Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:23

ЕККУ Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого жана референдумга байкоочуларын жиберүүдөн баш тартты.

Муну уюм Өзбекстан өңдүү бир катар өлкөлөрдөгү шайлоого да барганы жаткандыктан адистери тартыш болуп жатканы менен түшүндүрдү. Айрым талдоочулар ЕККУнун бул кадамын саясат менен байланыштырып жатат.

Кыргызстан бул уюмду июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровго сөз сүйлөөгө аянтча түзүп бергени үчүн айыптаган жана Бишкектеги борборунун макамын төмөндөтөөрүн билдирген.

Кыргыз бийлиги ЕККУга нааразы

Жогорку Кеңеш ЕККУнун Варшавадагы жыйынында июнь коогалаңынын уюштуруучусу делген Кадыржан Батыровго сөз бергенине нааразылык билдирип чыкты.

БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоого жана референдумга көз салуу үчүн байкоочуларын жиберишин өтүнүп, бир катар эл аралык уюмдарга, чет өлкөлөргө чакыруу жөнөткөн.

Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматованын “Азаттыкка” билдиришинче, ЕККУ байкоочуларын жибере албай турганын расмий кабарлады:

- Бизге ЕККУдан "референдум тууралуу кечирээк угуп калганыбызга байланыштуу келе албайбыз" деген расмий жооп келген. Анан эң башкысы, алар декабрь айынын башында Өзбекстанда боло турган президенттик шайлоого, Македония менен Румынияда өтө турган парламенттик шайлоого байкоочулардын баарын жөнөтүп жаткандыктан Кыргызстанга жетишпейт экенбиз деп жооп беришкен.

Бирок ЕККУнун байкоочулары менен каражаты тартыш болуп өкүлдөрүн Кыргызстанга жөнөтө албай калды деген жообуна ынабагандар да бар. Алардын бири БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев эки тараптуу мамилелердин солгундашы менен түшүндүрдү:

- Алардын бир топ өкүлдөрү Украинада жүрөт. Мен акыркы жолу Молдовияда президенттик шайлоого байкоо салганы барганда ал жакта көп өкүлдөрү жүргөнүнө күбө болгом. Бизге эки-үч адамды жөнөтүп койсо эч нерсе деле болмок эмес. Алардын келтирген жүйөлөрү ынанымдуу эмес. Алардын көп байкоочулары Өзбекстанга барганы жатпайбы. Муну эми биздин эки тараптуу мамилелерибиз төмөндөп жатканы менен түшүндүрсө болот.

БШКнын мурдагы мүчөсү Ишембай Кадырбеков болсо дагы башка себептерин атады:

- БУУнун баш катчысы айрым мамлекеттерде референдум аркылуу Конституцияны өзгөртүп жатканын сындаган пикирин билдирбеди беле. Бул дагы таасир этиши мүмкүн. Анан бизде дагы референдумга каршы күчтүү кыймыл болуп жатат. Эки саясий күчкө аралашпайлы деген да ою да бар окшойт.

Ишенбай Кадырбеков.

Ишенбай Кадырбеков.

“Таза шайлоо” ассоциациясынын төрайымы Айнура Усупбекова ЕККУнун соңку кадамын Венеция комиссиясынын Кыргызстандын Конституциясына кире турган өзгөртүүлөр тууралуу корутундусу менен байланыштырды. Бул комиссия Баш мыйзам өзгөрө турган болсо аткаруу бийлиги күчөп, парламент менен сот системасынын таасири, Конституциялык палатанын маани-маңызы азаят деп баа берген эле:

- Адата эл аралык байкоочулар жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго катышпайт. Эгер референдум өткөрүү алдын ала пландаштырылса, чукул белгиленип калбаса анда келишмек. Менимче бул эң негизги себеп болуп калды. Анан Венеция комиссиясы өзүнүн тыянагын чыгарбадыбы. Алар ЕККУ менен тыгыз иштешет. Бул комиссия жол-жобосунун баары мыйзам бузуу менен өттү деп айтты. Анан мындай тыянактан кийин башынан туура эмес өтсө бул референдумга кантип көзөмөл жүргүзүшмөк эле.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Асия Сасыкбаева ЕККУнун шайлоолорго берген баасынын маанилүүлүгүнө токтолду. Алардын байкоочуларын жөнөтүүдөн баш тартканын Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктарга шек келтирип жаткан жагдайлар менен негиздеди:

- Биз бир катар эл аралык мыйзамдарга кол коюп, прогрессивдүү өлкөлөрдүн катарына кошулган элек. Бир катар милдеттенмелерди алганбыз. Ошолордун баарынан азыр кетенчиктеп жатабыз. ЕККУ ошого жооп катары ушундай кадамга барып жатат. Бул уюм эгер демократиялык баалуулуктарга шек келтирген жагдайларды байкашса, мыйзамга, Конституцияга каршы иш-чаралар болсо, аша чаппай, сылык-сыпаа гана айтышат. Бирок алар референдум маалында келип, байкоолорун айтып баасын берсе, мамлекет үчүн деле жакшы болмок.

Кыргызстан менен ЕККУнун алака-катышы мындан эки ай мурун сууй баштаганы айтылган. Кыргызстанда июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров сентябрь айында бул уюмдун Варшавадагы жыйынына катышып кыргыз бийликтерин айыптап сөз сүйлөгөн. Муну расмий Бишкек кескин сынга алган жана көп узабай эле аталган уюмдун борборунун макамын төмөндөтүп программалык кеңсеге айланат деп билдирген.

Кыргызстан ЕККУга 1992-жылдан тарта мүчө, уюмдун Бишкектеги борбору 1998-жылы ачылган эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG