Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

Жамааттык коопсуздук келишими уюму түп орду менен реформаланышы мүмкүн. Буга байланыштуу иштелип чыккан жыйырмадан ашуун документтердин долбоору алдыдагы Москва саммитинде каралышы күтүлүүдө.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ишмердүүлүгү кийинки мезгилде ага мүчө мамлекеттер тарабынан сынга алына баштаган. Айрыкча бул уюмдун ага мүчө мамлекеттердин аймагындагы чыр-чатактарды жөнгө салууга жөндөмсүздүгү анын зарылдыгы боюнча маселени кабыргасынан койду.

ЖККУ өткөн окуялардан сабак алдыбы?

Уюмдун ишине эки жылдан ашуун убакыттан бери Өзбекстан катышпай келген. Беларус менен Өзбекстан бир жыл мурун ЖККУнун алдындагы ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөрдү түзүү боюнча келишимге кол койуудан баш тартышкан.

Расмий Ташкен аталган күчтөр уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына каршы келбеген учурда гана киргизилиши керек деген шарт койгон. Уюмдун бул жолку Москва саммитине Өзбекстандын президенти Ислам Каримов катышат.

Уран Ботобеков
Саясат таануучу Уран Ботобеков уюмдун ичиндеги түрдүү карама-каршылыктарга карабастан бул жолку отурум чечүүчү болушу мүмкүн деп эсептейт:

- Биздин өлкөдө болгон 7-апрелдеги, июнь айындагы каргашалуу окуялар жана Тажикстандагы куралдуу салгылашуулар учурундагы уюмдун унчукпай отуруп калгандыгы анын алсыздыгын көрсөттү. ЖККУнун милдеттери жана максаттары кагазда гана жазылып, аны ишке ашырууга жөндөмсүз экендигин билгизип алды. Бул боюнча ачуу сындар, талаш-тартыштар да болду. Менимче ошол окуялардан сабак ала турган убакыт келди. Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун бул жолку саммитке катышканы жатканы да мына ошол жаңы жараяндарга байланыштуу.

Реформалар жана аракеттер

Быйыл август айында болгон уюмдун Ереван саммитинде чыр-чатактарды жөнгө салууда өз ара жардам көрсөтүү механизмдеринин бошоңдугу курч талкууланган. Анткени уюмдун жобосуна ылайык, ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөрдү кайсыл бир мамлекеттин аймагына киргизүү үчүн ага мүчө болгон бардык мамлекеттердин макулдугу керек. Мындай макулдашуулар өзгөчө кырдаалдарда көп убакытты алаары эскертилген. Талдоочулар мындай шартта чечим кабыл алуу эрежелеринин татаалдыгы уюмдун ишинин чар-жайыттыгын күбөлөндүрдү деп белгилешет.

Руслан Казакбаев
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев мындай өксүктөрдү толуктоо үчүн саммитте уюмдун ишин күчөтүүгө багытталган чаралар карала тургандыгына токтолду:

- Эң кызыгы бул саммитте, Кыргызстандагы Ош коогалаңы болгондон кийин биз көрбөдүкпү, ЖККУга мүчө болгон мамлекеттер тез арада жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгону билинди, ошондуктан көп документтерди өзгөртүү керек болуп турат. Мисалы Уставга өзгөртүү киргизүү керек. Ошондой эле бул уюмду түзүү боюнча келишимдер бар. Ошол уюмдун ичиндеги, мисалы биргелешкен куралдуу күчтөрдүн тез жардам куралдуу күчтөрүн киргизиш үчүн жаңы механизмдерди ойлоп, иштеп чыгыш керек болуп атат. Ошол боюнча келишимдин долбоору сунушталышы мүмкүн. Ошол биз үчүн эң негизги жана кызык маселе болуп саналат.

Жалчыбаган жардам, үзүлбөгөн үмүт

Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуяларынан кийин Жамааттык коопсуздук келишими уюму өлкөнүн күч түзүмдөрүнө аскерий-техникалык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алган болчу.

ЖККУнун Еревандагы саммити, 20-август, 2010-жыл
Жардам аскерий тик учак, чопкутталган автотранспорт жана атайын каражаттар түрүндө бериле тургандыгына чейин макулдашылган. Бирок арадан алты айдан ашуун убакыт өткөндүгүнө карабастан аталган жардам Кыргызстанга келген жок. Муну айрым талдоочулар Өзбекстанды чочутуп албоодон этияттанган Орусиянын дипломатиялык жүрүшү дешсе, кээ бирлери аны Кыргызстанда мыйзамдуу бийлик бутактарынын түзүлбөй жаткандыгы менен байланыштырышат. Саясат талдоочу Уран Ботобеков:

- Мындай мамиле болуп жаткандыгынын негизги себеби эле Кыргызстанда бийлик бутактары толук куралып бүтпөй жатат. Бийлик толук кандуу ишке киргенде гана аталган жардамдар бериле баштайт болуш керек.

"Өзүңө өзүң ишен, өзгөдөн күтпөй изден"

Бирок талдоочулар арасында жаңжалдан кийинки кырдаалда жашап жаткан Кыргызстан келерки жазга чейин коопсуздугун бекемдөө жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн артыруу үчүн өз алдынча чараларды күчөтүшү керек деген пикирлер үстөмдүк кылат. Анткени алар ЖККУ менен ШКУнун ыкчам аракеттеги жардам көрсөтүүсү ички саясий карама-каршылыктардан улам ишке ашпайт деп эсептешет.

Мирослав Ниязов
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов мындай шартта аталган уюмдардын аскерий колдоосуна ишенбеш керек экендигин белгиледи:

- Биз бүгүн аталган уюмдарга таянбашыбыз керек. Алардан көп деле пайда чыкпайт. Бул ачык эле сөз. Алар саясий максатта жөн эле форма түрүндө түзүлгөн. Ал реформаланган учурда деле ыкчам жардам көрсөтүүчү таасири болооруна ишениш кыйын. Сырттан баскынчылык болгондо эле баш көтөрүшпөсө өлкөнүн ичиндеги кырдаалды жөнгө салууга алар жөндөмсүз бойдон эле калышат. Себеби мында татаал жана талаштуу жагдайлар өтө көп. Ошондуктан өз коопсуздугубузду коргогонго өзүбүз аракет кылышыбыз керек.

Жамааттык коопсуздук келишими уюму КМШга кирген мамлекеттер тарабынан аскердик-саясий уюм катары 1992-жылы түптөлгөн. Аталган уюм ага мүчө мамлекеттердин бирине кайсыл бир тарап же эл аралык террорчулар кол салган учурда жана ири масштабдагы жаратылыш кырсыгы катталса өз ара жардамдашуу милдеттерин моюнга алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG