Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Алмазбек Шамыралиев Токиодогу Мамлекеттик балет мектебинде устат окутуучу.

Жогорку билимдүү балерон Санкт-Петербургда калып, шаардагы атактуу балет театрларында иштейт. Мусоргский атындагы мамлекеттик опера жана балет театрында, Борис Эйфмандын жана Валерий Михайловскийдин театрларында, ошондой эле Мамлекеттик “Хореографические миниатюры” театрында башкы ролдорду аткарган. Мисалы, "Ак Куу көлүндө" Маскарапоздун, Борис Эйфман койгон "Дон-Кихотто" Санчо-Панcону, "Пиноккиодо" Пиноккиону, “Жизель" балетинде граф Альбертти жана башка көптөгөн каармандарды бийлеген. Агриппина Ваганова атындагы дүйнөдө атактуу балет академиясын бүткөн.

2008-жылы Жапонияга кеткенге чейин Ваганова академиясында төрт жыл сабак берген. Учурда Токиодогу Мамлекеттик балет мектеби-коллеждин факультет башчысы.

“Азаттык”: Алмазбек, Сиз Санкт-Петербургдагы дүйнөгө белгилүү балет театрларынын сахнасында тээ жаш кезиңизден тартып бийлеп, кийин чоңойгондон кийин шаардагы атактуу театрлардын сахнасында башкы ролдорду ойнодуңуз. Ысмыңыз профессионал сынчылардын оозуна алынып, «Нью-Йорк Таймс» гезити, «Балет» журналы сыяктуу кадыр-барктуу басылмалар бий чеберчилигиңизге көңүл бурушкан. Ошон үчүн Жапониянын балет мектептери кучагын жайып эле сизди тосуп алышса керек же сынак күчтүү болдубу?

А.Ш.: Жапонияда экстра-класстагы профессионал балет мугалимдери эки-үчөө элебиз. Дүйнөдө Санкт-Петербургдагы мен 14 жыл билим алган Агриппина Ваганова атындагы балет академиясынын өткөн мыкты окуу жай жок. Ошон үчүн мени Токиого урмат кылып чакырышты, конкурс да болгон жок. Андай сөз да болбоду. Бул жерде мага атаандаштык жок.

Устаз-мугалим Алмазбек Шамыралиев балет өнөрү жөнүндө


“Азаттык”: 2008- жылдан тарта Жапонияда иштеп жатасыз. Былтыртан бери Токиодогу балет мектебинде, тагыраак айтканда мамлекеттик коллежде балет бөлүмүнүн жетектеп, жапондорду классикалык балетти бийлегенге үйрөтүп жатасыз. Сиздердин мектепте балетти жаш балдар эле үйрөнүшөбү же сиз профессионал бийчилерди классикалык балеттин техникасына окутасызбы?

Жапон окуучуларына бийдин сырларын үйрөтүүдө

Жапон окуучуларына бийдин сырларын үйрөтүүдө


А.Ш.: Мен колледжде студенттерди Ваганова академиясынын методу менен окутам. Окуучуларым болочокто балеттин профессионал бийчилери болушат. Ошон үчүн коллеждеги 15-18 жаш курагындагы балдар-кыздар өзүнчө, ал эми улуу жаштагы бийчилер өз алдынча окутулат. Студенттердин жаш курагы Ваганова академиясында билим алган балдарга тең. Бул коллеж мамлекет каржылаган Токиодогу жалгыз балет окуу жайы.



“Азаттык”: Алмазбек, сабакты кайсы тилде өтөсүз?

А.Ш.: Мен сабакты көбүн эсе жапон тилинде өтөм. Кээ бир сөздөрдү гана англисче айтам. Ал балетте терминдердин баары французча эмеспи. Окуучуларым менен 90 процент жапон тилинде сүйлөшөм. Ырас, котормочум бар. Бирок ал түшүнбөгөн нерсени которуп бергенче, убакыт өтүп атпайбы.

“Азаттык”: Токиодо жана башка чоң шаарларда классикалык балетке катар, Ваганованын, Баланчиндин, англичандардын бий техникасын окуткан борборлор бар экен. Айтсаңыз, Ваганованын окуу усулу, методикасы башка балет мектептеринен эмнеси менен айырмаланат?

​А.Ш.: Бүгүн балет өнөрүндөгү бир да метод Ваганованын усулунан өтө элек. Георгий Баланчин (Баланчивадзе) тээ илгери биздин окуу жайды бүткөн. Англис техникасы да Вагановадан башат алат. Ваганованын методу орус усулунун негизинде калыптанган.

Дегиниси Баланчиндин методу деп айткан туура эмес. Ваганова бий техникасынын баарын чогултуп, бир методго салган. Ваганованын методу аябай түптүү, күчтүү жана өтө оор усул болгондуктан ар кандай эле бийчи бул метод боюнча окута албайт. Ошон үчүн менчик мектептерге негизинен жөнөкөй метод менен иштеген мугалимдер чакырылат. Михаил Барышников, Рудольф Нуриев, Георгий Баланчин, Михал Фокин сыяктуу ысмы дүйнөдө жылдыздай жанган бийчилер Ваганованын методу боюнча окушкан.

“Азаттык”: Жапонияда балет мектеби 1930-жылдардан баштап түптөлө баштаганы менен азыр бир эле Токиодо Москванын Чоң театрынын балет техникасын окуткан мектептер бар экен. Баасы мисалы жумасына бир жолу 45 мүнөт сабак алса, орточо 140 доллар турса, төрт жолку сабак - алты жүз доллар. Мындай кызыгуу эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

А.Ш.:
Жапондор искусствону - көркөм өнөрдү аябай сүйгөн эл. Токиого классикалык балетти бийлеген көп театрлар келет. Мисалы, Москванын Большой, Санкт-Петербургдагы Мариинский, Париждин Гранд Опера, Лондондун Ковент-Гарден театрларынын балеттик труппалары келет. Алардын баары тең классикалык балетти көөнөрбөс классикалык музыканын коштоосунда ойношот.

Балет бийинин өзү да сулуу да. Жапондор сулуулукту, классикалык бийди сүйүшкөндүктөн, балдарын балет артисттери сыяктуу мүчөлүү болсун деп, балетке беришет. Мен мугалим катары айтайын, балет бийин үйрөнгөн кыз же бала үч-төрт жылда созулуп, өтө жакшынакай болуп калат. Алардын да басканы өзгөрөт. Сөөгү түздөлөт. Анан жапондордо сөөк түзүлүшү жагынан проблема болгондуктан, балет аны дарылаганга жакшы көмөктөшөт.

Алмазбек Шамыралиев студенттерге сабак өтүүдө. Токио. 2011

Алмазбек Шамыралиев студенттерге сабак өтүүдө. Токио. 2011

“Азаттык”: Жапондордун балетке болгон урмат-сыйы окуучулардын жана ата- энелердин педагогго болгон мамилесине да таасир этсе керек. Окуучулар мугалимдин жакшы сөзүнө татыганга аябай аракеттенишет экен. Ошондойбу?

А.Ш.: Жапонияда окуучулар мугалим айткан сөздү так аткарышат. Алар өтө тартиптүү болушат. Мугалим "сэнсей” деген сөз алар үчүн улук сөз. Эгер мен кайсы бир студентке муну мындай, тигини тигиндей жаса деп айтсам, ал айтканды айткандай жасайт.

Мен мурда Ваганова академиясында сабак берип, профессордун жардамчысына чейин көтөрүлгөм. Академиянын студенттеринде кээде көнүккөнгө көңүл болбой калган учурлар болор эле. Ал учурда иштешпейт. Жапон студенттерде андай жок. Бул жагынан жапон студенттер мага абдан жагат. Ошон үчүн мен эки жыл окуткан окуучум быйыл Ваганова академиясына чоң конкурска карабай өттү. Ал 30 окуучудан биринчи болуп, академиянын үчүнчү курсуна кабыл алынды. Бул абдан чоң окуя. Себеби Ваганова академиясында көбүн эсе бай ата-энелердин кыздары окушат. Анткени бир жылдык гана окуунун баасы 15 миң доллардан кем болбойт. Окуу жай өзү да дүйнөдө аябай жогору бааланат эмеспи.

“Азаттык”: Сиз Жапонияда балет сынагында жюри мүчөсү да болупсуз. Ошондой эле мелдеш-сынактарга балериналар менен балерондорду да даярдап, алар үчүн устаттык класстарды (мастер класстарды) өтөт экенсиз. Студенттерди окутуу профессионал же калыптанып калган бийчилерге бийлөөнүн техникасын үйрөтүүдөн, аларды сынакка даярдоодон эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

А.Ш.: Студенттерге ар кайсы кыймылдарды, бий комбинацияларын шашпай үйрөтүү керек. Профессионал бийчилерди бий техникасына, сахнада бийлегенге үйрөтүү жана даярдоо керек. Ошон үчүн улууларды үйрөткөн учурда менин мугалимдик милдетим да такыр бөлөк болот.

Балет мугалими Алмазбек Шамыралиев жапондордун балетке болгон мамилеси жөнүндө


“Азаттык”: Алмазбек, Токиодо Петр Ильич Чайковскийдин «Ак куу көлү» балетин жана Мариус Минкустун «Баядеркасын» даярдап, көрүүчүлөрдүн сынына койгон экенсиз. Атактуу Мариус Петипанын хореографиясын толук сактадыңызбы же жаңы өзүңүз ойлоп тапкан элементтерди да киргиздиңизби?

Санкт-Петербугда Агриппина Ваганованын мүрзөсүнө коюлган эстелик

Санкт-Петербугда Агриппина Ваганованын мүрзөсүнө коюлган эстелик

А.Ш.: Петипа - гениалдуу хореограф. Менде ал койгон бийди классикалык балетте алмаштырганга укугум да жок. Ошондуктан спектаклди Мариус Петипа же Михаил Фокин кандай коюшса, мен дал ошондой кылып сахнага чыгардым. Себеби мен алардан жакшы чыгарма жарата албайм жана мен мугалиммин да. Алар Кудай жараткан генийлер. Алар эки кылымга жакын мурда коюлган бийлер - өлбөс шедевр. Ошон үчүн алар койгон бийлердин элементтерин өзгөрткөнгө колум да көтөрүлбөйт, дилим да барбайт.



Азаттык”: Сиз койгон спектаклдер азыр Токионун сахнасында ойнолуп жатабы?

А.Ш.: Мен өзүм эмгектенген коллежде жылына эки жолу, жайында, кышында отчет катары эки состав менен спектакль коем. Быйыл кышында Василий Вайнонендин “Щелкунчик” деген балетин сахнага чыгарам. Петипанын “Ак куу көлү” жайында коюлат. Бул эки балеттин тең музыкасы П. И. Чайковскийдики эмеспи. Окуучуларга жыл сайын бир эле балетти бийлегенден көп пайда болбойт. Алар себеби ар кайсы балеттерди бийлеши абзел. Бирок эки спектаклди бир жолу же чогуу койсо да болот.

“Азаттык”: Мына ушул балет спектаклдерине билет канча турат?

А.Ш.: Алсак, Большой театр менен Мариинский театрдын спектаклине билеттин баасы бирдей, ал эми Гранд Операга бөлөк. Токиодо билеттин эң ылдыйкы баасы 5 миң йенден баштап, эң жогорку баа 30 миң йенге чейин жетет. Мындайча айтканда, 80ден 600 долларга чейин жетет.

“Азаттык”: Модерн балеттин Борис Эйфман жана Валерий Михайловский сыяктуу дөө-шааларынын труппасында бийлеп, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө болуп, көрөрмандар менен адистердин мыкты бааларын алгансыз. Жапон күйөрмандары башка өлкөлөрдүн, мисалы, Орусия, же АКШнын күйөрмандарынан эмнеси менен айрымаланышат экен?

Санкт-Петербургдагы Мариинский театры

Санкт-Петербургдагы Мариинский театры

А.Ш.: Эмоция деген сөз бар го... Жапондор эмоциясын оюн учурунда эч көрсөтүшпөйт, кол чапчу убакта гана кол чаап коюшат да оюндун жүрүшүндө тыптынч отурушат. Орусия, АКШ башка өлкөлөрдө бийчи жакшы секирип же чимирилип койсо эле кол чаап, же “браво” деп кыйкырып эле жатып калышат.

“Азаттык”: Анда спектакль жакканын жапондор кантип билдиришет?

А.Ш.: Оюн бүткөндөн кийин артисттер көрүүчүлөргө чыгып таазим этишет эмеспи. Ошондо жапондордун баары туруп, узакка 10-15 мүнөткө чейин алакан чаап тура беришет. Ал эми тышка чыкканда 30-40, жүздөй адам артистти күтүп турат. Андан кол тамга алышат. Оюнчуктарды же гүл беришет.

“Азаттык”: Алмазбек, болочок планыңыз жөнүндө да айта кетсеңиз?

А.Ш.:
Менин Жапонияда дагы канча иштээрим белгисиз. Мен азыр Ваганова академиясында аспирантурада окуп жатам. Аны бүтүп, диссертациямды жактоом керек. Жапонияда эле калам го дейм. Мага иштеген ишим, коллеж жагат. Кудай буйруса, Токидо өзүмдүн балет мектебимди ачайын деген оюм бар.

“Азаттык”: Рахмат, сизге! Ишиңизге албан-албан ийгилик!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG