Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

Коалициялык өкмөттүн иштей баштаганына 100 күн болду. Бул аралыкта өкмөт кандай иштерди аткарды? Өлкөнүн ички-тышкы саясатын кандай жүргүзүүдө?

Былтыр 20-декабрда ишке киришкен коалициялык өкмөткө 100 күн толду. Бул кыска мөөнөт - өкмөттүн ишин жиликтеп, ага баа берүүгө аздык кылар. Ошентсе да өкмөттүн 100 күнүнө сереп салып, анын таскагын таразалап, бараткан багытын жана барчу аялдамасын боолголоо тажрыйбасы бар.

Реформалардын татаалдыгы

Социал-демократтар, “Ата Журт” жана “Республика” партияларынан турган коалициялык өкмөттүн ишинде бир канча оор маселелер бар. Алардын бири – реформалардын татаалдыгы.

Биринчиден, былтыркы шайлоодо бир дагы партия парламенттик көпчүлүктү түзө албай, негизинен беш партия куйрук улаш марага келди. Адегенде коалицияга кирмекчи болгон “Ата Мекен” Жогорку Кеңештен өтпөй, анын ордун “Ата Журт” ээледи. Оор соодалашуунун артында "майлуу-сүттүү" делген чоң кызматтарды ушул үч партия тегиз бөлүп, өкмөт ишке кирди. Кечээ эле элдешкистей атаандаш сезилген партиялар бирге иштөөгө аргасыз болушту.

Экинчиден, идеологиялык жактан бири-биринен такыр эле айырмаланган, анын үстүнө өлкөнү өнүктүрүү боюнча бирдиктүү көз карашы, планы, концепциясы жок коалициялык өкмөттө ынтымактын жоктугу байкалат. Жакында эле Жогорку Кеңеште кризис түзүлүп, “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев баштаган 19 депутат аз жерден коалициядан чыгып кете жаздады. Премьер-министр А.Атамбаев, төрага А.Келдибеков жана биринчи вице-премьер Ө.Бабанов аракет жасап отуруп, акыры коалиция сакталып калды.

Үчүнчүдөн, коалициядагы “Ата Журт” менен “Республика” былтыр шайлоо алдында эле шашылыш түзүлө калган партиялар. Ага мурдагы президенттер А.Акаев менен К.Бакиев тушундагы эски чиновниктер, капчыктуулар, эл арасында ылакап аты менен таанымал болуп калган шектүү адамдар да кошулуп калды. Ал тургай “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Турат Мадылбеков “Азаттыкка” курган маегинде парламентте криминалдык таржымалы барлар отурганын ачык эле айткан.

Ушул сыяктуу факторлор – бүгүнкү күнү өкмөттө Грузиядагыдай олуттуу реформаларды жасоого каалоосу барлар болсо да ошого эрки, деңгээли, билими жете тургандар жетишпей атканын көрсөтүп тургандай.

Жоошуткан жагдайлар

Кандай болгон күндө да шайлоочулардын тандоосу ушундай. Өкмөт дал ушундай курамда иштөөгө аргасыз болду. Анын үстүнө 7-апрель, андан кийинки июнь коогалаңынан кийинки оор жагдайда иштөө өкмөт үчүн оор болуп турат.

Өкмөттүн 100 күндүк ишине байланыштуу бүгүн тараткан маалыматында, бул кыска аралыкта А.Атамбаев баштаган өкмөт мугалимдердин, догдурлардын, башка социалдык тармактардын кызматкерлеринин айлык-акысын жогорулатууга, күйүүчү майдын арзандоосуна, дыйкандарга арзан кредит берүүгө, кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүүгө, эң негизгиси өлкөдө туруктуулукту камсыздоого жетишкени белгиленет. Талдоочулар да азыркы өкмөттөн андан артык иштерди күтүшпөгөнүн айтышат.

“Келечек долбоору” фондунун аткаруучу директору Аскар Бешимов “Азаттыкка” билдиргендей, өкмөттүн иштегенине 100 күн болсо да убакыттын көбү кызмат бөлүшүүгө, ички талаш-тартыштарды чечүүгө кетип калды. Мындай шартта өкмөт көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга, коррупциялык схемаларды ачууга эрки жетпейт.

Ошондой эле А.Бешимовдун айтымында, өлкөдө парламенттик башкаруу системасы орношу, саясий күчтөр бири-бирин көзөмөлдөп калганы, сөз эркиндиги бекемделип атышы, акырындан саясий күчтөрдүн да буга көнө башташы - жоошуткан, үмүт жандырган жагдай.

Серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, өкмөт колдон келген аракетин кылып атат жана аларды олуттуу реформаларды жасай албай атканы үчүн күнөөлөй берген туура эмес. Анткени көбүнчөсү эскиче ойлонгон, коррупциялык схемаларга башынан катышы бар, глобалдык деңгээлде ой жүгүртө албаган адамдар шайланып калды. Андыктан азыркы өкмөт өлкөнү Швейцарияга айланткысы келсе да, аны жасоого билими, деңгээли жетпейт.

Негизинен азыркы өкмөт өрт өчүргүч сыңары улам чыга калган социалдык, экономикалык, саясий маселелерди шашылыш басуу менен алектенип, былтыр убактылуу түзүлгөн техникалык өкмөттөн айырмалана албай турат. Тышкы саясатта Орусияга ыктоо байкалат. Премьер-министр А.Атамбаев да, биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабанов да Орусияны “стратегиялык өнөктөш” деп көтөрө чалып, Бажы союзуна кирүү аракетин көрүшүүдө.

Кыргыз өкмөтү күйүүчү майды кошумча бажы төлөмүсүз алуу тууралуу Москва менен сүйлөшүүгө жетишип, анын ордуна “Кыргызгаздын” 75 пайыз акциясын, стратегиялык маанигее ээ “Дастан” заводун берүүгө ниеттенүүдө. Ал тургай Москвага берилгендик катары Чүй боорундагы чокулардын бирине орус премьери В.Путиндин ысымы да берилди.

Ошентип коалициялык өкмөт мындан ары да ички саясатта “өрт өчүргүч” кызматын аткарып, өз-ара талаш-тартыштарын чечүүгө энергиясын коротсо, сырткы саясатта Кремлдин көзүн карап иш кылууну улантчудай.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG