Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Кыргызда бир эле сөз кээде бир нече маанини билдирет.

“Агыл” дегенсөздүн биринчи мааниси - түштүктө мал короону “агыл” деп коет. Мисалы, “Агылда туруп элирген, ат кимдики дедирген” дейт. “Агыл” сөзүнүн түштүктөгү дагы бир мааниси “агынды” же “агыл таш”. Суу агызып келген нерселерди ушинтип атайт.

“Агыл” сөзүнүн үчүнчү мааниси “Бул суу агылды” дейт. Же “Форумга” чогулган эл эми Ак үйдү карай агылды” дейт.

“Агылга” деген да сөз бар. “Агылга” деген сөздү да колдонбой жүрүп маанисин унутуп калдык. “Агылга” деген “тынч жай” дегенди түшүндүрөт. Мисалы: “Атты шамалдан агылга жерге байлап келгиле” дейт же “Агылга жерге барып күтүп туралы” дейт.

“Агылгала” десе, бул сөз “Байкагыла, жакшылап карагыла, билгизбей, байкатпай аңдуу салгыла” дегенди түшүндүрөт. Мисалы, “Элден агылгалап туруп сүйлөшүп көр, эмне дээр экен?” дейт.

Эми “арка” деген сөзгө келели. Бир маанисинде “арты” дегенди да билдирет. Мисалы: “үйдүн арты”, “Тоонун арты”.

“Арка чачы бир тутам” дейт. Мында өрүлгөн чачты айтып аткандагысы.

Илгери Түндүк жана Түштүк кыргыздарды “Анжиян-Арка” деп эле атаган. “Аркалык кыргыздар” же “Арка кыргыздары” десе түндүк кыргыздарды, “анжиян кыргыздары” десе түштүк кыргыздарды түшүнгөн. “Шабдандын ашына Анжиян-арка кыргыздары тургай Иле казактарынан бери чогулуп келбедиби” дейт.

“Сары Арка” деген казактагы жердин аталышы. Казактын улуу күүчүлөрүнүн бири Курмангазынын “Сары Арка” деген атактуу күүсү да бар.

“Арман” деген сөзгө келсек. Бул иран тилинен кирген сөз. Көксөгөн максат, эңсеген ой, жетпей калган өксүк, ишке ашпай калган тилек арман болот. “Акыры көксөгөн арманыбызга жеттик” дейт.

“Дүйнөдөн арманда өтүп кетпедиби” дейт.

Ушул эле “арман” сөзү коңшу казак туугандарда “кыял” дегенди түшүндүрөт.

“Арман” иран тилинен кирсе “кыял” араб тилинен кирген. “Куру кыял” десе “куру фантазия” дегенди түшүнөбүз.

“Арсар” деген да сөз бар. Чечкинсиз, батынбай, туура эмес болуп калабы деп туруп калган учурду “арсар” дейт. “Кетээр, кетпеси арсар” дейт. Кийинки кездери “ачыкталды” деген сөз пайда болду. Кыргыз баласы минтип сүйлөгөн эмес. Мисалы: “Анын кылмышкер экени ачыкталды” деп сүйлөчү болду журналисттер. “Анын кылмышкер экени айгинеленди, ачыкка чыкты” деп айтылышы керек эле.

“Айгине-түшүнктүү, ачык, көз көрүнөө” деген эле түшүнүк. “Баары эле айгине болуп турат” дейт. “Тумандатпай айгине сүйлөгүлө” дейт. “Бардык күдүк иштер ачыкталды” эмес, “Бардык күдүк иштер айгине болду” деп айтыш керек же жазыш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG