Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

"Азаттык" даректүү (документалдуу) үналгы баяндардын "Данисте" түрмөгүн баштады. Алгачкы чыгарылышта Ошто жер басып алгандар жөнүндө кеңири баяндалат.

Былтыр улуттар аралык кагылышты баштан кечирген Кыргызстандын түштүгүндө ноябрда “кыргыздар өзбектердин үлүш жерин басып алыптыр” деген кабар жамы журтту бир дүрбөлөңгө салган. Кандуу окуялардан беш ай өтүп-өтпөй жаңы уруш чыгып кетеби деп корккондор көп болду. Анткени 20 жыл мурдагы “Ош окуяларына” алып келген себептердин бири да жер басып алуу менен байланыштуу болгону эч кимдин деле жадынан чыга элек.

Алгы сөз

“Азаттык” радиосунун “Данисте” деп атаган жаңы программасынын алгачкы бул чыгарылышында соңку жер басып алуунун артында кимдер турганын айтып беребиз.

№8-жатакана, Ош, декабрь, 2010
Кабарчыбыз Эрнист Нурматов Оштун Кара-Суу районунда жер басып алгандардын басымдуу бөлүгү 20 жылдан бери үнү бийликтерге жетпей, убада кылынган жер тилкесине ээ боло албай келген жатакана жашоочулары экенин данистелей алган. Андай адамдар Ош шаарындагы бир кичи райондогу жайгашкан үй-бүлөлүк жатаканаларда жашашат. Биз бул адамдардын аракетин жактабайбыз да, аларды айыптабайбыз. Болгону жылдар бою чечилбей келген “социалдык жара” ириңдеп кетсе, акыр аягында кандай чоң “саясий проблемага” алып келээрин гана айткыбыз келет.

Каармандар

71 жаштагы Курманбек Тайтаев аксакал №8 үй-бүлөлүк жатаканада кичинекей бөлмөдө байбичеси, бир уулу менен жашайт. Чала-була жабылган балкондун эшигинен шуулдап эле суук кирип турганын сезбей коё албайсың. Астынан кадимкидей сыз өтөт. Айтып отурса, ушул төрт дубалга да ал оңой менен жетишкен эмес экен. 20 жыл көмүр кенинде, дагы 20 жыл пахта заводунда иштеп тапканы ушул болуптур. Андан бери шаардан үй же жер алууга мүмкүн болгон эмес.





Курманбек Тайтаев
Оштун Манас-Ата кичи районундагы үй-бүлөлүк жатаканаларда мындай оор турмушту баштан кечирип жаткандар аз эмес. Алардагы бир бөлмөлүү үйлөрдүн көбүндө эки-үч кожолуктан жашайт.

Алардын бири - Салима Камалованын бүлөсү.




Жатакананын далисинде электр зымдары ачык эле ар жактан ачылып, илинип турганы өзгөчө коркутат экен. Айнек-терезелери да жок. Сыртта жаш балдар үчүн ойной турган аянтчасы да жок. Анан алар ушул зымдарга асылып, ойношот.

Коридордо электр тогунун зымдары да ары-бери асылып турат
Альбина мындан төрт жыл мурда караңгы коридордо ойноп отуруп, төртүнчү кабаттын ачык терезесинен түшүп кеткен. Ошондон бери ал буту-колун оорутуп, түзүктөп баса албай калган.

Альбинанын апасы мага атын атагысы келбеди. Кызын тынбай дарылатып тураарын айтат.

Альбина жашаган бул №7 жана анын жанында жайгашкан №8 жатакананын балдар аянтчасы азыр машиналар токтой турган жайга айланып калыптыр. Жаш балдар машинелер менен аралашып, чуркурашып куушуп ойноп жүрө беришет. Гаражында да ушул коргондун балдары чогулуп ойноп жатышканын көрдүм. Атайын ойной турган аянтчасы жок жаш балдар подьезддеринде жүрө беришет.



7-жатакананын подвалына суу толуп, жыттанып кеткен.

Коридордо чымын-чиркей ызылдап жүрөт. Бул жерде жашагандар “Ушунун айынан балдарыбыз ооруп калат” деп жатышат.

Жатаканын коменданты Бурул Саипова өз арыз муңун айта берип тажап бүткөн. Бул маселелердин чечилишинен ал түңүлүп деле калган.

“Жайында чымын-чиркей төртүнчү кабатка чейин каптап кетет. Анан тамакка конот – кандай кеселдер пайда болмок эле анан?”

Бул жердеги жатаканаларда кандай жугуштуу оорулар бар экенин облустук үй-бүлөлүк дарыгерлердин бул райондогу өкүлү Салима Токтосуновадан уга алдым.

Жалпысынан Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунда 23 үй-бүлөлүк жатакана бар. Алардын баары дээрлик жыйырма жылдан бери ремонт көрө элек. Булар - 40-60 жыл мурда курулган имараттар. Жатаканалар учурунда «Октябрдын 50 жылдыгы» атындагы пахтадан кездеме токуу бирикмесинде иштеген жаштарга арналып салынган.




Ошол жатаканалардын баары азыр анда жашап калгандарга менчикке өткөрүлгөн. Аталган заводдо 30 жылдай иштеп өндүрүш бөлүмүнүн башчылыгына чейин жеткен Абдижалил Курманбаев бул тууралуу мындайча эскерет:



Ошентип жумушсуз калган жатакананын жашоочулары өзүнчө үй салыш үчүн шаардык бийликтерден жер бөлүп берүүнү талап кылышат. Ага жооп болгуча эле миңдеген адамдар так ушул Манас-Ата кичи району менен чектеш турган Кара-Суу районунун ал кездеги Калинин колхозуна, азыркы Нариман айыл округуна караштуу жерди басып алышат. Бийлик өкүлдөрү бул жерлер үлүшкө берилгенин эскертип, аларга башка жактан жер берүүнү убада кылышкан. Бирок убада убада боюнча калып, жатаканада жашагандар ошондон бери жер тилкелерине ээ боло албай келишкенин айтышууда.

Эркежан Ормонова
Мен учурунда басылган ал жерге барып, №4 жатакананын жашоочусу Эркежан Ормонованын баянын уктум. 1990-жылы так ушул жерди басып алгандардын арасында ал да болгон экен.

Эми ошондон жыйырма жыл өтүп, былтыр июндагы кандуу окуялардан кийин тарых дагы кайталангандай болду. Ошондогу жер басып алгандар 2010-жылдын ноябрында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылдарынын жерлерин ээлеп алышты. Мында 1500 чукул киши чыкты.




Жалпысынан 70-80 гектарга жакын жерлерди бөлүштүрүп алышкан. Ошо учурда айрым жалпыга маалымдоо каражаттары “жерлер өзбек улутундагылардыкы болгону үчүн кыргыздар басып алышыптыр” деген сыяктуу маалыматтарды да таркатып жиберген эле. Бирок жер басып алгандар өздөрү “бул жердер мамлекеттики болгону үчүн басып алдык” дешти.

Кайра эми жер басып чыккандардын талабын укканы мен Ишкеванга келип, бул жерде тургандардын арасында Гүлбү деген эже менен сүйлөшүп калдым.



Жергиликтүү бийлик ал адамдардын аракетин заматта “мыйзамсыз” деп, ал кишилер бирөөлөрдүн үлүш жерлерин басып алышты дешкен. Мен өзүм ошол күндөрдөгү окуяларды чагылдырып жүрүп, бир топ бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшө алдым. Эгер жер тилкелери берилсе да, шаардын башка аймактарынан берилээрин билдиришкен эле.

Жакында Ош шаарынын 1-вице мери Таалайбек Сабиров менен да сүйлөштүм. “Жер берилген күндө да жатакананын жашоочулары өзгөчө статуста каралбайт”, - деди ал. Атайын түзүлгөн комиссия гана чыныгы жерге муктаждардын тизмесин иликтеп чыгаарын кошумчалады.



Мен жер басып чыккан ал кишилердин укугун коргоп жаткандардын бири Айсалкын Карабаева менен ошондо да, анан бир канча убакыт өткөндө да кайра жолуктум. Бийликтер алгач үлүш жер деген Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылдарындагы ошол жерлер, анын айтымында, кийин аукционго сатыкка коюлган экен.

“Бул жерлер үлүшкө берилген” деп айтылып жатат. Бирок “Ош жаңырыгы” гезитинде (кайсыл саны экенин билбейм) ошол Кызыл-Кыштак айылына караштуу жерди аукционго коюп сатып жатышат. Бул фактыларды ошол жерде турган эл кармап алып, аябай кыжырданып турушат. Ошол үлүш деген жерлерди бир ай өтүп-өтпөй аукционго коюшканын туура эмес деп ойлойм.”

Азыр эми жерге муктаждардын тизмесин түзгөн мамлекеттик комиссияга 15 миңдей адам кайрылганы маалым болду.

"Саясий салт"

Манас-Ата кичирайонундагы үй-бүлөлүк жатаканаларда жашагандарга жер качан берилет - азырынча белгисиз. Ошто мында башка кичирайондордо да шарты катаал үй-бүлөлүк жатаканаларда миңдеген адамдар жашашат.

1990-жылы басылып алынган жерде азыр жаңы үйлөр салына баштаганы көрүнөт, декабрь, 2010
Эксперттердин айтымында, эгер жер талаш маселеси жакын арада чечилбесе, жаңы нааразылыктардын, жаңжалдын чыгышына да себеп болуп калышы ажеп эмес. Аймактык серепчи Жыргалбек Жээнбеков жердин жетишсиздиги социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн:

“Социалдык чыңалуунун чеги жакшылыкка алып барбайт. Тарых өзү күбө. Буларда иш болбосо, турак-жайы болбосо, мамлекеттен социалдык жеңилдик албаса, булардын проблемалары кантип чечилет?”

Негизи, жер басып алуу Кыргызстандын акыркы жыйырма жылдагы тарыхында ири саясий өзгөрүүлөр, жаңжалдар менен коштолуп келди. 1990-жылдагы Оштогу кандуу окуяларга алып келген негизги себептердин бири да жер басып алуу менен байланыштуу болгон эле. Былтыр июндагы окуядан кийин да ал тема кайра көтөрүлдү. 2005-жылдагы, анан былтыркы ыңкылаптардан кийин да жер басып алгандар чыгышты. Башкача айтканда, жылдар бою чечилбей келген социалдык проблема өзүнчө эле “саясий салтка” айланып баратат.

Соңку сөз

Оштун Манас-Ата кичи районунда 33 миңдей калк жашайт. Анын дээрлик жарымынан көбү жатаканаларда күн кечиришүүдө. 20 жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттен жер тилкесине ээ боло албай келген бул адамдардын соңку талабы канчалык мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин талдаган жокпуз.

Жылдар бою ремонт көрбөгөн жатаканалардын айрымдарына бийликтер курулуш материалдарын жеткирип жатышканы кабарланууда
Бир чети, шаардын бийлиги да алардын талабын жарым-жартылай орундатып, үнүн басыш үчүн 20 жылдан бери ремонт көрбөгөн 4 жатакананын үстүн жаап берүүгө жетерлик жыгач-ташын терип, уста акыларын төлөп бериптир.

Ал эми калган 19 жатаканада жашоо мурдагыдай эле. Мени таң калтырганы, үстүнөн жамгыр жааган сайын суу тамчылаган үйдүн тургундары оор турмуштан да сынбай, дагы эле юморун жоготпой жашап жатканы болду.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG