Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:11

“Ай баратат” берүүсү белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын чыгармачылыгына арналды. Эгерде ал тирүү болгондо быйыл май айында 85 жашка чыкмак.

Кыргыз улуттук классикалык балет өнөрүн негиздөөчүлөрдүн бири Бүбүсара Бейшеналиева убагында "бий өнөрүнүн периштеси" делип, аялзатынын асылы катары элдин сүймөнчүлүгүнө айланган легендарлуу улуу бийчинин аты-заты улам убакыт өткөн сайын унутулуп баратканын анын талантына таазим кылган замандаштары арман кылып айтып калышат.

Алардын баамында, башка улуттарда улуу таланттарга өзгөчө көңүл бурулуп, өрнөктүү өнөрлөрү китеп болуп жазылып, тасмага түшүрүлүп, кийинки муундарга алардын чыгармачылыгы үлгү болгондой мамиле жасалат, ал эми "өзүн сыйлабаган эл, өзгөлөргө көз артат" дегендей кыргызда улуу залкарлардын көзү өткөндөн кийин алардын чыгармачылыгы түгүл, аты-заты унутулуп баратканы өкүнүчтүү.

Өткөн доордун кыркынчы жылдары кыргыз профессионалдык бий өнөрүндө жылдыздай жарк этип жанган Бүбүсара Бейшеналиева Ленинграддагы хореографиялык окуу жайды аяктап келип, Бишкектеги опера жана балет театрында композитор Л.Делибдин "Коппелия" балетинде алгачкы жолу сахнага чыгып, чыгармачылык чыйырын баштайт.

Театрдын сахнасында орустун улуу композитору Пётр Чайковскийдин “Ак куу көлү” (Лебединое озеро) балетинде Одетта-Одиллиянын, Сергей Прокофьевдин "Ромео жана Жульеттасында" Жульеттанын, Александр Глазуновдун "Раймонда" балетинде Раймонданын партиясын Москва, Ленинграддын театрларында аткарып, орус профессионалдык бий адистеринин өтө жогору баасын алып, бир катар чет өлкөлөрдө кыргыз маданияты менен тааныштырган.

Ал композитор Михаил Раухвергердин "Чолпон" балетинде Айдайдын партиясын аткарганда, "Бүбүсара Бейшеналиева бийлейт" деген күнү театрда билет калбай калчу экен.

Улуу балерина менен 18 жыл бою чогуу өнөк болуп бирге бийлеген Кыргыз эл артисти Уран Сарбагышев 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 2-декадасы тууралуу эскерип, Бүбүсара Бейшеналиева СССРдин эл артисти наамын татыктуу алганын айтты.

- 1958-жылы Москвага Кыргыз республикасынын искусствосунун экинчи декадасына барганда Бүбүсаранын атак-даңкы дүңгүрөп чыккан. Орустардын улуу балеринасы Галина Уланова, Чоң театрдын бийчиси Грабович деген сынчы Бүбүсаранын бийлегенине абдан жогору баа беришкен. Москвалык көрүүчүлөр анын талантына таазим кылышкан. Ошол 1958-жылы СССРдин эл артисткасы болду.

Эмгекчил жана боорукер

Бүбүсара Бейшеналиева табийгат берген таланты менен чектелип калбай, талыкпастан эмгектенип, бий репетициясында ар бир кыймылды кайра-кайра кайталап, 5-6 саатка чейин жаны тынбай иштечү экен.

Замандаштарынын эскергенине караганда, Бүбүсаранын абдан чырайлуу жүзүнө, назиктигине, боорукерлигине таң беришип, улуу-кичүүгө жароокер мамилесинен улам аны атынан атабай, бардыгы эркелетип Биби деп атап калышыптыр.

Ал эч качан СССРдин эл артистимин, депутатмын деп бой көтөрбөй, тескерисинче көңүлү жайдары кезде бирөөнүн кулк-мүнөзүн дал өзүндөй кылып окшоштуруп туурап, укмуштуудай актерлук жөндөмүн да көрсөтүп жиберчү тура.

- Бирөөнү туураганда укмуштуудай окшоштуруп туурачу. Бекматованын, Күлүйпа Кондучалованын сүйлөгөнүн, баскан-турганын туурап, күлдүрүп, элдин көңүлүн ачып, өзү да каткырып күлүп, көңүлүн ачып алчу. Актердук жөндөмү да абдан мыкты болчу.

Бүбүсара Бейшеналиева композитор Борис Асафьевдин "Бахчасарай фонтаны" балетинде белгилүү бийчи Махмуд Эсенбаев менен бирге бийлеп, Мариянын образын өтө жогорку чеберчиликте бий аркылуу түзө алган.

Ал бийди кыймыл аркылуу эле аткарбастан, жан дүйнөсү менен эргип, окуяны жүрөгү аркылуу сезе билип, каармандардын бири-бирине окшобогон кулк-мүнөзүн ачкан укмуштуудай артисттик жөндөмдүүлүгүн адистер жазып келишет.

Кыргыз балетинин сыймыгы

Кыргыздын улуттук балет өнөрүнө зор салым кошкон Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. 1936-жылы Ленинграддагы хореографиялык окуу жайда атактуу бийчи Агрипина Вагановадан таалим алган. Окууну аяктагандан кийин 1941-жылы Бишкектеги Опера жана балет театрында алгачкы жолу сахнага чыгат.

Дүйнөлүк балет искусствосунун шедеврлери делген "Ак куу көлү" («Лебединое озеро») - Одетта-Одиллия, "Ромео жана Жульеттада" - Жульетта, "Уктап жаткан сулуу" («Спящая красавица») - Аврора, "Бахчасарай фонтанында" - Мария, "Кызыл жоогазында" («Красный мак»)-Тао-Хоа, "Раймондада" - Раймонда, "Чолпондо" - Айдай, "Чоң вальста" («Большой вальс») - Фанни, "Корсарда" - Медора, "Франческа да Риминиде" - Франческа, "Эсмеральдада" - Эсмеральданын партияларын аткарган.

1973-жылы 43 жашка чыгарына бир жума калганда (10-майда) айыкпас дарттан каза болгон. Учурда анын уулу Эрмек Москвадагы кызы Бүбүсараныкында экен.

Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы Бишкектин Ош базарына жакын бир көчөгө ыйгарылып, Кыргыз мамлекеттик искусство институту анын ысымын алып жүрөт.

Учурунда улуу балерина менен чогуу бийлеген Кыргыз эл артисти Роберт Уразгелдиев кайталангыс таланттын чыгармачылык өмүр таржымалы жөнүндө "Бүбүсара Бейшеналиева" деген көлөмдүү китеп жазган.

Ал эми белгилүү театр өнөрүн изилдөөчү Жаныш Кулманбетов эки жыл мурда улуу балерина Бүбүсара Бейшеналиева менен замандын залкары Чыңгыз Айтматовдун ортосундагы махабатын баяндаган "Чыңгыз менен Бүбүсара" деген тасма тарткан.

Ал ошондой эле “Чыңгыз менен Бүбүсара” пьесасын жазып, Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театрында сахналаштырган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG