Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

"Тарых жана тагдыр" берүүсүнөн акын Алыкул Осмоновдун ырларынын дүйнөлүк поэзия менен үндөштүгүн талдайбыз.

Биз демейде кыргыз адабияты дүйнөлүк адабиятка негизинен Чыңгыз Айтматовдун заманынан кийин аралашкан деп айтып келебиз. Мунун албетте, чындыгы бар. “Сүйүү жөнүндөгү дүйнөдөгү эң сонун баян” деген атка конгон атактуу “Жамийла”, андан соң “Биринчи мугалим” жана “Саманчынын жолу” орус тилинде Москвада жарыкка чыккандан кийин чындыгында жаш кыргыз адабияты тууралуу эл аралык аренада олуттуу сөз боло баштаган эле.

Бирок биздин адабияттын айрым бир алгачкы үлгүлөрү тээ 1920-30-жылдарда бир катар дүйнө тилдерине которулуп кеткенин да эч качан унутпашыбыз керек. Маселен, кыргыз адабиятынын классиги жана баштоочуларынын бири Касымалы Баялиновдун айтылуу “Ажар” повести адегенде орусчага, андан соң англис, француз, немис жана башка тилдерге 20-жылдары эле которулуп кеткен эле.

Ошону менен бирге биздин көч башы жазуучуларыбыз дүйнө адабиятын кантип өздөштүргөн, эгер өздөштүрсө ага кандай конкреттүү далилдер, фактылар, ачык байкалган мисалдар бар деген да суроо пайда болбой койбойт. Бул суроого жооп катары эң биринчи профессионал жазуучубуз жана окумуштуубуз Касым Тыныстанов башынан эле котормочулук иш менен көп алектенгенин, орусча, казакча, татарча казып окуганын, ал эми 20-30-жылдарда Шекспир менен Толстой баштаган бир катар дүйнө классиктери аз да болсо кыргызчаланып калганын мисалга тартсак болот. Экинчи жагынан, биздин баштооч акын-жазуучуларыбыз абдан эле дымактуу, керек болсо эр жүрөк, батыл инсандар экенин баса белгилеп кетишибиз керек. Маселен, Аалы Токомбаев ал кезде билими чукак, адабий тажрыйбасы андай деле жетилип кете элек болсо да, улуу Пушкиндин салтын улап, кара сөз менен эмес, ыр менен “Кандуу жылдар” романын жазган, Жоомарт Бөкөмбаев менен Мидин Алыбаев коркпой-үркпөй эле В. Маяковскийди, Э. Багрицкийди туурап жаңычыл ырларды, поэмаларды жазган, ал эми Кусейин Эсенкожоев деген жаш жазуучу илимий фанастика жанрын өздөштүрө баштаган.

Ал эми Алыкулчу? Анын руханий ааламынын өтө бир маанилүү бөлүгү дүйнө адабияты болгон эмеспи.

Куюн өңдүү боз айланткан алыстан,

Мен жыңайлак бактым менен жарышкам,

Он үчүмдө ыр көлүнөн суу ичип,

Он бешимде сени менен таанышкам, - дейт акын “Пушкинге”деген ырында. Демек, улуу орус акынынын чыгармалары ал үчүн бала кезинен тааныш болгон. Дагы бир ырында аны “оору”, “алсыз” деп атаган анонимге:

Аалам алпы Шекспирдей күч менен

Ооруп жатып сүйлөшкөнүм билбейсиң? - деп жооп кайтарганы жакшы белгилүү.

Дүйнө адабияты жана кыргыз жазуучулары тууралуу сөз кылып жатып, улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгындагы бир таасын мисал тууралуу атайын сөз кылбасак болбойт го. Бул мисалды мен, маселен, биздин төл адабият дүйнө адабиятынын улуу салт-санааларын кантип өтө жакындан кабыл алганынын көрөсөн мисалы катары өзгөчө бөлүп көрсөтөр элем.

Эми кеп эмне тууралуу болуп жатканын ачык айтайын. Классикалык “Ата Журт” менен “Отуз жаштын” автору 1940-жылдарда дүйнө адабиятынын даңгыр жолуна биротоло түшүп, мыкты деген салттарын өздөштүрүп, өз курбалдаштарын бардык жагынан басып өтүп, өмүр деген эмне, өлбөстүк деген эмне, бу турмушта эмне кетет да, эмне калат деген түбөлүк суроолорго чоң ойчул, чоң инсан катары ой толготуп калган кези экен. Ошол жылдары эле Алыкул чыгармалары, аты-жөнү кыргыз тарыхында түбөлүк каларына бекем ишенип, улуу Пушкинди, андан мурунку дүйнө классиктерин туурап, болочок муундарга арнаган эскерме жанрындагы ырларды жаза баштаптыр. Менимче, так ошол кезде, тагыраак айтсам, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кыргыз акыны Пушкинди, андан мурунку Горацийди, байыркы Рим доорунда жашап өткөн классик акынды туурап (же салтын улап), атактуу “Эскерме” деген ырын жазган экен. Ал эми эскерме жазуу салтын дүйнө поэзиясында биринчи баштаган биз атын атаган Гораций болгонун баса белгилей кетели.

Эгер тактап айтсак, байыркы Рим империясынын атактуу акыны Гораций жазган чыгармаларым кийинки муундарга да жагар бекен, көзүм өткөндөн кийин атым өчүп кетпес бекен, деген ойду ойлоп, “Эскерме” аттуу одасын биздин эрага чейинки 40 - 50-жылдарда жазган. Ал оданын латынча аты “Exegi monumentum”, башкача айтканда, “Эстелик курдум өлбөскө” деген сөз. Ал ырда Гораций жазган чыгармаларым эч качан өлбөйт да, жоголбойт, атым түбөлүккө калат, дегендей философиялык ойду айтат. Баса, бул ода эски латын тилинде мындайча окулат:

Éxegí monumentum áere perénnius

Régalíque sitú pýramidum áltius,

Quód non ímber edáx, non Aquilo ímpеtens

Póssit díruere áut ínnumerábilis, ж.б.

Горацийдин бул ырынын ток этер мазмуну: “Мен кол жеткис эскерткич курдум өзүмө; ал эскерткичим темирден бекем, пирамидадан бийик болор, муундан муунга калар”­, - деген ой экен. Кызык жери, ошол Горацийдин классикалык одасынан кийин “эскерме” жазуу деген нерсе өзүнчө бир адабий салтка айланып кетиптир. Башка улуттарды санап отурбайын, бирок орус адабиятында бул салтты адегенде Ломоносов (ал Горацийдин жогорудагы ырын биринчи жолу орусчага которгон), Катенин, Державин уланткан. Кийин Александр Сергеевич Пушкин да Горацийди туурап, эскерме жазган. Анын “Памятник”, башкача айтканда, “Эскерме” деген ырын ар бирибиз мектепте окуп, керек болсо нечен жаттадык го.

Я памятник себе воздвиг нерукотворный,

К нему не зарастет народная тропа,

Вознесся выше он главою непокорной

Александрийского столпа.

Нет, весь я не умру — душа в заветной лире

Мой прах переживет и тленья убежит —

И славен буду я, доколь в подлунном мире

Жив будет хоть один пиит.

Слух обо мне пройдет по всей Руси великой,

И назовет меня всяк сущий в ней язык,

И гордый внук славян, и финн, и ныне дикой

Тунгус, и друг степей калмык, ж.б.

Пушкиндин бул ырынын алгачкы аты Горацийдики сыяктуу “Exegi monumentum” деп аталчу экен, бирок кийин орусча “Памятник” деп атаптыр, ал эми Горацийдин сөзүн ырга эпиграф кылып коюптур. Айта кете турган дагы бир нерсе, Пушкиндин кол жазмасында, түп нускада “финн”, “тунгус”, “калмык” деген калктар менен кошо “киргизец”, “грузинец” деген сөздөр да болгон экен. Бирок кийин акын аларды эмнегедир кыскартып коюптур.

Эң кызыгы, байыркы Рим акыны Горацийдин, андан кийинки Державин менен Пушкиндин адабий салтын улап, кыргыз акыны Алыкул Осмонов да өзүнүн “Эскерме” деген эстелик ырын жазган.

Мен тургузбайм эскерсин деп эскерме,

Эскерсин деп эстетерге эч нерсе.

Кайтпас күнгө калкып кете беремин,

Кайсы күнү тагдырма кез келсе.

Эрксиз сыйлап караңгы көр кереңин,

Сыртта калар аз болсо да керегим.

Билбес жанга өспөс менин бийигим,

Билген жанга өсөр менин тереңим.

Таштан болор, кумдан болор төшөгүм,

Аз болсо да сыртта калар сөздөрүм.

Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,

Буудан болуп таскак салып өтөөрмүн.

Эгер мазмун жана маани жагынан салыштыра келсек, Алыкул Осмоновдун ыры Горацийдин ырынын идеялык маанисин кайсы бир деңээлде кайталайт. Ал эми кыргыз акынынын “Эскермеси” менен Пушкиндин “Эскермеси” да маңызы жагынан абдан эле окшош. Бирок Алыкулдун өлбөстүк, адабияттагы түбөлүктүүлүк маселеси нака кыргыз акынынын сөзү менен айтылган, кыргыз акынынын көзү менен каралган. Дагы да баса белгилеп кетейин, бул жерде тууроо эмес, салтты улоо, болгондо да дүйнө адабиятындагы даңазалуу нарк-санатты жандандыруу аракети жатат. Экинчи жагынан, Алыкулдун “Эскермеси” мазмун жагынан Горацийден деле, Пушкинден деле эч бир калышкан эмес. Бирок эң негизгиси, ырда өзүн болочок урпактар астында классик сезген, өзү өлсө да, сөзү эч качан өлбөсүнө ишенген чоң акындын ишеними, көрөгөчтүгү жатат. Гораций “Exegi monumentum” (“Эстелик курдум өлбөскө”) деп кыял жүгүртсө, Пушкин “Я памятник себе воздвиг нерукотворный” деп ишенимин артат. Ал эми кыргыз акыны болсо өзүнүн улуу устаттарынын жолун, нарк-санатын улап:

Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү

Буудан болуп таскак салып өтөрмүн, - дейт.

Мына ушинтип кыргыз адабияты дүйнө адабияты менен жакындан жанашкан. Анын улуу салттарын уланткан, катарлаша жашап, үзөңгү кагыштырган. Буга өзүнөн 2000 жылдан да мурунураак жашап өткөн Горацийдин, ошол Горацийдин салтын түздөн-түз улаган Александр Пушкиндин нарк-санатын аң-сезимдүү түрдө жандандырган Алыкул Осмоновдун “Эскермеси” эң сонун күбө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG