Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Кыргызда сексен үч эле миллионер барбы?


Салык мыйзамы боюнча мүлкү 45 миллиондон ашкандар мамлекетке 450 миң сомдук бир жолку декларациялык төлөм төлөөгө тийиш.
Салык мыйзамы боюнча мүлкү 45 миллиондон ашкандар мамлекетке 450 миң сомдук бир жолку декларациялык төлөм төлөөгө тийиш.

Кыргызстанда он миңге жакын адам өзүнүн мүлк жана кирешелери тууралуу маалыматты ачыкка чыгарды. Алардын 83ү байлыгы 45 миллион сомдон көп экенин ырастаган.

Салык мыйзамдары боюнча мүлкү 45 миллиондон ашкандар мамлекетке 450 миң сомдук бир жолку декларациялык төлөм төлөөгө туура келет жана алар жыл сайын декларация тапшырууга милдеттендирилет. Байлыгы тууралуу маалыматты ачыкка чыгаргандардын 83ү өзүнүн миллионер экенин ырастаган. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков билдирди:

- Республика боюнча 83 адам мүлкү жана кирешеси 45 млн. сомдон ашык экенин ачыкка чыгарды. Алар байлыгынын бир пайызын же 450 миң сомду мамлекетке төлөштү. Алардын 80и Чүй жана Бишкектен, үчөө Ош, Жалал-Абад облустарынан.

Бар байлыгы 45 млн. сомго жетпегендер мүлкүн күбөлөндүргөнү үчүн нотариуска болгону 150 сом төлөйт. Мүлктөрдү жана кирешелерди мыйзамдаштыруу жараяны өткөн жылдын июль айында башталган. Мыйзамга ылайык, ар бир декларация тапшырган жаран мүлкүнүн наркын өзү аныктайт жана аны бир да мамлекеттик орган текшере албайт.

Сазыков кошумчалагандай, капиталды легалдаштыруу иши 2016-жылы башталчу бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга даярдык катары жүрүп жатат.

Миллионерлер кимдер?

Миллионерлердин катары калыңдап баратат делген Кыргызстанда 83 гана адамдын мүлкүн миллион долларга жакын экенин көрсөтүшү коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты. Ошол 83 адамдын кимдер экени да табышмак, арасында аткаминерлердин бар экенинен күмөн санагандар басымдуу. Жарандардын мүлкүн күбөлөндүргөн Юстиция министрлигинин нотариус жана адвокатура башкармалыгынын башчысы Марипа Сейдалиеванын айтымында, миллионерлердин ким экендиги сыр бойдон сакталат.

- Алардын ким экендиги айтылбайт. Мыйзам боюнча жашыруун сыр болуп саналат. Декларация тапшырган адам мамлекеттик кызматкерби же пенсионерби белгисиз, ал жерде андай категориялар жок. Нотариус жарандын аты-жөнүн жана мүлкү тууралуу маалыматты гана күбөлөндүрөт.

Адистердин баамында, Кыргызстанда мал-мүлкү 10 миллион доллардан ашкандардын саны жүздөн ашат. Алардын көпчүлүгү мурдагы аткаминерлер жана азыркы чоң кызматтардагы адамдар. Ишкерлик менен ирденгендер саналуу гана.

“Деньги и власть” гезитинин редактору Турат Акимовдун айтымында, Кыргызстандагы байлардын көбү мамлекеттик кызматта туруп байлык топтошот жана мамлекетке салык төлөшпөйт.

- Кыргызстанда өз мүлкүн ачык көрсөтүү өтө кыйын. Анткени алар байлыктын кайдан келгенин көрсөтө албай кыйналышат. Бизде андай киреше алып келчү ири ишканалар жок да. Баары эле мамлекеттик кызматта жүрүп байыгандар. Алар саясатка байлыгын коргоо үчүн гана келишет. Салык төлөбөш үчүн мүлктөрүн туугандарына каттатат. Аткаминердин канча байлыгы бар экенин билүү үчүн туугандарынын баарын изилдеп чыгуу керек.

Өлкөдөгү чириген байлар декларация тапшыра келгенде итке минген жакыр болуп чыга келиши да коомчулук тарабынан катуу сынга алынып келет. Жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан чыгарылган рейтингдерге таянсак, өлкөдөгү эң бай адамдардын тизмесин 1,3 млрд. доллар мүлкү менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштап, аталган тизмени Аскар Салымбеков, Нариман Түлеев, Карганбек Самаков, Табылды Эгембердиев сыяктуу миллионерлер толуктайт. Президент Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” курган маегинде өз байлыгын 10 млн. долларга баалаган.

XS
SM
MD
LG