Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Көпүрө-Базардын Шаляпини


Таластык коңур үндүү 74 жаштагы ардагер Койчубай Сагындыковду жакындан билгендер айылдык "Шаляпин" деп атап коюшкан.

Ардагер ырчы былтыр декабрдын соңунда Бишкекте өткөн республикалык сынакта мыкты аткаруучу деп табылып, сыйлыкка татыктуу болду.

Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын тургуну, 74 жаштагы Койчубай Сагындыков коңур үнү менен опера ырчыларындай эле ырдайт. Аны жакындан билгендер Шаляпин деп атап коюшат.

Сагындыков да табийгат тартуулаган сейрек кездешүүчү тембр үнгө ээ. Музыка адистеринин баамында, эгерде Сагындыков музыкалык билим алганда баритон үндүү атактуу артист болушу толук ыктымал эле.



Ал отуз жылдан ашуун чабан болуп, кой багып, тоо арасында жүргөндө, кийин механизаторлук жумушка өтүп трактор айдап, талаада соко салып чаалыкканда үнүн созуп ырдап алганда жеңилдеп калаарын айтты.

- Талаада жүргөндө үнүмдү катуу чыгарып ырдап алам. Бугум чыгып эс ала түшөм. Кээ бирде бир нерсеге кыжаалат болгондо да талаа-түзгө барып ырдап алганда көңүлүм жайланып, канат байлап калам.

Тоо-ташта жаңырган үн

Койчубай Сагындыков бала кезинде мектепте окуп жүргөндө майрамдарда, салтанаттарда ырдап, "ырчы бала" атыгат.

Ата мекен, коммунисттик партия тууралуу ырларды айылдын жыйындарында ырдап, тели-теңтуштарынын арасында элдик “секетпайларды” ийнине жеткире аткарат.

“Эл ичи, өнөр кенчи” демекчи эл ичинен чыккан ырчы Койчубай Сагындыков "мал багып жүргөндө тоо-таштын арасында, жаратылышта ырдаганда ыр алда кайда угулуп, айлана мемиреп эле калат", дейт.

- Жаратылышта ырдасаң, тал-терек авазга ыргалып, добушуң кокту колотту аралап, тоо-таштын баары сенин ырыңа кулагын төшөп калгандай сезилет. Азыр оозумда отуз эки тишим түшүп калган. Ага болбой минтип жаштар менен теңтайлашып ырдап жүрбөймүнбү. Кудайдан “мени ырымдан алба” деп эртели-кеч суранып калам.

Койчубай Сагындыков 1956-жылы Опера жана балет театрынын алдында жаңыдан ачылган студияга кабыл алынып, эки ай окугандан кийин ооруп айылына кетип, ошол бойдон окуусун улантпай калат.

Талантты жашыра албайсың

Табийгат берген талантын толук пайдалана албай, чарбачылык менен алп урушуп жүргөндө да ырдаганын токтотпой, райондук сынактарга катышып, өздүк репертуарын байытат.

- Ырды мен радиодон артисттердин ырдаганын угуп, биринчи обонун анан сөзүн үйрөнүп алам. Кайсы ыр болсо деле үйрөнгөнгө аракет кылам. Ырдын жаманы болбойт. Анан тоо арасында ырдаганда жаңырган үнүмдү угуп, кандай чыгып жатканына көңүл бурам. Кайсы ыр болсо дагы жүрөгүң менен ырдасаң өзүң дагы ыракат аласың, уккандар да ыракат алат. Жөн эле үнүм бар деп кыйкыра берсе ал ыр болбойт.

Коңур үндүү ардагер Койчубай Сагындыков декабрь айында Бишкекте өткөн “Айыл таланттары” республикалык сынагында мыкты аткаруучу деп табылып, Маданият жана маалымат министрлигинин атайын сыйлыгын алды.

Ал атактуу композитор Калый Молдобасановдун “Селкиге” деген ырын ырдаганда залдагы көрүүчүлөр шатыра-шатман кол чабышып, сахнадан кетиргиси келбей турушту.



P.S. Ф.И.Шаляпин дүйнөлүк атактагы бас үндүү опера ырчысы. 1873-жылы Казан шаарында туулуп, Уфа, Тбилисиде ырчылык жөндөмүн арттырып, Москвадагы Чоң театрда, Санкт-Петербургдун императордук театрында опера жанры боюнча дүйнөлүк жана орус классикаларынын чыгармаларын аткарууга жетишет. Кийин Мариинск театрынын көркөм жетекчиси, 1918-жылы Орусиянын биринчи эл артисти наамын алат. 1921-жылы чет өлкөгө эмиграцияга кетип, 1938-жылы 12-апрелде Парижде каза болуп, сөөгү Францияда коюлат. 1984-жылы анын сөөгү Москвага алынып келинип Новодевичево көрүстөнүнө коюлуп, эстелиги орнотулган.
XS
SM
MD
LG