Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

"Санпада" жабыркагандар бийликке нааразы


Жалалабаддыктар бүгүн “Санпа” пахта тазалоочу заводдун жанында болгон 2010-жылдын 12-июнундагы окуянын курмандыктарын эскерип, куран окушту.

Эскерүү иш-чарасы Ош-Бишкек жолунун боюндагы эстелик-монументинин жанында өтүп, ага жүзгө жакын адам катышты. Гүл кармагандар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коогада курман болгондорду эскеришип, аларга багыштап куран окутушту.

"Бийлик жабырлануучуларды унутууга акысы жок", - деди коогада бир тууганын жоготкон Байыш Асанов:

- Кезегинде Убактылуу өкмөт бир топ токтомдорду токуган. Окуяга баа берилип, жабырлануучуларга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт деп айтылган. Былтыр ал токтомдорду өкмөт жокко чыгарып салды.

Жабырлануучуларга мамлекеттин камкордугун талап кылган Асанов коогада башкы күнөөкөрлөрдүн бири саналган Кадыржан Батыровдун ушул күнгө чейин талаш-тартышта келаткан мүлктөрүнүн бир бөлүгүн жабырлануучулардын балдары үчүн эс алуучу жай кылып коюуну бийликтен сурады:

- Ошол мүлктөрдүн ичинен бирөөн Ош жана Жалал-Абадда коогада курман болгондордун балдары эс ала турган мекеме кылып уюштурса болот.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева жабырлануучуларга бийлик көрүп жаткан камкордуктар тууралуу маалымат берди:

- 2010-жылы Ош менен Жалал-Абадда болгон калабада 442 жараныбыздан айрылдык. Ал эми алардын 86сы облустун атуулдары болушкан. Мамлекет бардык жабырлануучуларга камкордук көрүп, материалдык жана моралдык жактан жардам көрсөтүп келатат. Мындан сырткары май жана июнь коогасында курман болгондордун элесин тубөлүккө калтыруу максатында атайын монумент орнотулуп, ал да жергиликтүү бийликтин карамагына жана камкордугуна алынган. Мындан сырткары бардык жабырлануучуларга турак жайлар берилди. Жылда маркумдарга арналып куран түшүрүлүп, сиздер менен бирге эскерип келатабыз.

2010-жылдын июнь коогалыңа тиешеси бар деген шек менен Жалал-Абад облусу боюнча учурда 38 адам эл аралык издөөдө жүрөт. Бул тууралуу облустук милиция башчысынын орун басары Марат Шайбеков билдирди. Каргашага байланыштуу 90дон ашык кылмыш иши козголуп, алардын 60% бети ачылган:

- 2010-жылдагы каргашага айыптуу деп табылып, тергөөдөн качып жүргөн 51 адамга издөө жарыяланып, анын 13ү кармалган. Калган 38 адам эл аралык издөөдө. Алардын ону Орусияда, экөө Өзбекстанда жана бирөө Швецияда жүргөнү аныкталган. Орусияда кармалган үчадамды экстрадициялоо тууралуу тийиштүү кагаздар жөнөтүлгөн. Ал эми Интерполго берилген он адам боюнча аталган кызмат издөө жарыялоодон баш тарткан.

Расмий маалыматка караганда, 2010-жылдын июнь коогасында 442 адамдын өмүрү кыйылган. 12-июнь күнү Ош – Бишкек жолундагы "Санпа" пахта тазалоочу заводунун жанындагы каргашада 16 адам набыт болуп, экөө дайынсыз жоголгон. Ошондой эле тогуз автоунаа өрттөлгөнү айтылат. "Санпа" окуясына тиешеси бар деген 19 адам кармалып, алардын 17си өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Жалал-Абад: июнь окуясы эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

XS
SM
MD
LG