Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Казакстан Кыргызстандан сүт ала баштайт


Казакстан 26-марттан тарта Кыргызстандан сүт азыктарын сатып ала баштайт. Коңшу өлкөгө сүттү экспорттоо укугу азырынча “Бишкек сүт” жана “Кант сүт” комбинаттарына гана берилди. Өткөн жылдын аягында Бажы биримдигинин эксперттери кыргызстандык сүт өндүрүүчү 11 ишкананы текшерип, жогоруда атап өткөн эки ишкананы гана талапка жооп берет деп тапкан.

Коңшу Казакстан рыногуна чыгуу шыбагасы “Бишкек сүт” жана “Кант сүт” ишканаларына гана тийип олтурат. Өкмөт алдындагы санитардык-ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын орун басары Самат Алиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бажы биримдигинин эксперттери талапка жооп бербейт деп тапкан тогуз ишканада деле оркойгон кемчиликтер болгон эмес:

-Текшерип, ишканалар Бажы биримдигинин талаптарын толук билбейт, ветеринардык документтерде жетиштүү маалымат көрсөтүлгөн эмес деген бүтүмгө келишти. Кээ бир ишканаларда колду жуугандан кийин кургатуучу аппараттар жок экен, кээ бирлеринде кичине темирлер дат басып калыптыр, журналдары тиркелбептир ошолорду эске алышты. Бул эми майда-барат кемчиликтер. Эпизоотиялык абалга такап, “малыңар оору экен, албайбыз” деген маселе жок.

Бирок Самат Алиев азырынча үмүттү үзүү эрте деп эсептейт. Бажы биримдигинин эксперттери жүргүзгөн текшерүүдөн кийин өкмөт ал ишканалардагы кемчиликтерди оңдоп, кайрадан документтерди жөнөткөн. Азырынча ага жооп келе элек:

- Ал документтер азыр Казакстанда изилденип жатат. Биз бул эки ишкана менен эле чектелип калбайбыз деген үмүттөмүн. Ал жактагы кесиптештер менен телефон аркылуу кабарлашып жатабыз. Алар дагы бул маселеге чекит коюу эрте деп жатышат. Мынакей, малды идентификация кылуу жөнүндө Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору каралып жатат. Бул дагы аларга ишеним берүүдө. Бирок идентификация бир күндө бүтчү иш эмес да. Түшүнүү менен карап жатышат.

Самат Алиевдин айтымында, Казакстан өткөрбөй жаткан эт жана сүт азыктарына учурда башка мамлекеттерден кызыгуу болууда. Андыктан коңшулар баш тарткан күндө деле башка кардарлар чыгышы мүмкүн:

- Альтернатива деген болушу керек. Кытай мамлекетинен бизге “сүт боюнча болгон маалыматты бергиле” деген кат келди. Биз алар сураган бардык документти топтоп, элчилик аркылуу жөнөткөнбүз. Эми жооп күтүп атабыз. Ал эми Араб мамлекеттери менен эт боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бажы биримдиги талапка жооп бербейт деп тапкан ишканалар ичинде “Талас сүт” заводу да бар. Анын жетекчиси Мырзакан Давлеталиев мындан үч жыл мурда да ушундай окуя болуп, аягы оң чечилгенин айтты. Ал бул ирет да ошондой болот деген үмүттө:

- 2011-жылы Өмүрбек Бабанов өкмөттү жетектеп турганда ушундай болгон. Ошондо алгач беш мекеменин сүт азыктарын өткөрүүгө уруксат берип, кийинкисинде калган бешине уруксат берген. Бул жолу да ошондой болсо керек деп олтурабыз.

“Талас сүт” заводунда Талас, Бакай-Ата райондору менен Талас шаарынын сүтү кайра иштетилет. Мырзакан Давлеталиев казак тарап өткөрбөгөн күндө деле өндүргөн продукция азайбасын билдирди:

- Биз сүттү ала беребиз, иштете беребиз. Рынокту издеп жатабыз, башка жакка чыгып атабыз. Кыргызстан бар, Тажикстан бар. Былтыр деле иштегенбиз. Маселе оң жагына чечилсе жакшы, чечилбесе ошондой аракет кылабыз да эми. Эмне кылабыз анан?

Өкмөттүн маалыматына таянсак, жогоруда уруксат алган эки ишкана Казакстанга күнүнө 90 тоннадан сүттү экспортоону пландап жатышат. Ал эми калган тогуз ишкана боюнча коңшу тараптан жооп келе элек. Эсиңиздерге сала кетсек, Казакстан Кыргызстандан өткөн жылдын октябрь айынан тарта сүт алууну токтоткон. Муну алар Кыргызстанда малдын башын идентификациялоо мыйзамы жок жана өлкөдөгү санитардык-ветеринардык абал начар деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG