Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

"Шайлообек сөздүктөн" бир үзүм.

“Таа” деген сөз чүкөнүн ”алчы” тарабынын карама-каршы жагын билдирет. Өкчөгөн чүкөсү “таа” конду же “алчы” конду дейт.

Эми “таала” деген сөздү чечмелейли. Араб тилинен кирген бул сөз “Жараткан”, “Эң жогорку ыйык күч” дегенди билгизет. Биз аны “Алда таала, Кудай таала” дейбиз.

Ушул эле “таала” сөзүнө “ай” деген сөз уланса “таалай” деп айтылып, “бакыт” дегенди түшүндүрөт. Эгер “Таалайыма жазганын көрөрмүн” десе, “тагдыр” деп түшүнсө болот. “Аларга Кудай таала бак-таалай берди” дейт. Кудай жакшы жашоо берди дегенди билдирет.

“Таалай” сөзүнүн башка маанини билдиргени да бар. Мисалы, “Эки таалай сөз айтып, айыл ынтымагын кетирди” десе, “Болбогон жалган ушак таратып, айыл ичин бузду” деген маанини берет.

Таалайлуу десе - бактылуу деп, таалайсыз десе - бактысыз деп түшүнөбүз.

Бактысыз деген маанини араб - иран тилдеринен кирген “Бейтаалай” деген сөз да туюндурат.

Кийинки кездери жаш журналисттер сурачу болду. “Эмне үчүн “баратам, келатам, дебатам” деп жазганга болбойт? Ушинтип жазсак, агайларыбыз: “Бул деген орфографиянын эрежелерине туура келбейт, ката болуп эсептелет, андыктан “баратам” дебестен “ бара жатам” деп, “келе жатам” дебестен “келе жатам” деп, “дебатам” дебестен “деп жатам” деп жазыш керек” дешет, айтыңызчы, кайсынысы туура?” деп.

Дагы бир жолу белгилей кетели. Тилдин ээси орфографияны түзгөн тилчилер эмес, элдин өзү. Тилчилер ошол элдин сөзүн жыйнап, чогултуп, ирээттеп, бузбай, кайра элге бере турган адамдар. Тил деген өмүр бою сөз болуп сүйлөнүп, сөз болуп айтылып, кагылып-согулуп, жетилип, бышып олтуруп эң эле жөнөкөй, ооздон чыгары менен түшүнгөндөй, жөнөкөй, чалынбай, илинбей, оңой сүйлөнгөндөй деңгээлге жетип токтойт. Ошондуктан башатында эки сөздөн турган “бул күн” деген сөз бир сөзгө айланып “бүгүн” болуп, “чек ара” деген “чегара” болуп, “тай эне” деген “тайне” болуп, тай ата” деген “таята” болуп, тай аке” деген “тайке” болуп айтылып калган.

Жазма сөз дегенибиз ошол өз элинин сүйлөп жаткан тилине канчалык жакын болгон сайын ошончолук түшүнүктүү, ошончолук ийкемдүү, жагымдуу, маңыздуу болот. Мындай тил жазганга да, сүйлөгөнгө да, адамдар бири-бири менен оңой түшүнүшүүгө да жеңил болот, сүйлөгөн сайын сөз көркүнө чыгат, тилдин кычуусу канат. Андан көрө окумуштуубу, окутуучубу, “балдар, силер “келатам”, “баратам” деп сүйлөгөн сыяктуу жазгыла, ошол туура болот, бул сөздөр баштапкы маанисинде “келе жатам”, “бара жатам” деген эки сөздөн турган, кийин иштелип олтуруп бышып жетилген кезде “келатам”, “баратам” болуп бир сөзгө айланып кеткен деп окутса туура болот эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG