Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:35

Биздин Спартак


Арстанбек Ирсалиев Спартактын ролунда. Аманат сүрөт.
Арстанбек Ирсалиев Спартактын ролунда. Аманат сүрөт.

5-октябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү бийчи, бир катар эл аралык конкурстар менен сыйлыктардын лауреаты Арстанбек Ирсалиев АКШда көз жумду. «Азаттык» эскерүү иретинде Жаңыл Жусупжандын ал тууралуу очеркин сунуш кылат. Очерк 2012-жылы жарык көргөн.

...Кечээ жакында Чикагодо жүрүп, кыргыздардын "Жибек-Жолу" ресторанына барып калдык. Кирсек эле биз менен чогуу жүргөн чикаголук Нураалы Бекмурзаев оң жактагы терезенин алдында түштөнүп отурган кишиге ийиле кол берип, учурашып калды.

Арстанбек Ирсалиев Чикагодогу кыргыз ресторанда жердеши Нураалы Бекмурзаевге (оңдо) сүрөт көрсөтүүдө
Арстанбек Ирсалиев Чикагодогу кыргыз ресторанда жердеши Нураалы Бекмурзаевге (оңдо) сүрөт көрсөтүүдө

“Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” демекчи, көрсө ак аралаган чачы уйпаланган, айылдагыдай өпкө кап кийген, чүкөдөй болгон киши - балетти Ленинграддан окуп, 25 жашында эл артисти болгон Арстанбек Ирсалиев экен.

Арстанбек аксакал Чикагого мындан бир жыл мурда келип, Американын жашоосуна маашырланып жашап жаткан экен.

Арстанбек Ирсалиев: Биз туура өлкөгө келиптирбиз деп балдарыма айтып атам. Жолдор күзгүдөй таптаза - реагент сээп коюшат экен, дөңгөлөктөрү аппак болуп калат, көрсө химия турбайбы.

Шаардык бийлик өз милдетин жакшы аткарат экен, (анын үстүнө), көчөнү тазалоо бул жакта чоң бизнес.


Бир жылдан бери кичине көнүп келатам. Кыргызстанга барсам чатак салып, таягагымды алып жүрмөкмүн да.

Бизде маданият министрлиги деген такыр иштебейт. Жаңы министр келип, башын тырмап калат, иштете алабы, иштете албайбы, пайдасы жок. Бюджеттен эптеп эле китепканалар жабылбасын, кинотеатрлар жоюлбасын деп эле маданиятка 0,3% (акча) бөлүнөт болгону. Жогорку Кеңеш бюджетти ошентип чечип коёт экен. Ошон үчүн театрларга эч ким барбайт...

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

Сыябан: Биздин Спартак, 1-бөлүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:38 0:00

Кызы, кудалары иштетип, өмүрлүк жары Роза ашканасына баш көз болгон ресторанда отуруп, Арстанбек мырза атасы кантип согушта танкта өрттөнүп, көп өтпөй көз жумганын, төрт бир тууган кантип ачка чоңойгонун, орустардын арасында өсүп, кантип Толик болгонун, дүйнөдө энесинен артык эч кимди сагынбаганын, бирок өзүн советтик өкмөт бакканын эскерип отурду.

Арстанбек Ирсалиев: Ленинградга Ваганова атындагы атактуу хореография училищесине он жашымда, үчүнчү классты бүтүп баргам. 19 жашымда окууну бүтүп, диплом алып, Кыргызстанга кайтып келдим.

Самолеттон түшсөм эле бир тууган агам тосуп туруптур. Кыргызчаны деле унутуп калгам, “ассалом алейкум” деп саламдашканды билем. Учурашып, машинага отурдук, эски аэропорт бар болчу, такси менен кетип баратсак, карасам шаар жок - айыл. Шаар канакей? деп сурадым. "Мына шаар", дейт.

Aтaм танктын ичинде күйүп, эки көзү көрбөй келген, жетелеп жүрчүбүз...

Окуп жүргөндө апамды сагынчумун. Дүнүйөдө мен сагынган бир эле адам - апабыз болчу. Ал төртөөбүздү төрөп, жалгыз чоңойткон. Атабыз жок болчу, илгери эле каза болгон.

Согушта Сталинградда танктын ичинде люкту ача албай күйүп, эки көзү көрбөй жарадар болуп келген
, жетелеп жүрчүбүз, көп өтпөй каза болуп калган. Ошол экипажда араларында бир чоң хахол бар экен, түшкү тамактанганда үч кателоктун бирөөнү жалгыз ичип, калганын да тартып алчу экен.

Ушунчалык чоң хахол экен, танк күйүп атканда, ошол хахол буту менен люкту тээп ачып, аман калышыптыр. Бирок бир тобу күйүп кетишиптир, чачы жок, бети күйгөн, куйкаланып калышыптыр. Ичинде эки, үч минут күйүшүптүр, ошол он жылдай көрүнүптүр. “Кыйкырып, ыйлап атабыз, анан хахол люкту ачты” деп атам эскерчү.

Жибек-Жолу ресторанына иш күндөрү көбүнчө кыргыз таксисттери келишет.
Жибек-Жолу ресторанына иш күндөрү көбүнчө кыргыз таксисттери келишет.

Ошентсе да, бизди совет өкмөтү тарбиялап, өстүрдү. Мен өзүм Кара-Балтаданмын.

Ал жерде интернат ачылган, ал жакта атасы согушта жарадар болуп келген же өлүп калган, ар кайсы жерлерден келген жетим балдар тарбияланчу.

Мен бала бакчадан үйрөнүп, орусча сүйлөп калгам. Апам заводдун кичинекей бала бакчасында иштечү. Кошуналарыбыздын көбү орустар болчу, тегерегибиздеги хахолдор жер казып, помидор, калемпир отургузчу.


Арстанбек мырза жашы 60тан ашса дагы жылдыздуу жылмайса, жаш баладай жадырай түшөт. Өзүнүн оомал-төкмөл жашоосу тууралуу сөз кылып отуруп, алдындагы тамак да муздады, кеч күздөгү күн да бат эле уясына жакындады. Сыртта Чикагонун электр чырактары жаркырап жанган көчөсүндө машиналар гана зуулдап өтүп жатты.

Арстанбек Ирсалиев: Апамды орустар “Эй Маруся, жерди казыш керек”, - деп жерди, арыкты казганды үйрөтүшкөн. Хахол кошунабыз помидорду отургузуп, өстүргөндү үйрөттү. Арыктан сууну жыгып коёбуз.

Баарыбызга орусча ат берип коюшкан. Мен Арстанбек болсом Толик болуп калгам.

Мага орус “Толик, иди воду открой” деп кыйкырат, анан чуркап барып сууну ачып коём, биринчи өздөрүнүкүн, андан кийин биздикин сугарып койчу. Бала бакчадан төрт маал тамак берет, эртең менен кечикпей барсаң каша жеп каласың, бир чөйчөк сүт болот.

Бала чагымда кошуна орус “Толик, иди воду открой” деп кыйкырганда чуркап барып сууну ачып коем. Орус биринчи өзүнүн багын, анан биздикин сугарып койчу.

Таң атпай апам турат, кийим-кечемди даярдап коёт. “Ай кечикпей бар, каша жеп келгиле” дечү. Кечикмей кайда! Заводдон гудок берет, ошол гудок менен ойгонуп, жумушчулар турушчу. Азыркыга чейин ошол гудок кулагымда жаңырып турат.

Такай ачка болчубуз, анан бала бакчада орусча сүйлөп калгам.

Интернатка мени биринчи класска алып барса кыргыз класска киргизишти. Апам ыйлап, завучуна кирип, “ай, бул кыргызча билбейт”, десе болбой “үйрөнөт” деп кыргызчага киргизип койду. Балдар мени “эй, шаардык” деп шылдың кылышчу. Нанды чөнтөгүбүзгө тыгып алып, ашканадан чыкканда бакка кирип алып жечүбүз, бирок тамакты жакшы беришчү.

Арстанбек Ирсалиев Спартакты ойногон сүрөтү менен
Арстанбек Ирсалиев Спартакты ойногон сүрөтү менен

Арстанбек Исраилов жаш кезинде «Космонавттардын көчөсү» өңдөңгөн тасмаларда тартылат. Бирок ал биринчи кезекте таланттуу балет бийчиси катары таанылды. Тал чыбыктай ийилген 25 жашында Кыргызстандын эл артисти наамына жеткирген анын бийчилик карьерасы Кара-Балтадагы пионерлер сарайындагы майрамда орустардын элдик бийин бийлегенден башталат.

Арстанбек Ирсалиев: Вагановага биринчи бир тууган агам Рысбек өткөн. Мен болсо Кара-Балтада пионерлер сарайына көп барчумун, сүрөт тартчумун. Балким бийлеп калабы дедиби, апам мени бий ийримине берип койду. “Бийлегенди билесиңби?” деп сурашканда, мен “жок, футбол ойногонду билем” деп жооп бергем.

4-5 жашымда балаты майрамында “Эх, яблочканы” бийлегем, баары жабыла кол чабышып, “Браво!” деп сүрөп турушту.

Боюм кичинекей болчу, бий ийриминде кыздар менен тургузуп коюшту, алар “ий, кодогой” деп мени шылдыңдашчу. Бир жолу жаңы жылдагы балаты майрамында “Эх, яблочка” деген беле, “Матроска” беле, сыналгыдан көрсөм керек, ошону толук импровизациялап бийледим. Жанымда “коркпо, коркпо” деп апам турат. Кол чабышып, “Браво!” деп кыйкырып атышты.

Ошондо бийлеп атып, биринчи жолу ийгилик болду. Төрт, беште болсом керек. Футбол ойногонго жарап калган чагым. Апам кубанып, мени көтөрүп алып, колунан түшүрбөй, сыртка чыгып, балмуздак алып бергени эсимде.

Агам Рысбекти Бишкекке интернатка алып кетишкен. Бир жылы Ленинграддан комиссия келип тандаганда, Рысбекти жаратышыптыр. Агам арык, узун бойлуу, буттары чыбыктай түптүз бала болгон. Бир күнү ал Кара-Балтага “Ураа, кетип атам!” деп келди. “Каякка?” десем, “Ленинградга” дейт. Апам жүрөгүн кармап калды. Ошол бойдон бир жылдан кийин каникулга келди. Тааныбай калыптырбыз, Юрий Гагарин космостон түшкөндөй аппапак болуп, зыңкыя басып калыптыр.

Чикаго пост-модерн архитектурасы менен таанылган.
Чикаго пост-модерн архитектурасы менен таанылган.

Агам менден үч жаш улуу, азыр Австрияда кызыныкында. Кичинекей желим тапанча белекке алып келген. Ошону уктасам, жаздыгымдын астына коюп, эртең менен таң атпай туруп алып, "тарс", "тарс" деп ойноп жүрдүм.

Чоң атам кой бакчу, ошол жакка барып, жылаңайлак койдун артынан чуркайбыз. Бир эки айдан кийин таманга тикенек такыр кирбей калат экен. Төө таман деп коёт, тикенек кирсе дагы "ох" деп, акырын алып, түкүрүп ушалап, чуркап кетчүбүз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG