Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Жалал-Абад аскер прокуратурасы Кара-Көл шаарындагы Улуттук гвардияга караштуу бөлүктөгү жоокердин өлүмү боюнча кылмыш ишти тергеп-иликтеп жатат.

Башкы штаб ушул айдын башында "эки аскер тамашалашып кармашып жатканда бири экинчисин кокусунан өлтүрүп алды" деп кабарлаган. Бирок өлгөн жоокердин жана аны өлтүрүүгө шектүү деп камакка алынган аскердин дагы жакындары буга ишенбей турган кези.

Каргашалуу окуя ушул айдын башында, тактап айтканда, 4-май күнү кечки саат 11лер чамасында болгон. Улуттук гвардияга караштуу 718-бөлүктүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыкбековдун айтымында, Адилет Шанаев ошол күнү эшик кайтаруучу болуп турган, бирок кыска мөөнөткө кароосуз калгандан пайдаланып уйкудагы жоокерлер жаткан бөлмөгө барып, алардын тынчын ала баштаган. Мындан улам Актилек Акжол уулу экөө кайым айтышып, кармаша кеткен:

- Рота боюнча нөөмөтчү аскер бөлүгү боюнча нөөмөтчүгө дайындама кылганы кеткен учурда ал жоокерлер уктап жаткан жакка кирген. Актилек Акжол уулу экөө айтышып, сөздөн сөз чыгып, акыры кармаша кеткен. Шанаев Акжол уулунун моюнунан кармап, экөө күрөшүп жатканда тепкенге да үлгүргөн. Балдар ажыратып калган. Болгону он секунддун ичинде ушундай окуя болуп кетти. Актилекти жоокерлер медициналык бөлүккө алып барышкан, тилекке каршы өмүрүн сактай албай калышты.

Окуяга күбө болгон Манас аттуу жоокер Актилек менен Акжол дос болгонун, буга чейин ортосунда уруш-талаш чыкпаганын айтып отурду:

- Урушкан кезде колдору деле иштеген эмес, алардын кармашы бир мүнөткө деле жеткен жок. Кокустан эле болуп кетти. Экөө ага чейин жакшы болуп жүрүшкөн. Ошол окуянын алдында эле каза болгон жоокер берки бала нарядда турганда "зерикпей чагып тур" деп ага семичке берип келген болчу.

"Уулуңдун бир тал чачы түшпөйт деген"

Бирок тамашалашып жатып өлтүрүп алды дегенге Актилек менен Адилеттин дагы жакындары бир катар себептерден улам ынабай жатат.

Бир үй-бүлөнүн жалгыз медери, маркум Актилек Акжол уулу былтыр күздө Ош облусунун Алай районунан армияга чакырылган экен. Бөлүктөгү бойлуу, олбурлуу, чымыр денелүү балдардын бири болгон. Анын ант берүү аземине катышкан, өзү багып чоңойткон Кайры Рахманбердиеванын ушул тушта сай-сөөгү сыздап отурат. Анын ырасташынча, күн алыс чалып, ал-акыбалын билдирип турган небереси ошол каргаша болор алдында 10 күндөн ашык сүйлөшпөй калган экен:

Аскерлердин ант берүү аземи. 2016-жыл (Сүрөттөгү каармандардын макалага тиешеси жок)

Аскерлердин ант берүү аземи. 2016-жыл (Сүрөттөгү каармандардын макалага тиешеси жок)

- Ант бергенде өзүм барып, баарын көрүп келдим эле. Командири менен сүйлөшкөндө “эже, былтыр бир бала өлгөн, быйыл уулуңузду алаканыма салып, куштай кылып колуңузга кайра кондурам” деген. Балам баргандан бери эле тынбай эле сүйлөшүп жаткан. Акыркы жолу ошол окуядан 14 күн мурун, берип жиберген белегимди алганда сүйлөштү. Ал-акыбалын сураганымда “кызматым да, өзүм да беш” деди. Ошол боюнча сүйлөшпөй калды. Менин балам өлө турган бала эмес эле. Муну чоңдор өлтүрдү окшойт. Мурун эле келтектеп сакаят деп күтүп жүрүштү. Качан өлгөндө гана мага кабар беришти. Ошол аскер жетекчилердин шалаакылыгы болду. Эмнеге карабайт? Биз качанга чейин сыздап-боздойбуз? Айдай болгон балабыздын сөөгүн карматышты. Жоопкерчилик деген кана? Арстанбек, "уулуңду колума салып алып берем" дебедиң беле? Убадаңды неге аткарбадың? Кой кайтарып жүрөсүңбү же тоок кайтарып жүрөсүңбү?

Маркум жоокердин атасы Акжол Молдокулов болсо уулу өлдү, ооруканага түштү деген мөөнөттөр боюнча тактык болбой, эки ача маалымат берилип жатат дейт:

- Менин балам бир тепкенден өлүп калбайт эле. Бул жерде башка бирөөлөрдүн катышы бар деген күмөн ой туулуп жатат. Уулум аскердик кызматын өтөгөн жерге барып “балдарым, аяш уулдарым, ушинтип жалгызымдан айрылдым, кандай болду эле, айтып бергиле”, десем, үч жоокер эле сүйлөдү. Дагы сурайын десем, келишимдик негизде кызмат өтөгөн бала тыйып койду. Рота боюнча нөөмөтчү мен саат мынчада чыктым деп айтууда, бирок анын айткандары уулум өлдү деген убакыт менен дал келбей жатат. Өлүкканага баламды алып барып мал катары таштап коюшуптур. Бетин да жаап коюшкан эмес экен, көзүнө чымын чычып кетиптир. Баламды армияга чакырып жатканда жалгыз уул, алып калам дегем. Беш миң сом акча берсем, бул жетпейт, жети миң бер дешкен. Анан Алайдын аскер комиссариаты “эркексиңби, эмнеге качып атасың” деп намысына тийип барганга көндүрүп коюшкан. Балам мени да аяса керек. Жалгыз-жарымдардын балдарын армияга алып, анан сөөгүн беришеби? Териштирип, ак-карасына жетип, адилет чечип берсе, көксөөм сууйт эле. Эгер ортодо бурмаланып, андай-мындай болуп кетсе, анда мен аягына чейин барганга даярмын. Баламдын денесинде көгала жок дешкен, бирок бетинде, моюнда, башында тактар бар экен, муунтуп өлтүрүшкөн го деген шегим бар, бир жак капталынын бөйрөк тушу капкара болуп кетиптир.

"Күнөөнү моюнума алууга көндүм"

Жабырлануучу тарапка "Адилет” укуктук клиникасы жардам берип жатат. Уюмдун юристи Жигит Толкунбек уулу тергөө объективдүү болушу үчүн окуя боюнча күбө катары көрсөтмө берип жаткан жоокерлер башка бөлүккө которулушу керек деп эсептейт жана бул боюнча Башкы штабга кайрылганы жатат:

- Камалган бала күнөөнү жок жерден алган, бул ишке келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерлердин да тиешеси бар деген күмөн ой жаралып жатат. Тергөө объективдүү жүрүшү үчүн Кара-Көлдө аскер бөлүктөгү бул окуяга күбө болгон жоокерлер башка жактарга, мисалы Оштогу аскер бөлүккө которулушу керек. Ошондо балким келишимдик негизде кызмат өтөп жаткандардын басым-кысымы болбойт, тергөөгө терс таасирин тийгизбейт.

Актилек Акжол уулунун өлүмүнө шектүү деп камакка алынган Адилет Шоноевдин туугандары ага күнөөнү таңуулап жатканын айтып келишет. Анын бир тууган эжеси Жылдыз Мараимаова иниси менен каргашалуу күндүн эртеси бир канча жолу телефондон сүйлөшкөнгө үлгүргөн. Адеп чалганда иниси Бишкектен барган Улуттук гвардиянын саясий иштер боюнча бөлүм башчысы Алмаз Бейшеев күнөөнү моюнуна алдыруу үчүн коркутуп жатканын айтып берген экен:

Бул окуядан кийин Улуттук гвардиянын жетекчиси кызматтан алынган.

Бул окуядан кийин Улуттук гвардиянын жетекчиси кызматтан алынган.

- Саат экилерде чалсам жанындагы бала алып, телефонду иниме берди. “Жылдыз эже, мен күнөөнү моюнума ала элекмин” деген. Үчүнчү жолу чалганда “Жылдыз эже, күнөөнү моюнума алып койдум, 30 балага ант бердим. Убактылуу моюнума алып турушум керек экен",- деди. Алмаз Бейшеевдин "сени кайсы жерден болсо да сууруп чыгам. Өлгөн баланын ата-энесинин оозун жаап, Орусияга жөнөтө берсең, сени чыгарып алам” дегенин айтты. Мен “Бейшеев кудай бекен, сен эмне ага ишенесиң, күнөөнү моюнуңа алсаң, кийин чыксаң деле соттолгон болуп каласың, талаадан башка эч жерде иштей албайсың” деп чырылдадым. Бирок унчукпай телефонду коюп койду...

Улуттук гвардиянын өкүлү Алмаз Бейшеев азырынча комментарий бере элек. Жалал-Абад облусунун аскер прокурору Сагындык Мукашов тергөөдө көрсөтмө берерин, айтылган башка божомолдор текшерилерин “Азаттыкка” билдирди:

- Актилек Акжол уулунун өлүмү боюнча Жалал-Абад гарнизон аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү жана 158-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде кылмыш ишин козгогон. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралып, дагы башка тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн мөөнөтү эки ай. Ал бүткөндөн кийин кылмыш иш боюнча күнөөлүү дегендер аныкталып, укуктук баа берилет.

Бул каргашалуу окуя болгондон кийин Башкы штабдын, Улуттук Гвардиянын жана анын алдындагы 718-бөлүктүн жетекчилери алмашты. Бирок байкоочулар армиядагы негизги маселелер жоюлмайынча мындай көрүнүштөр боло берет дешет.

Макаланын видеосун бул жерден көрө аласыз:

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG