Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

12-декабрь - Улуттук адабият күнүн белгилөө жөрөлгөсү болду. Кыргыз Эл баатыры, улут адабиятыбыздын таанымал классиктеринин бири Бексултан Жакиев менен Бекташ Шамшиевдин маеги көркөм сөздү кадырлагандардын майрамынын маани-мазмунуна арналды.

“Азаттык”: Бексултан ага, “башканы коюп Манасты айт” демекчи, Улуттук адабият күнү тууралуу сурасамбы деп турам. Бир алп акын дүйнө салган, анан дүйнөлүк адабият алпы жарыкка келген күн. Бул өзү символикалуу маани-мазмуну бар нерсеби же жөн эле туш келип калган күнбү?

Жакиев: Муну эми туш келип калган күн десек деле болот. Ар бир күндөн символикалык маани издей берүүнүн деле кажети жок. Бир жылда канча күн бар, анын баарынан символика издей берсе элдин деле башы айланып калат. Маселен, Алыкул Осмоновдун туулган күнү Ноорузга туш келет. Күн менен түн теңелген, жаратылыштан келген ыйык күн. Бул жөнөкөй учур эмес, кыш менен жаздын, эски менен жаңынын жол талашканы. Кимиси жол бошотот?

Мен жакында Алыкул тууралуу макала жаздым. Ушул оюма келди. Алыкулдун ыйык күнү туулганы бекеринен эмес. Ошондуктан Алыкул - гений акын. Анын жазгандарынын баары эле ушундай деңгээлге жетпейт. Бирок көпчүлүк жазгандары аны генийлер катарына кошот. Акын ыйык күндө жарыкчылыкка келген. Өмүрү кыйноо менен, оору менен өттү. Ушул ооруну жөн күнү төрөлсө Алыкулдай башка бирөө көтөрүп чыдай албайт эле го деп ойлойм.

“Азаттык”: Мына ушундай улуу күнү жарыкка келген Чыңгыз Айтматов менен жакын чыгармачылык, адамдык-пенделик жакшы мамиледе болдуңуз. Улут адабиятынын күнүнө улай Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектакли 1001-жолу коюлду. Бул кыргыз театрынын, драматургиясынын жандана баштаганын билдирген окуя болду го.

Жакиев: Мен бул оюндун коюлганын укпай калдым. Уксам, билсем барат элем. Албетте, театрда жаңы спектаклдин коюлушу бул жаңылык, окуя. Театр биздин кыргыздар үчүн өзгөчө маанидеги окуя болгон. Эгемендикке чейин айылдан кишилер шаарга келишсе чай ичип-ичпей “театрыңарда эмне оюнуңар бар” дешчү. Айылдыктар да, шаардыктар да театрга баргысы келип турчу. Студенттер, окуучулар жаңы спектаклдерге ачка болсо да барышчу. Театрды калтырышчу эмес.

Мына ушундан кыргыз элинин абийири, пейили кенен болчу. Мындай касиет кыргыздарда байыртадан бери бар. Себеби кыргыз эли канча кылымдардан бери өзүн-өзү сактап келатат. Бизден канча чоң элдер, мамлекеттер жоголуп кетти. Абдан күчтүү мамлекеттер жоголду. Мунун айырмасы, мурда да айткам, кыргыз дээринде, жаратылышында көр оокат чогулткан эмес. Кыргыз алтын күткөн эмес. Кыргыз руханий байлык чогулткан. Мына “Манас”, комуз, айтыш, ат оюндары, шырдак, оймолор, саймалар – ушулардын бардыгы руханий байлык.

Мына биздин шырдагыбызда эле канча философия жатат. Ошону чет элдик окумуштуулар келип сырларын ачып жатышат. Театр да ушундай.

“Саманчынын жолу” аншлаг менен өттү деп уктум. Эл театрды сагынып калган. Бул дээриндеги руханий байлыкты эңсегендик. Эми миңинчи деп силерге кимдер айтты экен, бул миңинчи эмес. Бирок бул спектакль театрда он-он беш жыл жүрдү. Абдан мыкты спектакль. Дагы эле жүрө бермек, бирок айрым актерлордун көзү өтүп кетти, айрымдары театрда иштебей калышты. Актерлору жок театрда спектакль коюлбай калат.

"Идеясы бузук чыгарма" дешкен

“Азаттык”: Сиз 20-кылымдагы эки апаатты чыгармаларыңызда чагылдырдыңыз. Улуу Ата мекендик согуш апааты “Атанын тагдыры” драмасында көрсөтүлсө, 1916-жылдагы Үркүн “Алтын аякта” баяндалган. Ошого кирген “Улуу Үркүндө” пьесасы жакында коюлганын угуп калдым. Үркүнгө кайра кайрылуунун себеп-жөнүнө токтоло кетсеңиз.

Жакиев: Бул 50 жыл мурда жазылган чыгарма. Ал кезде өтпөй кала турган болуп өткөн. “Алтын аяктын” өтүшү кызык болгон. Чыгарма төрт новелладан турат. Төртөө төрт пьеса, аларды өзүнчө койсо да болот, бириктирип койсо да болот.

Чыгарма жазылган кезде Маданият министрлигинде репертуардык коллегия түзүлүп, анын башкы редактору Касымалы Жантөшев болуп калды. Пьесамды ошого алып барып бердим. Ал жерде мурда Афанасьев деген искусство бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген киши бар эле. Ал да коллегия мүчөсү болуп калыптыр. Бул киши андан мурда “Атанын тагдырына” да каршы чыккан.

“Атанын тагдыры” конкурстан сыйлык алып өтүп кетти. Министрлик аны репертуарына кошкон экен. Ошол киши мени чакырып алып кабагын түйүп, “менин колумда болсо чыгартпайт элем, бул советтик көрүүчү үчүн жазылган чыгарма эмес, идеясы бузук" деди.

"Атанын тагдыры" спектакли

"Атанын тагдыры" спектакли

Анан “Алтын аяк” талкууланмакчы болуп калды. Кирдик. Аманкул Куттубаев да коллегия мүчөсү болчу. Талкуу болордо ал киши он мүнөтчө Афанасьевге төрт новелланы айтып бериптир. Талкуу башталганда эле Афанасьев сөз алып Үркүн тууралуу пьесаны идеясы бузук чыгарма деди. "Мунун кереги жок, мындай чыгарманы кабыл албашыбыз керек" деди. Мен чыдап отургам. Анан окубай туруп чыгарманы жаратпаган кишиге каяша айтсам, ал “Аманкул Куттубаевич мага айтып берди” деп жатпайбы. Төрт новелланы эки-үч мүнөт айтып берсе, чыгарма тууралуу пикир айтып отурса, “Сиздин талкуулаганга акыңыз жок” дедим. Касыкем: “Ай, бала, тынч отур” деп мени тыят. Мен да айттым. Пьесамды жыйнап көтөрүп алып кетип калдым. Эртеси Касыкем "чыгармасын алып келсин" деп бирөөнү жибериптир. Ал эми чыгармачыл киши, билет да. Касымалы Жантөшев өз башым менен жооп берем деп, талкуулатпастан драманы кабыл алган.

“Азаттык: Мына ушул Үркүн тууралуу Жусуп Турусбековдун “Ажал ордуна” музыкалуу драмасынан кийин сиздин “Алтын аяк” драмаңыз. Ортодо ушул темага арналган башка драмалык чыгарма болбоду окшойт. Же чыктыбы?

Жакиев: Мен да билбейт экем. “Ажал ордуна” бул классика болуп калды. Эми буга каршы сүйлөгөндөр да болуп атат. Тарыхты билбейт, тиги-бул деп. Бул тарыхый эмес, бирок доорду көрсөткөн көркөм чыгарма.

“Атанын тагдырында” драма, тагдыр, мүнөздөр бар

“Азаттык”: Улуу Үркүн К. Баялиновдун “Ажарында”, “Кыйын өткөөлүндө”, Ж. Турусбековдун “Ажал ордуна”, А. Токомбаевдин “Кандуу жылдарында”, М. Элебаевдин “Узак жолунда” жазылды. Андан кийин келип эле токтолуп калды. Социализм кезинде ачык тыюу салынбай, бирок жашыруун тыюу салынып калдыбы?

Жакиев: Расмий тыюу салынган жок, бирок жол бербей жатты. Мен Үркүн тууралуу роман жазайын дегем. Мен сыйлаган белгилүү адамдардын көзүнчө Маданият министрлигинин коллегиясында айттым. Менин чоң атам Үркүнгө катышкан, элди жетектеген кишилердин бири, Абийир деген. Чон энелерим үрккөн. Алар мени кичинекейимен айтып үйрөтүшкөн. Кайсы жерде кандай кырсык, окуя болгонун – баарын айтышкан.

Анан ошол киши коллегияда айтты да, “ай, бала, сен муну кой, биринчиден, өтпөйт, экинчиден, өз кендириңе өзүң балта чаап аласың” деп. Анан мен тигилердин сөзүнө баш ийип калайын дегеним жок, бирок калат окшойт. Анан роман эмес, “Улуу Үркүндө” жазылды. “Улуу Үркүндө”, “Ажар”, “Ажал ордуна”, “Узак жол” – булар баары бири-биринен абдан эле айырмаланып турган чыгармалар.

Алыкул Осмонов

Алыкул Осмонов

“Азаттык”: Ушундан улам сюжеттик жалпылыктар, окшоштуктар тууралуу сурагым келип турат. Сиздин “Атанын тагдыры” драмаңыз менен Алыкул Осмоновдун “Жеңишбек” поэмасын окшоштургандар чыкты. Сюжеттик жалпылык турмуштук жалпылыктан чыгабы?

Жакиев: Алыкулдун “Жеңишбегин” туураган, уурдап алган деп айтышты. Мындай сөздү айтыш сабатсыздык. Бул өзү көралбастыктан чыккан сөз. Жазып да жүрүштү. Муну эми өзүмдүн эле курбу-курдаштарым айтышты. Мурда жазбай жүрсө, анан жөөлөп эле кирип келсе деген ойлор болду да. Мен унчукпай койдум.

Мына, “Атанын тагдыры” канча жылдардан бери театрдын репертурарынан түшпөй келатат. Азыр коюлбай жатат. Себеби Жеңишбекти ойногонго кичине бала табылбай жатат. Бул артисттер чоңоюп кетет экен. Элүү жылдан ашты.

Көралбастык деген болот экен. Алыкулдун “Жеңишбегинде” окуя жок. Миңбай карыя күтүп атат. Поэтикалык артка кайрылуу деп коёт го, өткөнгө кайрылат, абдан күчтүү жазылган поэма. Мүмкүн Алыкулдун таасири болгон. Таасири Чыкеме да тийген. Жаш баланын ойногонунан да таасир аласың. “Атанын тагдырында” драма бар, окуя бар, тагдыр бар, мүнөздөр бар.

Табият Ашымдан талантын аяган эмес

“Азаттык”: Бексултан ага, Улуттук адабият күнүнө удаа эле сиздин калемдешиңиз, курсташыңыз, курбуңуз Ашым Жакыпбековду эскерүү иш-чаралары өттү. Ал киши күндөлүктөрүндө сиз тууралуу бир топ жакшы сөздөр айтыптыр. Ашым Жакыпбеков чыгармачылык потенциалын толук пайдалана алдыбы?

Жакиев: Ашым көп окуган билимдүү, окуганын анализдеп окуган жазуучу болчу. Биздин арабыздагылардан эң көп окуган Ашым болчу, өткөн тарыхыбызды абдан жакшы билчү. Билмексен болуп жүргөнү менен абдан таланттуу эле. Табият андан талантын аяган эмес. Акын болсо азыркы биздин акындардан төөлүк өйдө акын болмок. Ырды отура калып эле жазып койчу, тамашалап деле жаза берчү. Сынчы болсо мыкты сынчы болмок.

Биз студент кезде адабиятта халтура күчөп кеткенде Ашым аларга каршы күчтүү макала жазган. Андан кийин Камбаралы Бобулов, Кымбатбек Укаев макала жазышып, биз кыйкырып-өкүрүп жүрүп халтуранын тизгини тартылган.

Адабиятчы болсо мыкты окумуштуу болмок. Мунун каалаганы проза болду. Бирок ал өзүнүн табият берген мүмкүнчүлүктөрүн жеке чыгармаларына жумшай алган жок.

Бир топ убактысын Чыкемин орусча жазган чыгармаларын которууга жумшады. Ал мындайча болду. Чыкеме катуу асылышты. Аны жазуучу эмес, журналист дегендер болду. Аны колдоп биз да жаманатты болдук, чыгармаларыбыз чыкпай калды. Ашым Чыкемди кыргыз адабиятын дүйнөгө алып чыкчу автор, анын чыгармалары кыргызча болбосо кыргыз элине жетпейт, ошондо асылып жүргөндөрдүн сөзү чындай болуп калат деп, Чыкемдин чыгармаларын которууга киришкен.

“Азаттык”: Ашым Жакыпбеков чыгармачылык дараметин, талантын өмүрүнүн соңку жылдары жараткан “Теңири Манас” романында ачып кетти. Сиз да адабияттын бир салаасында чоң белести ашкандан кийин “Манаска” кайрылдыңыз. Мунун себеби эмнеге байланыштуу?

Жакиев: Себеби бул “Манаста” кыргыз элинин жаратылышы, кулк-мүнөзү, дээри, жакшы-жаман сапаты, эрдиги-бок жүрөктүгү, сүйүүсү-жек көрүүсү, досчулукту барктоо-барктай билбегендиги, анан бул жашоонун касиети эмнеде, жеке эле кыргыз үчүн эмес – мына ушунун баары бар.

Чыкем да “Манасты” проза түрүндө жазууну ойлонуп жүрдү. Кандай формада, кандай стилде жазууну, мүмкүн тапкан эместир. “Манасты” жөн эле “Манастай” кылып коюш - анда жомокчу болуп калмак. А Чыкем андан бийикке көтөрүлдү да. Ошол бийиктикке токтогон жок. “Манасты” тапмайынча, биз эмдигиче таба албай жатабыз, Чыкемди да таба албай жатабыз, мына ушул эки зорду таба алмайын биз кыргыз болуп жарытпайбыз!

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG