Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Апта: Корутундуларга бай парламент


7-апрелде жакындарын жоготкондордун митинги, 13-октябрь, 2010-жыл
7-апрелде жакындарын жоготкондордун митинги, 13-октябрь, 2010-жыл

Узап бараткан аптада түштүк коогасын иликтеген депутаттык комиссия корутундусун жарыялады. “Кыргызмунайгаздын” ишчилери Ош-Бишкек жолун буушту.

Өткөн жылдагы апрель ыңкылабын, июнь коогалаңын иликтеген депутаттык комиссия 2-июнда өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Комиссиянын курамында 24 депутат болгон. Алардын ичинен комиссия мүчөлөрү Исмаил Исаков жана Жылдыз Жолдошеванын өзүнчө корутундулары болду.

Корутундуну жарыялаган комиссиянын төрагасы Токон Мамытов апрелдеги окуяны элдик ыңкылап деп атады. Ал эми июнь трагедиясынын келип чыгышынын тамыры Акаев-Бакиевдик бийликтердин үй-бүлөлүк башкаруусунда экенин белгиледи:

- Президент Акаев, президент Бакиев учурунда жүргүзүлгөн ички жана тышкы саясат, ошондой улуттук саясаттын негизинен келип чыкты. Айрым учурларда мурдагы бийликтер улут маселесин өзүнүн кызыкчылыгына, өзгөчө референдум, шайлоо “улут картасын” өздөрүнүн пайдасына ойноп кетишкен.

Албетте Кадыржан Батыров, Жалалиддин Салахуддинов, Карамат Абдулаева сыяктуу адамдардын кайгылуу окуяга салымы өтө көп. Ошондой эле криминал, наркобизнестин салымы чоң.


Мамытовдун айтымында, комиссия ошондой эле экономикалык, руханий, маданий оор абал да каргашанын чыгуусуна себепкер болгон деген тыянакка келген. Оштогу кагылышууну өзбек жаштары баштаган деп аныкталып, Убактылуу өкмөт жаңжалды алдын-ала албаганы жана токтото албаганы үчүн айыпталган.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон, бирок өзгөчө пикири менен чыккан Исмаил Исаков июнь коогалаңына негизги күнөөкөр катары Курманбек Бакиев жана анын бийлиги учурунда жогорку кызматта турган аткаминерлерди, “Ак жол” партиясын атады.

Өзгөчө пикир менен чыккан комиссиянын дагы бир мүчөсү Жылдыз Жолдошева июнь коогасынын тамырын Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардагы бийлик үчүн күрөштөн көрүп, былтыркы каргашанын чыгуусунун негизги себептеринин бири катары Тейит айылында Курманбек Бакиевдин үйүнүн жана Кыргызстан туусунун өрттөлүшүн атады:

- Тейитке Батыров Асылбек Текебаев менен барып, Бакиевдердин ата конушун, ошол жердеги боз үйдү, желекти өрттөбөгөндө мындай окуя мына ушундай масштабда болбойт эле. Себеби башка өлкөнүн президентинин, мейли экс-президентинин, мейли жаман-жакшы болсун, атасынын үйүн, ошол өлкөнүн желегин өрттөгөндө... бир кыргыз барып өрттөп көрсүн... элестетип көргүлөчү бул кандай чоң нерсеге алып келет. Мына ошол от жаккан.

Жылдыз Жолдошева ошондой эле Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн жикчил күчтөр менен “саясий оюндарды ойногон” деп айыптады.

Салахуддинов, Абдырасуловду ким бошоткон?

Корутундуларды талкуу жана териштирүү учурунда коогалаңдан кийин кылмыш ишинин козголушуна карабай УКМК тарабынан кармалган Жалалиддин Салахуддиновдун жана Иномжан Абдырасуловдун бошотулуп жиберилиши тастыкталды. Бул фактыларды талдап, күнөөлүүлөрдү табууну “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага сунуштады.

Парламентке чакырылган мурунку башкы прокурор Байтемир Ибраев бул эки лидерди бошотууга ким буйрук бергенин ачыктаган жок.

Парламенттин айрым мүчөлөрү Салахуддинов, Абдырасулов бийликтегилерге акча берип чыгып кеткенин, Батыровго Убактылуу өкмөттүн вице-премьер-министринин бирөө паспорт жаздырып бергенин айтып чыгышты. Натыйжада бул маселе парламентте эски оппоненттердин тирешүүсүнө алып келди.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМКнын
жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге кайрылды:

Камчы Көлбаев
- Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу АКШнын президенти Обама Кыргызстандын жаранына көңүл буруп, Камчы Көлбаевди дүйнөлүк наркобарондордун бири деп, аны барган жеринде кармалсын деген чечимди конгресске кечээ күнү сунуштады. Демек Кыргызстандагы наркобизнес абдан олуттуу экендиги, алар үчүн алсыз бийлик пайдалуу экендиги эл аралык деңгээлде далилденди.

Дүйшөбаевге суроо: Камчы Көлбаев менен мурунку жана азыркы чиновниктердин кимисинин байланышы бар, оперативдик көзөмөлдөр бар, ошол маалыматтарды азыр талап кыла албайм, бирок кийин тактап, бизге билдириңиз. Болбосо, сиздин жетекчиңиз президент, өкмөт башчы Алмаз Атамбаев уюшкан кылмыштуулук өкмөттө да, парламентте да отурат деп күнүгө айтып жатат. Биз аларды көрсөтүшүбүз керек.

Камчы Көлбаевдин жанында жүрүп, анын камчысын чаап, анын капчыгын кармап жүргөн адамдар кимди жандап жүрөт, кимге капчык болуп жүрөт? Баарыбыз билебиз, унчукпайбыз
.

Комиссиянын сунуштары

Депутаттык комиссия жыйынтыгында июнь, апрель окуяларынын чыгуусуна Убактылуу өкмөт жоопкерчиликтүү деп табылган. Бул өкмөттүн ишине саясий баа берүү парламентке, юридикалык баа берүү Башкы прокуратурага сунушталган. Ошондой эле УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, анын орун басарларын, ИИМдин орун басары Бактыбек Алымбековдун жана башкаларды кызматтан алуу жагын караштыруу президентке сунушталган.

Киммо Килюнен башында турган эл аралык комиссия түштүк коогасы учурунда “адамзатына каршы кылмыштын” белгилери бардыгын билдирген. Депутаттык комиссия геноцид, аскердик кылмыш болбогонун айтып, бирок Киммо Килюнендин айыптоосуна четке кага алган эмес. Ал эмес депутат Каныбек Иманалиевдин маалыматына караганда, айрым өкмөттүк эмес уюмдар Эл аралык трибуналга кайрылып жатышат.

Бирок Кыргызстан Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү эмес. Ошондуктан анын юрисдикциясы Кыргызстанга таркатылбайт деген ойду президент Роза Отунбаева айтты. Түштүк коогасы боюнча Эл аралык сот иш жүргүзүш үчүн Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечими керек.

Эки күнгө созулган талкууга президент Роза Отунбаева, өкмөт башчы, Ош, Жалал-Абаддын губернаторлору, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана азыркы өкмөттүн мүчөлөрү катышты.

Төрага Акматбек Келдибеков июнь трагедиясына саясий баа берип, күнөөлүүлөр, анын ичинде Салахуддинов, Абдырасулов, Батыровду бошотуп жибергендер аныкталып, жазасын алуусу керектигин белгиледи.
Талкуунун соңунда парламент токтом долбоорун кабыл алды. Ал долбоорго айтылган сунуштар кошулуп, парламенттин кийинки жумадагы жыйынына кабыл алууга коюлмакчы.

Парламент ЕККУнун эксперттерине кызыкты

Июнь окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун угуу учурунда ЕККУнун полициясы Ошто иштеп жатканы маалым болуп калды. Бул кандайча ишке ашканын төрага Ахматбек Келдибеков тышкы иштер министри Руслан Казакбаевден сурады.

Министр Казакабевдин сөзүнө караганда, ЕККУнун куралсыз полицияларын киргизүү демилгеси жергиликтүү тартип коргоо органдарына адамдар ишенбей жатат деген сөздөрдөн улам көтөрүлгөн. Бул маселе Убактылуу өкмөт тарабынан талкууланып, 2010-жылы июнь айында ЕККУга кайрылуу болгон. Муну Руслан Казакбаев тастыктады:

- Биз биринчи жолу 20-июнда кайрылганбыз. Анда полициялык-консультативдик топтун кириши боюнча кайрылганбыз.

Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр уланып, ички иштер министринин орун басары Солдашенко Венада 4-ноябрда сүйлөшүүлөр жүргүзүп, быйылкы жылдын январь айында ЕККУнун полиция-эксперттери Кыргызстанга келген.

Депутаттардын маалыматы боюнча келгендердин саны 16. Алардын он төртү Косоводо кызмат өтөгөн. Бул кызматкерлер учурда Ош шаарында ИИМдин кызматкерлерине кеп-кеңешин берип жатышат.

Төрага Акматбек Келдибеков бул ЕККУнун өкүлдөрүн Тышкы иштер министрлиги кандай негизде киргизгенин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады:

- Урматтуу депутаттар, элдин пикирин уккан президент кыргыз элинин
атынан полициянын келиши болбойт деп жатса, министрге аларды алып келүүгө ким укук берди? Менин оюмча, биз депутаттык комиссия түзүп, ким укук берди, кайсы мыйзамдын негизинде министрлердин укугу бардыгын иликтешибиз керек. Жогорку Кеңеш иштеп турса, бирок бүгүнкү күнгө чейин билбесе, бул эмне дегендик? Түшүнө албайм. Ошон үчүн комиссия түзүшүбүз керек.

Сунушка ылайык депутаттык комиссия түзүлдү.

"Кыргызмунайгаздагы" кырды-бычак

Жалал-Абаддагы “Кыргызмунайгаз” ишканасынын жетекчиси Каныбек Масировдун кызматтан алынышына каршы чыккан адамдар 31-майда Бишкек-Ош жолун жабышты.

Жүздөгөн унаалар, жүргүнчүлөр сапарларын улай албай, бир нече саатка кармалып турушту.

Каныбек Масиров “Кыргызмунайгазга” өткөн жылы апрель окуясынан кийин жетекчиликке барган. Андан кийин коалициялык өкмөттүн түзүлүшү менен Жалал-Абад облусу “Республика” фракциясынын энчисине тийип, мына ушул эле фракциянын адамы болгон Мүлк министрлигинин чечими менен “Кыргызмунайгаздын” жетекчисин алмаштыруу чечими кабыл алынган. Бул чечим ишкананын жамаатынын көпчүлүгүнүн катуу каршылыгына туш болду.

Облустун губернатору Бектур Асанов да эмгек жамаатын колдоого алды. Анын себеби Асанов парламентте мындайча түшүндүрдү:

- Мен “Кыргызмунайгаздагы” окуяга аралаштым. Себеби “Кыргызмунайгазда” Максимдин достору отурган. Алар 2 млн. долларга жетпеген жабдууну 20 млн. долларга алууга жандалбастаган. Мен аларга тикемен-тик каршы турдум.

Ошондуктан апрелден кийин келген жетекчини колдодум. Себеби алар кирешени сегиз айдын ичинде 14 эсеге көбөйттү. 2009-жылы, 2010-жылы да 67 миң тонна казылганына, баалар ошол бойдон болгонуна карабай сатыктан түшкөн акчаны 600 млн. сомдон 1 млрд. 200 млн. сомго жеткиришти. Ал эми кирешени 14 млн. сомдон 276 млн. сомго жеткиришти. Пайда 14 эсе көтөрүлдү.

Кантип мен ушундай жетишкендикке жетишкен жетекчиликти колдобой, эски бийликтин, ошол Максимдин досторун, ошонун орун басары болуп иштегенди алып барып коюп, Жогорку Соттон утулганына карабай ошол жабдууларды алып барып орнотобуз дегендерди колдоймун?


Мүлк министрлигинин чечими менен Каныбек Масировдун ордуна Кеңешбек Масиров дайындалган эле. Эмгек жамааты аны жумуш ордуна киргизбей, жаңжал чыгып жаткан.

Жол тосуу фактылары орун алгандан кийин өкмөт башчы “Кыргызмунайгаз” боюнча чечим кабыл алды. Алмазбек Атамбаевдин чечими менен мүлк министри Нурдин Илебаев кызматынан алынды. Губернатор Бектур Асановго эскертүү жарыяланды. Ал эми “Кыргызмунайгаздын” жетекчилигине бир айлык мөөнөт менен Жеңишбек Жумашев дайындалды.

Андан сырткары “Кыргызмунайгаздын” айланасындагы кырдаалды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Мына ушуну менен “Кыргызмунайгаздагы” кырдаал азырынча жайгаштырылды. Эми комиссиянын ишинин жыйынтыгына жараша өкмөт тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG