Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Сулайманов: Кыйноо үчүн жазалангандар өтө аз


Нурдин Сулайманов
Нурдин Сулайманов

Кыргызстанда камактагыларды кыйноо фактыларын аныктоо иши жакшырганы менен жазага тартылгандар өтө аз болууда. "Азаттыктын" суроолоруна Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов жооп берди.

“Азаттык”: Укук коргоочулар милициянын убактылуу кармоочу жайларында, тергөө абактарында кылмышка шектүүдөн "керектүү" көрсөтмө алуу үчүн көпчүлүк учурда кыйноо ыкмасы колдонуларын айтып келишет эмеспи. Сиз жетектеген мекемеге абак, интернат сыяктуу жабык жайларды эскертпей барып текшерүү, мониторинг жүргүзүү укугу берилген. Кыргызстанда кыйноолор боюнча жалпы абал кандай болууда?

Сулайманов: Кыйноо азая баштады деп толук ишендире алам. Биз 2013-жылы Башкы прокуратуранын курамында атайын бөлүм ачылса жыйынтык болот деп жазганбыз. Бул сунушубузду мурунку Башкы прокурор Аида Салянова колдоп, баштап берген. Азыркы жетекчи Индира Жолдубаева ишти улантып, аягына чыгарды. Андыктан учурда Башкы прокуратурада кыйноолорго каршы бөлүм иштеп жатканында биздин салымыбыз бар.

“Азаттык”: Кыйноого кабылгандардын саны боюнча кандай маалымат бере аласыз?

Сулайманов: Башкы прокуратурада ачылган атайын бөлүм жарым жыл ичинде 33 кылмыш иш козгоду. Бул чоң көрсөткүч деп эсептейм.

“Азаттык”: Былтыр?

Сулайманов: Ооба, 2015-жылдын июнь айынан баштап.

“Азаттык”: А сиздердин борборго кайрылгандарчы?

Сулайманов: 2014-жылы бизге 70тен ашык арыз түшкөн. 2015-жылы 162 адам кайрылган.

“Азаттык”: Демек арыздангандар көбөйүүдө...

Сулайманов: Көбөйгөндүн себеби мындай. 2014-жылы биздин кызматкерлер 500дөн ашуун текшерүү жүргүзгөн. Ал эми 2015-жылы 900гө жакын. Ошондуктан арыздардын саны да көбөйдү.

Былтыр каттоого алынган 162 арыздын бери дегенде 50% мындан 5-10 жыл мурда болгон окуяларга байланыштуу экен. Биздин борборго ишеним пайда болуп, кайрылгандардын саны өсүүдө.

“Азаттык": Ал эми кыйноо кылгандар тиешелүү жазасын алып жатабы?

Сулайманов: Биздин борбордун негизги максаты – жазага тартуу эмес, эркиндигинен ажыраган, чектелген адамдарга карата жасалчу кыйноолорду алдын алуу жана алардын жашаган шартын жакшыртууга көмөктөшүү. Ал эми жазалоо, кыйноо фактыларын азайтуу – бул түздөн-түз Башкы прокуратура, сот системасынын жана Ички иштер министрлигинин милдети болуп эсептелет.

“Азаттык”: Сиз жогоруда Башкы прокуратура 33 кылмыш ишин козгогонун, бул жакшы көрсөткүч экенин айттыңыз. Эмнеге негизделет бул оюңуз?

Сулайманов: Себеби 2014-жылы болгону 16 кылмыш иш, 2013-жылы 17-18 иш козголгон. Ал эми былтыр жарым жылда эле 33 болду. Башкача айтканда, жарым жылдык көрсөткүч ага чейинки эки жылдан да жогору.

“Азаттык”: Ошол иштер аягына чыгып, камактагыларды кыйнаган кызматкерлер жазаланып жатабы?

Сулайманов: Албетте, мамлекет бул жаатта маанилүү кадамдарды жасап жатат. Бирок, тилекке каршы, Башкы прокуратурада атайын бөлүм ачылып, ал жакшы иштеп жатканына карабастан, сот системасына барып такалууда. Көптөгөн иштер тергелип бүтүп, сот органдарына өткөрүлүп берилүүдө. Бирок ал жакта 3-5 жылга чейин каралып бүтпөй, аягына чыкпай жаткан иштер бар. Ошондуктан жазага тартылгандар өтө аз.

XS
SM
MD
LG