Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:59

Дайыма ак калпакчан, ак көйнөкчөн, кийимдерине жана буюмдарына Манастын эн белгиси бастырылган "Кыргыз чоролору" бирикмеси чет жердиктерди Кыргызстандан чыгарууга болгон аракети менен аты чыгууда.

Кара-Балтадагы Кытай жарандары иштеген заводду текшерүүгө 11-июлда “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси да барды.

Нарындагы жол курууда жана Бишкектин четиндеги кыш заводунда документсиз иштеген кытайларды да ушул бирикме таап чыккан эле.

Ички иштер министрлиги мындай бирикмелер бирөөнү текшергенге акысы жок десе, бирикме өзү күч органдары жана башка мамлекеттик кызматтар менен келишип иштегенин айтат. “Кыргыз чоролору” эмне уюм, көздөгөнү эмне, ким каржылайт?

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин дайыны кыргыз журтчулугуна ушул күндөрү кеңири таанылды. Негизинен кыргыз жеринде мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды таап ашкерелегенин телеканалдар көрсөткөндөн кийин "бул ак калпак кийген чыйрак жигиттер кимдер?" деген суроо туула баштады.

Сүрөттөр коомдук бирикменин архивинен алынды

Сүрөттөр коомдук бирикменин архивинен алынды

Мыйзам боюнча чет жердик жарандарды миграция кызматтары жана милиция текшерет. Бирок “Кыргыз чоролору” Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жана башка органдар менен келишимдин негизинде иштешип жатканын билдиришти.

Коомдук бирикме катары катталган уюмдун төрагасы Замир Көчөрбаевден максаттарын сурадык.

- Бирикменин максаты – мекенибиздин тынчтыгын, чек аранын бүтүндүгүн сактоо, улуттар аралык жаңжалдарга жол бербөө. Ошондой эле жаратылыш кенин казууда жана пайдаланууда көз карандысыз байкоо жүргүзүү, экологиялык коопсуздукту кароо. Андан сырткары Кыргызстандагы чет жердик жарандардын ишинин мыйзамдуулугу менен иш алып барабыз. Анда бир эле кытайлыктар менен чектелген жокпуз.

“Кыргыз чоролору” өздөрүн улутчул уюм эсептебейт. Алдыда саясатка аралашуу аракетин да жашырышпайт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы бул уюм тууралуу маалымат бере албасын билдирди.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов “Кыргыз чоролору” менен министрлик келишим түзгөн эмес дейт.

- Министрликке меморандумга кол коюу сунушу менен келишкен. Бирок ИИМ ага макул болгон эмес. Анткени бул кыргыз мыйзамдарына каршы келет жана министрлик андай укукту берүүгө да акысы жок. Негизинен Кыргызстандын аймагында ушундай коомдук бирикмелердин чет жердик жарандарды өз алдынча текшерүүгө алуусу мыйзамсыз аракет болуп эсептелет. Бул – өзүм билемдикке жатат. Чет жердик жарандардын мыйзамдуу же мыйзамсыз иш жүргүзүп жатканын тескөөчү тиешелүү органдар бар.

Кытайдан окуп келип, азыр Кыргызстанда кытайлыктар менен иштешип жаткан Төрөкул Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдар миграция чөйрөсүндө алгылыктуу жумуш аткарган жок деп эсептейт. Мына ошондон улам мамлекеттик көзөмөл органдарынын функциясын жарандык коом өзүнө ала баштаганын айтты.

- Мен кытайлар менен иштешип жүрүп билем, ону келсе, алар жүзүн алып келет. Жашаган жери жагып калса эле кеткиси келбейт. Кыргызстан албетте жагат. Бизде аларга салыштырмалуу сөз эркиндиги бар, жашоо- шарты жакшы. Мен жарандык коомдун активисттерин түшүнөм, алар кытайлыктар басып кетет деп кооптонушууда. Бирок мыйзам чегинде чара көрүшсө жакшы болот.

Акыркы мезгилдерде Кыргызстандагы кытайлык жарандар менен жергиликтүүлөр арасында, же дегеле кытайлыктарга байланышкан жаңжалдар улам көп тутанууда. Жергиликтүүлөр менен инвесторлордун чырынын ортосунда калган Түркмөн Дүйшөбаев акыры кытайлардын “Алтын кен” компаниясынын жетекчилик кызматынан кетип калган. Ал мындай учурда эки тарап тең мыйзамдын алкагында иш алып барса маселе чыкмак эмес дейт.

- Бул жерде чет өлкөлүктөр да, эл да, өкмөт да мыйзамды катуу сакташ керек. Кытайлыктардын да күнөөсү бар. Бирок ошолорго биз өзүбүз шарт түзүп беребиз. Анткени алар келгенде “бул эрежелерге баш ийсең иштейсиң, баш ийбесең кетесиң” деп айтпайбыз. Бирөө айтса, экинчиси “мен сүйлөшүп койом, куткарып койом” дейт. Ортодогу кызыкчылыктарды айтпай эле койойун. Чет өлкөлүк ар бири мекемени коргогон бир уюм болот. Кытайда бир мамлекеттик кызматкер бир нерсени айтса, ошону акылына түйүп алып кылышат экен. Бизде андай кызматкерлер жөн деле ооз көптүрүп айтып койо беришет. Анан алар “ушинтип айткан” деп келип алышат, ошолордун айтканын жасайт. Андан соң башка бирөө текшерип, башка эрежени айтат. Муну кытайларга түшүндүрүүдө кыйналасың.

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов “Кыргыз чоролору” менен иштешип жатканын моюндады. Жарандык коом менен иштешүү мыйзамга туура келет деди жаштар лидери. Анын айтымында, бирикме өзү барып текшербейт, ал тартип коргоо жана миграция кызматкерлери менен гана кошо барат. Керек болсо бул министрлик бирикме менен меморандумга кол койгону жатыптыр.

- Бирикменин өкүлдөрү Кыргызстанда мыйзам бузгандарды карашат. Ал үчүн акча алышпайт, болгону мекенчил жарандар. Биз атайын жарандык уюмдарды чакырып атабыз. Бир жагынан, келип аралашсын, көрсүн биздин ишибизди, ачык бололу. Мурда миграция тармагында эмне болгону белгисиз болгон, азыр элге ачык болууга аракет кылып жатабыз. Экинчи жагынан, бизге жардамдашууда.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин мурдагы миграция департаментинде иштеген Куштарбек Айтматов Ош - Баткен - Исфана, Бишкек - Нарын - Торугарт жолдорун, “Датка” электр подстанциясын куруу үчүн өкмөт чынында кытайлыктарга көп жумуш ордун бергенин билдирди. Ушунун эсебинен мамлекет мурда 10 миң 500 жумуш ордун чет жердиктерге берсе, азыр ал көбөйтүлгөнүн кошумчалады. Айтматов өлкөгө инвестиция салып жаткан мамлекет менен мамиле курууда кылдат болуш керек дейт:

- Кыргызстан жаңы гана өнүгүп келатканда дүйнөдө эң өнүккөн өлкө Кытай менен мындай мамиле кылып жатканы туура эмес. Бирок кытайлыктар дагы Кыргызстанда эрежелерди сакташ керек. Бизде жумушка уруксат алуу кымбат эмес. Биз Орусия же Казакстан сыяктуу иммигранттарды кабыл алган өлкө эмеспиз. Ошондуктан бул тармакты Ички иштер министрлиги коомдук уюмдарга жеткирбей эле көзөмөлдөп койсо болот. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да иш жүргүзүш керек.

2010-жылы 40 уруудан 40 жигит Алтайга барып келгенин жар салышкан. Алар ошол жылы эле “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесин түзүшүптүр. Азыр 4 700 өкүлү бар. Айтымдарында, каражатты ар бир мүчө чөнтөгүнөн чыгарат экен. Бишкекте кеңсеси бар. Артында сүрөгөн же көкүткөн кандай саясый күчтөрү барбы, жокпу эч ким айталбайт. Дагы бир жагдай: “Кыргыз чоролорунун” аракеттери Кыргызстанда жол, кен чалгындоо жана казуу, энергетика жагында Кытай инвестициясы күч ала баштаган маалга туш келүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG