Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

Кыргызстандыктар террорчулукка машыгып жатабы?


Ооганстандагы “ал-Кайиданын” базасында эки жүз чамалуу кыргызстандык машыгуудан өтүп жатышы мүмкүн.

Бул боюнча Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө чет элдик атайын кызматтардан такталбаган маалыматтар келген. Бирок ушул күнгө чейин бир дагы маалымат тастыктала электиги айтылууда.

Маалымат чын-жалганы белгисиз

Жакында Ооганстандын атайын кызматтарынан ал жактагы “ал-Кайиданын” жашыруун лагерлеринин биринде кыргызстандык жарандардын машыгуудан өтүп жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Болжол менен алар өткөн жылкы июнь коогасынан кийин жакындарын жоготкон жарандар болушу мүмкүн экендиги айтылган.

Коогалаң маалында чогултулган курал-жарактар, 24-июнь, 2010-жыл
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марат Орозбаев мындай маалыматты текшерүү кыйынчылыкты жаратып жаткандыгына токтолду:

- Биз аларды текшерип жатабыз. Бирок кимдин каякка кеткендигин аныкташ кыйын болуп жатат. Себеби азыр Ошто ар бир үйдө беш-алты адам болсо, анын үчөө-төртөө ар кайсы жакка кетип калышкан. Сураштыра келсең “Орусияга, же Казакстанга иштегени кеткен” деп жооп беришет. Шаарда расмий түрдө 250 миң киши бар. Анын 60 миңге жакыны кеткен болсо, алардын ар биринин кайда кеткендигин так аныктоо кыйын экен.

Учурда буга окшогон ыкчам маалыматтар алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин атайын кызматтарынан көп келип жаткандыгы белгиленди. Бирок түшкөн маалыматтардын бири да ушул күнгө чейин тастыкталган эмес. Адистердин баамында, андай маалыматтар атайын сыноо максатында да жөнөтүлүшү мүмкүн.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын түштүк аймагы боюнча өкүлү Жеңиш Аширбаев маалыматтарды текшерүү жана талдоо азырынча жыйынтык бере электигин кошумчалады:

- Бир эле Ооганстандан эмес, буга чейин Орусиядан жана башка бир катар чет мамлекеттердин атайын кызматтарынан ар түрдүү маалыматтар келген. Биз бир эле Ооганстандын атайын кызматынын маалыматына таянсак туура эмес болуп калат. Ошондуктан ар түрдүү маалымат булактарынан, анын ичинде өзүбүздүн каналдар аркылуу текшерип, тастыкталса, "мына ушундай экен" деп бир жыйынтыкка келсек болот. Азыр бул маалымат чын же болбосо жалган деп айтууга эрте.

Жаман айтпай жакшы жок

Бирок буга чейин эле былтыркы июнь коогалаңынан кийин бир топ кыргызстандык жарандардын Ооганстанга же Пакистанга чыгып кеткендиги боюнча маалыматтар имиштердин деңгээлинде айтыла калып жүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Марат Иманкулов июнь коогасына чейин эле кыргызстандык жарандардын эл аралык террорчулар менен кошулуп жүргөнү боюнча маалымат болгонун белгиледи:

Марат Иманкулов
- Буга чейин "200, 300, 150 киши чыгып кетиптир. Алар согушчандар менен бирге машыгып жатыптыр" деген тастыкталбаган маалыматтар көп эле болду. Бирок бизде тастыкталган маалымат бул – июнь окуясына чейин эле Ооганстандагы террорчулардын базасында биздин жарандар бар болчу. Биз эмнеси болсо да коопсуздук чараларын күчөтүп, террорчулукка каршы күрөшүү боюнча машыгууларды тынбай өткөрүп жатабыз.

Анткен менен коомчулукта тыштан келе турган коркунуч туурасында көбүртүлгөн ушак-айыңдар кээде белгилүү бир бийликтеги саясий күчтөр тарабынан атайылап таратыла тургандыгы боюнча карама-каршы пикирлер бар.

Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Анвар Артыков былтыркы окуядан кийин бир катар жарандардын өлкөдөн чыгып кетиши мындай сөздөрдүн тарашына негиз берди деп эсептейт:

- Негизинен мындай маалыматка ишенсе да, ишенбесе да болот. Анткени былтыркы окуядан кийин көпчүлүк жигиттер сыртка чыгып кеткен. Аларга жардам берип, бир жерден тосуп алып, өздөрүнө тартып алып кеткен күчтөр албетте болбой койбойт. Бирок мен аларды жанкечти кылып даярдап, жакында кайра Кыргызстанга алып келишет дегенге ишене бербейм.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы болсо учурда күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлүп, ар бир ыкчам маалыматты тыкыр иликтеп жатканын белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG