Буга президент тарабынан берилген көрсөтмөдөгү атайын кызмат таап чыккан жаңы жагдайлар себеп болду. Саясатчы Азимбек Бекназаров бул иш азыркы президент Алмазбек Атамбаев ошол кезде күч түзүмдөрүн көзөмөлдөгөн комиссияны жетектеген учурдан баштап иликтенүүгө тийиш экенин айтып чыкты. Ошол кездеги баш прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев болсо июнь коогасына чейин Кадыржан Батыровго кылмыш иши ачылбаганын айтты.
Жаңы ачылган жагдайлар
Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь коогасынын алдында Жалал-Абад менен Ошто чагымчыл аракеттерге барган деген негизде иш козголгону жарыяланган. Бирок Кадыржан Батыров кармалбай, өлкөдөн чыгып кеткен эле.
Жакында президент мына ошол жагдайды эстеп, Башкы прокуратурага аны качыруу фактысын иликтөөнү тапшырган. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага караштуу мекемелер аралык тергөө тобу түзүлдү. Аталган органдын маалымат борборунун өкүлү Алманбет Абдраманов жаңы жагдайлардын негизинде козголгон иш иликтенип жатканын мындайча белгиледи:
- Президент тапшырма берип жатканда “жаңы жагдайлар пайда болду, УКМК таап чыккан маалыматтарга иликтөө ишин жүргүзүү керек” деп айткан. Ошого байланыштуу “кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чек арадан мыйзамсыз өтүп кетиши” боюнча айтылган жагдайлар иликтенип жатат. Тергөө эми анын кандайча жана кандай жолдор аркылуу өлкөдөн чыгып кеткенин аныктайт. Анын кантип качып кеткени боюнча жаңы маалыматтар түшкөн. Ал маалыматтар тергөө кызыкчылыгына байланыштуу ачык айтылбайт.
Жоопкерчилик каяктан башталат?
Буга чейин Кадыржан Батыров июнь коогасын уюштурууга айыпталып, сот аны сыртынан өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ошондой эле анын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү чечими чыккан. Ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров Кадыржан Батыровдун качып кетишине жол берген жагдайлар үчүн ириде азыркы президент жооп берүүгө тийиш экенин айтты.
Азимбек Бекназаровдун айтымында, ал кезде күч түзүмдөрүн Алмазбек Атамбаев көзөмөлдөп турган:
- Күч түзүмдөрүнүн бардыгын өзүнө каратып, көзөмөлүнө алган. Ошол тополоңдун алдын алуу Алмазбек Атамбаевге жүктөлгөн. Ошол буйруктан кийин анын бардыгы Атамбаевдин милдетине кирип калган. Демек биринчи кезекте Атамбаев жоопко тартылышы керек. Тергөө мына ошол Атамбаев жетектеген комиссия эмне иш кылганынан башташы зарыл. Анан бизди дагы текшерсин. Азыр эми президент Атамбаев “Убактылуу өкмөттүн жоопкерчилиги каралсын” деп жаткан маселени парламент 2011-жылы эле айтып чыккан. Алты жылдан бери кимге кандай баа берилди?
Күч түзүмдөрүн көзөмөлдөгөн комиссия
Ошол эле кезде интернет булактарында “өлкөдөгү коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча комиссия түзүүнү” караган Убактылуу өкмөттүн буйругу делген документтин көчүрмөсү жарыяланды. Анда бул комиссиянын төрагасы болуп азыркы президент Алмазбек Атамбаев дайындалганы көрсөтүлгөн. Комиссияга ал кездеги башкы прокурордун милдетин аткаруучу жана башка күч түзүмдөрүнүн жетекчилери мүчө болгон. Ошол кездеги башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев мындай деди:
- Ошол учурда биз Алмаз Атамбаевдин алдына барып, отчетубузду берип, чогулуштар болуп турган. Ал киши чынында эле биздин ишти координациялап, көзөмөлдөгөн. Аны биз жаап-жашыра албайбыз. Мына ошондой буйрук чыккан да. Ал кездеги чыңалуу болуп турганын жыйында биз комиссия төрагасына билдирип турганбыз. Ошол мезгилде Үсөн Сыдыков баш болгон адамдар мурдагы бийлик режимин колдоп чыгып, кырдаал тынч эмес болчу. Алар ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, митингдерге чыгып келишкен. Ошол митингдерге каршы өзбек тектүү жарандарды чыгаруу иштерин менин баамымда Убактылуу өкмөт өзү эле уюштуруп, Кадыржан Батыров сыяктуу лидерлерге кайрылып турган деген божомолум бар.
Батыровго июнь коогасына чейин иш козголду беле?
Анткен менен Байтемир Ибраев июнь коогасы чыкканга чейин эле Кадыржан Батыровго кылмыш иши козголгон деген маалыматты жокко чыгарды. Мына ошондуктан Байтемир Ибраевдин айтымында, июнь окясына чейин ал башка жарандар сыяктуу эле өлкөгө эркин кирип-чыгуу укугуна ээ болгон:
- Кадыржан Батыровго тергөө органдары “эч жакка чыкпоо” тууралуу милдеттенме бергенден кийин кимдир бирөө ага жардам берип чыгарып кетсе, анда ага укуктук баа берсе болот. Бирок июнь окуясы болгонго чейин Батыровго чара көрүлгөн эмес да. Демек, Кадыржан Батыров башка жарандардай эле ары-бери кирип-чыгып турганга укуктуу эле. Мына ошондуктан азыр ушул маселени териштирүү учурунда тергөө ал жагдайларды кылдат карап чыгат болсо керек. Бул жерде Кадыржан Батыровго карата качан кылмыш иши козголгон? Ага качан издөө жарыяланган болчу деген сыяктуу маселелерди такташ керек.
Бирок жогорудагыдай билдирүүдөн кийин Кадыржан Батыровду качыруу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн кажети барбы деген суроо жаралды. Болбосо, 2010-жылы май айында Жалал-Абаддагы кандуу окуялар боюнча Кадыржан Батыровго кылмыш иши козголду деп жарыяланган жагдайдын чын-бышыгын эми тергөө органдары иликтеп чыга алабы деген маселе турат.
Ошол эле кезде Азимбек Бекназаров июнь коогасына чейин эле Батыровго кылмыш иши козголгонун, бирок аны кармоого мүмкүн болбогонун айтып келген эле. Чет элде жүргөн Кадыржан Батыров өзү июнь окуясына чейин эч жакка качпаганын жана Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсүнүн суранычы менен сыртка чыгып турганы боюнча маек курган.
2010-жылы май айында Жалал-Абаддагы окуялардагы эки жаат кагылышуудан улам, адам өмүрү кыйылган учурлар катталган.