Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:39

Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы соттолууда


Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы Серик Ахметов.
Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы Серик Ахметов.

Казакстандын Караганда шаарында мурдагы премьер-министр Серик Ахметовдун соту башталды. Үй камагында отурган Ахметов ири суммада пара алган деп айыпталууда.

Жол тандабас кымбат баалуу машине минген экс-премьер-министр Серик Ахметов сотко көп адамдардын коштоосунда келди. Ал сот имаратына кирип баратып, чогулгандар менен жылмая баш ийкеп учурашты. Соттон чыккан соң экс-премьер-министр билдирүү жасоодон баш тартты. Ишти Караганда облусунун райондор аралык адистештирилген соту кароодо.

Ахметов менен кошо Караганда облусунун мурдагы акими Бауржан Абдишев, Караганда шаарынын экс-мэри Мейрам Смагулов жана акимиаттын башка кызматкерлери болуп жалпысынан 21 адамдын иши сотто каралууда.

Мурдагы аткаминерлерге кызматынан кыянат пайдаланган, мамлекеттик казынага кол салган жана мыйзамсыз ишкердик жасаган деген айыптар коюлууда. Ал эми экс-премьер-министр Ахметов ири суммада пара алган деп айыпталууда. Ахметовдун адвокаты Николай Лесник мурдагы өкмөт башчы өзүнө коюлган кинелердин бардыгын четке кагып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Ал арада Серик Ахметовдун агасы мамлекетке келтирилген чыгымды кайтарып берүү үчүн 430 миллион тенге же болбосо эки жарым миллион доллар кайтарып бергенин “Тенгриньюс” агенттиги жазып чыкты.

Агенттикке иликтөө-оперативдик борборунан “Ахметов өзү да, агасы да коюлган айыптарды мойнуна алышкан жок. Ошентсе да анын агасы Ахметов кымырып алды деген акчанын жарымын кайтарып берүүнү чечти. Бул Ахметов мамлекетке келтирген жалпы сумманын теңи гана” деп билдиришкен.

Серик Ахметов Астанадагы парламенттик сессиялардын биринде.
Серик Ахметов Астанадагы парламенттик сессиялардын биринде.

Кылмышты иликтөөнүн версиясы боюнча Ахметов алган паранын жалпы суммасы 1,2 миллиард тенге же болбосо 6,4 миллион долларды түзөт.

Агенттик билдиргендей, Ахметовдун улуу агасы “Сталь-цинк” фирмасынын башкы директору. Бул мекеме Ахметовго ачылган соттук иште көчө жарыктарын орнотуу боюнча эң көп мамлекеттик заказ алган ишкана катары белгиленген.

Тараптардын өтүнүчүн сот 3-августта карары күтүлүп жатат. Ал эми негизи соттук угуулар эки аптадан кийин башталат. Мурдагы өкмөт башчыга ачылган кылмыш иштин көлөмү 338 томду түзөт.

Серик Ахметов 2006-2009-жылдары Казакстандын транспорт жана байланыш министри, 2009-2012-жылдары Караганда облусунун акими, 2012-жылы премьер-министрдин орун басары болуп иштеген. Ошол эле жылы Казакстандын өкмөт башчысы болуп дайындалган. Эки жыл министрлер кабинетин жетектеген соң Казакстандын коргоо министри болуп которулган.

Ахметов өткөн жылдын ноябрь айында Казакстандын коргоо министри кызматынан өз каалоосу менен кетип, бир нече аптадан кийин кармалып, үй камагына чыгарылган. Анын үй камактагы мөөнөтү буга чейин бир нече жолу узартылган.

Казак өкмөтүн эки жыл башкарган Ахметовдун башына кара булут айланып, Ак Ордонун каарына калышын коңшу өлкөдөгү кландардын кармашынан улам болду деген пикирлер дагы басымдуу. 2014-жылы Казакстандын саясий айдыңында тирешүү күчөп, кландардын кармашы ачыкка чыккан. Былтыр ондон ашуун генерал ар кандай кылмыш иштерине шектелип, камакка алынды. Алардын бири Казакстандын чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Нурлан Жоламанов март айында 11 жылга эркинен ажыратылды.

Чейрек кылымдан ашуун бийлик сересинде отурган Нурсултан Назарбаев ушул ай башында көрсөтүлгөн өзү тууралуу даректүү тасмада ал башкарган өлкөдө "кол тийбестер" жок экенин эскертет. «Казакстанда эч ким кол тийбес экенин, кимдир бирөө башкадан артык эмес экенин мен туугандарыма, балдарыма жана досторума эскертем»,-дейт Ак Ордонун ээси Назарбаев.
Ал эми "Транспэрэнси Интернейшнл" уюмунун иликтөөсүндө коррупция боюнча Казакстан дүйнөдөгү 126-орунда турат.

XS
SM
MD
LG