Линктер

Аян жана баян


"Улуу дастандагы өчпөс элестер" аттуу көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн бири. 08.12.2011.

"Улуу дастандагы өчпөс элестер" аттуу көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн бири. 08.12.2011.

Мындан эки миңдей жыл илгери пайгамбармын деп зикир чалган дубаналар өтө көбөйүп кеткендиги тарыхтан белгилүү. Азыр да ошондой тенденция байкалууда. Олуямын, көзү ачыкмын, арбактар менен сүйлөшөм, тагдырыңды айтып берем, жолуңду ачам, душманыңды алсыратам, каалаган аялдын (же аялга – эркектин) башын айлантып берем дегендер толуп кетти. Мындай майда «чайкоочулардан» тышкары дин менен бакшылыкты аралаштыра чоң саясатка колдонгондор да чыгууда. Маданий чөйрөнүн мавродилери элдин карайлап турган абалынан кыянат пайдаланып жатат. Ошондуктан аян, түш, эргүү сыяктуу кубулуштардын табияты жөнүндө чогуу ой жүгүртүп көрүүнү сунуштайм.

Түзүктөп жоруй албасаң, түшүңдү сууга айта бер

Табияты жагынан аянга жакын бир катар кубулуштар кездешет. Мисалы, гипноз – бул психологиялык ыкмалардын жардамы менен, мисалы, түш көрүп жаткандай абалга келтирүү аркылуу жок нерсени бардай кабылдоого кишини ынандыруу. Айрым оорулардан муютуу жолу менен сакайткан же айыкпас илдетке чалдыкканмын деп өзүн ишендирип алуудан арылткан учурлар да кездешет. Мунун дагы бир түрү – көз боочулук, б.а. кыймыл-аракеттин ыкчамдыгы менен жасалчу фокустар.

Аянга окшош, өтө сейрек учурларда чындап эле аян болгон, бирок көбүнчө бүдөмүк элестердин башаламан кошундусундай таасир калтырган көрүнүш – бул түш. Түштүн сапаты (айкындыгы, «аяндыгы») адамдын акыл-эс күчүнө, аң-сезиминин кудуретине, зээнине да жараша болот. Атактуу Александр Грибоедов өңүндө эле планын түзүп, жарата баштаган «Акылдан азап» комедиясынын көп келкилерин түшүндө жазган. Айлап-жылдап бир нерсенин сырын талбай издеген окумуштуулар да илимий зор ачылышты түшүндө жасаган учурлар болгон.

Түшүндө көргөнүн толук эстеп кала албай, бүдөмүк жерлерин же чаласын ойдон чыгарылган окуялар менен толуктап айткандар да көп. Чындап эле аян алган (тагыраагы, кызыктуу идея тапкан) болсо да, өзүмчүл, пайдакеч, аты чыкпаса жер өрттөөгө даяр пенделер «көктөн» же «аркы дүйнөдөн» келген маалыматты (илимий тил менен айтканда – чыгармачыл идеяны, сюжетти, композицияны же версияны) чаташтырып, тайыздантып, бурмалап алышат. Пушкин аксымдык менен өзүмчүлдүк илхам перисин үркүтөт; чыныгы талант берешен, кең пейил болот деген ойду бекеринен айткан эмес.

«Аяндан» күчтүү эргүү бар

Аян дээрлик ар бир адамга келиши ыктымал, бирок напсинин кулу бойдон калып, көр пенделик мүдөөдөн башын өйдө көтөрө албагандар муну апыртып, көбүртүп-жабыртат, «суу» кошуп көлөмүн арттырат. Алардан миң эсе зор касиети бар инсандар өздөрүнүн ыктыярын, көз карашын, дүйнө таанымын башкаларга мындай митаам жол менен таңуулабайт. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдой, Алыкул Осмоновдой же Лев Толстойдой, Александр Пушкиндей залкар жазуучулар, акындар, диний же илимий багыттагы ойчулдар, сүрөтчүлөр жана башка чыгармачыл инсандар эч качан өздөрүн олуя же пайгамбар деп атаган эмес, алардын талантына таазим кылгандар ушундай атаган кезде деле нукура таланттуу адамдар чынчылдыгынан, сыпайылыгынан тайган эмес.

«Ой-бай, Эсеке, олуя-машаягыңмын, мазарыңмын, пириңмин деп саган кашан айттым эле?! Мени минтип жипсиз байлап бердиң эле, Жеңижок бычаксыз мууздап салды!» - Бул Майкөт акындын Эсенаманды жемелегени.

Мургаптагы кичинекей манасчы

Мургаптагы кичинекей манасчы

Аянга абдан окшош болгондуктан, аны менен эң көп чаташтырылып жүргөн дагы бир өзгөчө кубулуш – бул эргүү. Намаз окуш үчүн даарат алуу (сергектене даярдануу), турмуш-тиричиликтеги бардык санааларды унутуп, көңүлдү бир гана кудайга буруу керек болгондой, эргүү үчүн адам чыгармачылыкка баш оту менен кириши зарыл. Эргүүнүн күчү адамдын жигерине, талантына жараша болгону жакшы. Ошондо ар ким өзүнүн чыгармачыл дареметин толук ача алат да, өз деңгээлинен ашпаган, бирок төмөн да эмес ыр, поэма, аңгеме, повесть, сүрөт ж. у. с. чыгарма жаратат. Эгер эргүү адамдын дареметинен ашыкча болсо, анын башына өтө зор, татаал идея келсе, күчү жетпеген ишти аткарам деп адам мертиниши (акылдан азышы) ыктымал. Ажайып эргүү периштеси адамга кайталангыс жагдайда, бир гана ирет келип, анан «каалгый учкан бойдон» биротоло кетип калышы да мүмкүн. Ушундай мисалды Стефан Цвейг «Бир түндүк гений» деген документалдуу аңгемесинде эң сонун баяндаган.

Бир эле идея ар башка кишинин акылына келиши мүмкүн. Аны ар ким көрөңгөсүнө жараша жүзөгө ашырат. Анан кажыбас кайрат, өжөрлүк, сабырдуулук, эмгекчилдик керек. Ошондо деле талантың жок болсо, Моцарттын керемет симфониясы эмес, Сальеринин «так эсептелген симметриялуу» музыкасындай ортозаар эле бирдеме жаралат.

Бүбү Мариям менен Шарыпкул Эсенгуловдун «Айкөл Манасын» анча-мынча эргүүнүн жана көп жылдар бою улантылган калемгерлик эмгектин натыйжасы десек болчудай. Бул жердеги арбактын (Жайсаңдын) «авторлугун» кадимки эле композициялык алкак ыкмасы катары кабылдаган оң. Мисалы, А. Пушкин «Белкиндин повесттерин», М. Лермонтов «Биздин замандын каарманы» романындагы негизги сюжеттик түрмөктү окурманга башка бирөөнүн кол жазмасы катары тааныштырган. Бирок Пушкин менен Лермонтовго Бүбү Мариям менен Ш. Эсенгуловду чыныгы деңгээлдери боюнча эмес, ушул ыкманы колдонгон жагынан гана окшоштурууга, салыштырууга болот.

Сыпайынын сырын ук

Бүбү Мариямбы, башкасыбы, каалагандай сюжеттин негизинде колунан келишинче жазып, өзүнүн версиясын сунуштай берсин. Жазганы нукура көркөм чыгарма болобу же түп нусканын жансыз сөлөкөтү, көлөкөсү, анча-мынча бурмаланган туурандысы болобу – бул башка маселе.

Бүбү Мариямдын «Айкөл Манасы» аянбы же баянбы? Бул суроого жоопту ар ким өзү издегени оң. Э. Абдыжапаровго жана башкаларга бул китеп укмуштай гениалдуу, ыйык, көктөн түшкөн кут болуп көрүнөт экен. Бул ар кимдин жеке иши. «Табит жөнүндө талашпайт» эмеспи. Бирок: «Бүбү Мариямдын касиетине ишенбегендер эч качан КЫРГЫЗДЫН КАСИЕТИНЕ ишенбейт!..» - деп элдин баарына таңуулаган, макул болбогондорго акаарат кылган жарабайт.

Бул китептин кол жазмасын алып келишкенде, раматылык Салижан Жигитов ача салган жеринен эле бир топ каталарын, өксүктөрүн байкаган экен. «Аянчылар» ошол жерлерин оңдоп же белгилеп бериңиз деп суранганда: «Көктөн түшкөн кереметтин төгөрөгү төп болушу керек эле, андайды оңдоп-түзөгөнгө акыбыз да жок. Керемет эмес, кадимки эле пенденин жасаган иши десек гана каалаганча редакциялай берсе болот», - деп жооп кайтарган.

Салижан Жигитов

Салижан Жигитов

Менимче, эгер аздыр-көптүр жазуучулук, акындык таланты бар Шарыпкул Эсенгулов менен Бүбү Мариям деген мифологиялык адабий атты тандап алган эже эпостун кылымдар бою кыргызга белгилүү болуп келген салттуу өзөк (магистралдык) сюжетин жалганга чыгарууга далбаса кылбаганда, булардын китеп жазганына, атүгүл «Манастын» окуяларын аян аркылуу алдык дегенине да эч ким каршы турмак эмес. Эмне үчүн Жалил Садыков жазган «Манастын уулу Семетейди», Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манасын», Фере, Власов жана Малдыбаевдин «Айчүрөгүн», атүгүл Семен Липкиндин «Манас великодушный» («Айкөл Манас») китебин эч ким жерибеди? Алардын версиялары эч кынтыксыз, абсолюттук акыйкатка төп келгендиги үчүнбү? Жок. Тескерисинче, бирден бир чындыкты мен гана билем, башкалардын баары дөөрүп келген деп оолукпагандыгы үчүн, ар бири канчалык таланттуу болсо да, сыпайылыгын сактай билгендиги үчүн чыгармалары оң кабыл алынды.

«Манаска» байланыштуу мурда да боло келген деп Э. Абдыжапаров эскерген чырдуу жагдайлар менен азыркы талаштын принциптүү айырмасы мына ушунда. К. Тыныстановдун, Т. Жолдошевдин, Е. Поливановдун, З. Бектеновдун, Т. Байжиевдин, Т. Саманчиндин тагдырына тоталитардык идеология балта чапкан. Ал эми сексенден ашкан Токомбаевдин кадыр-баркын бүткүл союздук басма сөз (мисалы, «Комсомольская правда» гезити) Айтматов менен «Манаска» эле эмес, кыргыз тилине да каршы артиллериялык чабуул жасоо үчүн пайдалангандыгы да «интернационализм» ураанына жамынган империялык саясаттын соңку соккусу болду.

Жазуучулар салттуу сюжеттерди эркин интерпретациялаган мисалдар адабият тарыхында көп эле кездешет. Атүгүл христиандардын башкы ыйык китеби саналган Библиянын өзөк окуясын да Михаил Булгаков менен биздин Чыңгыз Айтматов метафора катары колдонушкан. Ал эми элдик оозеки поэмалардын жана Курандын негизинде Жусуп менен Зулайка ж.б. баяндарын Чыгыштын улуу акындарынын дээрлик баары өз-өзүнчө оригиналдуу чыгарма жазышкан. Бирок ушундай залкар таланттар деле Иса пайгамбардын жана башка тарыхый, мифтик каармандардын чыныгы баянын мен тактадым деп айткан эмес. Анткени алар дүйнөнү кабылдоодогу көп варианттуулукту жокко чыгарбай, ар бир инсандын акыл-эсин, жекече ой жүгүртүү эркиндигин сыйлаган.

Томас Манн «Иосиф жана анын бир туугандары» романында чыгарманын идеясын контрапункт ыкмасы менен таасирдүү кылып берүү үчүн Библиянын Эски осуятындагы Жусупка (Иосифке) чейинки пайгамбарлардын окуяларын «андай эмес, мындай болгон» таризинде чечмелеп, илимий-таанымал стилге жакындатып баяндаган жерлери бар. Романды машинкада терген аял: «Чындыгында баары кандай болгонун эми гана билбедимби!» - дегенде, автор анын байоолугуна жылмайган экен.

Гипноз, транс, бакшылык ырым-жырымдар, зикир чалуу, дуба окуу, көзү ачыктык кылуу сыяктуу каадалардын баарын аралаштырып, «Манаска» чаптай берген жарабайт деп ойлойм. Бул теңдешсиз зор дөөлөтүбүздү ар кайсы «ортомчулардын» майланышкан колуна кармата бербешибиз керек. Олуя, машаяк, пайгамбармын дегендерге да сокурчасынан жетеленип калбайлы. Көөнөргүс көркөм сөздүн океаны болгон «Манастын» касиети булардын баарынан өйдө, баарынан бийик. Буларга көп алагдыланбай, андан көрө наадандыктан арылууга, көкүрөгүбүздү агартып, дилибизди тазартууга, Улуу Сөздүн терең мазмунун өз акылыбыз менен жетик аңдап билип, «байыркы кыргыз рухунун туу чокусун» Айтматовдун деңгээлинде түшүнүүгө умтулганыбыз оң. Ар кайсы шылуундарга алдана бербей, сергек ойлонсок, талапты катуу койсок, саясатчылар да көп былгып-быкшыбай тазараак иштегенге аргасыз болот.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, адабиятчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG