Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Апрель окуясынын жабырлануучулары сотко ишенбейт


Апрель окуясы боюнча сот, 17-ноябрь, 2010-жыл
Апрель окуясы боюнча сот, 17-ноябрь, 2010-жыл

Апрель окуясы боюнча сот процессинде жабырлануучулардын жактоочулары ишти карап жаткан судьяга ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдиришти.

Аларды мамлекеттик айыптоочулар да колдошту. Бирок айыпталуучулардын адвокаттары ишеним көрсөтпөөгө негиз жок экенин айтып чыгышты.

29-ноябрда уланган апрель окуясы боюнча соттук териштирүүдө судья Жакыпбек Бектемиров эл аралык издөөдө жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев башында турган алты аткаминердин иши өзүнчө бөлүнүп, кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн маалымдады. Алар: экс-президент Курманбек Бакиев, Жаныш, Марат Бакиевдер, мурдагы Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталинов, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов жана “Арстан” атайын кызматынын башчысы Эсенбай уулу Байыш.

Жабырлануучу тарап жана алардын жактоочулары буга нааразы болуп, сотко ишенбестик көрсөтүштү.
Соттун жүрүшүнөн бир көрүнүш, 17-ноябрь, 2010-жыл

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин жетекчиси жана жабырлануучулардын жактоочусу Осунбек Жамансариевдин айтымында, ишеним көрсөтпөөгө айыпталып жаткандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү туралуу өтүнүчү кабыл алынбаганы да негиз болгон. Ал бул өтүнүч кабыл алынганда үч соттолуучу да качып кетмек эмес жана сот үзгүлтүккө учурбайт эле деп эсептейт.

- Оксана Малеваная, Нурлан Турсункулов жана Каныбек Жороев качып кеткенде башкаларына да баш коргоо чарасын өзгөртүңүз дедик. Кийин аларга дагы оор кылмыш 97-берене кошулду. Бирок ошонун негизинде биз айтсак дагы аны канааттандырган жоксуз. Эң чоң кылмыш кылган адамдарды 259-беренеде так, даана көрүнүп турса дагы сиз аларды бөлүп, аларга жардам кылып атасыз. Ошондуктан сизге ишенич жок.

О.Жамансариев аты аталган алты аткаминердин ишин бөлбөй, өкүм чыгарса аларды экстрадициялоо да оңой болмок деп эсептейт. Мындай пикирди жабырлануучулардын бир тобу колдоп, "сотко ишенбейбиз" деп чыгышты. Жабырлануучу Таштакеева Кишимжан:

- Сот процессинде биз сизге ишенбей турганыбызды жарыялайбыз. Анткени биздин, ата-энелердин, суранганын аткарган жоксуз. Башка кишилердин ишин өзүнчө кароо маселесин көтөрдүңүз.

Адвокаттар макул эмес


Жабырлануучуларга жана алардын жактоочуларына мамлекеттик айыптоочулар да кошулуп, алты аткаминердин ишин бөлүп кароо керек болсо соттук териштирүүнүн башында айтылышы керектигин белгилешти.

Анткен менен айыпталып жаткандардын адвокаттары сотко ишеним көрсөтпөөгө негиз жок деген пикирде. Адвокаттар жана укук коргоочулар муну соттук жараянды создуктуруу максатында деп сыпатташты.

Чолпон Жакупова
“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, айыпталып жаткандардын укугун коргоп жаткан Чолпон Жакупова жабырлануучулардын арызынан баш тартууну өтүндү.

- Адвокаттар менен мамлекеттик айыптоочулардын арызынан баш тартууну өтүнөбүз. Анткени алардын арызы негизсиз. Биз бул талкууну токтотуп ишке өткөнүбүз максаттуу болот эле. Биз эмнеге бул жерге отуруп алып бири-бирибизди үйрөтүшүбүз керек?

Ушундай эле пикирлерин башка адвокаттар да билдирди. Судья бул боюнча кеңешүүгө кирип, жабырлануучулардын арызын канааттандырган жок. Бирок жабырлануучу тарап сотко ишеним көрсөтпөө арызы менен соттун жогорку бутактарына кайрылууну көздөп жатат.

7-апрелдеги окуяга жана ок атууга катыштыгы бар делип 28 адам соттолууда. 17-ноябрда башталган соттук териштирүү 30-ноябрда да уланат. Сотко жабырлануучу, күбөлөр, айыптоочу жана адвокаттар болуп 500гө чукул адам катышууда. Бул убактарда күбөлөр жана жабырлануучулар көрсөтмө берип жатышат.

XS
SM
MD
LG