Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:04

Апта: Ар баштуу “Ар-намыс”, Бабановдун кадамы...


"Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун парламенттик шайлоо алдындагы жолугушуусу. Байтик айылы, 2010-жылдын 8-октябры.
"Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун парламенттик шайлоо алдындагы жолугушуусу. Байтик айылы, 2010-жылдын 8-октябры.

Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирүү чечимин кабыл алды. Бабанов кызматынан бир айга кетти. “Ар-намыстын” 10 депутаты коалицияга кирди.

"Ар намыстын" он депутаты өзүнчө кетти

Парламентте 25 депутаттык мандаты бар “Ар-намыс” фракциясынын 10 депутаты башкаруучу коалицияга киришкенин жума күнү жарыя кылды. Алардын катарында Анвар Артыков, Каныбек Иманалиев, Токон Мамытов жана башкалар бар. Мындай кадамын алар саясий жоопкерчиликти сезип, өлкөдө туруктуулук, өнүгүүнү камсыздоо максаты менен түшүндүрүшкөн.

Башкаруучу коалицияны “Республика”, КСДП жана “Ата-Журт”
фракциялары өткөн жылдын соңунда түзүшкөн. Алардын 77 депутаттык мандаты бар. Бирок “Ата-Журт” фракциясынын 21 депутаты коалициядан чыгууга даярдыгын өткөн айда жарыя кылышкан. Муну менен коалиция көпчүлүктөн ажырап калуу корунучу түзүлгөн. Анткени 21 депутат коалициядан чыкса, башкаруучу коалицияда 56 гана мандат калат. Бул жетишсиз. Анткени коалиция сакталыш үчүн 61 добуш керек. Эми “Ар-намыс” фракциясынын он депутатынын коалициялык көпчүлүккө кошулуусу менен бул маселе чечилет жана “Ата-Журттун” депутаттарынын кадамы коркунучтуу болбой калат.

Конституция кандай талап коёт?

Бирок мындай жол менен көпчүлүктү түзүүнүн укуктук жагы талаш-тартыштарды жаратууда. Анткени коалициялык көпчүлүк фракция, же фракциялар аркылуу гана түзүлөрү Конституциянын 70-беренесинде так жазылып турат. Ал эми “Ар-намыс” фракциясы коалицияга кошулуу боюнча чечим кабыл алган эмес. Андагы он депутат гана андай кадамга барган.

Белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев бул иштин укуктук жагына мындай баасын берди:

- Конституциянын нормасында фракция гана коалиция түзө алат. Конституцияда жазылып турат, эгерде фракциядан чыктым деп арыз жаза турган болсо, анда парламенттен да кетет. Бул коалиция менен фракцияны бекемдөө үчүн Текебаев тарабынан табылган нерсе болчу. Ошондуктан фракция коалицияга кирбей туруп, анын ар кайсы депутаттары коалицияга киргени туура эмес.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаев Конституциянын нормаларына ылайык коалиция түзүүдөгү негизги максат көпчүлүк мандатка, азыркы шартта 61 добушка ээ болуу экенин белгилеп, “Ар-намыстын” 10 депутатынын кадамын мыйзамдык жактан тактаган.

Айрым маалыматтарга караганда, “Ар-намыс” фракциясынын 10 депутатынын чечими өз лидери Феликс Куловдун Москвага жасаган сапары учуруна туура келген. Муну менен Феликс Куловго кош сокку урулду. Биринчиден, Кулов Москва төбөлдөрү алдында өз фракциясын көзөмөлдөй албаган саясатчы катары көрүндү. Ошого жараша президенттик шайлоодо аны колдош керекпи, же колдобош керекпи деген эки анжы ой Кремлде пайда болбой койбойт.

“Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Каныбек Осмоналиев фракциянын он мүчөсүнүн чечимине карата мындай пикирин билдирди:

- Эч кандай чечим деле жок. Эч кандай нерсе деле жок. Партиянын жалпы
саясаты. Кандай булактан кандай чыгып кеткени бизге белгисиз. Биздин фракция өзүнүн кадамын жалпы биригип туруп эле жасайт. Башкача айтканда, кошулса толугу менен кошулат. Кошулбаса толугу менен кошулбайт.

Каныбек Осмоналиев чечимди фракция жакын арада кабыл алаарын кошумчалады.

“Ар-намыс” фракциясынын расмий билдирүүсүндө, 10 депутаттын чечими фракциянын башкаруучу коалицияга кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы катары бааланган.

Фракциясынын дагы бир мүчөсү Акылбек Жапаровдун маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, фракция коалицияга кошулуунун шартын талкуулайт жана Феликс Куловго биринчи вице-премьер-министрлик кызматтын берилишин жактайт.

Бул арада “Республика” жана КСДП фракциялары коалициялык макулдашууга кошумча тиркемедеги милдеттенмелерди аткаруудан баш тартышаарын жарыялашты. Кошумча тиркеме коомчулукка ачык жарыяланган эмес. Алмазбек Атамбаев ал тиркеме “Ата-Журт” фракциясынын талабы менен кабыл алынганын билдирген.

“Республика” менен КСДПнын мындай чечимине “Ата-Журт” тараптан кандай жооп болору азырынча белгисиз. Ал эми оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү депутаттардын өз алдынча коалицияга кошулуусун мыйзамсыздык катары баалап жатышат.

Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирүү чечимин кабыл алды

11-апрелде кыргыз өкмөтү Россия, Казакстан жана Беларус түзгөн Бажы биримдигине кошулуу чечимин кабыл алды. Ал чечим эми Бажы биримдигинин органдары жана биримдикке кирген өлкөлөр тарабынан карала баштайт. Кыргыз өкмөтү өзү да Бажы биримдигине кирүүнүн шарттарын сүйлөшүү боюнча комиссия түздү. Аны экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев жетектейт.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө тоскоол жасай турган эки оор жагдай бар. Анын биринчиси Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгү жана ошого жараша уюмдун алдында алган милдеттерине байланыштуу. Экинчиси, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү менен реэкспорттук артыкчылыгынан ажырайт.

Эксперт Аскар Бешимов Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун талаптарын бузуу менен Бажы биримдигине кире турган болсо, анда уюмга мүчө өлкөлөргө 1,5 млрд. доллардай компенсация төлөп каларын эскертет.

Ал эми Техникалык өкмөттүн жетекчиси болгон Амангелди Муралиев Бажы биримдигине кирүүнүн оң, терс жагдайлары тууралуу мындай ой бөлүшөт:

- Биз азыр Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп жаткандыктан бажы
төлөмдөрү эки эсе төмөн болуп жатат. Бажы биримдигине киргенде анда тыштан импорттолгон товарларга тариф эки эсеге көтөрүлүп, 10% тегерегинде болот. Ошон үчүн сырттан келген товарлар кымбаттайт. Бул жагы бар. Ал эми жакшы жагы, негизинен биздин базарыбыз Россия, Казакстанда. Анын Өзбекстан, Украина дагы биримдикке киребиз деп жатат. Биздин базар нгизинен ушул жакта болгондуктан жакшы жагы ушул. Бирок Кытайдан келип жаткан реэкспорт бизди багып жаткан. Бул жагынан биздин ишкерлерге кескин зыяны тиет.


Белгилей турган нерсе, Кыргызстан бюджетинин киреше бөлүгүнүн орчундуу бөлүгү бажы төлөмдөрү менен толукталат. Маселен, быйылкы жылдын бюджетинин үч айынын жыйынтыгын алып карасак, бюджеттин киреше бөлүгүнүн 30% ашууну бажы төлөмдөрү менен толтурулган. Ошондуктан тышкы соода азайса, бюджеттин киреше бөлүгү дагы оор зыянга учурайт.

Бирок Кыргызстан ошол эле реэкспортту көбүнчө Казакстан жана Россияга жасап жатат. Бул өлкөлөр Бажы биримдигинин талаптарына жараша чек араларын бекем жапса, анда Кытайдан реэкспорт жасоо шарты өтө татаалдайт. Бажы биримдигине кирүүдө мына ушундай карама-каршылыктуу шарттар түзүлөт.

Альтернативдүү өкмөт шашпоого чакырат

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда альтернативдүү өкмөт түзүлгөн. Анын башчылыгына “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов шайланган. Альтернативдүү өкмөт расмий өкмөттүн Бажы биримдигине кирүү чечимин ойлонулбаган чечим катары баалап жатат. Жекшенкулов өкмөттүн Бажы биримдигине кирүү аракетине карата мындай пикирин айтты:

- Биздин министрлер ушу Бажы биримдигине кирүүнүн жол-жобосун билбейт окшойт. Улам эле бирөө айтат 15-20 күндөн кийин, же болбосо күзүндө киребиз деп. Алар эмне билбейби, Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна ушул күзүндө киребиз деп аракеттенип жатканын? Биз ДСУнун мүчөсүбүз. Экинчи жагынан эптеп эле Бажы биримдигине кирүү максат эмес. Кириш керек. Бирок Бажы биримдигинин шартын аткаруу үчүн эле кеминде бир жыл керек. Биздин салык саясатын, бажы тарифтерди, мыйзамдарды тууралап чыгыш үчүн эле аябай чоң убакыт керек. Ошон үчүн биздин чиновниктер бүгүн өтөбүз, эртең өтөбүз деп биздин ишкерлерди коркутуп, аларга бут тосуп жаткандай болуп жатат. Бул иште ДСУ менен макулдашуу керек. Анан жогоруда айтылгандай Орусия ДСУга күзүндө өтөм деп жатат. Эгерде Орусия ДСУга өтсө, анда бизге шашуунунун кереги барбы же жокпу?

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү менен өзүнүн өнөр жайын талкалап алган эле. ДСУнун талаптарына жараша чек аралар ачылгандан кийин жергиликтүү ишканалар Кытай баш болгон чет өлкөлөрдүн ишканалары менен конкуренцияга туруштук бербей, көбү жабылып кетти.

Мындай шартта көпчүлүк идиректүү адамдар коммерцияга өтүп, реэкспорт менен иштеп калышты. Азыркы мезгилде “Дордой” базарында 30 миңдин тегерегинде киши иштейт деген маалымат бар. Эми Бажы биримдигине кирүү менен бул тармакты өздөштүргөн ишкерлер оор сыноого туш болот. Өкмөт да муну реалдуу баалап, жергиликтүү ишкерлер Кыргызстанда өндүрүштү уюштуруп, Казакстан жана Орусиянын базарына чыгуусу керек дегенди айтууда.

Өмүрбек Бабанов кызматынан убактылуу бошонду

7-апрелде Кытайда, андан ары 11-12-апрелде Орусияда иш сапарда болгон биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 13-апрелде кечинде кызматтан бир айга бошотуп турууга өкмөт башчыга арыз бергенин жарыя кылды. Арыз жазуунун себеби катары Бабанов анын дарегине мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов тарабынан коюлган айыптарды атаган.
Белгилүү болгондой Байболов 1-апрелде парламентте сөз сүйлөп,
президент, өкмөт башчы жана өзгөчө биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду коррупцияга байланыштуу айыптаган эле. Бабановго коюлган айыптардын ичинде 730 млн. сом салык төлөбөй койгон, "Мегаком" жана башка объекттерге рейдерлик жасаган деп айтылган.

Бул айыптоолорду иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү талабы ошол эле 1-апрелде айтылган. Бирок комиссия аябай көп түзүлүп кетти деген жүйөө менен маселени иликтөө тийиштүү комитеттерге тапшырылган. Комитеттер тарабынан депутаттык топ түзүлүп, аны “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов жетектемей болгон. Бирок бул депутаттык топ ишке киришип-киришпей жатып, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кызматынан бир айга бошотуп туруу тууралуу арыз жазганын 13-апрелде ачыктады:

- Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгон Байболов Жогорку Кеңештин алдында саясий лидерлерге, адамдарга, ошонун ичинде менин дарегиме бир топ күнөөлөрдү, ушактарды айтты. Мен ойлонуп туруп, бүгүн премьер-министрдин атына кат жаздым, анда Жогорку Кеңештен калыс депутаттардан топ түзүлсүн, ушул Байболовдун койгон күнөөлөрүн иликтесин жана бир айдын ичинде ошолордун баарын иликтеп, же нары, же бери чечимин чыгарсын деп өтүндүм. Ошол иликтөө мезгилинде бир ай кызматымды тапшырып берейн деп кайрылууда жаздым.

Бабановдун Байболовдун айыптоолорун иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү талабына жараша 14-апрелде парламент атайын комиссия түздү.

Бабановдун ордун көздөгөндөр дароо чыкты

Бирок Өмүрбек Бабановдун бир айга кызматтан четтетилүүсүнүн айланасында бүйүр кызыткан эки жагдай пайда болду. Биринчиси, Бабановдун бир айга кызматтан кетүүсүнүн мыйзамдык жагынын чийкилигине байланыштуу болсо, экинчиси, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун талапкерлиги көрсөтүлө башташы болууда.

Депутаттардын айтымында, кызматтан четтетип туруу тажрыйбасы кылмыш иши козголгон шартта гана болот. Ал эми Бабановго кылмыш иши козголгон эмес. Мына ушундай айыптоолордон кийин Бабановдун тарапкерлери ал эмгек өргүүсүно чыкканын билдире башташты.

Тилекке каршы эмгек өргүүсүндөгү биринчи вице-премьер-министрдин ордуна “Ар-намыс” фракциясы өз лидерин “кудалай” баштаганы коалиция түзгөн фракциялар ортосунда жаңы “баш оорутманы” пайда кылышы күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG