Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Бийлик элдик толкундоого камынып жатабы?


Оппозициянын митинги, 10-апрель, 2014-жыл
Оппозициянын митинги, 10-апрель, 2014-жыл

Күч органдары оппозициянын нааразылык акцияларын утурлай башаламан окуяларды алдын алууга даярдыкты күчөттү деген маалыматты четке кагууда.

Эмки аптадан тарта жер-жерлерде митингдер, элдик курултай өткөнү жатат. Өткөн айда Казакстан Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөткөн эле. Анда үн чыгарган граната, түтүн чыгаруучу шашка сыяктуу калайман нааразылык акцияларды кууп таратууга керектүү атайын каражаттар да болгон. Анткен менен жазгы саясий акциялар элдин кызуу колдоосун табарынан күмөн санагандар да жок эмес.

Ушул тушта Ошко Бишкектен милициядан кошумча күч барганы жатканы, митинг-пикеттерди кууп таратууда колдонулуучу атайын каражаттар жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат тарап жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттыкка” комментарий берип жатып, милиция даярдыкты күчөттү деген сөздөрдү четке какты. Атайын каражаттардын айрымдарынын мөөнөтү эскиргендиктен, жаңысы алынып келингенин маалымдады:

- Терроризм-экстремизмге каршы, Украинадагы, Сириядагы окуяларды, ошондогу каталарды кайталабоо үчүн деп, бир ай мурда машыгуу өткөргөнбүз. Ошондо текшерүүчүлөр келгенде мөөнөтү өтүп бараткан үн чыгаруучу граната сыяктуу атайын каражаттар алмаштырылган. Андан башка кандайдыр бир даярдык көрүлгөн жок. Мындай маалымат туура эмес. Тынч митингдер өтө берет. Андагы коомдук коопсуздукту камсыз кылганга күч жетет. Атайын каражаттарды өтө зарыл болгондо гана колдонобуз, бирок биздин жарандар чагымга чейин барбайт деп ишенебиз. Чагымды алдын алуу үчүн болгон чараларды көрөбүз. Тынч турган жарандарга эч качан күч колдонулбайт. Шайлоонун алдында бийликти жаман көрсөтүү үчүн ушундай мүнөздөгү маалыматтар тарап жатат.

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Улуттук оппозициялык кыймыл 14-мартта Жалал-Абад, Талас жана Нарында элди нааразылык акцияга чогултарын айтып чыккан эле. Ага улай эле 24-мартта Ош шаарында оппозициялык күчтөр элдик курултай өткөрөрү маалым болгон. “Эл үнү” кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаров анда бийликке бир канча талап коюларын билдирген:

- Элдик курултайда эки негизги маселе каралат. Биринчиси - бүгүнкү экономикалык-социалдык, саясий абал жөнүндө. Экинчиси - өлкөнү азыркыдай абалга алып келген бүгүнкү бийлик ээлеринин андан кийинки тагдыры тууралуу кенен сөз болгону турат. Башмыйзамдын 50-беренесинде эл чогулуп алып маселелерди талкуулаганга укугу бар. Ошол укуктан пайдаланып кенен-кесири сүйлөшөлү деп жатабыз.

Кыргызстанда элдик курултайлар өтүп келген. Өлкөдөгү бийликти күч менен кулатуу менен аяктаган эки ыңкылап оппозициялык күчтөрдүн ушундай нааразылык акцияларынан тутанган. Оштогу талдоочу Төлөгөн Келдибеков быйылкы жазда калайман элдик толкундоолор болорунан күмөн санап жатат:

Төлөгөн Келдибаев
Төлөгөн Келдибаев

- Азыр оппозиция деле андай күчтүү эмес. Мисалы, 2005 жана 2010-жылдары оппозициянын башында Текебаев, Атамбаев турган. Алардын жанында ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө кайыл, туруштук берген саясатчылар болгон. Азыр болсо андай саясатчылар жок. Оппозициябыз дегендер бизнесмендер, жанындагылар болсо кичине эле кысым болсо качып, өлкөдөн чыгып кетет, же позициясын өзгөртүп бийликке кызмат кылып калышат. Элди ээрчитип кете турган оппозиция лидерлери жок. Атамбаев менен Сариевдин рейтинги кандай болсо, оппозициянын рейтинги деле ошондой. Ошондуктан элге экөө тең эле бирдей. Азыр бийлик өзүнчө, оппозиция өзүнчө, эл болсо өзү менен өзү болуп калды. Ошондуктан бийлик деле, оппозиция деле калың колдоо таппайт.

Өткөн айда Казакстан Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөткөн. Анда беш миллион даана ок, үн чыгаруучу граната, түтүн чыгаруучу шашка өңдүү атайын каражаттар берилген. Расмий Астана ок-дарынын мөөнөтү өтүп бараткандыктан коңшусу менен бөлүшүп жатканын жарыялаган эле.

Тынч турган жарандарга эч качан күч колдонулбайт. Шайлоонун алдында бийликти жаман көрсөтүү үчүн ушундай мүнөздөгү маалыматтар тарап жатат.
Жеңиш Аширбаев

2014-жылдын башында Ички иштер министрлигинин алдында атайын багыттагы “Шумкар” деп аталган бөлүк түзүлгөн болчу. Полктун ичинде калайман башаламандыкты алдын алуу, тополоң болуп кетсе токтотуу боюнча машыккан атайын рота бар. Атайын бөлүк түзүлгөндө милиция нааразылык акцияларды күч менен басууга камынып жатат дегендей кооптонуулар айтылган.

XS
SM
MD
LG