Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Жыл башынан бери Кыргызстанда 3 миңден ашуун жол кырсыгы болуп, ал 500гө жакын адамдын өмүрүн алып кетти.

Жарат алгандардын саны 4 миңден ашты. Буга эмне себеп? Күнөө жолдогу коопсуздук эрежесин сактабай айдаган айдоочудабы же машина айдоо укугуна кол шилтеген кайдыгер мекемелердеби? Тынчтык мезгилде жүздөгөн адам өмүрү кыйылган жол кырсыктарын кантип азайтабыз?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселени ортого салды.

Талкууга Ички иштер министрлигинин патрулдук милиция башкы башкармалыгынын штаб башчысы Өткүр Умаров, мурдагы Мамлекеттик автоинспекция башкармасынын башчысынын мурдагы орун басары Темир Керимбаев жана “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова катышты.

Акыркы маалыматтар боюнча, 3537 жол кырсыгы болуп, анда 500дөн ашуун адам каза болуп, 5 миңден ашуун адам ар кандай жараат алышты.

“Азаттык”: Өткүр мырза, Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жол кырсыктарынын саны былтыркыга салыштырмалуу быйыл 15 проценттей азайды деп кубануу менен билдирип жатат. Бирок адамдын жүрөк үшүн алган кырсыктар азайган жок. Буга эмне себеп?

Өткүр Умаров: Акыркы маалыматтар боюнча, 3537 жол кырсыгы болуп, анда 500дөн ашуун адам каза болуп, 5 миңден ашуун адам ар кандай жараат алышты. Кырсыктардын саны былтыркыга салыштырмалуу бир топко азайды, бирок ага карабастан оор кырсыктар аябай көбөйүп кетти. Жакында эле Бишкек-Торугарт жолундагы Кемин участкасында, андан кийин Бишкек-Ош жолунда көп адамдын өмүрүн алган кырсыктар болду. Бул жерде негизги себеп айдоочулардын ылдамдыкты чегинен ашырып айдоосу болуп жатат. Андан кийин автоунаанын узак жолго жараксыздыгы, анан айдоочулардын жол эрежесин бузуп, карама-каршы жолго чыгышы болууда.

“Азаттык”: Темир мырза, жол кырсыгы болгон жерде дароо эле машина айдоо күбөлүгүн сатып алган же бир чоңдун баласы да деген сөз чыгат. Демек, бул айдоочулук күбөлүк жакшы окутпай туруп эле өң-тааныштык менен берилгендигинин далилиби? Башкы себеп ушулбу?

Темир Керимбаев: Бул маселе көп жылдан бери талаш-тартыштын очогу болуп келе жатат. Себеби, автомектептердин жетекчилери жакшылап эле окутабыз дешет, бирок 2-2,5 айда машинаны айдоого жакшылап окутуу, даярдоо аздык кылат деген ойдомун. Андан кийин мектептер автотранспортту каттоо жана айдоо укугун берүү департаментине кине коюп, алар экзамен алып, айдоо күбөлүгүн берүүдө өң-тааныштыкка жол беришет деп айтышат. Жалпылап келгенде, жол кырсыктарынын себептери абдан көп. Алардын бири жолдун начардыгы, жол тилке белгилеринин жоктугу, транспорттун көптүгү. Булардан тышкары эң башкы себеп - транспорт айдоочунун жоопкерчилигин сездирген тарбиялоо жана үгүт иштеринин жоктугу. Айдоочулар окуп жаткан мектептер жол кырсыгына кабылган учурларды видеого тартып барып көрсөтүп, эң ириде алардын жоопкерчилик сезимин бекем тарбиялоо керек.

Коомдук транспортту айдагандар жолдо жүрүү эрежелерин такыр сакташпайт. Аларга көзөмөл жүргүзүүгө жогоруда аталган уюмдардын жана патрулдук милициянын да күчү жетпей жатат.

“Азаттык”: Чынара айым, мен өткөндө Ысык-Көлгө такси менен бара жатып жолдо бирин-бири куушкан айдоочуларды көрүп абдан таң калдым. Айрыкча, такси жана маршрутка айдагандар адам өмүрү үчүн жооптуу экендигин такыр эле унутуп калышкандай, Бишкек менен Чолпон-Атанын ортосунда бир күндө эки-үч жолу каттагандар бар экен. Ош-Бишкек жолунда жүргүнчү ташыгандар деле ошондой абалда. Ушундай көрүнүшкө көз жумган кайдыгерлик кырсыктарды көбөйтүп жатса керек. Аны кимдер, кайсы мекемелер жана кантип тыюу керек деген ойдосуз?

Чынара Касмамбетова: Жол жакшырган сайын ылдамдыкты көбөйтүү тенденциясы байкалат. Ошон үчүн ушул тенденциянын алдын алуу иштери өтө дыкат жүргүзүлүшү керек болчу. Маршруткаларды тейлеген уюмдар автовокзалдарда жана аларга лицензия берген Транспорт жана жолдор министрлиги менен шаардык мэриянын көзөмөл салганга күчү, алы келбей жатат. Бул маселени өтө кеңири жана комплекстүү карап, комплекстүү чараларды көрүү зарыл болуп калды. Коомдук транспортту айдагандар жолдо жүрүү эрежелерин такыр сакташпайт. Аларга көзөмөл жүргүзүүгө жогоруда аталган уюмдардын жана патрулдук милициянын да күчү жетпей жатат. Ошон үчүн бардыгынын аракетин бир багытка бириктирип, бир багытта иштей турган мекеме түзүү да зарылдыгы пайда болду.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG