Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

"Шайлообек сөздүктөн" сын.

“Мерчем, мерчемдүү” деген–керектүү, ыңгайлуу, күн мурунтан болжолдонгон жер деген өңдүү маанини берет экен. Мисалы, “Мерчемдүү жердин баарына дүкөндөр курулду” дейт. “Ал мерчемдеп жүргөн жерлердин баарын менчиктештирип алды” дейт. “Мерчемдүү жерге жакындап калдык” дейт. “Мерчемин келтирип туруп мээле” дейт. Кыргыз баласы “мерчем, мерчемдүү” деп гана сүйлөгөн, бирок “мерчемделди” деп эч качан сүйлөгөн эмес. Бул айтканымды Юдахиндин атактуу сөздүгү да бекемдейт.

Андыктан бир сөздү угары менен ал сөз “туурабы” же “жокпу”, анысын карабай туруп эле ит кубалагандай “мода кубалап” кеткен журналист ини-карындаштарыман, “келгиле, энебизди сактагандай, эне тилибизди сактайлы, кадыр-баркын кетирбейли?” деп суранар элем.

Мисалы журналист “Орусия Түркияга жаңы санкцияларды киргизүүнү мерчемдеп жатат” дейт. Же “Кытай келерки жылга карата бир катар ири долбоорлорду мерчемдеди” дейт. Мына ушулардын баары тантык сөз. Кыргыз баласы 21-кылымга чейин жашап келатып да минтип тантыган эмес. Cөз менен ыгы жок ойной бербей, “Орусия Түркияга жаңы санкцияларды киргизмей болду” десе же “Кытай келерки жылга карата бир катар ири долбоорлорду ишке ашырмай болду” деп айтса, жазса, сүйлөсө сөздүн мааниси бузулбайт эле да.

Дагы бир жагдай. Базарда соода кылып жүрүп “элүү сом” дегендин ордуна “элик сом” дегенди көп угасың. Биз билгенден жакын коңшуларыбыз өзбектер менен казактарда үндүү тамгалар жок. Ошондуктан өзбектер менен казактар эки үндүү катар келген кыргыз сөздөрүнө тилдери келбейт, кыргызча айта алышпайт, көнгөн эмес. Маселен, өзбектер “элүү сом” дегенди “элик сом” деп айтат. Казактар “тоо” дегенди “”тау” деп айтат. Ал эми өзүбүздүн карачечекей кыргыздар базарда олтуруп алып кыргызча “элүү” деген сөзүбүз турса, тили келбейби же айткысы келбейби, “элик” сом” деп сүйлөп жатканын билишeр бекен?

Кыргыз тилин бузбай, таза сакташ керек десе эле,башка тилден кабыл алынып, элге сиңип кеткен, биз колдонуп жүргөн сөздөрдүн баарын кыргызчалатып сүйлөө керек деп түшүнбөш керек. Кыргыз тилин антип байытпайт. Элестүү айтканда, тил деген өз алдынча агып жаткан чоң дайра. Эл өзүнүн санын төрөп көбөйтө албаган сыяктуу эле, тил дагы өз казанында кайнай берип байыбайт. Эл өз элине башка жактан ооп келген элдин өкүлдөрүн кошуп алып, канатына катып алып, эл кылып көбөйгөн сыяктуу эле тил дагы башка тилден кирген сөздөрдү өз тилинин мыйзамына ылайык өзүнүкү кылып алып байыйт, мисалы “ящикти” “жашик”, “самоварды” “самоор” кылып алган өңдүү. Дүйнөдөгү бардык тилдердин мыйзамы ушундай.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG