Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Парламенттик комиссия: Үч башка бүтүм


Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 11-июну.
Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 11-июну.

Июнь коогасын иликтеген парламенттик комиссия үчкө бөлүнүп, үч корутунду чыгаргандыктан бир бүтүмгө келүүгө убакыт берилди.

25-майда депутаттык жана эл аралык комиссиянын корутундулары боюнча парламенттик угуу өтмөк эле. Бирок анын жүрүшүндө парламенттик комиссиянын мүчөлөрү өз ара бөлүнүп кеткени, бир эмес үч иликтөө жүрүп, үч бүтүм чыгарылганы маалым болду.

Үч башка бүтүмдө кандай айырма бар?

Иликтөөнүн бирөөсүн “Ар-намыс” фракциясынын өкүлү Токон Мамытов башында турган депутаттык комиссия жүргүзгөн. Бул комиссиянын мүчөлөрү Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков менен “Ата-Журт” фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошова андан бөлүнүп кетип, өздөрүнүн бүтүмүн жазышкан экен.

Парламенттик угуунун жүрүшүндө Жолдошова даярдаган бүтүмдү айрым депутаттар так парламенттик угуунун алдында алышканын айтып, мындай маанилүү маселелерди жакшылап окуп, таанышып анан талкуулоо керектигини жүйөө кармап, убакыт сурашты. Узак талкуудан соң үч топко эмки бейшемби, 2-июнга чейин убакыт берилип, бир бүтүмгө келип, бир корутунду менен чыгуу сунушталды.

Иликтөө жүргүзгөн топтордун өкүлдөрүнүн айтымында, баяндамаларда негизинен июнь коогасынын тизмектелип берилишинде жана анын келип чыккан себептеринде өтө чоң айырма жок, бар болгону корутундуга келгенде орток пикир таппай жатышат.

Парламенттик угууда депутат Жолдошова даярдаган июнь коогасы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Анда кандуу окуянын келип чыгыш себептери берилген. Коогага жол берген деп ошол кездеги убактылуу өкмөттүн дарегине сын айтылган. Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановго жана “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин бир тууганы Асылбек Текебаевге былтыр майда айрым өзбек лидерлеринин жикчил аракеттерине шыкакчы болгон дооматтар коюлган.

Парламент Эл аралык комиссиянын корутундусун да талкуулайт

Парламенттик угууда июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын бүтүмүнө парламент баа бере алабы же жокпу деген маселе чоң сөз болду. “Ата-Журт” фракциянын депутаты Курманбек Осмонов өкмөт менен бир чыгышы керектигин айтты:

- Киммо Кильюнен чыгарган корутундуга парламент сөзсүз түрдө мамилесин билгизиши керек. Бирок биз пикирибизди өкмөт чыгарган комментарий аркылуу берели деп жатабыз. Анткени эл аралык комиссияны биз, парламент чакырган эмеспиз.

Кыргыз өкмөтү эл аралык комиссиянын корутундусунун айрым жерлери менен макул болбой турганын жана карама-каршы пикирлери бар экенин билдирген болчу. “Ар намыстан” депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн комментарийин укуктук жактан аксап калган деп сынга алды:

- Сиздердин комментарий интеллектуалдык жактан өтө жарды. Укуктук жагынан сабатсыз. Карап көрүңүздөр, ошол комментарийде бир дагы эл аралык мыйзамдарга шилтеме жок. Эл аралык коомчулук мыйзам менен гана сүйлөшөт. Кыргызстан кайсы эл аралык декларацияларга кол койгон, ошол жердеги беренелерден кайсынысын бузган, кайсыларын биз ратификация кылганбыз? Эл аралык документтерге бир дагы шилтеме кылбай туруп кантип комментарий берип жатасыңар?

Президенттин Жогорку Кеңешетге өкүлү Азимбек Бекназаров Каныбек Иманалиевге макул эместигин билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги Коопсуздук жана коргонуу комитети эл аралык комиссиянын корутундусуна баа берген. Комитет төрагасы Исмаил Исаков аны дагы бир жолу билдирип өттү:

- Комиссиянын баяндамасы объективдүү эмес. Тынчтыкка, туруктуулукка жана жаңы чыр-чатактардын алдын алууга, келечекти өнүктүрүүгө өбөлгө түзбөгөн, тескерисинче улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү, этностор ортосунда бири-бирине карата чыдабастык жана бөлүп-жаруучулук сезимдерди пайда кылган бир тараптуу отчет деп эсептелсин деп бүтүм чыгарганбыз.

Депутаттар 26-майдагы отурумунда эл аралык комиссиянын баяндамасын кеңири талкуулаганы жатышат. Ага Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиянын өкүлдөрүн, элчилерди чакыруу да сунушталды.

Июнь коогасы боюнча депутаттык комиссия азыркы парламенттин эң биринчи отурумунда эле түзүлгөн болчу, ага ар бир фракциядан бештен депутат кирген.

Түштүк окуялары боюнча эл аралык комиссияга чейин Улуттук комиссия бул окуянын келип чыгышын жана себептерин иликтеп, бүтүмүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG