Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Тил билгендин капчыгы калың


Кыргызстанда 46 котормо фирмасы иштейт.
Кыргызстанда 46 котормо фирмасы иштейт.

Экиден ашык тил билүү азыр жеке билимди арттыруу гана эмес ишке орношууда, киреше табууда чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачууда.

Дүйнөдө котормочулук жаатында айланган капитал 33 жарым миллиард долларга жетип, 2020-жылга чейин бул сумма 42 процентке көбөйөрү күтүлүүдө.

Котормочулук ишмердүүлүгү глобалдык экономикадагы кыйынчылык тартпаган, анын таасири астында калбаган жалгыз тармак, - дейт Америкадагы Lowell Mass аттуу аналитикалык фирманын эксперти Натали Келли.

2010-жылдан 2020-жылга чейин котормочулук тармагындагы өсүш 42 процентке жогорулайт. 2012-жылы тил котормолору менен алектенген компаниялардын глобалдык кирешеси 33 жарым миллиард доллар деп табылган. 2005-жылы эле бул көрсөткүч 20 миллиард долларга жете элек болчу. Дүйнөдө 26 миңден ашуун компания бул тармакта иш алып барып, 2011-жылы котормочулардын мамлекеттик органдарга төлөгөн салыгы 100 миллион доллардан ашкан.

Жакында эле La Stampa гезити Нью-Йорк шаарынын ар бир үчүнчү тургуну англис тилин билбейт, андыктан шаар башчылары котормочуларды ишке чакырууда деп кабарлаган.

Лондон, Бээжин, Нью-Йорк, Москва сыяктуу мегаполистерде бир нече тил билген адамга жумуш табуу оңой жана алардын айлыгы бир тилде гана сүйлөгөндөрдөн 15 же 30 пайызга чейин жогору. Америкада 2013-жылы котормочулар орто эсеп менен жылына 42 миң 420 доллардан 77 миң 140 долларга чейин маяна алары белгиленип, тилмечтер өз кирешесинин башка кесиптерге салыштырмалуу аз экенине нааразы болушкан.

Акыркы жылдары интернеттен кызмат көрсөтүү ыкмасы өрчүгөн сайын котормочулардын да жумуш табуу маселеси жеңилдеди. Азыр тилмеч болуп иштегендердин бир сааттык кызматы орто эсеп менен 25 долларга бааланууда. Коңшу Орусияда жүздөгөн котормо агенттиктери иштеп, алардын жалпы жылдык кирешеси 250 миллион доллардан жогору. Бирок Орусиядагы котормочулук бизнестин көбү Европа, АКШ жана Түштүк Чыгыш Азияга багытталган. Акыркы мезгилде Кытай тилинен которгондордун да эмгеги жогору баалана баштады.

Кыргызстанда котормочулук менен жалпысынан 46 фирма алектенет. Тилмечтердин айлык кирешеси Батыштагыдай болбосо да, өлкөдөгү орточо айлык акыдан бир нече эсе жогору же мыкты деген котормочу айына миң доллардан ашуун каражат табат. Бишкектеги "Проф-Лидер" котормо агенттигинин каржы иштери боюнча директору Жаныбек Саатов котормочулук кесип заманбап технология өнүккөн сайын кыргыз элине пайдалуу боло берет деген ойдо:

- Котормочулук абдан жакшы кесиптердин бири. Анткени инсан руханий жактан, билимин арттыруу үчүн да бул иш чоң салым кошот. Ошондой эле тилмечтик менен киреше табууга да мүмкүн. Азыр бизде абдан көп мүмкүнчүлүктөр ачылды. Google, Samsung, iPhone сыяктуу ири компанияларда күн сайын ар кандай жаңы программалар чыгып турат. Ошонун баарын азыр кыргызчага которуу керек. Мындан албетте, жеке эле бул компаниялар эмес, биздин котормочулар да киреше табат да. Азыр жакшы иштеген котормочунун бир айлык маянасы миң АКШ долларынан ашат. Орточо айлык бизде 200-300 доллар болсо, демек алардын кирешеси жакшы эле да.

1999-жылы ЮНЕСКОнун алдында эл аралык Котормочулардын федерациясы түзүлүп, ага дүйнөнүн чар тарабынан 88 миңден ашуун тилмеч мүчө болгон. Канада, Германия, Дания сыяктуу өлкөлөр көп тил билген адамдарды жумушка тартуу экономикалык өнүгүүнү шарттоочу атайын мультилингвистикалык мамлекеттик өнүгүү стратегиясын кабыл алган. Бизде болсо котормо кызматын көрсөтүү тармагы жеке адамдардын гана демилгеси менен иштеп жатат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG