Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Атамбаевдин сынына оппозиция терикти


Ботаникалык бактагы ишембиликке президент Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков катышты. 12-март
Ботаникалык бактагы ишембиликке президент Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков катышты. 12-март

Президент Алмазбек Атамбаев ботаникалык бакчадагы ишембиликке катышып, андан соң журналисттердин суроосуна жооп берди. Мамлекет башчысы мураскору, соңку кадрдык өзгөрүүлөр жана оппозиция тууралуу да оюн ортого салды.

Ботаникалык бактагы көчөт отургузуу иш-чарасына өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев, Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков жана башка көптөгөн бийлик өкүлдөрү катышты. Президент ишембилик соңунда журналисттерге маек курду.

"Улан Исраилов уурдабайт"

Ал коомчулуктун катуу сынына кабылган соңку кадрдык өзгөрүүлөр боюнча да позициясын билдирди. Президенттин айтымында, Эсеп палатасынын башчысы Элмира Ибраимова өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Мурдагы жансакчысы Улан Исраиловду таза иштеген кадр катары сыпаттап, ишенгени үчүн Коррупцияга каршы кызматтын башына койгонун билдирди. Өлкө башчысы “Азаттыктын” “ордуңузга мураскор даярдап жатасызбы?” деген суроосуна төмөнкүчө жооп кайтарды.

- Эгерде мен президент катары мураскор даярдап, элге мобуну шайлагыла деп кетсем, анда Кыргызстанга демократия келбейт. Албетте, өлкө келечеги үчүн жүрөгүм ооруп жатат. Бирок кошуна өлкөлөр сыяктуу мураскорду таңуулап кетсем бизде демократия жок болот. Эл кийинки президентти өзү шайласын. Бирок КСДП башка партиялар сыяктуу эле президенттикке өз талапкерин көрсөтөт.

Бүгүн Атамбаев айткан ачуу, жаман сөздөрдү оппозиция мурунку эки президенттен да уккан. Ал убакта Атмбаев, Сариев да оппозицияда болчу.
Равшан Жээнбеков

Атамбаев мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл тогуз ай калганын эске салды. Бул убакта Баш мыйзамды оңдобосо, эл зыян тартарын кошумчалады.

Буга чейин азыркы УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев президенттин ордуна мураскор катары тапталып жатканы эл ичинде айтылып келген.

Оппозиция "эл душманыбы"?

Мамлекет башчы жаз менен кошо жанданган оппозициялык күчтөрдүн дарегине сын айтты. Ал парламентке өтө албай "көчөдө калган саясатчыларды" оппозиция деп санабай тургандыгын билдирди.

- Элди чогултуп төңкөрүш кылам дегендер оппозиция эмес, алар эл бузарлар. Алар чындап эл душманы. Бир балээ болуп кетсе чөнтөгүмдү толтурайын деген эле ой бар аларда. Кыйкыргандар артында жалаң кан же уурулук бар. Ачык айтайын алар канга тойбогон кузгунга окшош же бузукулар. Менин оюм ушундай.

Атамбаев: Мураскор даярдабайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:29 0:00

Өзүн оппозиция санагандар электр энергиясын арзандатуу, соцфондго болгон төлөмдөрдү азайтуу сыяктуу карапайым элдин бир канча талаптарын бетке кармоодо. Оппозицияда жүргөн саясатчы Равшан Жээнбеков президент өтмүшүн унутуп, бийликке нааразыларды теңине албай жатканына терикти.

- Бүгүн Атамбаев айткан ачуу, жаман сөздөрдү оппозиция мурунку эки президенттен да уккан. Ал убакта Атамбаев, Сариев да оппозицияда болчу. 2005-жылы Акаев да, 2010-жылы Бакиев да ушинткен. Атамбаевдин ушул сөздөрдү кайталап жатышы алардын кейпин кийип калганынан кабар берет. Биз президентти кетсин деп ураан көтөргөн жокпуз. Болгону өлкөдөгү саясий-экономикалык, социалдык көйгөйлөрдүн чечилишин талап кылып жатабыз.

Эмил Жураев
Эмил Жураев

Саясат талдоочу Эмил Жураев оппозициянын деңгээли кандай гана болбосун демократиялык өлкө башчылары алар менен эсептешерин айтат. Анын пикиринде, парламенттеги шарттуу оппозиция башын катып жаткан чакта бийликке нааразылардын көчөгө чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш.

- Бийлик башчысынын нааразылардын үнүнө кулак салбай, аларды кузгунга салыштырганы жакшы эмес. Оппозицияны жалаң эле деструктивдүү күчтөр деп сыпаттоо позициясы туура эмес. 2010-жылдан бери демократия деп кыйкырып келебиз. Каршы пикирлер ачык айтылып, көз караштар ар түрдүү болгондо гана демократия орнойт да. Бийликке сын айтуу эл арасында эркин болууга тийиш.

Улуттук оппозициялык кыймыл 14-мартта Жалал-Абад, Талас жана Нарында элди нааразылык акцияга чогултарын айтып келет. Ага улай 24-мартта Ош шаарында оппозициялык күчтөр элдик курултай өткөрөрү маалым.

Атамбаев катышкан ишембилик. 12-март, 2016-жыл

XS
SM
MD
LG