Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

Башкы прокуратура июнь коогасын уюштурган деп сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан кандай жагдайда чыгып кеткени боюнча кылмыш иш козгоп, иликтөө жүрүүдө. Батыров "Азаттыкка" курган маегинде өзүнө байланыштуу суроолорго жооп берди.

"Азаттык": 2010-жылы Кыргызстандан кайсы күнү, кандай жагдайда чыгып кеттиңиз эле?

Батыров: Биринчиден, ушундай мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн сизге рахмат. 19-май күнү Бишкектен Сабиров Алишер Ахмедович деген депутатты (“Ак-Жол” партиясынын депутаты) Роза Отунбаева “Батыров менен сүйлөш, Кыргызстандан бир-эки күн чыгып турса, биз Бакиевге өткөн жарандарды өзүбүзгө буралы. Бизде кырдаал кыйын болуп жатат” деп жибериптир. Аны менен милициянын полковниги Исажан Өмүракунов 19-май күнү кечинде мага келишти. Андан кийин Исмаил Исаков, Бакыт Алымбеков, Алишер Сабиров 19унан 20-майга оогон таңда университетке келишти. Бизден университеттин ректору, мен, менин жардамчым Абдусаламов Улукбек чогулуп сүйлөштүк. “Кадыржан, бизге кыйын болуп атат, мына ипподромдо болгон нерсе биздин беделибизди түшүрдү, бизге бир мүмкүнчүлүк бериңиз, Кыргызстандан үч-төрт күн чыгып туруңуз, биз кыргыз жарандарынын башын бириктирип алалы, анан кайра келесиз. Андан кийин чогуу иштешебиз” деп суранышты. Мындай кырдаалда мага кандай кепилдик бардыгын сурасам “Сиз камсанабай чыга бериңиз, посттордун бардыгына айтылды, эч кандай тоскоолдук болбойт” дешти.

"Азаттык": Сиз кайсы күнү чыгып кеттиңиз?

Акырында мени алдап чыгарып жиберип, артымдан кылмыш ишин ачышты. Университетке болгон чабуулду мени уюштурду дешти, ал эми чыныгы чабуул койгондор "баатыр" болуп чыга келишти.

Батыров: 20-май күнү таңда алар менен сүйлөшкөндөн кийин чыгып кеттим.

"Азаттык": Кантип жана кайда чыгып кеттиңиз?

Батыров: Машинеге отуруп эле түз чыгып кеттим. Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында Кайрак-Кум деген суу сактагыч бар. Ошол жерде Кыргызстандын кичинекей жери бар, мен ошол жакка чыктым. Телефон бар. Эч кандай жашыруун нерсе болгон эмес. Убактылуу өкмөттүн көбү билет, айрыкча Каптагаев мени менен телефон аркылуу байланышып жатты. Бардык маалыматты айтып турушту. Акырында мени алдап чыгарып жиберип, артымдан кылмыш ишин ачышты. Университетке болгон чабуулду мени уюштурду дешти, ал эми чыныгы чабуул койгондор "баатыр" болуп чыга келишти. Кийин Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Исаков менен Бекназаров бул жаңжалга аралашкан деп уктум.

"Азаттык": Сиз ошол чек арадагы суу сактагычта канчасына чейин турдуңуз?

Батыров: 10-июнда мен турган жерге өзбек лидерлери келди. Салахидинов, Абдрасулов, Абдусаламов, Эргешов дагы башкалар төрт-беш машине болуп мага келишти. Алар ага чейин 5-июнда Бишкекке барып, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолуккан эле. Мен аларга Убактылуу өкмөткө барып, эмне үчүн мени төрт-беш күн чыга туруңуз деп жалган айтып коюшканын сурагыла дегем.

"Мамлекеттик кызматты соодалашкан эмесмин"

“Батыровду ким качырды?” деп атышат, Батыров эч качан качкан эмес. Убактылуу өкмөттүн өтүнүчү менен гана Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткен.

"Азаттык": Алар Бишкекте Убактылуу өкмөттөн кимдер менен жолугуп, кандай маселени коюшту?

Батыров: Тактап айтсам, алар Бишкекте Отунбаева, Атамбаев, Каптагаев, Бекназаров менен сүйлөшкөн. Алар өзбектердин маселесин койгон. Сиз билгендей ал учурда көчөдөгү кылмыш дүйнөсүнүн балдары кырдаалдан пайдаланып дароо баш көтөрүштү. Конституциялык реформа боюнча маселе коюлган. Салахидинов Оштогу темир жолдогу жаңжалды чечүүнү кабыргасынан койгон. Бакиевдердин тарабында болгон Кара Айбекти Сүйүн Өмүрзаков камакка алам деп, аларды кармаган эмес, мына ушул суроо да коюлган.

"Азаттык": Убактылуу өкмөттүн жообу кандай болгон?

Батыров: Кадыржан бир аз сабыр кылып турсун, бул жактагы кырдаал жөнгө салынганда өзүбүз чакырабыз дешиптир. 10-июнда лидерлер менин алдыма келгенде “Мен аларга ишенбейм. Алар мени алдап жатышат. Мага каршы кылмыш ишин ачышты. Кылмышкерлерди жоопко тартуу ордуна мени куугунтуктап атышат. Бул жерде катылган "бомба" бар. Мен кайтайын”, - дедим. Балдар болсо “Ушунча ишенген соң дагы бир жолу ишенип койчу. Алар Кадыржан кайтпай турсун деп суранышты” дешти. Мен кайткан жокмун. Алар кетип баратып жолдон мага телефон чалып, “Ошто жаңжал башталыптыр” дешти. Алардын УКМКдагы тааныш достору “Силер келбегиле, бардык жерде силерди аңдып жатышат, келсеңер атып салышат” дешкен экен. Анан алардын бардыгы Өзбекстанга кирип кетишиптир.

"Азаттык": 10-июнда сизге жолукканы кимдер барды?

Батыров: Өзбек борборунун президенти Салахидинов, Абдрасулов Иномжан, Абдусаламов Улукбек, Эргешов Вахиджан, Акбаров Азимжан баштаган жыйырмадай киши. Алардын аттарын азыр толук айта албайм. Алар мага келгенде “Биз менен Бишкекте жакшы сүйлөшүү болду, аларда жаман ой жок, сиз бир аз сабыр кылыңыз, кайтпай туруңуз” деп өтүнүштү. Мен калдым, алар кетишти. Кыргызстандан ушундай жагдайда чыктым. Булар азыр “Батыровду ким качырды?” деп атышат, Батыров эч качан качкан эмес. Убактылуу өкмөттүн өтүнүчү менен гана Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткен. Анан мени киргизбеш үчүн жанагы иштерди жасашты.

Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова “Кадыржан, сага кандай укуктук жардам керек. Университетиң, балдар бакчалары баары талоонго түшүп жатат – кандай укуктук кеңеш керек” деп чалып, бир ооз айтып коюшкан эмес.

"Азаттык": Ошол жерде турганда Убактылуу өкмөттөн ким менен байланышып турдуңуз?

Батыров: Мен Убактылуу өкмөттөн Эмил Каптагаев менен байланышып турдум. Ал мен айткан суроолор боюнча маалыматтарды текшерип, мени менен байланышып турду.

"Азаттык": Эмил Каптагаев жакында эле медиа каражаттарына берген маегинде, ага чейин Фейсбуктагы баракчасына дагы “Убактылуу өкмөттөн Батыров менен эң көп жолуккан Алмазбек Атамбаев болгон” деп айтты. Сиз муну тастыктайсызбы?

Батыров: Тастыктайм.

"Азаттык": Канча жолу жолуктуңуз эле?

Батыров: Мен чыгып кеткиче эки жолу Бишкекке келдим. Ошондо эки-үч жолу Роза Отунбаева, эки-үч жолу Алмазбек Атамбаев менен сүйлөштүм. Ошол жолугушууларда бир топ маселелерди коюп, сүйлөшкөнгө жетишерлик убакыт болду. Ал маселелер тууралуу убагы келгенде сизге интервью берем.

"Азаттык": Батыров Бишкекке келип, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолукканда мамлекеттик жогорку кызматтарга өзбек улутунан дайындоо тууралуу сүйлөшкөн деген маалымат көп айтылууда. Чын эле мамлекеттик кызматты соодалашуу болду беле?

Батыров: Мамлекеттик кызматты эч качан соодалашып болбойт, менде андай мүнөз жок. Сиз билгендей, Курманбек Бакиевдин тушунда анын инилери Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын бөлүп алган. Бардык жерде булардын өз адамдары отурду. Мына ошол жерлерден Бакиевдин кишилерин алып салып, бүгүнкү революцияны колдой турган кыргыз-өзбек адамдарын аралаш кылып дайындайлы деген маселе коюлду. Элдин ишеними болсун деген туура сөз болгон. "Өзбек эли дагы уктап отурбай катышсын, өз укуктарын талап кылсын, эмнеге дайыма көчөгө кыргыз чыгат да, өзбек чыкпайт. Чыксын" деген сөздөр болгон. Сиз Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп ушул жерде отуруңуз деди, мен андан баш тарттым. “Мен бул жерде болууга моралдык укугум жок. Шайлоолор өтсүн, андан кийин келебиз. Азыр менен Жалал-Абадда болбосом, Бакиевдер дагы көп жамандык жасайт” деп Жалал-Абадга кеткем.

"Азаттык": 2010-жылы апрель, май айларында кырдаал күчөп турганда андан пайдаланууну көздөдүңүз беле, кандай жеке кызыкчылыктарыңыз болду эле?

Батыров: Ошто Давран Сабировдун атасынын атына коюлган мектеп бар экен. Ошол жерде туруп бир кескин сөз айттым. Убактылуу өкмөт чакыргандан кийин "Бишкекке барганда эмне сөз айтайын, талкуулап, бир пикирге келели" дегенде эл чогулду. Бул апрелдин этеги эле. Ошондо мен “Азиз туугандар, биз 20 жыл ушул демократияны күттүк. Эми мына Убактылуу өкмөт бизди чакырып жатат, эмне маселелерибиз бар. Аларга барардан мурун силер менен талкуулап алып, анан ошол маселелерди коеюн” дедим.

Аны болсо маалымат каражаттарындагы улутчул журналисттер “Кадыржан автономия талап кылды, түштүктү бөлүп алам деди” деп бурмалап элге жеткизишти.

"Азаттык": Ошол маалда өзбек тилдүү телеканалдар сиздин эл алдында туруп, “ушул мезгилди 20 жыл күткөнбүз” деп сүйлөп жаткан видео тасманы көрсөтүп жатышты. Ал тасма эмнени далилдейт?

Кадыржан Батыровду "качыруунун" табышмагы

Башкы прокуратура 2010-жылы Батыровдун өлкөдөн качканын уюштуруу боюнча кылмыш ишин иликтей баштады.

Буга чейин Батыров июнь коогасын уюштурууга айыпталып, сот аны сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарган. Анын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү чечими чыккан.

Батыров: Ооба, ал тасма бар. 15-майда Жалал-Абадда университетте 10 миңдей киши чогулган жерде сүйлөп, “Мына кечээги окуяда көрдүңүздөр, губернаторду кайра өз ордуна койдук. Убактылуу өкмөт бийликти алды, Жалал-Абадда Бакиевдер жок. Укук коргоо органдары мыйзам боюнча иш жүргүзсүн, ал окуяда 64 адам жарадар болду, эки киши өлдү. Кара Айбекпи же башка кылмыштуу топтор болобу, Бакиевдерби же алардын туугандары болобу, аларга тиешеси бар милиция, УКМК кызматкерлери кармалсын. Эгер силер кармай албасаңар, биз аны өзүбүз аткарууга мажбур болобуз” деп айттым.

"Бекназаров жардам сураган"

"Азаттык": Сиз ошол жерде "Убактылуу бийликтин колунан келбесе, биз өзүбүз кармайбыз" деп айтыпсыз. Сизде ошондой күч, куралдуу топторуңуз бар беле, сиз кимге ишенип айттыңыз эле?

Батыров: Эл. Элге ишенип айткам. Ага чейин мен Бекназаров менен сүйлөштүм. 15-майда ал мени губернатордун орун басары Тайкожо Гиязов аркылуу чакырды. Өзү болсо облустук прокуратуранын бир имаратында бекинип жаткан экен. Ал “Кадыржан, азыр милиция менен УКМКга эч кандай ишеним жок. Жалал-Абаддагы мейманкананы Бакиевдерден бошоткула дагы, ошол жерге жаштардан 300-400 кишиден турган элдик кошуун чогулттурам. Ал үчүн прокурорго тапшырма бердим. Сен, досум, 150-200 өзбек жигитин бер. Кошуун уюштуруп өзүбүз тынчытпасак, милиция, УКМК түтпөйт. Алар сатылган. Шернияз келип, уят болуп кайра кетти. Мен уят болгум келбейт, азыр кыдырып, баарын камайм. Кыргыз-өзбек кошулган элдик кошуун ошол мейманканада жатат, бардык жарак-чопкуту менен камсыздалат, 5000 сомдон айлык төлөнөт” деди. Мен ушуну элге айтсам болобу деп сурадым. “Айт, элдин арасында аскер адамдары, армияда кызмат кылгандар, мыйзамды түшүнө тургандар бар, курал-жарак колдонгонду билгендери, адамдар менен мыйзам тилинде сүйлөшө алгандар бар. Ошолор документтерин берсин” деди. Мен элге келип, булар кылбаса, элдик кошуундун күчү менен жасайбыз деп ошону айттым. Мен элге Бекназаровдун сөзүн гана жеткирдим.

"Азаттык": 2010-жылы июнь окуясы маалында Убактылуу өкмөт менен байланышууга аракеттендиңизби?

Батыров: Эч кимиси телефонду албай койду. Менде Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин, Эмил Каптагаевдин телефон номерлери бар эле. Азыр көптөр мени Текебаев менен байланыштырып жатат. Текебаев менен өмүрүмдө эки гана жолу Акаев менен Бакиевдин тушунда беттешип сүйлөшкөм. Көчөдөн көрүшүп калсам саламдашып койчубуз. Болгону ошол.

"Азаттык": Кыргыз-тажик чегинде турган жериңизден качан, кайсы өлкөгө кеттиңиз?

Убактылуу өкмөттүн компроматтар чабуулу

Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси үзөңгүлөш жана атаандаш саясатчылардын, партиялардын ыркын кетирди. Соңку компроматтар согушу эмне менен бүтүшү мүмкүн? Саясий тирештен улам тагдыры арсар турган көпчүлүк коалиция акыры тарайбы? Алты жылдан бери катылып жаткан Кадыржан Батыровдун ишин көтөрүү менен бийлик акыйкаттыкты издейби же убактылуу өкмөт мүчөлөрүн куугунтуктайбы?

Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасында ушул жана башка суроолорго жооп изделди. Талкууга - Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутат Узарбек Жылкыбаев менен 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев катышты.

Батыров: Бакиевдер Тажикстанда экен, тажиктерге атайын өтүнүч жиберилсин деген сөздөрдү ошол жерде отуруп телевизордон көрдүм. Кыргызстандын телевидениеси көрсөтөт да. Анан кеңешчиме “Бакиевдер ушул жерде экен. Кандайдыр бир проблема болуп калбасын, чыгып кетели” дедим. Өзбекстанга чыктым. Июнь окуялары бүттү, жаңылбасам 20-июлда чыктым. Наманганда, Ферганада, Анжиянда Кыргызстандан качып өткөн балдар менен учураштым. Андан кийин Ташкентке барып, ал жерден дагы балдар менен учураштым. Алар кайра Кыргызстанга кайталы дешти, менде да ошондой ой-пикир бар эле. Кийинчерээк балдар келип, “азыр кайтып барсак, жаңы жаңжал чыгат” деп калышты. Өзбекстандын жогору жагындагылар дагы менин Кыргызстанга кайтышымды каалашпаптыр. "Өзбекстанда калышыңыз мүмкүн эмес экен, сиз чыгып кетиңиз" деп айттырышыптыр. Мен билет алып, Дубайга балдарыма учуп кеттим. Ал жерде балдарым менен үч-төрт күн турдум. Кийин балдарымдын коопсуздугу үчүн аларды Түркияга көчүрдүм. Өзүм болсо Украинага Крымга келдим. Крымда экеним Кыргызстанда билинип калды, Башкы прокуратура Киевге мени өткөрүп бергиле деп өтүнүч жөнөтө баштады. Анан Улуттар Уюмунун Качкындар комиссариаты чакырып, сиздин коопсуздугуңуз коркунучта деп, бир жарым күндө документ жасап беришти. Анан Швецияга чыгып кеттим. Ошондон бери Швецияда турам.

"Азаттык": Кыргызстандагы таанымал эки укук коргоочу Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова Варшавада өткөн эл аралык жыйынга катышкандан кийин катуу кысымга кабылышты. Ал жерге сиз дагы барыпсыз. Укук коргоочуларды сиз менен байланышы бар деп айыптагандар чыкты.

Батыров: Мен дароо эле ачык айтайын. Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова канча жылдан бери укук коргоочу болуп жүрүшөт. Мына менин башыма кандай иш түштү, ошондо алардын бири да “Кадыржан, сага кандай укуктук жардам керек. Университетиң, балдар бакчалары баары талоонго түшүп жатат – кандай укуктук кеңеш керек?” деп чалып, бир ооз айтып коюшкан эмес. Алар Варшавада менин алдымда өздөрүн ыңгайсыз сезип отурушту. Алар менен эч кандай байланышым болгон эмес. Алар менден уялып отурушту.

Сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун сөзү боюнча өз аргументин айткысы келген бардык тараптарга "Азаттыктын" микрофону ачык.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG