Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси Ысык-Көлдөгү электр энергиясы үчүн акы төлөбөй жүргөн пансионаттардан карызды өндүрүп берүүгө көмөктөшөрүн айтып чыкты жана мындай демилге коомдо талкуу жаратты.

"Кыргыз чоролору" Кыргызстанда иштеген кытай жарандарын, оюн-зоок жайларды уруксатсыз текшерип-тескегени, сексуалдык азчылыктарга карата мамилеси менен аты чыгып жүргөн эле.

“Кыргыз чоролору” карыз өндүрүүгө көмөктөшө аларын айтып “Чыгышэлектрге” кат жолдоду. Коомдук бирикменин жетекчиси Замир Көчөрбаевдин ырасташынча, алар коомдук байкоочу катары рейддерге катышкысы келет:

- Негизи демилге өзүбүздүкү. Эмнеге карапайым элге рейд жүргүзүп, төлөбөгөндөргө чара көрүп, ал эми ушундай карызы чоң эс алуу жайларга чаралар көрүлбөйт деп демилге көтөрүп чыктык. “Чыгышэлектр” ишканасына кат жөнөтүлдү. Аларга карызды өндүрүү боюнча буга чейин кандай чаралар көрүлдү, эмне себептен алар төлөбөй жатат, электр энергиясынын акысын төлөбөгөн канча эс алуу жайы бар деген суроолорду бердик. Азырынча жооп ала элекпиз. Эгер ошол пансионаттардын артында кайсы бир аткаминер турса, аларга карата чара колдоно албай жатсаңар анда чогуу иш кылалы деп айттык. Эгер алар макул болсо, чогуу жасай турган иштердин планын түзүп, карызды төлөбөй жаткан ишканаларга баралы, биз коомдук байкоочу катары катышалы деп жатабыз.

Буга чейин “Кыргыз чоролору” электр энергиясы үчүн карызы бар пансионаттарга 1-апрелге чейин убакыт чектегени, болбосо аласаны 40тай адам топтолуп барып күч менен алганы жатканы тууралуу маалымат чыккан эле.

“Чыгышэлектр” ачык акционердик коому карыз өндүрүүдө четтен кимдир бирөөлөрдүн жардамына муктаж эместигин айтып чыкты. Ишкананын маалымат катчысы Гүлмира Тониеванын билдиришинче, пансионаттар жалпысынан 34 миллиондой сом карыз, айрымдарынын иши сотто каралып жатат:

- Бизге “Кыргыз чоролорунан” эч кандай кат келген жок. Алардын карыздарды өндүргөнгө жардам беребиз дегенин маалымат каражаттарынан билдик. Экинчиден, биз мыйзамдын чегинде иштейбиз. Негизи карызын төлөбөгөн пансионаттардын баары эле өчүрүлгөн. Иши сотто каралып жаткандардыкын эле сот чечими чыкканча күтүп жатабыз. Соттун чечими чыкса ошого жараша иш кылабыз. Жардамга муктаж эмеспиз, анан күч колдонуу деген мыйзамга каршы келет. Эгер рейддерде жөн гана коомдук байкоочу катары катышабыз десе, анда биздин жетекчилик макул болсо керек.

“Кыргыз чоролорунун” соңку демилгеси коомдо талкуу жаратты. Коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин баамында, мамлекет мыйзамсыз иш-аракеттерге жол бербеши керек, болбосо мамлекеттүүлүккө доо кетет:

- Менимче бул баары бир жакшы эмес. Жарандык сектор менен мыйзамдын чегинде кызматташуу жакшы да. Элдин активдүүлүгүн, патриоттуулугун туура колдонсо болот. Бирок баары мыйзамдын чегинде болушу керек. Кайсы бир коомдук уюм кайсы бир жерге барып алып “биз бул маселени минтип чечип коёбуз, антип чечип коёбуз” деп жанагындай иштерге барып жатса, мунун арты жакшы болбойт. Муну кайсы бир деңгээлде мамлекеттүүлүккө шек келтирүү деп эсептейм. Тиешелүү мамлекеттик мекеме-уюмдар бар. Ошолор өз ишин өздөрү кылсын да.

Өздөрүн мекенчил деп эсептеген, Манастын эн тамгасы бастырылган калпак, кийим кийген "Кыргыз чоролору" бирикмесинин аты мыйзамсыз иштеп жүрөт деген чет элдиктерди өлкөдөн чыгаруу аракети менен таанылган. Буга чейин алардын ар кандай заводдордо иштеген, жол курган кытай жарандарын текшерүүгө алганы, оюн-зоок жайларын, сексуалдык азчылыктардын өкүлдөрүн тескегени белгилүү. Алардын мындай аракеттери “өзүм билемдик” катары бааланып сынга кабылган эле.

“Кыргыз чоролору” убагында күч органдары өз ара меморандум түзгөнүн, анын негизинде текшерүү иштерин жүргүзүүгө, ар кандай рейддерди өткөрүүгө укуктары бар экенин жарыялаган. Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турганда өкмөттүн чечими менен аларга Бишкектин чок ортосунан кеңсе да берилген. Мындан улам бийлик аларды калкалап, керек учурда өз кызыкчылыгына пайдаланат деген сөздөргө жем таштаган.

Азыр эми “Кыргыз чоролору” саясатка аттанганы жатат. Коомдук бирикменин жетекчиси Замир Көчөрбаев ушул айдын ортосунда алгач Таласта, андан кийин башка региондордо курултай өтөөрүн, анда башкаруу системасы боюнча, тактап айтканда облус губернаторлорун эл шайласын, облус-райондор жоюп, анын ордуна 15 аймак түзүлсүн деген өңдүү сунуштары ортого салынарын "Азаттыкка" айтып берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG