АКШнын президенти Франклин Рузвельт да кабардар болгон. Ага бул жөнүндө Британиянын ошондогу премьер-министри Уинстон Черчилль жиберген кат да жашыруун сакталып келген экен.

Көптөгөн жылдар бою Рузвельт Катынь боюнча окуяда Сталиндин версиясын гана колдойт деп айтылып жүрдү. Андыктан азыр эми америкалык президент ошол таптагы Экинчи дүйнөлүк согушта Германия менен Жапонияны жеңиш үчүн өзүнүн жакын союздашы Иосиф Сталинди капа кылып албайын десе керек деген ой кеңири таркай баштады.

Мааниси

Катындагы кыргын жөнүндө эми гана ачыкталган документтин бүгүн мааниси канчалык? Бул суроо менен “Катынь окуясын” иликтеп жүргөн орусиялык белгилүү тарыхчы, Андрей Сахаров атындагы музейдин жана коомдук борбордун директору Сергей Лукашевскийге кайрылдык.

"Менимче, “Катынь трагедиясы” үчүн бул документтин эч кандай мааниси деле жок. Анткени Орусия өзү да толтура жашыруун документтерди жарыялап, ал каргашалуу кыргынды Советтер союзунун жетекчилиги жана НКВДнын кызматкерлери жасашканын расмий тааныган. Ошондуктан “ал окуяга Советтер союзу күнөөлүүбү?” деген суроо алда качан эле белгилүү эле, - дейт тарыхчы. - Бул соңку документ тарых үчүн эмес, азыркы глобалдык дипломатия үчүн мааниси зор. Мында эки башкы нерсе бар. Биринчиден, АКШ учурунда өзүнүн президенти ушундай зөөкүрлүктү билсе да айтпаганын ачыктаганы бул өлкө канчалык демократиялык экенин, тарыхка туура баа бергенге аракет кылып жатканын көрсөтөт. Бирок, экинчи жагынан алып караганда, ошол кезде АКШнын жетекчилиги заматта Советтер союзун бул кылмыш үчүн айыптаганда “АКШда ушундай кандуу окуяны жашырганга аралашыптыр” деген өңдүү кара көөнү өзүнөн арылтмак".

Лукашевскийдин айтымында, бул окуя азыркы лидерлер үчүн чоң сабак болушу керек. "Алар ушундай окуялар учурунда прагматикалык позицияны карманып, өтө чоң кылмышты да өзүнүн кызыкчылыктары үчүн жашырып калышабы же принципке туруп, аны ачык айтабы деген суроону жаратты", - дейт тарыхчы.

Акыркы чекит

Бирок Катынь каргашасы толугу менен тарых катары эсептелип, ага чекит коюлдубу? Эгер азыркы Орусиянын жетекчилиги Советтер союзу жасаган бул оор кылмышты моюнга алса, Катындагы кыргында жакындарын жоготкондор, маселен, бүгүн Орусиядан компенсация талап кыла алабы?

"Билесизби, бул маселеде дале процесс уланып жатат. Анткени Орусия Советтер союзунун ал кылмышын тааныганы менен, ошондо өлгөн 20 миңден ашуун полякты актай элек. Демек бул маселеге укуктук баа бериле элек, чекит коюла элек. Орусия эгер ошондо өлгөндөрдү актаса, анда алар үчүн компенсация төлөшү керек деген маселе жаралат", - дейт орусиялык белгилүү тарыхчы, Андрей Сахаров атындагы музейдин жана коомдук борбордун директору Сергей Лукашевский.

Катындагы кыргында 20 миңден ашуун поляк аскерлери, алардын ичинде армиянын офицерлери, догдурлар, адвокаттар, мугалимдер башынан ок жеп атылган.

1940-жылы Катынь токоюнда жана башка жерлерде болгон бул массалык кыргынды советтик жашыруун кызмат өзүнүн лидери Сталиндин буйругу менен жасаган.

Советтер союзу 1990-жылдан кийин гана, нацисттик режимди 50 жыл бул үчүн айыптап келгенден кийин, өзүнүн согуш учурундагы бул зөөкүрлүгүн мойнуна алган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG