Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Ишкерлик турмушта эмес, кагазда илгерилөөдөбү?


Мунай жана газ өңдүү табигый байлыгы жок өлкөлөрдө чакан жана орто ишкерлер экономиканын арка бели катары каралат. (Сүрөттө Бишкектеги бир кийим тигүү цехиндеги тигүүчү.)
Мунай жана газ өңдүү табигый байлыгы жок өлкөлөрдө чакан жана орто ишкерлер экономиканын арка бели катары каралат. (Сүрөттө Бишкектеги бир кийим тигүү цехиндеги тигүүчү.)

Кыргызстанда кийинки жылдары ишкерликти жөнгө салган укуктук эрежелер жакшырганын эл аралык уюмдар да белгилешүүдө.

Бирок кагаздагылар менен турмуш чындыгы ортосундагы айрыма али чоң.

Кыргызстан быйыл дагы үч орунга секирди

Дүйнөлүк банк менен Эл аралык каржы корпорациясы жакында “Бизнес жүргүзүү -2011” ( Doing Business -2011) деп аталган жаңы жылдык баяндамасында Кыргызстанды 183 мамлекеттин ичинен 44-орунга жайгаштырды. Баяндамада тигил же бул өлкөдө 2009-жылдын июнь айынан 2010-жылдын май айына чейинки экономикалык өзгөрүүлөр анализге алынган. Баяндаманын негизги авторлорунун бири, Эл аралык каржы корпорациясынын эксперти Светлана Багаудинова “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, былтыркы баяндамада Кыргызстандын орду 41-деп көргөзүлгөнү менен алар колдонгон жаңы методология боюнча өлкөнүн рейтинги дагы үч баскычка жогорулаган:

- Быйылкы жылы “Бизнес жүргүзүүнүн” акыркы рейтинги тогуз индикатордун негизинде эсептелди. Былтыр болсо он индикатордун негизинде саналган. Биздин индикаторлордун биринин азыр методологиялык жактан кем-карчы толукталып жатат. Ушундан улам биз баардык өлкөлөрдүн былтыркы жылкы рейтингин тогуз индикатордун негизинде кайрадан эсептеп чыктык. Анын негизинде Кыргызстандын былтыркы орду 47- деп белгиленди. Ал эми быйылкы жыл үчүн жаңы методология боюнча турумун чын эле дагы үч баскычка жакшыртып, 44-орунду ээледи.

Тигил же бул өлкөдө бизнес жүргүзүүгө түзүлгөн шарт боюнча рейтингди аныктоодо Дүйнөлүк банк менен Эл аралык каржы корпорациясынын эксперттери “ишкананы каттоо”, “курулушка уруксат алуу”, “менчикти каттоо”, “инвесторлордун корголушу”, “кредиттөө”, “салык төлөө”, “ишкананы жоюу”, “келишимдердин аткарылышын камсыздоо”, “эл аралык” соода өңдүү тогуз индикаторду эсепке алышкан. Баяндаманын автору Светлана Багаудинованын айтымында, өткөн бир жыл аралыгында Кыргызстанда ишкерлерге фирма ачууда талап кылынган эрежелердин саны дагы бирге азайган. Ошондой эле фирманын банкрот деп табуу жараяны жеңилдетилип, бирок анын жоюлушун бир топко узарткан жаңы эрежелер киргизилген. Башкача айтканда фирманы ачууга бир нече эле күн кетсе, жабууга бир нече жыл талап кылынышы мүмкүн.

Эреже жеңилдеди, бирок жаңы ачылган фирмалар азайды

Кыргызстанда колдонулган аныктама боюнча тигил же бул ишкана жүгүртүүдөгү каражатына эмес, иштөөчүлөрүнүн санына жараша чакан, орто же ири деп бөлүнөт. Алсак, эгерде 50ге чейин кызматкер иштесе ал чакан, 50дөн 250гө чейин кызматкери бар ишкана орто, 250дөн өйдө адамды жумуш менен камсыз кылган ишкана ири деп аталат.

Эмерек чыгаруучу кичи ишканалардын бири. Бишкек.
Адатта Кыргызстанда чакан жана орто бизнесте иштегендердин басымдуу бөлүгү фирма же жоопкерчилиги чектелген коом ачуу эмес, патент аркылуу иштөөгө артыкчылык беришет.

Патент алуу албетте фирма ачууга жана аны тейлөөгө караганда оңойураак. “Бизнес жүргүзүү” рейтингин аныктаган эл аралык каржы корпорациясынын эксперти Светлана Багаудинованын айтымында, алар рейтингди аныктоодо фирма ачуу аркылуу жүргүзүлгөн бизнес үчүн түзүлгөн шарт-жагдайды гана эсепке алышат жана баа берүүдө жеке сектордон да маалымат чогултуп, кабыл алынган мыйзамдар менен эрежелер иш жүзүндө кандай аткарылып жатканына да кызыгат:

- Биз мыйзам орто жана чакан ишкерлик чөйрөсүндө кандай колдонуп жатканына карайбыз. 183 өлкө боюнча алып жаткан маалыматтарыбыздын баары алардын өзүнөн, көбүнесе жеке сектордон келет. Башкача айтканда биз тигил же бул өлкөнүн мыйзамы турмушта кандай колдонулуп жатканын түшүнүү үчүн практик юристтерди, архитекторлорду, курулуш компанияларын, логистика, жүк ташуу менен алектенгендерди сурайбыз. Мыйзамдын тамгасына эле эмес, турмушка да кызыгабыз. Айрым учурларда мыйзамда бир норма, бир мөөнөт жазылып бирок ишкерлер ал мөөнөт аралыгында ишкананы каттоо же документ алуу мүмкүн эмес деп айткан учурлар кездешет. Андыктан биз баарынан мурда ошондой ишти өз башынан өткөргөн жеке сектордон алынган маалыматтарга таянабыз. Мен биздин баяндама ишкерлердин өлкөдө алардын жумушун жөнгө салуу канчалык талаптагыдай жүрүп жатканы боюнча түшүнүгү же сезими эмес, маалыматтардын жыйындысы деп айтаар элем.

Ишканаларды, же тагыраак айтканда жоопкерчилиги чектелген коомдорду каттоодон өткөрүүчү Адилет министрлигинин маалыматтары боюнча буга чейин каттоо иштери он күндүн аралыгында ишке ашса, 2009-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирген мыйзам боюнча учурда үч күндүн ичинде мамлекет казынасына 232 сом төлөө менен бүткөрүүгө болот. Адилет министрлигинин юрикдикалык жактарды каттоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Кубан Казаков ишканалардын каттоо оңойлогонун мындайча түшүндүрдү:

- Азыр жоопкерчилиги чектелген коомдор өзүнүн уставын, уюштуруу келишимин каттоого тапшырбайт. Ал баягы ички документ болуп калды. Азыр каттоо үчүн ченелүү гана документтерди: уюштуруучулардын паспортунун көчүрмөлөрү, жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү, каттоо жөнүндө чечим жана каттоо арызы талап кылынат. Ушул төрт эле документти тапшырат. Башка документти тапшыруунун кажети жок.

Бирок Кубан Казаков “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда жаңы ачылган фирмалардын саны азайган:

- Биз отчетубузду түзгөндө коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар деп бөлөбүз. Жоопкерчилиги чектелген коом коммерциялык уюмдардын катарына кирет. Былтыркы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча мындай 2790 уюм катталса, быйыл ушул мөөнөт ичинде 2012 уюм катталып жатат.

Экономика илимдеринин доктору, КМШ өлкөлөрү институтунун аймактык филиалынын Бишкектеги жетектөөчү эксперти Аза Миграняндын пикиринде да, кийинки жылдары Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин ишин жөнгө салган укуктук эрежелер бир топ жакшырды, бирок алардын баары аткарылып жатат деп айтыш кыйын:

Аза Мигранян

- Ооба, чын эле укуктук, административдик жактан шарт-жагдай (бизнес үчүн) салыштырсак Борбор Азияда, балким а түгүл КМШда эң жагымдуу деп айтууга болот. Бирок ошол эле учурда ал жоболордун, укуктук-нормативдик актылардын турмушка ашышы биринчи кезекте республикада мыйзамды колдонуу боюнча туруктуу практика жоктугунан улам татаал экендигин эске алуу керек. Ал эми экинчи проблема - ошол укуктук-нормативдик актылардын иштөөсүн камсыз кылуучу институттардын, механизмдердин, бизнес чөйрөнүн таасирдүүлүгү толук кандуу сезилбей жаткандыгында. Дагы бир маанилүү маселе – коррупция. Муну азырынча эсептен чыгарып салууга болбойт.

Экспорт үчүн жыйырма эки кагаз, жыйырма беш кол

Дүйнөлүк банк менен Эл аралык каржы корпорациясы “Бизнес жүргүзүү -2011” рейтингинде 183 өлкө ичинен эски совет аймагынан Грузияга 12, Арменияга 48, Азербайжанга 54, Казакстанга 59, Беларуска 68, Молдовага 90, Орусияга 123, Тажикстанга 139, Украинага 145, Өзбекстанга 150-орунду ыйгарган. Ал эми эл аралык эксперттер эсепке алган тогуз критерий боюнча бөлө келгенде, Кыргызстан эң начар 156-орунду “эл аралык соода” деген индикатор боюнча алган. Эл аралык каржы корпорациясынын эксперти Светлана Багаудинова мунун жүйөөсүн төмөнкүчө түшүндүрөт:

- Биз бул кырдаалда Кыргызстан географиялык жактан оор абалда экендигин эске алуубуз керек. Башкача айтканда өлкө деңизге чыга албайт. Андыктан товарды Бишкектен жакынкы портко же порттон Бишкектеги кампага жеткирүү ар дайым көп убакытты алат. Акыркы жылдары биз экспорттук-импорттук соода жүргүзүү үчүн талап кылынган документтерди азайтууга багытталган реформаларды каттадык. Биздин маалымат боюнча бүткүл дүйнөдө эле эл аралык соодадагы кармалуулардын үчтөн эки бөлүгү ташууга эмес, керектүү документтерди чогултуу, колдорду койдуруу менен байланыштуу. Документтердин тизмеси кыйла кыскарганы менен ишкерлер эл аралык сооданы жеңилирээк жүргүзүү үчүн аларды дагы кыскартуу мүмкүнчүлүгү бар.

Эл аралык каржы корпорациясынын эксперти айткан дал ушул жагдайды Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору Чыңгыз Макешов “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде конкреттүү чечмелеп берди:

- Импорт кылып жатканда 23 мекемеден документтерди чогултуп, 25 чиновниктин колун койдуруш керек. Экспорт кылып жатканда 22 мекемеден 25 кол чогултуш керек. Бул орто эсеп 15 күндөн 30 күнгө чейинки убакытты талап кылат.

Жараган товар, жарабаган кагаз

Адатта ички базарды коргоо, керектөөчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында товарлардын башаламан киришин чектөө, бажы төлөмүнөн тышкары да уруксат, сертификат талап кылуу эл аралык практикада бар. Бирок Ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Чыңгыз Макешовдун айтымында, Кыргызстан экспортко кеткен ансыз деле аз товарлары үчүн да өзүнүн берген сертификаты четте таанылбаганына карабай эле уруксат алуу тартибин киргизип алган:

- Экспортко чыгып жатканда бизде сертификат алуу, мөөр койдуруу деген эрежелер бар. Аларды даярдаганыбыз менен четте таанылбайт. Ал жактан дагы бир сыйра жасайбыз. Бир мисал келтирейин, биз зергер буюмдарды Казакстанга же Орусияга экспорттоп жатканда Кыргызстанда аларга мөөр бастырышыбыз керек. Муну биз баалуу металлдар боюнча республикалык башкармалыктан акчасын төлөп жасайбыз. Четтен биздин ал мөөрдү таанышпайт. Эгер чет мамлекеттен таанышпаса, муну Кыргызстанда жасоонун кереги жок да. Биз мына ушундай кайталанма функцияларды жоюп салууну суранганбыз.

Көп терезе “бир терезеге” айлана элек

Ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Чыңгыз Макешов кошумчалагандай, Кыргызстанда тышкы соода үчүн “бир терезе” деген долбоор иштеп жатканына эки жыл болуп калды. Анткен менен талаштуу маселе али көп:

Чыңгыз Макешов.
- Бирок буга ( бир терезе долбоору) байланыштуу азыр ишкерлердин көз карашы экиге бөлүнүп жатат. Бизде ошол “Бир терезе” дагы бир бюрократиялык уюмга айланып кетеби деген коркунуч бар. Анткени процедуралык көп маселелер али жеңилдетиле элек. Андыктан биз мамлекеттен “Бир терезинин” эффективдүүлүгүн дагы бир сыйра текшерип чыгууну суранганбыз. Азыр эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Эгер чет менен бир соода операциясын кыла турган болсоңуз ар бир мекемеге барып, документтерди чогулутуп келип “Бир терезе” деген мамлекеттик уюмга тапшыруу зарыл. Алар мунун баарын кайра текшерет. Биздин оюбузча, ишти мындайча жүргүзүү туура эмес. Эгер чын эле “Бир терезе” болсо, биз бир жерге келип документтерди тапшырып, башка жактарга барбашыбыз керек, анын баарын мамлекет караштырып, анан кыска мөөнөттө жообун берген тартип киргизүүсүн сунуш кылып жатабыз.

Ал эми бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча президент алдындагы кеңештин 11-ноябрдагы отурумунда тышкы соода үчүн “бир терезе” принциби толук иштебей жатуусунун айрым себептери айтылды. Маселен Эсептөө палатасынын төрагасы Сабырбек Молдокуловдун сөзүнө караганда, “бир терезе” принцибине министрликтер менен мекемелер каршылык көргөзүүдө. Ошондой эле буга “бир терезеден” улам жумушчу орундарын жана чечим кабыл алууга таасирин жоготушу мүмкүн болгон чиновниктердин жашыруун нааразылыгы себеп болууда.

Ички базар баарын байытпайт же тышкы базарга жаңы жүз менен

Кыргызстан акыркы жыйырма жылдан бери эле сыртка сатканга караганда, ички рынокко эки эсеге жакын көп акчага товар алып келет. Ишкерлердин көпчүлүгү, соода-сатык менен алектенет. Бирок ички рыноктун кичинелиги товардын тигил же бул түрү боюнча аны монополдоштуруп алгандардын гана өнүгүүсүн шарттабаса, тегиз баарынын кирешесин арттыруусу күмөн. Акыркы он беш жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандын ири базарларындагы соодагерлердин товар жүгүртүүсүнүн негизги булагына айланган реэкспорттун жолу Казакстан, Орусия, Беларустун Бажы биримдигинин быйыл жайдан тарта күчкө кириши менен буулууда.

Талдоочулар реэкспорттун кирешеси бара-бара такыр эле жокко чыгышы мүмкүндүгүн айтып жатышат. Мындай шартта орто жана чакан бизнес чөйрөсүнө да өз структурасын тышкы базарга багытталгандай кылып өзгөртүү талап кылынчыдай. Экономика илимдеринин доктору, КМШ өлкөлөрү институтунун Бишкектеги филиалынын эксперти Аза Мигранян мындай дейт:

- Эгер мурда экономиканы модернизациялоо, өнүктүрүү, анын структурасын жакшыртуу деген түшүнүк деңгээлиндеги гана зарылдык катары каралып келсе, Бажы биримдигинин нормаларынан улам эми ал ( Кыргызстан үчүн) реалдуу муктаждыкка айланды. Анткени реэкспорт базарынын жолу иш жүзүндө буулууда. Мындай кырдаалда республикада атамекендик орто жана кичи бизнестин ишмердүүлүгүн өндүрүш багытына бургандан башка тандоосу жок. Ушул жерден мамлекет жөнүндө айтсак, ал көбүнесе стимулдаштыруучу механизмдин ролун аткарат. Эгер орто жана чакан бизнестин продукцияларына салык жана башка колдоо, ал эми тышкы базарларда мамлекеттик деңгээлде маркетингдик жардам көргөзүлсө, бизнесте кошумча стимул болот. Мындай учурда ишкерлер иштөөнүн шарттарын салыштыруу менен өндүрүшкө көчүүнүн пайдасын сезишет. Бул үчүн жаңы өкмөт мамлекеттик өнүгүү стратегиясынын максаттуу программасын иштеп чыгуусу керек. Менимче, бул жерде бизнес үчүн, мамлекет үчүн деле чоң тандоо жок. Бул колду шилтеп салууга же көздү жумду кылууга болбой турган турмуш чындыгы.

Мунай жана газ өңдүү табигый байлыгы жок өлкөлөрдө чакан жана орто ишкерлер экономиканын арка бели катары каралат. Кыргызстандан орто жана чакан бизнестин улуттук дүң өнүдүрүштөгү үлүшү 40%га чейин деп эсептелинет жүрөт. Бул үлүштүн азайышы же көбөйүшү алдыда ички эле эмес, сырткы факторлорго да көз каранды болчудай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG