Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

Бүт дүйнө Шекспирдин сахнасы


Лондондогу Christies аукцион үйүнүн кызматкери Шекспирдин пьесаларынын биринчи жыйнагын кармап турат. 2-июнь, 2008-жыл.

Лондондогу Christies аукцион үйүнүн кызматкери Шекспирдин пьесаларынын биринчи жыйнагын кармап турат. 2-июнь, 2008-жыл.

“Бүтүн дүйнө сахна, бардык эркектер жана аялдар анын актерлору" - деген сөз Уильям Шекспирге таандык. 23-апрелде дүйнөдө эң мыкты деп таанылган англиялык драматург, акындын туулгана 450 жыл толду.

Уильям Шекспир киндик каны тамган Стратфорде-на-Эйвон шаарынын чиркөө китебинде 26-апрелде чокундурулган деп катталган. Ал кездеги тарса-христиандардын салты боюнча наристе төрөлгөндөн эки-үч күн өтпөй чокундурулгандыктан, 23-апрель туулган күнү деп алынган. Жазмыштын буйругу экен, Шекспир 1616-жылы 23-апрелде 52-жашка толгон күнү көз жумган.

Шекспир мектепти 14 жашында таштап кетип, университетти бүткөн эмес. Ал өлбөс пьесаларына сюжетти замандаштарынын чыгармаларынан же мурдатан белгилүү окуялардан алып, ийине келтире иштеген. Ошон үчүн калемдеш-замандашы Роберт Грин аны башка жазуучулардын эмгектерин кооздоп, көркөмдөп жатып, топ бузуп чыккан эргул деп сындаган. Бирок Шекспир көзүнүн тирүүсүндө эле байыркы Рим акыны, сүйүү ырлары менен даңкы чыккан Пу́блий Ови́дий Назонго теңелип, мактоого арзыйт. Бул салыштыруу бүгүн кайсы бир талантуу акын-драматургду Шекспир менен салыштыргандай эле кеп.

Шекспирдин улуулугу – адамдын мүнөзүндөгү карама-каршылыктары чебер ача билгенинде деп мүнөздөйт Брюссель университетинин профессору Гольди Бланкофф-Скарр:

-Уильям Шекспир бардык өлкөлөр жана маданияттар үчүн адамзаттын улуу акындарынын бири. Себеби ал өз соннеттеринде жана тарыхый пьесаларында жашоонун эң маанилүү түйүндөрүн, индивидуумдар ортосундагы конфликтерди чагылдырат. Ал ошондой эле адамдын мүнөзүн ачып көрсөтүүнүн устаты. Мени анын чыгармаларынын ушул жагы кызыктырат. Анын тили өтө көркөм. Ошол замандагы Елизавета тили Шекспирдин чыгармаларын абдан лирикалуу кылат. Бирок Елизавета доорундагы англис сөздөрүнүн мазмуну өзгөчө кереметтүү болгондуктан, башка тилдерде аларга эквивалент сөздөрдү табуу кыйын. Котормочулар үчүн ал доордун тилин мыкты билүү зарыл. Ага карабай, Шекспирди дайыма башка тилдерге которо беришет. Ал буга чейин да көп которулду. Мен Шекспирди сүйөм, көптөгөн сонеттерин жана кээ бир драмаларын жатка билем. Ал айткандай, “Бүтүн дүйнө сахна, бардык эркектер жана аялдар анын актерлору."
(Музыкалык берүүнү толугу менен бул жерден угуңуз)

Англис тилиндеги көркөм адабиятта, адистердин айтымында, Уильям Шекспирдин “Гамлет”, “Король Лир”, “Отелло”,”Макбет”, “Ромео жана Жулетта”, “Ричард III” трагедияларынан өткөн мыкты трагедия жок. 1590-1613-жылдары жазылган 37 пьеса азыр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ойнолот. Кыргыз сахнасында “Оттело” трагедиясы 1950-жылы коюлуп, башкы ролдорду кыргыз театрынын болочоктогу сыймыктары ойношкон. Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун эскерүүсүндө:

-Шекспирдин пьесалары негизинен кыргыз тилине которулуп бүткөн. “Оттелону” Алыкул Осмонов, “Ромео жана Жульеттаны” Кубанычбек Маликов, “Король Лирди” Касымбек Эшмамбетов, “Ричард IIIтү” Жукун Иманкулов которгон. “Генрих VI”, “Генрих IV”, “Антоний жана Клеопатра” гана которула элек. Сахнага коюлгандарынын ичинен эң чоң резонанс жаратканы 1950-жылы Свистунов койгон “Отелло”. Анда Оттелонун ролун Муратбек Рыскулов, Дздемонаны - Бакен Кыдыкеева, Эмилияны - Даркүл Күйүкова, Ягону - Сыдыкбек Жаманов, Кассину – Насыр Кытаев, Родригону - Арзыкулов, Брабанциону –Абыгазыр Айбашов, Дожду - Шамшы Түмөнбаев ойногон. Репертуарды жатка билем. Бишкектеги № 5 мектепте окуп жүргөндө жума сайын театрга барчубуз.

Ошондой эле Касымбек Эшмамбетов “Оттело”, “Гамлет”, “Ромео жана Жульетта” пьесаларын, Алыкул Осмонов “12-түндү” кыргызча сүйлөтүшкөн. Минтип Шекспирдин чыгармаларынын жарыша которулуусу, улуу армян калемгери Ованес Туманян айткандай, ал элдердин маданиятынын өнүгүү деңгээлинин чен өлчөмүнө айланган. “Эгер кайсы бир элде Шекспир которулбаса, демек, караңгы, аны түшүнбөсө, демек, али өнүгө элек, эгер бул элдин тили которууга ылайыксыз болсо, демек, өнүкпөгөн,”- деп жазган Туманян 1898-жылы “Гамлет” англис тилинен армян тилине которулуп алгач жарык көргөндө.

Советтик Борбор Азияда Шекспирдин пьесаларынын ичинен биринчи болуп “Гамлет” өзбек тилинде (1935), “Отелло” казак жана тажик тилдеринде (1939) коюлган. Шекспирдин эмгектери кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, татар тилдерине орусчадан которулган. Казак тилине Шекспирди алгачкылардан болуп атактуу Мухтар Ауэзов которгон.

Муратбек Рыскулов 1964-жылы Шекспирдин 400 жылдыгына карата Лондондо өткөн театралдык фестивалда король Лирдин монологун кыргыз тилинде окуганда, залда отурган театр күйөрмандары узак кол чаап, ыраазылык билдиргени айтылып жүрөт. Атактуу бедизчи Тургунбай Сыдыков Муратбек Рыскуловдун айкелин дал король Лирдин образында гранит таштан чеккен.

Уильям Шекспирдин Ош драма театрында коюлган “Ричард III” трагедиясы тууралуу Москвада чыкчу “Театр” журналы 1983-жылы көлөмдүү макала арнаган. Спектаклдин режиссеру Искендер Рыскулов, художниги Юлдаш Нурматов. Бул спектаклде башкы каараман Ричарддын ролун Марат Алышпаев аткарган. “Алышпаев жараткан Ричард мүнөзү жаалдуу, бирок демейдегидей, кебете-кепшири суук эмес. Ричард (Алышпаев- редактор) саясый оюнда чыйралып, кубаты ашып-ташып, кубулуп турат. Аны өзү өлтүрткөн адамдардын канынын жыты жана аялдардын көз жашы коркутпайт, тескерисинче, мас кылат. Ричард түшүндө өлгөн адамдар ордого аны тооруп келишкенин көрүп, биринчи жолу коркот. Марат Алышпаев режиссер менен сценографтын оюн так аткарат, королдун таамай кыймыл-аракетин жанына тынчтык бербеген ички трагедиясы толуктап турат. Актердук ансамбль труппанын мыкты аткаруучулук чеберчилигин күбөлөйт” - деп сүрөттөгөн “Театр” журналы.
(Король Ричарддын монологун Кыргыз эл артиси Марат Алышпаевдин аткаруусунда угуңуз)

Ричард III Англиянын тарыхындагы эң карама-каршылыктуу падыша жана тактыга келүүсү кутумчулук, жашыруун күрөшкө толтура. Король Ричард III Англияга падышалык кылган француз тектүү йорктор тукумундагы акыркы эркек.

“Театр” журналындагы макалада Искендер Рыскулов койгон “Ричард III” драмасы грузиялык атактуу режиссер Роберт Струа Тбилисиде койгон спектакль менен салыштырат жана “Шота Руставели атындагы театрдын спектакли дүйнөнүн жарымын кыдырып чыкты, Ош драма театрындагы Ричард III ашып барса бир сезондо 20 жолу ойнолот, ал эми бөтөн жерлик күйөрмандар көрө албайт” - деген өкүнүч айтылат.

Кыргыз театр күйөрмандары, мурда айтылгандай, Шекспирдин “Король Лири” менен жакшы тааныш десек чоң жаңылыштык болбойт. Бул трагедия боюнча акыркы жүз жылда эле кеминде он көркөм фильм тартылды. Жоолошкон монтекки жана капулетти урууларынан чыккан Ромео менен Жулеттанын трагедиялуу сүйүүсү жөнүндөгү пьеса боюнча 40тан ашык көркөм фильм тартылып, 2 миңден ашык музыкалык чыгармалар, бир нече опера жазылган. Шекспирдин сөзү менен айтканда, “дүйнөдө буга чейин болбогон эң муңдуу сүйүү” жөнүндө орус композитору Сергей Прокофьев 1938-жылы жазган музыкага коюлган балет көптөгөн өлкөлөрдүн сахнасында үзбөй ойнолуп жүрөт.

Уильям Шекспир жазган 154 сонет ырларын көбү кыргыз тилине А. Аширов, Сооронбай Жусуев жана Эрнис Турсунов тарабынан которулган. Сонет деген эмне?

“Сонетти Европанын атактуу гана акындары жана устаттары жазган. Айрыкча Франческо Петраркадан баштап, кийин Уильям Шекспир уланткан. Шекспир чоң трагик-комедиограф болсо да, сонетти келиштире жазган,- деп кепти улантты Эрнис Турсунов. - Анын сонеттерин англис тилин мыкты билген котормочулар Самуил Маршак, Борис Пастернак, Михаил Лозинский сыяктуу чебер устаттар которушкан. Сонетти которуу үчүн поэзиянын тилин да билүү керек. Сонет 14 гана саптан турат. Биринчи формасы: 2 куплети төрт саптан болсо, 2 куплети үч саптан куралып, жалпы 14 сап болот. Экинчи формасы: 1, 2, 3 куплети 4 саптан, аяккы 2 сап жыйынтык чыгарат. Жыйынтык чыгарылып, логикалык-философиялык чекит коюлмайынча, ал сонет болбойт. Философиялык жалпылоо, поэзиялык атрибуттарды мыкты колдонуунун негизинде мурунку саптарды кийинки саптар антитезис болуп, түртүп туруу керек. Ой чыңалып, динамика болушу зарыл. Мына ошондо гана сонет деп айтат.”

Уильям Шекспирдин VI сонетасы Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин котормосунда.

Жыйнала элек күндө гүлдүн баары да,
Пиялада жаз кете элек кезинде.
Ак чач кыштын катуу колу багыңа
Эч тийбесин - болсун ушул эсиңде.

Кымбат салым кошсоң да сен канчалык,
Аны ашырып сен кайра алган адамсың.
Сен өзүңду өзүң алсаң кайтарып,
Он эседен ашык пайда табасың.

Бул дүйнөдө сен жашайсың он жолу,
Өмүрүңдү урпагыңда кайталап.
Сен өлүмдү табалбайсың олжолуу
Көз жумарда өзүң куруп салтанат.

Адамсың сен жоомарт тагдыр тапканың,
Бирге өлөр сонун, мыкты жактарың.


Италияда сонет формасындагы ырлар алгач 13-кылымда пайда болуп, кийинки жүз жылдыкта Франческо Петрарка аны жогорку формага жеткирет жана Европа лирикасынын багытын аныктайт.

Алыкул Осмоновдун ыкласы менен кыргыз маданиятына баш багып кирген Уильям Шекспирдин пьесалары өзүнчө китеп болуп басылып чыкпаганы менен театрлардын сахнасында үзбөй ойнолуп келет. Азыр да Нарын драма театрында “Король Лирдин” жаңы редакциясы ойнолууда. Бул жөнүндө профессор Голди Бланкофф-Скарр айымга айтканымда, Шекспирдин каармандарынын мүнөздөрүн кыргыздардын кабыл алганы, төрт кылым мурда жашаган англиялык драматургдун жалпы адамзатка таандык экенин көрсөтөөрүн айтты.

"Эгер 16-кылымда жазылган спектаклдер кыргызчага которулганы, пьесалардын мазмунун жана каармандар ортосундагы конфликтерди, каармандардын трагедияларыны кыргыздардын түшүнгөнү - Шекспирдин универсалдуулугун көрсөтөт. Анын каармандары жашоонун түрдүү чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, ар биринин жашоосу өзүнө кымбат, бирок сизди көңүл кош калтырбайт, тынчсыздандырат, толкундатат," - дейт бельгиялык шекспиртаануучу Голди Бланкофф.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG