Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Баткен: баптисттерге мүрзө үчүн жер берүү талкууда


Иллюстрация
Иллюстрация

24-февралда Баткенде маркумду акыркы сапарга узатуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү, анын жол-жобосун иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топтун колдонмосу талкууланды.

Жыйынга диниятчылар, укук коргоо кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана диний азчылык өкүлдөрү катышты. Баткен облусунда православ жана мусулман динин тутунгандардын көрүстөнү бар.

Ал эми башка дин агымынын өкүлдөрү каза болсо, маркумдун сөөгү кайда жашырылат деген суроо көтөрүлбөй келген.

Буга чейин диний азчылыктар үчүн мүрзөгө жер бөлүп берүү маселеси өкмөттүк деңгээлде айтылып, маркумду жайга коюу жол-жобосун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Алар ар бир динге таандык эрежелер жана мамлекеттик мыйзамдын негизинде маркумду жерге берүүнүн колдонмосун жазып чыгышкан.

Баткендеги христиандар көрүстөнү
Баткендеги христиандар көрүстөнү

24-февралда, Баткенде бул колдонмонун күңгөй-тескейи талкууланды.

Жумушчу топтун мүчөсү, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын талдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаева долбоордо диний азчылыктарга көрүстөн үчүн жер берүүнү уюштуруу, маркумду акыркы сапарга узатууга керектүү кагаздар тууралуу жол-жоболор толук камтылганын маалымдады.

Исаева бул маселени өз убагында чечпесе, келечекте чоң көйгөй жаралышы ыктымал дейт:

- Маркумду көмүү үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча “Колдонмо” долбоору иштелип чыккан. Бул маселе азыр өтө орчундуу. 2016-жылы Ала-Букадагы окуяга чейин да ушул багытта бир мыйзам долбоору көтөрүлүп бирок калып калган. Ушинтип атайын эреже бекитип алып анан иш жүргүзбөсө болбойт. Кийин жаңжалдарга алып келчү маселе жаралып калбасын деп алдын алып жатабыз.

"Бизди дагы чыр-чатаксыз көмүшсө"

Жыйын учурунда облуста протестанттык агымга киргендер саны 200гө чамалуу экени айтылды. Облустагы баптисттик агымдын жетекчиси Эркин Мамаюсупов алар тутунган ишенимде маркумду жерге берүү боюнча так эреже жоктугун айтты. Эң башкысы сөөк чыр-чатаксыз көмүлүшү шарт деген Мамаюсупов аларга көрүстөн үчүн жер берилишин кубаттайт:

- Биздин ишенимде адам топурактан жаралып, кайра топуракка барат деп айтылат. Биздин сөөгүбүздү да жер өз кучагына алышы керек. Акыркы сапарга уруш-талашсыз аттануубуз шарт. Бизди православдардын мүрзөсүнө койсо деле макулбуз. Мүрзө үчүн жер берүү маселеси талкууланып жатканына сүйүнүп турабыз.

Ала-Букада маркум эки жолу жерге берилди

​Ала-Букада маркум эки жолу жерге берилди

Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай, туугандары башка жерден жай табышты.

Ал эми облустагы ислам динин тутунгандар буга кандай көз карашта? Баткен районунун имам-хатиби Нуридин Ажы Мамасабыров мамлекет дин тутуу эркиндигине уруксат бергенден кийин алардын маселесин да чечип бериши зарыл дейт. Укуктук мамлекетте ар бир жаран расмий чечимди сыйлоого тийиш деген пикирде:

- Расмий каттоодон өткөндөн кийин мамлекет алардын маселеси менен алектенет да. Биз алар үчүн өзүнчө жер берилсе деле макулбуз. Бирок мусулмандарга зыяны тийбегендей болсо дейбиз. Көрүстөнү биздикинен алысыраак жайгашса. Мамлекет кабыл алган чечимдерди жаран катары аткарууга, сыйлоого милдеттүүбүз.

Баткен облусунда өткөн талкууда башка динди тутунгандар үчүн облус боюнча бир көрүстөн уюштуруп берүү сунушу жактырылып, мамлекет маркумдарды жерге берүү жол-жобосун бекитип, ушул тармакта атайын кызматтарды да уюштурса деген сунуштар да айтылды.

Баптисттерге байланышкан көрүстөн чатагы өткөн жылы октябрда Ала-Бука районунун Сары-Талаа районунда чыккан. 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн айылдаштары “башка динге өтүп кеткен, баптист” деген негиз менен мусулмандардын мүрзөсүнө койдурган эмес. Сөөктү кайра көрдөн казып салышып, ал христиандардын көрүстөнүнө коюлган. Бирок ал жердегилер да нааразылык билдирип, маркумдун сөөгүн койдурушкан эмес. Чуулгандуу ишке бийлик жана күч органдары аралашып, сөөк башка жерге жашырылган болчу.

Окуя боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Кылмыш кодексинин 263-беренесинин негизинде иш козгоп, сөөктү көрдөн казып салгандардын соту болууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG