Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын имаратынын өрттөлүшү боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Буга чейин 2010-жылы апрель апаатында Бишкекте Башкы прокуратуранын имараты өрттөлүп, азыркыга чейин ээнсиреп турат. Күч түзүмдөрүнө тийиштүү имараттардын өрттөлүшүнүн артында кандай сыр болушу мүмкүн же бул кокустукпу? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде саясатчы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Азимбек мырза, Жалал-Абаддагы прокуратура имаратынын өрттөлүшүнүн себептери тактала элек. Бир катар документтер күйүп, айрымдарын сактап калдык деп жатышат. Алдын ала өрттүн себебин кандай божомолдоого болот?

Азимбек Бекназаров: Менин оюмча, божомолдордун бир нече версиясы болот. Атайын өрттөлдүбү же кокустуктан өрт чыктыбы? Менимче, жанагы түзүлгөн комиссия ушул эки версияга көңүл бурушу керек. Эмнеге дегенде, прокуратура органдары чындыгында эле мындан мурда да атайын өрттөөгө дуушар болгон фактылар бар. Ошондуктан Жалал-Абад прокуратурасынын имараты дагы атайын өрттөлүшү мүмкүн. Башында бул имарат "Жалалабаднефтегаз" мамлекеттик ишканасынын ээлигинде болгон. Кийин Бакиевдер аны мыйзамсыз менчиктештирип алган. Акмат Бакиевдин жеке кеңсеси ошол жерде иштеп турган. 2010-жылдан кийин облустук прокуратуранын сунушу менен убактылуу өкмөт аны улутташтырган. 2011-жылы Жогорку Кеңеш шаардык прокуратурага берген. Мына ушунун баарын карай келгенде, имаратка өч алуу максатында өрт коюлушу ыктымал.

Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ичинде чачылган иш

Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ичинде чачылган иш

“Азаттык”: Азыр бул иш иликтенет, эмне күйүп, эмне калганы такталат деп жатышат. Бул иш канча убакка чейин созулат, анан жыйынтыгы болобу? Өрттөгөндөр ким экенин аныктоо канчалык реалдуу?

Азимбек Бекназаров: Эми ал мамлекеттик бийлик органдарынын эркине жараша болот да. Мына өзүңүз айткандай, 2010-жылы 7-апрелден 8-апрелге караган түнү Башкы прокуратура Бишкекте үч-төрт жолу өрттөлгөн. Үч-төрт жолу атайын жардырылып, жанагы темир сейфтердеги кылмыш иштер күлгө айланган. Ошондон кийин эле Ички иштер министрлиги бул иш боюнча кылмыш ишин козгоп, ар бир шектелген адамдардын телефону көзөмөлгө алынсын, изилденсин деп тапшырма берилген. Мен анда куратор элем, азыркы Мелис Турганбаев министрдин орун басары болчу, ишти жеке өзү көзөмөлгө алган. Бирок андан бери алты жыл өттү. Ушул аралык ичинде ким өрттөдү, эмне себептен өрттөлдү ачыкка чыккан жок. Ал жердеги кылмыш иштери калыбына келтирилдиби ал дым-дым бойдон турат.

2010-жылы 7-апрелден 8-апрелге караган түнү Башкы прокуратура Бишкекте үч-төрт жолу өрттөлгөн. Үч-төрт жолу атайын жардырылып, жанагы темир сейфтердеги кылмыш иштер күлгө айланган.

“Азаттык”: Эмне үчүн эч ким бул иштерди ачып чыгууга кызыкпай жатат?

Азимбек Бекназаров: Эмне үчүн дегенде, бүгүнкү бийликтин акыбалын көрүп жатпайсыздарбы. Мурдагы бийликтин көп саясатын улантып жатат. Күнүмдүк тиричилик. Партиялык жеке кызыкчылык менен алек. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан көп маселелер башталган бойдон токтоп калды. 2011-жылдан кийин баары жабылды да, баягы реваншисттик саясаттар пайда болуп жатат. Же болбосо Башкы прокуратуранын имараты ушул убакка чейин мэриянын балансында турат. Сатыкка коюлган деп айтылып жатат. Бирок ким сатып алып жатат, конкурс кайда өтүп жатат коомчулук билбейт.

Азимбек Бекназаров: 2010-жылы көчө оппозициясы токтотулуп, оппозиция ушул парламентте жашасын, конституциялык деңгээлде коалицияга кирбей калган фракция парламенттик оппозиция болсун деп максат кылганбыз. Эл өкүлдөрү отурган жерде оппозиция болсун деп тилек кылдык эле. Бүгүнкү күндө, тилеккке каршы, ким оппозицияда, ким коалицияда отурганы белгисиз, туурабы? Бийлик болсо, ошол парламент өзү түзгөн өкмөттүн отчетун алты жылда уккан жок. Беш өкмөт башчы алмаштырды, бирок парламент анын ишине "2" деген бааны коюп, анан кийин кетирген жок. Бардыгы бир адамдын, президенттин айланасындагы, ошонун жандоосу менен гана өкмөттөр кетирилип жатат.

“Азаттык”: Сиз коомчулукта бир топ билдирүүлөр менен чыгып жүргөнүңүз белгилүү. Сиздин бул маселени көтөрүп чыгууга дараметиңиз жетет беле?

Азимбек Бекназаров: Куда кааласа, мына чыгып жатпайбызбы. Ырас, парламентте оппозиция болбосо, бийликти бир ооздуктап, сындап, көйгөйлүү маселени көтөрүп турган бир оппозиция керек да. Муну мен эмес, оо атактуу Черчиль деген айткан. Ал эгерде оппозиция жок болсо аны жаратуу керек деген. Мен ойлойм, мына азыр Башкы прокуратуранын имараты дагы жең учунан сатылып кетиши ыктымал. Эмнеге дегенде, ондогон улутташтырылган объекттер бардыгы жең ичинен партиялаштарына же өз жакындарына Атамбаевдин убагында берилип калбадыбы. Мына ошол объектилерди кайра өздөрү ээлеп алган адамдар фракция башчылары болуп парламентте отурат да.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG