Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Аблязовдун кыргыз ыңкылабына колдоосу


Мухтар Аблязов
Мухтар Аблязов

Казакстандык мурунку банкир Мухтар Аблязов 2005-жылдагы Кыргызстандагы ыңкылапты каржылаганын билдирди. Башкы прокуратура муну иликтөөгө киришти.

54 жаштагы Мухтар Аблязов Кыргызстандагы 2005-жылдагы март ыңкылабын каржылаганын Франциянын Liberation гезитине берген маегинде айткан. 9-декабрда Франция Мухтар Аблязовду Орусия жана Казакстанга өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

Liberation гезитине жарыяланган маегинде Аблязов “2005-жылдын башында оппозицияны каржылап, Кыргызстанда режимдин кулашына көмөктөшкөм. Бул мен үчүн маанилүү болгон. Анткени мурунку советтик республикалардын биринде демократиялык жараяндар башталып, туура реформалар жүргүзүлсө, Казакстанга үлгү болот деп үмүт кылгам” деген.

2005-жылдагы ыңкылапты Казакстан ишкерлери каржылаганы боюнча ушул кезге чейин маалымат болгон эмес. Аны батыш каржылады, жергиликтүү наркобарондор таасир этти деген аңыз кептер чыкканы белгилүү.

Аблязов март ыңкылабын каржылаганбы?

Аблязов март ыңкылабын каржылаганбы?

Кыргызстандагы саясий окуяларда, диний идеологиялардын жайылышында сырткы факторлордун канчалык таасири бар? Кыргызстан өз алдынча саясаты жасай алабы?

2005-жылдагы март ыңкылабынын эң активдүү лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров Аблязовдун ыңкылапчылар менен эч кандай байланышы болгон эмес дейт:

- Эч ким менен байланышы болгон эмес. Данияр Үсөнов менен байланышы болушу мүмкүн. Так айта албайм. Ооба, Үсөновго акча бериши мүмкүн, бирок ал революцияга берген эмес да. Данияр Үсөнов революция болгондон кийин келген. Ал акчаны Бакиевдердин шайлоосуна жумшашы мүмкүн.

Азимбек Бекназаров март жана апрель ыңкылаптарынын бирин да сырттан каржылоо болбогондугун, бул ага ыңкылаптардын активдүү лидерлеринин бири катары маалым экенин кошумчалады.

Март ыңкылабынын активдүү катышуучуларынын бири, Кыргызстан элдик кыймылынын кеңешинин мүчөсү болгон Равшан Жээнбеков да Мухтар Аблязовдон каражат келгени тууралуу эч кандай маалымат укпаганын эске салды:

- Мен өзүм аралашкан адам катары так айта алам, сырттан бир дагы тыйын келген эмес. Бакиев болобу же ошол убакта активдүү иштеген саясатчылардын бирөөнөн дагы сырттан кандайдыр бир каржы келип жатат, өзгөчө материалдык жактан жардам берип жатат дегенди көргөн да, уккан да эмесмин.

Равшан Жээнбеков Мухтар Аблязов мүмкүн кимдир бирөөгө акча берип, ал адам аны жеке өзүнө ыйгарып алышы ыктымалдыгын кошумчалады.

Курманбек Бакиев март ыңкылабы учурунда
Курманбек Бакиев март ыңкылабы учурунда

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Мухтар Аблязовдун билдирүүсү боюнча иликтөө баштаганын кабарлады. Кыргызстандын мыйзамдары өлкөдөгү саясий жараяндарды чет өлкөлүктөрдүн каржылоосун тыюу салат.

Мухтар Аблязовдун партиялашы болуп жүргөн Марат Жанузаков Кыргызстандагы ыңкылапка каражат бөлүү тууралуу так маалыматы жоктугун айтты:

- Так айта албайм. Бирок Мухтар Аблязовдун Кыргызстандагы ыңкылапка кубанганын билем. Бул менин эсимде. Ал эми анын кимдир бирөөнү колдоп же колдобогонун билбейм. Моралдык жактан колдогонун билем.

Мухтар Аблязов 2001-жылы “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын түзүүчүлөрдөн болгон. Ал кыймыл бийликтин кысымына кабылып, 2002-жылы Аблязов “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен алты жылга кесилген.

Бирок ал саясатка аралашпайм деген убада бергенден кийин Нурсултан Назарбаевдин мунапысы менен абактан бошотулуп, 2005-жылы БТА банкын башкара баштаган. 2009-жылы Казакстандан чыгып кеткен. Ага президент Нурсултан Назарбаев банктын 50% бөлүшөсүң деген кысымы себеп болгонун Аблязов билдирген. Бийлик өз кезегинде Аблязов БТА банк аркылуу миллиарддаган долларды уурдап кеткен деп кылмыш ишин ачып, жоопкерчиликке тартууга аракет жасап келатат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG