Линктер

Быйыл Кыргызстанда айыл чарба азыктарын өндүрүүгө аба ырайынын жаанчыл болушу бир топ жагымдуу шарт түзгөнү менен, алынган түшүмдү ички-сырткы базарларга алып чыгууда көп көйгөйлөр жаралууда.

Кыргызстан өз продукциясын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эмне үчүн эркин сата албай жатат? Кошуна Казакстанга жашылча-жемиш киргизүүгө эмне тоскоол болууда? Орусиядан помидор ташып келүүнүн зарылчылыгы эмнеде? Кыргызстанда айыл чарба азыктарын өндүрүү, сактоо, сатуу боюнча бирдиктүү саясат барбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев жана фермер Манас Саматов катышты.

“Азаттык”: Манас мырза, быйыл Кыргызстанда жаан-чачындуу аба ырайы болду, ага жараша айыл чарба азыктарынын түшүмдүүлүгү кандай?

Биз дүйнөлүк базарга жарай турган продукцияларды чыгарууга даярбыз, жөндөмүбүз бар. Бирок Бажы биримдиги деген жасалма саясий долбоорлор бизге жолтоо болууда.

Манас Саматов: Кудайдын кулагы сүйүнсүн, быйыл түшүм жакшы, дыйкандардын аракети да жемиштүү болууда. Бизге, дыйкандарга мамлекет, саясатчылар кийлигишпей жөн туруп берсе, мындан да жакшы болмок. Айыл чарба тармагын саясий долбоорлорго аралаштырбоо керек. Дыйкандар мамлекеттик жетекчилерге караганда бир кадам алдыда бараткандай. Биз дүйнөлүк базарга жарай турган продукцияларды чыгарууга даярбыз, жөндөмүбүз бар. Бирок Бажы биримдиги деген жасалма саясий долбоорлор бизге жолтоо болууда. Евразиялык биримдик долбоору саясий жетекчилерди жүгөндөп туруунун куралы.

“Азаттык”: Искендербек мырза, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирсек эркин, кеңири базар ачылат дедик эле. Кыргыз дыйкандары, фермерлери ушундай жагымдуу шарттарды сезе алдыбы?

Искендербек Айдаралиев: Азырынча жагымдуу нерсе болгон жок. Эгер алдыга көз чаптырсак, жакшы нерселер болсо керек. Анткени бул экономикалык аймакка эртерээк кирип алдык. Мурда бул уюмга мүчө мамлекеттердин талаптарын анча өздөштүрбөй туруп өтүп алдык. Алардын шарттарын аткара албагандыгыбыз үчүн дыйкандарыбыз кыйналып жатат. Биздин негизги продукцияларыбыз болгон сүт, эт өтпөй жатат. Тескерисинче, алардыкы Кыргызстанда ээн-эркин сатылууда.

“Азаттык”: Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгонуна бир жылдан ашты, быйыл Казакстан, Орусия Кыргызстанда өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди киргизбей жатканы айтылып эле келет. Бул эмне, уюмга мүчө мамлекеттердин өз рыногун коргоо аракетиби же кыргыз ишкерлеринин ЕАЭБдин стандарттарды аткарууга кудуретинин жоктугубу?

Искендербек Айдаралиев: Бул жерде айтылган эки шарт тең бар. Эң негизги себеби өзүбүздүн даярдыгы жок киргенибиз. Ошол эле койго, малга байланыштуу бир топ талаптар болгон эле, аны убагында элибиз туура түшүнбөй саясатка айландырып жиберишти. Мындан сырткары лабораториялар боюнча стандарттарды аткара албай жатабыз. Экинчи жагынан, уюмга мүчө өлкөлөр мамлекеттин, анын ишкерлеринин кызыкчылыгын коргоп жатышат. Ал ар бир мамлекеттин ички саясаты. Ар бир мамлекет өз өндүрүүчүлөрүнүн чыгарган продукцияларын биринчи өткөргөнгө, колдоого ынтызар. Ошонун негизинде биздин азыктарды өткөрбөй жатышат.

Коңшу мамлекеттерде кайра иштетүү тармагына мамлекет тарабынан аябай көңүл бурулат, колдоо чоң болуп жатат. Төмөнкү пайыз менен 7 миллиард сом насыяларды берип жатабыз дегенибиз менен натыйжасы көрүнбөй жатпайбы.

Манас Саматов: Мен бул маселеге башка өңүттөн бир нерсе айтым келет. Бизде, Кыргызстанда чет өлкөгө экспорттой турган көлөмдөгү продукция барбы деген суроо туулат. Акыркы жылдары кант кызылчасын өндүрүү, жүгөрү өстүрүү колго алынды десек болот. Пияз, мөмө-жемиштерди өндүрүү да жаман эмес. Бирок бизде көлөм жок. Сыртка үзгүлтүксүз чыгарып, сатканга чоң көлөмдөгү продукция керек. Болсо дагы илгерки Советтер Союзу учурундагы анча-мынча байланыштар боюнча эле кетип жатат. Ошол эле Баткендин өрүгү, кара өрүк, алмаларыбыз Тажикстан же Өзбекстан аркылуу Орусияга экспортко чыгат. Ушуну айта берип чарчадым.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз айыл чарба азыктарынын кайсы түрүн өстүрөсүз, жагдайыңыз кандай, түшүмүңүздү сата аласызбы?

Манас Саматов: Биз кант кызылчасын өстүрөбүз. Былтыр төрт жарым миң гектар жерге кызылча эккенбиз, түшүмү орточо болгон. Германиядан үрөн алып келип, дыйкандар үчүн “талаа күндөрүн” өткөрдүк, окутуп, үйрөткөнүбүздүн акыбети кайтып быйыл буюрса түшүм өтө жакшы. Орточо 50-60 центнерден болот деп турабыз. Быйыл 12 миң гектар жерге кант кызылчасы себилген. Кызылча казуу азыр кызуу жүрүүдө.

“Азаттык”: Кыргызстанда жылына 100 миң тоннага жакын алма малга жем болуп же чирип жок болот деген маалымат бар. Болуптур сыртка сата албасак, мөмө-жемиштерди иштетүүчү ишканаларды эмне үчүн кура албай жатабыз?

Искендербек Айдаралиев: Бул дагы көптөн бери көтөрүлүп келаткан маселе. Алманы иштетүү үчүн бир топ каражат керек. Мисалы, коңшу мамлекеттерде кайра иштетүү тармагына мамлекет тарабынан аябай көңүл бурулат, колдоо чоң болуп жатат. Тилекке каршы, бизде бул тармакка мамлекет тарабынан көңүл бурулбайт. Төмөнкү пайыз менен 7 миллиард сом насыяларды берип жатабыз дегенибиз менен натыйжасы көрүнбөй жатпайбы. Бизде насыянын натыйжасы менен канча завод курулду, анын продукциясы канча мамлекетте экспорттолду анализ жок. Экономика министрлиги статистикада дагы бир топ туура эместиктер болуп жатканын айтууда. Бизде дыйкандар өзүнчө, мамлекетте өзүнчө болуп калууда. Дыйкандарыбызды атаандаштыкка чыдамдуу продукцияны кантип өндүрөбүз, кантип сатабыз дегенди окутуу жагын колго алган саясат жок. Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан айыл чарбасын алдыңкы планга койбосок болбойт, өнүкпөйбүз.

(Талкуунун толук вариантын видеодон көрүңүз)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG