Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Бир караганда баары эле жазылып, айтылып бүтүп калгандай сезилгени менен, Алыкул Осмонов дале болсо акын катары, тарыхта чоң изи бар инсан катары аягына чейин аңдап-таанылып, анализденип чыгалектей таасир калтырат. Ооба, Алыкул биздин адабияттын тарыхындагы өтө чоң фигура, өзүнчө бир жаткан дүйнө, кыргыз руханиятынын ажырагыс бөлүгү. Ошону менен бирге Алыкул бизге бир катар эмдигиче жандырмагы табыла элек табышмактарды калтырып кетиптир. Ал эмне деген табышмактар эле? Анда кеп ошондон болсун.

Биринчи табышмак - Алыкулдун саясий темага, башкалар күн сайын ураалап аткан Ленин менен Сталин, Маркс менен Энгельс темасына ачык эле кош көңүлдүгү. Эгер Аалыда, Жоомартта, Жусупта Ленин тууралуу жазылган классикалык ырлар бар болсо, Алыкул бул жагынан эч бир көрүнүктүү дегидей чыгарма жарата албаптыр. Жок, күчү жетпегендиктен эмес, акын катары алсыздыгынан эмес, ойчул катары, философ акын катары жасаты, сүрөткерлик табияты таптакыр башкача жаралгандыктан. Акын Совет заманын жериген жок, тескерисинче, жаңы замандын шарапатын, күн сайын өзгөрүп бараткан коомдук турмушту, агартуу иштерин нечен жолу ырга салды, даңазалады. Бирок анын талантынын күчү башка жактан ачылды - Алыкул Ата Журт, сүйүү, музыка, катардагы карапайым адамдар тууралуу жазганда алдына киши салбаган дулдул акын чыкты.

Эмне үчүн Алыкул саясий темага кош көңүл эле? - деген суроо туулат. Бизди эч качан кайдыгер калтырбай турган чоң маселе - Алыкулдун өз доору тууралуу, катаал доору тууралуу ошончолук катуу чындыкты айта алганбы деген маселе. Кыргыздын не бир азаматтары камакка алынып, асты атылып кетип аткан катаал заманга акын кандай мамиле жасаган жана чагылдырган? Эгер чагылдырса, кандай чагылдырган? Алыкулдун чыгармачылыгын изилдеп жатып, бул маселелерден эч качан четтеп кете албайбыз жана анын кереги да жок.

Биздин бул суроолорго ток этер жооп мындай болмокчу: акын өз заманына, Совет бийлигине канча ыраазы болсо да, анын айрым ачуу жактары, репрессиялары менен зордукчулдугу, ашык сөз сүйлөтпөгөн катаал режими аны абдан эле иренжитип, көңүлүн кайт кылган сыяктанат. Башкаларга караганда эл турмушуна абдан жакын, саясий элита менен анча ымаласы жок, карапайым калк менен ынак Алыкул замандын сурданган катаал түрүн баары бир көрбөй-билбей коймок эмес. Нечен замандаштары качан келип НКВД кармап кетет, дагы кимибизди кокус айтылган бир сөз же жазылган ыр үчүн суракка чакырат, түрмөгө камайт деп үрпөйүп отурганын сөзсүз билген жана көргөн. Ал эми ар дайым чындыкты сүйлөгөн жана жазган Алыкул ал тууралуу унчукпай кое алмак эмес. Анын үстүнө:

Мен тансам нандан танам, ырдан танбайм,

Ыра жок өмүрүмө канааттанбайм.

Кудайга миң мертебе калп айтсам да,

Ырыма бир мертебе калп айта албайм - деп жазган дал Алыкул Осмонов эмес беле. Демек, өз заманы тууралуу калп эмес, чын сөздү, акыйкат пикирди коркпой-үркпөй туруп жазуу Алыкул акындын бери болгондо парзы, экинчиден чынчыл акын катары милдети эле.

Ошентип, акындын биринчи табышмагына келели. Эмне үчүн акын 1939-жылы “Лирика” деген даяр жыйнагын “пессимисттик ырлар көп болуп калыптыр” өрттөп жиберген? Ал эмне деген пессимизм эле? Эмне үчүн башкаларды ар күн сайын дарбытып аткан “оптимизм” Алыкулда азайып кетти? Эмне үчүн башкалардай:

Алма берип колуна,

Кучактаткан мойнуна,

Сталин биздин үнүбүз,

Сталин биздин күнүбүз - деп ыр жазбады?

Биздин окумуштуу катары божомолубуз - ал отко салып, өрттөлгөн “Лирика” аттуу жыйнакта Алыкул өзү айткандай асманды “сур булут” чалып, “бороон уруп, кар уруп”, түрү бузулуп турган заманды сөзсүз жазган. Же ошол замандын катуу таасиринде калган. Ансыз да оорукчал жаны кейишке баткан. Ошол ыр жыйнагы Алыкулдун сурданган катаал заманга болгон акындык реакциясы, кыйыр болсо да жообу болгонунда эч бир шек жок. Бирок оору киши этиет, сак болот эмеспи, “оорулуу акын - ар нерсеге жакын” деп өзү да абдан туура жазган. Ошондуктан боор эти менен тең ыр китебин өз колу менен курмандыкка чалып, дал ошол 1938-39-жылдары жазган ырларын отко өрттөп ийген.

Ушундан улам экинчи бир суроо туулат: анда эмесе Алыкул Осмонов өзүнүн катаал заманы, катаал замандын саясий кешпири тууралуу таптакыр эле унчукпай, айтпай-дебей койгонбу? Жок, жазган. Жазганда абдан катуу жазган, боёкторду аябай, жерине жеткире жазган. Ага ачык мисал - атактуу “Ата Журт” ыры.

Жылуу кийин, жолуң кыйын, үшүүрсүң…

Кыш да катуу... бороон уруп, кар уруп,

Суугуңду өз мойнума алайын,

Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин ,

Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп...

Азабыңды өз мойнума алайын,

Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жаз да башка… жел тийбесин абайла,

Көпкө турбас мобул турган сур булут.

Бүт дартыңды өз моюнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Албетте, кимдир-бирөөлөр “бороон уруп, кар уруп кетпесин” деген сөздү сөзмө-сөз түшүнүп, Алыкул кадимки эле асманды каптап бараткан “сур булуттан”, бузулуп бараткан аба ырайынан чочуган экен деп ойлошу толук мүмкүн жана андай адабиятчылар арабызда али да болсо бар. Жок, андай эмес. Бул ыр чын-чынына келгенде каймана символдор аркылуу, сыры ичине катылган код менен, “Эзоптун тили” менен тартылган ошол 30-жылдардын, кызыл террор кычап турган опурталдуу доордун образдык портрети. Муну илимде символизм деп айтабыз, орустун атактуу окумуштуусу жана философу Юрий Лотман айткандай, кодировка жана көркөм шифр деп айтабыз. Мындай сыры тереңге катылып, чыныгы жандырмагы терең ойлонуп, дыкат караганда гана чечиле турган ырлар негизинен тоталитардык коомдордо гана жаралып келген. Мындай чыгармаларды жазуу Пушкин сыяктуу, Лермонтов сыяктуу, биздин Алыкул Осмонов сыяктуу улуу акындардын колунан келе турган иш.

Акырында дагы бир маселе. Ал ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы Алыкулдун орду, б.а. тарыхый мааниси тууралуу маселе.

Биринчиден, Алыкул бүткүл союздук деңгээлге чыккан биринчи кыргыз акыны болду. Акын көзү тирүү кезинде Москвадан чыккан, А. Фадеевдин оң пикирине арзыган “Мой дом” аттуу китеп кыргыз адабияты үчүн чоң жетишкендик эле.

Экинчиден, атактуу адабиятчы Виктор Шкловскийдин тили менен айтканда, поэзиянын тилин, туюнтуу каражаттарын түп-ордунан жаңылады б.а. “новоязды" жаратты. Бир эле мисалды келтирейин: ал айтылуу “Россия” деген ыр. Мен бул төрт сап ырды орус тили менен кыргыз тилинин ширөөсүнөн, чыгармачылык интеграциясынын жаралган ыр, а тили болсо жаңы поэтикалык тил деп айтаар элем. “Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм” деген сап - оручса айтканда “не могу не сказать правду” деген сүйлөм - ошол интеграциянын мөмөсү. Бул - китептен келген тил, китептен пайда болгон “новояз”. Башкача айтканда, профессионалдык адабиятка, ар тарабынан жетилген, бышкан, профессионалдашкан адабиятка гана тиешелүү көрүнүш. В. Белинскийдин Пушкин тууралуу бир макаласында айткан жери бар: Пушкиндин тили андан мурунку В. Жуковский менен П. Вяземскийдин жана француз адабиятынын тикелей таасиринин негизинде жаралган жана түзүлгөн жаңы тил дейт улуу сынчы.

Менин бул жерден айтайын дегеним: Алыкул Осмонов биздин жаңы адабий тилдин, структуралык жактан жаңыланган, маанилик жактан алда канча тереңдетилген поэтикалык тилдин түзүүчүсү болуп калды.

Алыкул болбосо 50-жылдардын этегинде бүчүр байлап, ал эми 60-70-жылдарда күргүштөгөн зор эстетикалык агымга, тагыраак айтканда, өзүнчө адабий доорго айланып кеткен “күмүш кылым” (“серебряный век”) эч качан жаралмак эмес. Алыкул каза болгондон болжол менен 15 жылдай өткөндөн кийин адабий аренага келген “күмүш доор”, адабиятыбыздагы модернизм, ал модернизмдин көлөкөсүнөн бүчүр алып, кийин канатын жайып кеткен поэтикалык импрессионизм менен экспрессионизм ошол кыртыштан азык алып, мөмө байлаган.

Алыкул кыргыз поэзиясында жаңы мектепти түздү деп айтып калабыз. Туура. Эгер ал болбогондо ошол “күмүш доордун” негизги өкүлдөрү болгон С. Эралиевдин, С. Жусуевдин, О. Султановдун, Р. Рыскуловдун, Т. Кожомбердиевдин, Э. Ибраевдин, Ж. Абдыкалыковдун, Н. Жаркынбаевдин, Ж. Мамытовдун, С. Акматбекованын, Р. Карагулованын жаралышы кыйын болот эле. Ал эми бул зор топтун, биз али күнчө баркына жетпей, толук тарыхый баасын бере албай келаткан муундун тили, көркөм каражаттар системасы, интонациясы, поэтикасы ошол Алыкул жиреп кеткен дыңдан башталат жана тамыр алат.

Ошондуктан айтаар элем: А. Осмонов жаңы адабий формациянын негиздөөчүсү болуп тарыхка кирди, өзүнчө бир поэтикалык доордун көч башы жана эркечи болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG