Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Крымга студенттерди чакырган жарыя талкууда


Керчь шаарынын темир жол вокзалы
Керчь шаарынын темир жол вокзалы

Социалдык тармактарда Кыргыз-Орус (Славян) университетинин студенттерин Крымга курулуш ишине чакырган жарыя кызуу талкууга түштү.

Кыргыз-Орус (Славян) университетинин Архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин өзгөчө кырдаалдар учурунда коргоо кафедрасынын студенти Бекназар Крымга баруу ниети менен жыйырмадай киши жазылганын айтты:

- 21 студент жазылдык. Биринчи курста окугандар Камбар-Атага, экинчи курстагылар Керчь шаарына барат дешти. Группадагылардын көпчүлүгү "Крымга барабыз" деп жатат. Бизге мугалимдер тамак-ашың, жашаган жериң акысыз болот, тескерисинче, кошумча каражат топтойсуңар дешти. Эч кандай экзамен же тандоо болгон жок. Болгону каалоочулардын гана аты-жөнүн жазып кетишти.

Ыктыярчыларды каттоо университеттин Архитектура, дизайн жана курулуш факультети Крымдын Керчь шаарына жана Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна студенттик отряддарын түзүп жатканы тууралуу жарыяга ылайык жүргөнү айтылууда.

Социалдык тармактарга чыккан жарыя
Социалдык тармактарга чыккан жарыя

​Жарыяда Крым жарым аралындагы Керчь шаары "Орусия Федерациясына таандык" деп белгиленген. Интернетке тараган мындай кулактандыруу дароо дипломатиялык өңүттөгү талкуу жаратып, жарыя кайра алынган.

Университеттин Архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин деканынын орун басары Талгат Кичикенов жарыя жаңылыш таркатылганын мындайча түшүндүрдү:

- Бул маалымат бизге Жаштардын эмгек биржасынан келген. Кийин алар менен байланышсак, ката экени аныкталды. Бул жерде жөн гана түшүнбөстүк болуп кетти. Азыр ал кулактандыруу алып салдык. Бир гана отряд түптөп жатабыз. Ал Камбар-Атага барат.

Жаштардын эмгек биржасынын жетекчиси Азиз Идрисов кыргызстандык студенттерди Керчке жөнөтүү каралып жатканын айтууда:

- Бул маселе каралууда. Орусиядагы борбордук штаб менен иштешип жатабыз. Алар курулуш адистигин окуган студенттер болсо деп жатышат. Мындан улам Кыргыз-Орус (Славян) университети менен сүйлөшүүлөр болгон. Былтыр Орусиянынын башка шаарларынан миңдей студент барган экен. Эгер шарты туура келсе 20-25 студент жиберишибиз мүмкүн.

Николай Дорошенко
Николай Дорошенко

​Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко Крымда иштөөгө ыктыярчы студенттерди чогултуу аракети жүрүп жатат деген маалыматты Славян университетинин жетекчилиги менен талкуулаганын "Азаттыкка" билдирди:

- Мен ректорго Украинанын оккупацияланган аймагына кирүү жана чыгуу эрежелерин бердим. Бул эрежелер өкмөттүн токтому менен 2015-жылы бекитилген. Ал украин тарап коюп жаткан талаптарга жана украин мыйзамдарын бузгандарга карата ыктымал жазалоого көңүл бурушу керек. Мени угушту жана ыктыярчыларды топтоо болбойт деп үмүттөнөм.

Украина Крымды Орусия убактылуу оккупациялаган өз аймагы деп санайт.

Мурдараак Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкинанын Крымга барганын айтып, буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык нааразылыгын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG