Линктер

Башкы прокуратура Санпа окуясы боюнча айыпталган Шамшидин Ниязалиевди бошотуп жиберген Жалал-Абад облустук сотунун мурунку үч судьясына кылмыш ишин козгоду.

8-июнда экөө камакка алынды, үчүнчүсү тергөө маалында качып кеткендиктен изделип жатат.

2012-жылы күзүндө Жалал-Абаддагы Сузак райондук соту Ниязалиевди июнь коогасынын уюштуруучусу катары айыптап өмүр бою эркинен ажыраткан, бирок облустук сот 150 миң сом айыппул салып бошотуп жиберген. Ниязалиев болсо дароо изин жазгырып кеткенге үлгүргөн жана ошондон бери издөөдө жүрөт. Айыпталган мурунку судьялардын жактоочусу кылмыш иши козголушун айыптап жатат.

Башкы прокуратура өткөн айдын башында Шамшидин Ниязалиев боюнча "сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарган" деген айып менен Жалал-Абад облустук сотунун мурунку судьялары Амангелди Молдобаевге, Тилек Батырбековго жана Атамбек Маматовго кылмыш ишин козгогон.

Учурда ишти Жалал-Абад облустук прокуратурасы тергеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облус прокурору Өткүрбек Жамшитов билдирди:

- Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө облустук прокуратуранын тергөө бөлүмү тергеп жатат. 2016-жылдын 8-июнунда кылмышка шектүү адам катары Амангелди Молдобаев менен Тилек Батырбеков кармалып, азыр Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бирок экөө тең "кокусунан жүрөктөрү кармап калды" деген диагноз менен шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына эмес, оорукананын кайтарылган палатасына жаткырылганы белгилүү болду. Тергөө маалында изин жазгырды деген үчүнчү адам - Атамбек Маматов дале изделип жатат.

Бул үч адамга 2013-жылы алар облустук соттун судьясы болуп турганда облус прокурору кылмыш ишин козгогон эле. Бирок судьяларга башкы прокурор гана иш козгой алат деген мыйзам жобосуна ылайык, материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Бирок быйылкы жылга чейин белгисиз себептер менен унутта калып келген.

Үч мурунку судья тең кылмыш иши козголгонго чейин адвокат болуп иштеп жаткан. Атамбек Маматов былтыр Оштун Чоң-Алай районуна судья болуу үчүн Сотторду тандоо кеңешине арыз берип, алардын кароосунан өткөн, бирок президентке барганда жыдыган.

Орусиянын жарандыгын алган, Сузак районунун тургуну, кримчөйрөдө “Шам” деген каймана ат менен таанымал Шамшидин Ниязалиев 2010-жылы июнь окуясына чейин уюшкан кылмыш тобунун анабашы катары милициянын көзөмөлүндө болгон. Кылмыш дүйнөсүнүн тили менен айтканда Сузак боюнча “положенец” деген наам алып жүргөнү айтылган.

Ниязалиевге 2010-жылы июнь коогасынан кийин эле издөө жарыяланган. Алгач 2011-жылы Орусияда камакка алынган, бирок тез эле бошоп кеткен. Андан кийин 2012-жылдын башында Казакстанда кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. Санпа окуясын иликтеген тергөө тобунун өкүлүнүн ырасташынча, Ниязалиевге “мыкаачылык менен адам өлтүрүү, калайман башаламандык уюштуруу” өңдүү 16 эпизод боюнча айып тагылган:

- Шамшидин Ниязалиев боюнча тергөө жүрүп жатканда жабырлануучулар анын ошол окуяларды уюштуруп жүргөнүн таанып айтып беришкен. Ошол массалык башаламандыкты уюштуруп жүргөнү, жабырлануучуларды тоногону, аларды барымтага алганы, адамдарды мыкаачылык менен өлтүргөнү, жолдо бараткан унааларды ок атып токтоткону, дагы башка аракеттеринин баары тергөөдө далилденген.

2012-жылдын этегинде Ниязалиевди Сузак райондук соту өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок 2013-жылдын башында облустук сот оор беренелердин баарын кыскартып, 150 миң сом айыппул салып бошотуп жиберген. Ниязалиев ошондон бери издөөдө жүрөт. Ниязалиевге туура эмес чечим чыгарган деген облустук соттун мурунку судьяларынын адвокаты Сатарали Камбаралиев аларга кылмыш иштин козголушун айыптап жатат:

- Азыр буларга туура эмес өкүм чыгарган деп иш козгошту. Өздөрү болсо иштин бул жери чала, тигил жери чала деп туруп, кайра тергөөгө айдап жиберди. Ал иш андан ары барып кыскарып кетеби же сотко жетсе деле тигилер акталып кетеби, азырынча белгисиз. Кылмыш иши мөөнөтүнөн мурда козголду. Эгер Шамшидин Ниязалиевдин иши тергелип бүтүп, Жогорку Сотко чейин жетип, ошол райондук чечим күчүндө калса гана буларды күнөөлүү десе болот. Азыр эрте, шашылыш козголду. Ишти прокуратура өзү суранганынан кайра тергөөгө жөнөтүшкөн. Ал иш ошондон ары кыскарып кетсе эмне болот? Далил жок деп сот актап жиберсе эмне болот? Анда буларды камагандар жооп берет да.

2010-жылдын 12-13-июнь күндөрү Жалал-Абаддын Сузак районунда "Санпа" пахта заводунун жанында миңдей адам Ош-Бишкек кан жолун тосуп, буктурма уюштуруп, андан өткөндөргө кол салган. Ал окуяда он адам өлтүрүлүп, экөө дайынсыз жоголгон.

Санпа окуясы боюнча 19 адам кесилген. Алардын бирөө жашы 65тен ашканына байланыштуу 25 жылга, калгандарынын баары өмүр бою эркинен ажыратылган. 2012-жылы камалгандардын бирөө түрмөдө муунуп өлгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG