Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Кыргызстанда көкбөрү оюнунда улактын ордуна жасалма кепти пайдалануу демилгесине каршылар социалдык тармакта “Мен муляжга каршымын” деген акцияга биригип, улуттук оюндун барк-баасын сактоого чакырып жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова Фейсбуктагы баракчасына "Көчмөндөр оюнунда улактын ордуна муляж же жасалма кепти тарттырабыз дегендерге жол болсун" деп жазып, улуттук каада салттын ажырагыс бөлүгү болгон улуттук оюндардын барк-баасын минтип түшүрүүгө каршылыгын билдирген.

Жылдыз Мусабекова ат жалында ойноктоп, улакты чап кармап, жулкуп көнгөн жоон билек жигиттер жасалма кепти тарткылап жүргөнүн элестете албай турганын айтат.

- Мен алардын негиздемелерине кызыгып көрдүм. "Чет өлкөдөн коноктор келет, анан бизди варварлар дешет" дегендей кылып жатышат. Бизди ансыз деле варвар дешет, анын эмнеси бар экен? Биз башыбыздан эки жолу революцияны өткөргөндө ушундай сөздөрдү айтышкан. Бул биздин улуттук оюнубуз, ушул жолго барсак бүтүндөй дүйнө жүзүнө шерменде болобуз. "Кыргыздар улактын ордуна муляж тартыптыр, муляж оюн" дешет да. Анан муляж жасайбыз дегенде баланча миң деген акча дагы коротушат. Мен ошол оюнга түшө турган жигиттерге таң берип жатам. Кантип алар муляж тартып ойногонго макул боло алат? Эгерде мен мыкты көкбөрүчү болсом, намысым болсо, мындай оюнга катышуудан баш тартмакмын.

Көкбөрү

Көкбөрү

Көкбөрүнүн улагын жасалма кепке алмаштыруу маселеси бул оюнду ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүдөгү талаптардан улам чыкканын “Азаттыкка” Улуттук спорт боюнча дирекциянын жетекчиси Алмаз Касенов билдирди. Мындан улам алар жергиликтүү “Бигсерспорт” аттуу компанияга бир жасалма кепти 40 миң сомго жасатып, 5-майда сыноо иретинде Ак-Кула ат майданында оюнга салып көрүшкөн. Бирок бул аракет күйөрмандардын нааразылыгын жараткан үчүн оюн кайрадан улак менен уланган.

- ЮНЕСКОдогу талап ушундай болуп жатат. "Силер тирүү жандыктарды кыйнайт экенсиңер, мындай болбойт" деген үчүн биз ага ошол көкбөрүнү кыргыздын оюну деп муляж менен киргизели дегенбиз. Муляжды жакшылап окшоштуруп, бүт талаптарын жасап келиштирип алсак, ал деле текеден кем болбойт. Мен сыноо учурунда оюнду көрдүм, жакшы эле болчудай экен. Бирок бир аз түшүнбөстүктөр болгон үчүн аны кайра улакка алмаштырууга туура келди.

Быйыл өтө турган Көчмөндөр оюнунда улактын ордуна ушундай кайыш тулупту тартуу сунушталганы айтылууда

Быйыл өтө турган Көчмөндөр оюнунда улактын ордуна ушундай кайыш тулупту тартуу сунушталганы айтылууда

Ак-Кула ат майданындагы кечээки оюнда жасалма кайыш улакты сындан өткөргөн улакчы Мыктыбек Туташев ага ичи чыкпай калганын билдирди. Ал негизинен мындай саамалыкка каршы деле эместигин, тек гана аны улакчылар менен кеңешип туруп, жакшылап жасаса болмок деген ойдо калганын айтты.

- Туура эмес жасалыптыр. Ыргытып жиберсе эле төрт буту асманды карап туруп калат экен. Аны туура, окшоштуруп жасаса деле болот. Биз менен деле кеңешип коюшса болмок. Эми бул оюн көкбөрү бойдон эле калат. Муляж деген жөн эле улакты алмаштырган нерсе да. Айырмасы жок. Эми аш-тойлордо текени эле тарта беришет. Ал эми эл аралык оюндарга муляжды алып чыгыш керек.

Көкбөрү

Көкбөрү

Тоо боорунда далай оюнга катышкан тажрыйбалуу алайлык улакчы Аскар Кадыров көкбөрүгө мууздалган улак же торпок жөн эле жерден тартылып калбаганын эскертет. Чийки тери жулуп-жулкуганда чыдамдуу келээрин айткан улакчы андан башка материалдан жасалган кеп бышык болуп берерине ишене бербейт.

- Бизде аны айрып ташташат. Бизге теке же торпок эле чыдайт. Анткени анын териси чылгый, чийки болот. Башкасы чыдабайт. Ал эмес, теке деле бир саат ойногондон кийин айрылат, аны алмаштырып турушат. Үч кабат кылып бышыктап жасаса дагы айрылат. Жасатып көрүшсүн, ал он мүнөткө дагы жетпесе керек. Аны адам тартпайт, ат тартат эки жакка.

Улакчы тирүү жаныбарды кыйнайт экенсиңер деген кепти да четке кагып, муну суу кечпеген эле шылтоо катары кабылдап жатканын билдирди.

- Жаныбар өлгөндөн кийин кантип кыйналат? Аны ойнобосо деле союп жеп жатпайбы. Анда жаныбарды кыйнап этин жейт экенсиңер дегендей маани болуп жатат. Өлтүрбөй тирүү бойдон чапса анда башка кеп. Негизи илгери карышкырды кармап алып, тирүүлөй эле чабышкан да. Ошол бойдон көкбөрү болуп аталып калган да.

Улуттук спорт боюнча дирекция, тескерисинче, бул саамалык оюндун ЮНЕСКОнун тизмесине кирүүсүн гана шарттабастан, бир топ чыгымдарды да үнөмдөөгө жол ачмак деп ишенип жатат.

Ошол эле учурда азыр Көчмөндөр оюнуна мындай жасалма улактан канчоо керектиги, ага канча акча жумшалары аныктала элек. Кыскасы бул оюнда улак тартылабы же жасалма кеп киргизилеби, маселе бир айдын ичинде чечилмей болду.

- Бир жолкусунда 16 оюн болот. Ар оюн сайын 20дай теке алып коёбуз. Ал эми мында бир муляж ошол 16 оюнга жетип калышы мүмкүн. Канча үнөм болуп жатат!

Кыргызстанда Көчмөндөр оюну 3-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Оюнду уюштурууга мамлекеттен 159 миллион сом бөлүнгөн. Ага 40 мамлекеттен коноктор келет деп күтүлүүдө. Көрөрмандар улуттук 23 оюнга күбө болушат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG