Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Обаманын биринчи бюджети


АКШ -- Президент Барак Обама өзүнүн биринчи бюджети тууралуу конгрессте сүйлөп жатат.26-февраль 2009-жыл.
АКШ -- Президент Барак Обама өзүнүн биринчи бюджети тууралуу конгрессте сүйлөп жатат.26-февраль 2009-жыл.

Бейшемби күнү президент Барак Обама конгресске 2010-жылдагы бюджеттин долбоорун сунуш кылды. Анын жалпы көлөмү 3,5 триллион доллардан ашат. Долбоорду Обама “чынчыл бюджет” деп мүнөздөдү.

Конгресстеги сөзүндө Барак Обама кыска мөөнөттө америкалык үй-бүлөлөрдүн мүшкүлүн жеңилдетип, экономикага түрткү берүү зарылдыгын белгиледи.

“Бул финансылык тартипти кайра калыбына келтиргенде гана мүмкүн болот. Ошондо биз туруктуу өнүгүүгө жана көңкү баарынын бакубатчылыгына жетишебиз.Конгресстин кароосуна сунуш кылып жаткан бюджеттин максаты дал ушунда турат”,-деп айтты Обама.

Обаманын өкмөтү үчүн жаңы финансы жылы быйыл 1-октябрдан башталат.Алдыдагы жыл үчүн бюджет 3 триллион 600 миллиард доллар суммасында каралган. Андан саламаттык сактоо тармагынын муктаждыктарына 634 миллиард доллар сарп кылынат.

Обама былтыр шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө саламаттык сактоо системасын жакшыртууну өзүнүн башкы максаттарынын бири деп атаган эле. Ошол убадасын аткаруу үчүн ал кризистин айынан жумушсуз калгандарга медициналык камсыздоо акысын төлөй алгыдай кылып колдоо көрсөтө турганына калкты кайрадан ишендирди.

Керегесинен май тамган байгерлер жана өз өндүрүшүн чет өлкөлөргө которуп кеткен ишкерлер үчүн салыктардын деңгээли жогорулатылат,ал эми калктын 95 проценти үчүн жеңилдетилет.

Бюджетте мындан тышкары 250 миллиард доллар резерв каралат,ал америкалык банктарды кокустан шашылыш түрдө кайрадан куткаруу зарыл болуп калганда керектелет.

Обама сунуш кылынган долбоордо өлкөдөгү экономикалык кырдаал так эсепке алынганын белгиледи. Президенттин айтымында, бул чынчыл бюджет болот,анын ичинде Ирак менен Ооганстандагы операциялардын наркы да так көрсөтүлөт.

Обаманын эсебинде ушул эки уруш бир жарым жыл ичинде 200 миллиард доллар чыгымды талап кылат.

Ушу тушта бюджеттин тартыштыгы 1 триллион 750 миллиард долларга же ички дүң продукциянын 12 процентине барабар.Мындай дефицитти АКШ 1942-жылдан бери көрө элек болчу.

Быйыл октябрга чейин Обама аны 1,17 триллион долларга түшүргөнгө аракет кылмакчы. Өкмөттүн пландары боюнча 2013-жылга барып бюджет тартыштыгы ички дүң продукциянын 3 процентине барабар болууга тийиш.

Долбоордо көрсөтүлгөн цифралар азырынча болжолдуу санактар,алардын баары апрелде биротоло такталат.

XS
SM
MD
LG