Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Кыргыз учкучу Союзбек Салиев Кыргызстандын эгемен желегин алып, Mooney Ovation 2 үлгүсүндөгү бир моторлуу жеңил учак менен жер жүзүн айланып учат.

Жер жүзүн айланып учуу жалпысынан элүү күнгө созулуп, кыргыз учкучу 10-июлда Токмок шаарындагы аэродромдон чыгып, 30-август күнү кайра Бишкекке учуп келет.

“Көчмөн кыргыз” деген аталыштагы бул долбоор Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналат. Учкуч жалпысынан 47 600 чакырым аралыкты басып өтүп, Тынч океанды, Атлантика океанын, тоолорду, чөлдөрдү, талааларды жана чытырман токойлорду камтыган жыйырма алты өлкөнүн аймагы аркылуу учуп өтөт. Кыргыз учкучуна литвалык учкуч-штурман Йонас Жукнус шерик болот.

Башында балалык кыял болчу...

"Азаттык: Кыргыз желегин алып, жер жүзүн айланып учуу идеясы сизге кандайча келип калды?

Салиев: Өзүм учкуч болгондуктан көп жылдан бери жер жүзүн айланып учууну кыялданчу элем. Интернет аркылуу издеп жүрүп, ааламды учак менен айланып, саякат жасаган учкучтардын уюму тууралуу маалымат алдым. Аталган уюмга мүчө болгон учкучтар менен интернет аркылуу таанышып, алар менен мына ошондой алыстыкка учуунун өзгөчөлүктөрү туурасында кат алышып, өзүм жаш кезден бери кыялданып жүргөн максатымды турмушка ашырууга биротоло баш байладым. Бул уюмга мүчө болуп киргендердин көпчүлүгүн Европа менен АКШнын жарандары түзөт. Жер жүзүн айланып учкан бул олуттуу сапарга мындан беш жыл мурун даярдана баштагам.

"Азаттык": Бул алыскы сапарга кандай үлгүдөгү учак менен учканы жатасыз? Аны кантип тандадыңыз?

Салиев: Бул алыс сапарга чыгуу үчүн учакты тандоо машакатына эле үч жылдай убакыт кетти. Баасы арзаныраак, бирок техникалык жактан ишенимдүү жана сапаттуу учакты табуу оңойго турган жок. Анткени чытырман токойлорду, океандарды, талааларды жана тоолордун үстүнөн өтүп, узак аралыкка уча ала турган учак керек эле. Мына ошондой мыкты техникалык көрсөткүчтөрү бар жана ошондой эле баасы дагы арзаныраак учакты издеп жүрүп АКШдан таптым.

Тиешелүү эл аралык деңгээлдеги адистер менен кеңешип жүрүп Mooney Ovation 2 үлгүсүндөгү бир моторлуу жеңил учакты алуу чечимине келдим. Албетте, коопсуздук үчүн эки кыймылдаткычы бар учак алсак деле болмок. Бирок анын баасы бир топ кымбат болуп, капчыгыбызга туура келбеди. Аны ижарага алалы десек да чыккан жок. Мына ошондуктан баасы бир топ арзаныраак жана техникалык мүмкүнчүлүгү мыкты деген негизде Mooney Ovation 2 учагына токтолдук. Бул өзүнүн классында эң ылдам жана жалгыз кыймылдаткыч менен узак аралыкка учууга жөндөмдүү учак. Анын бир жерден экинчи жерге конбой 4000 чакырым уча ала турган мүмкүнчүлүгү бар.

Эң алыс аралыктан учуп өтүү

"Азаттык": Бул алыскы сапарда канча аралыкты басып өтүп, кайсы маршруттар боюнча учууну көздөп жатасыздар?

Салиев: Азыр эми биз маршурттарды болжолдуу түрдө гана алдын-ала аныктап жатабыз. Себеби учуу учурунда анын багыттары жана аба жолунун аралыгы дагы өзгөрүшү мүмкүн. Анткени учуулар көбүнчө аба-ырайынан көз каранды. Кээ бир аралыктарда жаан-чачын күчөп, чагылган түшүп, “тайфундар” болушу мүмкүн. Ошондой эле чаңдуу бороондор болгон кезде биз учактын багытын өзгөртүп, башка коопсуз аэродромдорго убактылуу конуп турууга мажбур болобуз. Мына ошондуктан азыр учуунун багыттары жана учуу аралыгы боюнча болжолдуу түрдө гана айта алам. Иш жүзүндө кандай болорун убакыт көрсөтөт. Ошондуктан биздин алдын ала эсеп боюнча 47 600 чакырым аба мейкиндигин басып өтөбүз деп турабыз.

Ошондой эле жүздөгөн мамлекеттердин аймагынын үстүнөн өтүп, 26 өлкөнүн аэродромуна конууга уруксат алдык. Учурда аба мейкиндигин кесип өтө турган мамлекеттердин тиешелүү кызматтары менен дагы байланышып, талап кылынган уруксатты алдын ала алып жатабыз.

Биз бул жер жүзүн айланган алыскы сапарга жөн гана саякаттап чыкпастан, жаныбызга кыргыз желегин алып, биздин мамлекеттин эгемендигинин 25 жылдык мааракесин сүйүнчүлөп, өз алдынча түндүк көтөргөн өлкөнүн эми гана телчиге баштаган чейрек кылымдык өз алдынчалыгын дүйнө жүзүнө жар салабыз. Ошондой эле быйыл жергебизде өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун даңазалап, аны бир катар өлкөлөрдө жарыялап келели деген изги тилек менен сапарга аттанып жатабыз.

“Көчмөн кыргыз”

"Азаттык": Баса, кыргыз желегин алып, жер жүзүн айланып уча турган бул долбоордун “Көчмөн кыргыз” деп аталып калышынын кандай себеби бар?

Салиев: Биздин ата-бабалар көчмөн болгон. Алар байыртадан ылайыгына жараша дайыма жер которуп турган. Биз эми 21-кылымда авиациянын алдыңкы жетишкендигин пайдаланып, белден-бел, кырдан кыр ашып, көчмөнгө таандык жер кезүү ынтаасы менен жер жүзүн айланып келели деп жатабыз.

Бул алыскы сапар учурунда ар кайсы өлкөлөрдүн аймагында болуп эркин, эгемен кыргыз мамлекети бар экендигин айтып, анын желегин желбиретип, өлкөбүздүн күнкорсуздугун даңазалап, өсүп келаткан муунду мекенчилдикке чакырып, жаштарыбызды эгемендиктин барк-баасын сезе билүүгө үндөйлү деген оюбуз бар.

Биздин демөөрчүбүз “Кыял” бирикмеси эң жеңил кездемеден кыргыз желегин даярдап берди. Ошол желек менен кошо ак кездемеден тасма болот. Ак тасмага ар бир биз барган өлкөнүн мөөрлөрүн бастырып турабыз. Ар бир аэропорттон басылган ак кебездеги басылган мөөрлөр менен бирге кыргыз желегин жергебизге желбиретип кайра алып келебиз.

Тобокелчилик менен жоопкерчилик тогошкондо

"Азаттык": Мына ушундай аралыкта жер жүзүн айланып учуу демилгеси кандай тобокелчиликтерди ичине камтыйт?

Салиев: Авиация тармагында тобокелчиликтерди 100 пайыз алдын ала азайтып, ар кандай кокустуктардын алдын-алуу мүмкүн эмес. Бирок биз 80 пайызга чейин тиешелүү коопсуздук чараларын камсыздоого аракеттенип жатабыз. Учакты даярдап, ага кошумча май куючу бактарды коюп жатабыз. Суунун үстүндө жүрүүчү атайын жабдуулар менен бирге эле радиобайланыш каражаттарын учакка бекиттик. Кудай сактасын, бирок эгерде океандын үстүндө же ээн талаа, эрме чөлдө кандайдыр бир күтүүсүздүктөр болуп калса, ага карата кандай чараларды алдын-ала көрүү керек экенин эске алдык. Анткен менен бардыгы Жараткандын колунда. Бирок моюнубузда оор жүк турат.

Эң эле башкысы, бул чоң жоопкерчилик. Ал эгемен Кыргызстандын желегин жер жүзүн айлантып учуп, аны кайра мекенибизге аман-эсен жеткирүү милдети. Бул иш өтө чоң жоопкерчилик экенин сезип турам.

"Азаттык": Бул долбоорду ишке ашырууга кетчү чыгымдарды кимдер көтөрөт?

Салиев: Негизинен бул долбоорду каржылоону мен жалгыз эле өзүмдүн моюнума алдым. АКШдан аталган учакты сатып алуу үчүн бир батирди жана дагы бир автоунааны сатууга туура келди. Бул учак эскирээк болгону менен абалы канааттандырарлык. Азыр аны алыска учууга ылайыктап, оңдоп-түздөө иштери аягына чыгып калды. Ошентип негизги чыгымдардын бардыгын моюнума алып, маселени чечтик десем болот.

Бирок азыр күйүүчү майга жана биз учуп барып коно турган өлкөлөрдүн аэропортторуна уруксат алууга тыйын жетпей турат. Ошондуктан биз эл-журтка жана ири компанияларга кат жолдоп, көмөк көрсөтүүнү өтүндүк. Анан калса биз эгемендиктин 25 жылдыгын жана Көчмөндөр оюнун жарнамалап жаткан соң бул жагы эми оң жагына чечилет деген оюбуз бар.

Элүү күндүк убайым

"Азаттык": Сиз сыяктуу жер жүзүн айланып учкан учкучтардын эл аралык тажрыйбасы менен дагы таанышып чыктыңызбы?

Салиев: Буга чейин мен АКШга барып, жер жүзүн айланып учкан учкуч-саякатчылардын клубунда тиешелүү семинарларга катыштым. Анда авиа багыттар жана авиациялык эсептер туурасында бир топ нерселерди үйрөндүк. Анан кайсы климаттык шарттарда жана кайсы өлкөнүн аймагында кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн деген суроолор боюнча иштедик.

Мага Литванын жараны, учкуч-штурман Йонас Жукнус шерик болот. Биз ал экөөбүз бул сапарга бир жылдан бери даярданып жатабыз. Ал 2012-жылы жер жүзүн айланып учкан. Демек, бул багытта анын тажрыйбасы бар. Мага ал штурмандык кылып, аба ырайынын өзгөчөлүктөрү туурасында айтып берди. Тынч океандын үстүндөгү шамалдын абалы же Африкада Мароккодогу чаңдуу бороон учурунда жана тропикалык климаттагы урагандар кантип пайда боло турганын алдын ала эсептеп, кесиптешим экөөбүз талкуулап турабыз.

Азыр эми килтейген учактар абада бара жатып, жоголуп кетип жаткандыктан биздин чакан учак үчүн эсептерди туура чыгарып, учууну кылдат жана так уюштуруу өтө зарыл экенин түшүнүп, кылдат иштеп жатабыз.

"Азаттык": Эң эле татаал деген багыттар кайсы аймактарда болчудай, алдын ала мерчемдеп жатасыздарбы?

Салиев: Эң эле татаал жана узак учуу аралыгы катары биз Тынч океандын үстү менен учуп өтүү экенин билебиз. Кылдаттык менен эсептеп чыктык. Мына ошол аралыктан учуп өтүүгө күйүүчү май жетет. Бирок биз шамалдын багытын байкап турушубуз керек. Шамал биздин учуубузга тоскоол болбостон, ага кайра жардам бере тургандай болсо жакшы болот. Биз мына ошол эсептерди алдын ала чыгарып, анан учуу учурунда кырдаалга жараша аракеттенишибиз керек.

"Азаттык": Бул жер жүзүн айланып учуу болжолдуу түрдө канча убакытка созулушу мүмкүн?

Салиев: Биз буюрса, 10-июлда Кыргызстандан учуп чыгууга даярданып жатабыз. Бул эми аба ырайынан жана учактын даярдыгынан көз каранды. Азырынча бул мөөнөттөр болжолдуу түрдө деп туралы. Ошентсе дагы бекитилген мөөнөттө учсак, 30-августта Кыргызстанга кайра келип калабыз деп турабыз.

Бардыгы аба ырайынан жана тиешелүү кырдаалдан көз каранды. Мисалы, аба ырайы бузулган болсо, кайсы бир аймактарда 2-3 күн же болбосо беш күнгө чейин учпай, абалдын жакшырышын күтүп калышыбыз мүмкүн. Негизи мына ошол 50 күндө жер жүзүн айланып, кайра мекенибизге келип калууну мерчемдеп турабыз.

"Азаттык": Анда эмесе, аман-эсен жер жүзүн айланып учуп барып келиңиз, ишиңизди ийгилик коштосун!

Учкуч Союзбек Салиевдин буга чейинки "Азаттыкка" берген маеги. 25.02.2015

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG